Ырмаек
Туфлиси сахнада калып, торго түшкөн чымчыктай тыпыраган Алина
- Алина эже, беш жылда бир концерт коюп турчу элеңиз. Ал дагы артка калып бараткандай...
- Жакындабы, айтор, сааты чыккан күнү "Алина" эстрада тобу менен жети дубанды кыдырып келип, анан борборубузга жеке концертимди берсем деген тилек бар.
- "Райхан менен Алина башка группа түзүшөт экен" деген сөздөр чыкты...
- Экөөбүздүн тең түптөгөн тобубуз бар. Анан аны ара жолго кантип таштайбыз. "Жаштар" коому таланттууларды тандоо конкурсун уюштуруп, ошого жюри болуп берүүбүздү суранышкан. Баш байгеге бир машина коюлган. Алгачкы кадамыбызды Талас областынан баштап, бардык айылдарды кыдырдык. Таланттуулар көп экен. 190 таланттуу ырчылардан алтоо гана тандалыш керек эле, он эки болуп кетти. Эмки сапар - Ош областы.
- Сауле менен дуэт ырдап жүргөн кичинекей ырчы жээниңиз Даниелдин талантына кандай баа бересиз?
- Даниель биздин үйбүлөнүн эң кичине ырчысы. Кичинесинде эле ырга шыктуу бала болчу. Менин репертуарымдагы эң татаал ырларымды жаттап алып ырдачу. Бир жолу машина менен Таластан келе жатсак, радиодон бир кичинекей бала француз ырын ырдап калды. Ошол ырдын музыкасын алып, сөзүн акын Сейит Жээнбаевге жаздырдык. Ошентип "Супер жигит" аттуу ыр жаралды. Анан аны аранжировкалап, Даниелди ырдатып чыгарганбыз. Абдан таланттуу, ийкемдүү бала. Ийкемдүүлүгүнөн (балет жагындагы мектептен) көп балдардын арасынан тандап алынган. Мугалимдери үйгө чейин келишип, окуткула деп суранышкан. Ата-энеси бир аз окутушуп, кийин чыгарып алышты. Эмнеге билбейм. Азыр элдик ырларга көп көңүл буруп, "Оп майда", "Ак билек" сыяктуу элдик ырларды жаздырып берсек деп жатабыз. Азыр Сауле менен ыр жаздырып, ырдап жүрөт.
- Сахнанын сүрү болот эмеспи. Сүрдөп кетип, ыңгайсыз абалда калган учуруңуз болсо керек?
- Албетте болгон. Гастролдоп жүргөндөгү күлкүлүү окуяны айтып берейин. Концерттин алып баруучусу Мирлан болчу. Сахнада илинген көшөгөнүн бир капталында Алина деп жазылган, экинчиси тартылып ачылчу. Сахнага чыкканда ошол эки көшөгөнүн ортосунан өтүп көнүп калганбыз. Бир күнү Мирлан "Алина эже, бул жагынан чыксаңыз оргиналдуу болот" деп көшөгөнүн капталындагы тар жерден чыгуумду өтүндү. Бальный көйнөгүм тар жерден батпай, туфлимдин такасы көшөгөнүн торлоруна илинип калып, торго түшкөн чымчыктай эле тыпырай бердим. Сахнанын артындагылар мени тордон чыгарыша албай убара. Ырымдын музыкасы болсо кетип жатат. Айла жок, көшөгөдөн башымды чыгарып алып ырдай баштадым. Аңгыча артымдагылар тордон бошотушту. Ошондо өзүмдү эл алдында аябай ыңгайсыз сезгем. Бирок, эл сценарийи ушундай го деп түшүнүштү окшойт, жакшы кол чабышкан. Бир жолу дагы Спорт ордосунда ырдап бүтүп кетип баратсам элдер күлүп калышты. Көрсө, такам полго кыпчылып, бир туфлим калып калыптыр. Элдин сүрүнөн сезбей кете бериптирмин. Кайра барып, туфлимди кийип алып, сахнанын артына келип ызаланып ыйлагам. Мерген досум араң соороткон. Анда абдан жаш болчумун.
- Бала кезиңиздеги окуяңыздан айтып берсеңиз?
- Бала кезди эстесем эле уйлардын окуясы эсиме түшөт. Атамдын тебетейин кийип алып, көйнөгүмдүн чөнтөгүнө чүкөнү толтуруп салып, коңшу баланын үйүнө бара берчүмүн. Ышкырганды да жакшы билчүмүн. Дарбазасынын түбүнө барып ышкырсам эч ким чыкпайт. Кыялбек деп кыйкыра баштадым. Дагы эле эч кимден дайын жок. Чыдабай үйүнө кирип баратсам эшиктин алдынан сүзөнчөөк уй мени тосуп алды. Коркконума карабай эки мүйүзүнөн катуу кармап алсам, мени ошол боюнча таптак көтөрүп, кайра ордума коюп койду.
Бир күнү апам "уйду саап кой" деп конокко кетти. Уй куйругу менен чапкылап, саадырбай жатып, араң саадым. Апам бир чака сүт алса, мен бир литрге жетпеген сүт алдым. Уйду короого киргизип, байлап кайра чыксам, араң сааган сүтүмдү бир эшек ичип салыптыр...
- Кайната-кайненеңиздикине барганда сиздин кандай тамак жасап беришиңизди каалашат?
- Кайната-кайненемдердикине барып калганда сөзсүз түрдө үч келиндин үч тамагы бар. Мен Таластан болгондуктан, камыр жайып, беш бармак жасап берем. Башкалардыкына окшошпойт окшойт. Мен барганда күлчөтай жасачы деп калышат. Ал эми менден кийинки абысыным Оштон болгондуктан, палоону жакшы даярдайт. Чүйлүк кичүү абысыным колго чоюп, лагманды даамдуу жасайт. Бирок, мен тамак жасаганда муну жасай алам, муну жасай албайм дебейм. Тамакты жүрөгүң менен берилип жасасаң даамдуу болот деп ойлойм.
- Жашоодо эмнеден коркосуз?
- Жалгыздыктан корком.
- Эмнеге сүйүнөсүз?
- Сүйүнгөнүм балдарымдын амандыгы, ийгиликтери. Жашоодо кубаныч көбүрөөк болсо экен деп тилейм.
- Кейигениңиз эмне?
- Жакын курбум Нургүл Абылмажинова жакында эле оорудан каза болуп калды. Ошого абдан кейидим... Канча жылдан бери чыгармачылыктан тышкары да чогуу жүрдүк. Турмуштагы кыйынчылыктарга баш бербей, өзүн-өзү карап, ырдаганда да өзгөрбөй, жакшы жүргөн, тартиптүү айым эле.
- Хоббиңиз?
- Хоббим - китеп окуу. Китеп окуу жагынан катуу "ооруйм". Китеп окуп, кызыгына кирип кетсем эч нерсеге карабайм.
- Кайсы супер маркеттен соода кыласыз?
- Мен көбүнчө эле "Дордой плазага" барам. Албетте, башкаларга салыштырмалуу кымбат. Кымбат болгону менен сапаттуулугу жакшы. Бут кийимдерди "Lion" дүкөндөрүнөн алам.
- Маегиңизге чоң рахмат.
Маектешкен Жазгүл КАРБОСОВА