![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №17, 20.06.08-ж. |
Талас таңшыйт… КРнын эмгек сиңирген артисти Анара МАДИЕВА: "Тамекиге барганда эмгекчилерге ырдап берчүмүн…" "Талас элдик театры" аттуу театрда иштеп, башкы каармандардын ролун ойногон. Мисалы, "Кызыл жоолук делбиримде" Аселдин, "Биринчи мугалимде" Алтынайдын, "Бетме-бетте" Сейденин ролун ойногон. Алтынайдын ролун жакшы жараткандыгы үчүн Москвадан Бүткүл Союздук театралдык фестивалдын лауреаттыгына ээ болгон. Актрисалык менен гана чектелбестен ырчылык өнөрүн кошо ала жүргөн. "Жаштарга", "Эсте секет", "Арман", "Жылкычынын ыры" жана башка дагы ырларды ырдап, 60-70-жылдары Кыргызстанга аты дүңгүрөгөн. Ошол учурдагы аткарган ырлар жыйнагын чогултуп, жакында эле "Жаштыгымды сагындым" деген аталыш менен компакт-диск чыгарды. 58 жашка келип калса дагы үнү баягыдай эле сакталып калган сүйүктүү ырчыбыздын бир кыз, эки уулу, төрт небереси бар. - Анара эже, ырчы болуу кичинеңиздеги кыялыңыз беле? - Кичинемден эле артист болсом деген тилегим бар эле. "Айылга артист келет" деп афишалар илингенден баштап концертке баруунун жолун издеп, ата-энеме кошомат кылып, үч күн мурун эле сурана берчүмүн. Уй-койлорду тосуп келип, уйду саап, тамак жасап, идиштерди жууп, айтор, бардык жумуштарды айттырбай кылып, жаным тынчу эмес. Кылган ишимди эске алышып, концертке жиберишчү. Атам концертке киргизип кетип, кайра тосуп алчу. Концертке жандүйнөм менен берилип, сахнадагы адамдардын образдарына берилип кетчүмүн. Мурун Таласта тамеки көп айдалчу эмес беле. Тамекиге барганда (талаада иштеп жаткандарга) ырдап берчүмүн… - Талантыңызды ата-энеңиз кандай кабыл алышты эле? - Ата-энем келечекте артист болушумду каалашчу эмес. Мурда тигүүчүлөрдүн окуу жайын ""Портнойдун" окуусу деп койчу" ошол жакка окутабыз дей беришчү. Алардын айткан кесибине каршы болуп жүрүп, кийинчерээк Талас шаарына барып "Талас элдик театры" аттуу театрды издеп таап алдым. Театрдын жетекчилери ырдатып көрүп, үнүмдү жактырышып, кабыл алышты. Анда мен он беш жашта элем. Чачым узун, коюу капкара болчу. Чачымды майда өрө албагандыктан, чачышып калчу. Боенуу дегенди такыр билбейм. "Кайгылуу Какей" аттуу спектаклде Какейдин ролун ойногон бир эже бар эле, ошол мени дайыма боёнтчу, чачымды өрчү. Айтор, тилегиме жеттим дегенсип, театрда окуй баштадым. Ал эми ата-энеме болсо "тигүүчүнүн окуусунда окуп жатам" деп жашырып койгом. - Ошондон бери чачыңызды кыркпай келатасызбы? - Узундугу согончокко чейин жетчү. Кийин көз тийдиби, айтор, суюулуп кетти. Ошондон улам, кыркканга туура келди. Жакында эле кырктырдым. - Артист болгонуңузду кийин ата-энеңиз билсе керек? - Ооба. Ата-энем билгенден кийин абдан урушуп жүрүштү. Ал убакта "артист болом" дегендерге ата-энеси топурагын түйүп беришчү. Ата кызга катуу айта албайт да. Анан "Кызыңа айт" деп апама айта берчү экен. Апам болсо: "Элдин бетин кантип карайбыз?! Азыр деле кеч эмес, эл караган бетибизди жер каратпай, артистикти ташта!" деп урушат. Мен ага болбой өжөрлөнөм. Кийин ийгиликтерге жетишип, атым таанылып калганда айылга бардым. "Биздин кыз" деп айылыбыз дүңгүрөп, атамды куттукташкан экен. "Жакшы сөз жан эргитет" дегендей, элдин алкышын уккандан кийин атам сүйүнүп жүрүптүр. Мен барганда бетимден өөп, аябай кубанган. - Атыңыз дүңгүрөп турганда кайсы жыл эле? - 1967-жыл болчу. Ошол жылы Ч.Айтматовдун чыгармасындагы "Биринчи мугалим" спектакли менен Бүткүл Союздук театралдык фестивалга катыштык. Москвадагы "Огонек", "Известия" деген журналдардын биринчи бетине сүрөттөрүм чыкты. "Бетме-беттеги" Сейденин ролун ойноп Республикабыздан биринчиликти алдым. - Чоң сахнага ким алып келди эле? - СССРдин Эл артисти Даркүл Күйүкова Таласка барып калып, мени Кыргыздрамтеатрга алып келди. - Анан Кыргыздрамтеатрга дароо эле кабыл алыштыбы? - Менин театралдык билимим жок болгондуктан, сынап көрөлү дешип, Көркөм кеңиш түзүлүп, залкар адамдар - С.Күмүшалиева, Д.Күйүкова, М. Рыскулов. Б. Кыдыкеева, А. Боталиев, М.Далбаева, Ж.Сейдакматова жана мыкты режиссёрлордун катуу сынынан өткөм. Ошентип актриса болуп калгам. Таттыбүбү Турсунбаева менен ролду чогуу ойногон элем, экөөбүз бир бөлмөдө гримдөлчүбүз.Актрисалык өнөр менен гана чектелбестен, ырдап жүрдүм. Ыр жагынан дайыма биринчиликти алчумун. Граммота, дипломдорду армансыз эле алдым. 1979-жылы Филармониянын алдында Сатиралык театр ачылат деп Филармониянын директору А. Керимбаев Кыргыздрамтеатрдан которуп алган. Ал жерден куудул Асанкул Шаршенов менен чогуу иштештим. "Куйручук" театры деп атын коюп, иштей баштаганда Асанкул Шаршенов каза болуп калды. Актер Бекин Сейдакматов да биз менен иштечү. Кийин бул киши да каза болду. Акырындап арабыздан мыкты адамдар кете берип, театрыбыз жабылып калган. - Не деген залкар адамдар менен иштешиптирсиз. Алардан кандай таалим-тарбия ала алдыңыз? - Менин мектебим ошолор болчу, алардын ырдаганын, баскан-турганын, сүйлөгөн маңыздуу сөздөрүнө көп көңүл буруп, жакшы таалим-тарбия алууга умтулдум. 15 жашка чейин ата-энемден тарбиялаган болсом кийин залкарлар тарбиялады. - Комуздан башка кайсы аспаптарда ойной аласыз? - Негизинен аккордеон менен ырдаганды жакшы көрчүмүн. Комузду жактыра берчү эмесмин. Бир жолу директор А. Керимбаев Ч.Исабаев менен мени кабинетине чакырып алып: "Чалагыз, Анараны комузга үйрөтөсүң" деди. Ал убакта залкар комузчу Токтогул Сатылгановдун уулу Бабажан Токтогулов менин ырдаган ырларыма комуз чертип берчи. Ошентип комузду 32 жашымда үйрөнгөм. Тыныбековдон ооз комузду үйрөнгөм. - Өзүңүздүн үйбүлөңүз жөнүндө айта кетсеңиз? - Биз жети бир тууган элек. Сиңдим экөөбүз эле калдык. Ал сиңдим да оорукчан болуп калды... Балалыгыма сереп салсам, эрке чоңойдум. Атам аш-тойго да мени атка өңөрүп алып барчу. Кечеги секелек кыз бүгүн эне. Бир кыз, эки уул, төрт неберем бар. Уул-кыздарымдын баары жогорку билимдүү. Улуу кызымдын Мухабаттын эки диплому бар. Подполковник, чегара кызматында иштейт. Уулум Мухтар бизнес жагында жүрөт. Кичүү уулум бойдок, Англияда окуйт. Жолдошумдун көзү эрте өтүп кеткен... - Кандай кемчиликтериңиз бар? - "Жаш-кары дебей, баарына эле алданасыз" деп менин жумшак мүнөзүмө кызым нааразы болуп калат. Анынсыңарындай, өтө ишенчээкмин. Мындай сапатымдын артынан далай азап чектим. - Келинге кандай кайненесиз? - Келинимди өз кызымдай жакшы көрөм. Кайненемин деп олтуруп алмай менде адат жок. Келиним менен кошо аралашып жумуш кылып жүрө берем. "Апа, эс алып олтурбайсызбы" деп келиним уруша берет. Келген конокторго таластын беш бармагын өз колум менен жасап бергенди жакшы көрөм. - Маегиңизге рахмат. Маектешкен Жазгүл КАРБОСОВА Телемаек "Баракелде-е!!!" телеберүүсүнүн жетекчиси Элмира Тезекбаева: "Бул берүүңөр орустардыкына окшошпой жатат дегендер болду" - Элмира эже, бул долбоорду кандайча түптөп калгансыз? - Мен буга чейин "Баракелде-е!!!" сыяктуу эле чоң долбоор бирок, улуттук идеологияга байланыштуу, улуттун каада-салтын, үрп-адатын чагылдырган "Улут уңгу" деген көрсөтүүнү алып барчумун. Жаңы жетекчилик келгенден кийин бул закон ченемдүү көрүнүш, ар бир жетекчи өзүнүн идеяларын сунуштап, элге көрсөтүүлөр жагыш үчүн реформа жүргүзөт. К.Молдокасымовбу, М. Эшимкановбу, А. Кадыровабы, айтор, кайсы жетекчи болбосун сөзсүз жаңыча форма менен чыгалы деген максатты коёт. Ошондой максат менен мурунку берилип жаткан телеберүүлөрдүн баары алынып салынган. Бизге элге жакыныраак долбоорлорду сунуштагыла дегендиктен, мен "Улут уңгуну" башкача формада алып чыксам деп кайра ойлонуп, "ошончо эле элге жакын болгуңар келип жатса, ошондой эле, эл да саясаттан тажады, анда "Минуты славынын" кыргызчасын алып чыгалы, бирок, муну алып чыгыш үчүн көп каражат керек. Экинчиден, аны айтыш оңой, алып чыгыш кыйын"- дедим да, биз ошол телеберүүнү туурайбызбы же өзүбүз да, бир нерселерди кошумчалайбызбы деген максатта долбоор жаздым. УТРКнын директору М.Эшимканов дагы ушундай көрсөтүүлөр чыкса деп келгенге чейин ойлоп келген экен. Идеяларыбыз, көз караштарыбыз төп келип, Көркөм кеңеш мага ишенип бул долбоор менен иштөөмө уруксат беришти. Бул долбоор колдоого арзыгандан кийин, төрт ай дегенде режиссёр Сагын Ниязалиева менен экөөлөп алып чыктым. Маалымат каражаттарынын жардамы менен жарыяларды тараттык, калыстарды тандадык. Муну алып чыгыш оңойго турган жок, канча деген эмгек талап кылынды. Айтканга оңой, жасай келгенде ар бир тал чачың агарат экен. - Демөөрчү болуп бул долбоорду колдоп беришкендер болдубу? - "Бул долбоордун эң башкы демөөрчүсү Улуттук 1-каналдын өзү болот" деп М. Эмишканов колдоп берди. Граммоталар, дипломдор, эмблемаларды жасоого "Салам" басмаканасы, Эстелик значокторду "Кыял" коомдук бирикмеси, Аялдар конгресси болсо катышкандарга колунан келген кызыктыруучу белектерге демөөрчүлүк кылып беришүүдө. - Сиз бул долбоорду алып чыккандан кийин тегерегиңиздегилерден кандай ой-пикирлерди уктуңуз? - Ар кандай ойлор жаралды. Кээ бирөөлөр туура тандагансыңыр, элге жагып жатат деп жакшы пикирлерин айтышса, кээ бирөөлөр кичине оңдосоңор болот эле деп сын айткандар болду. Мен аларга "Келгиле ойлогондой оңдоп көрөлү, айтканга оңой экен. Мен ушул долбоорду алып чыгаарда кышты-кыштай ачка калып, көрбөгөн азапты көрүп алып чыккам" деп айтууга туура келет. Бул берүүңөр орустардыкына окшошпой жатат деп шылдыңдагандар да болбой койгон жок. Негизинен туура көз караш менен караганда Россиянын эли менен Кыргызстандын элин салыштырга болбойт да. Россияда 160 млн орус болсо, Кыргызстанда 5 млн гана кыргыз анын 2 млнго жакыны ар тарапта жүрүшпөйбү? Дагы жакшы аз калк болсок дагы ушундай таланттуу өнөр чеберлери элдин арасында бар экенине сүйүнүп жатабыз. Элге кызык таланттын тартуулаганга, көп элде көп таланттуу болот да. - "Баракелде-е!!!" деп аталып калганынын себеби эмнеде? - Башында бул долбоорго "Өнөрүң болсо өргө чап", "Атың чыкпаса жер өрттө" деп атайлы дешти, ошондо эмнеге аты чыкпаса жер өрттөш керек. Атым чыкпай калды деп жер өрттөгөн жакшыбы, андан көрө кыргыздын кыскача "Бали, баракелде, ушундай өнөрлүү бекен" деп таң калган сыяктуу, жакшы сөзү бар. Ошондуктан бул долбоорду "Баракелде-е!!!" деп атайлы, аталышы да кыска болот деп сунуштаганымда макул болушту. - Катыша турган катышуучуларды кантип жана кайдан табасыздар? - Теледолбоорго катышуучуларга кастинг жарыяланып, атайын түзүлгөн комиссиялардын тандоосу менен тандалып алынган, өнөр чеберлери катыша алышат. Тандалып өтө алабы аны багынан анан өз өнөрүнөн көрүшөт. 1- чыгарылышынан баштап 3-чыгарылышына чейин бул долбоорго УТРК 1-канал демөөрчү болуп келген, 4-чыгарылышына УТРК менен ИИМдин биргелешкен долбоору болуп байгелерин ИИМ өзү каржылайт. - Кайсы күндөрү тартылып жатат? - Жуманын Шаршемби күндөрү тартылып жатат. Айына эки жолу тартылат, эки жолу эфирге чыгат. Себеби бул түйшүктүү иш массовканы алып келиш керек. Көрүүчүлөрдү олтургузуп, желектерин даярдап, ар бир тартылганда залды жасалгалап иштейбиз. Улам теледен кеткен сайын кемчиликтерибизди байкай баштадык. Аларды кийинки берүүгө оңдоого аракет кылып жатабыз. Биз оператор, режиссёр, техникага да көз карандыбыз. Мен идея берген менен канча адамдын элегинен алып чыгабыз. Кээде жалгыз мен ойлогондой чыкпай калат. Бул жерде режиссёр, операторлордун тартканына, техникаларга да байланыштуу болуп калат. - Калыстарды кимдер тандаган? - Жетекчилик жана өзүбүздүн чыгармачыл тобубуз менен тандаганбыз. Калыстар тобунан композиторлордон бирөөсү дайыма алмашып турат. - Бул коммерциялык долбоор эмеспи, катышуучулар акча төлөп чыкпайбы? - Катышуучулар эч кандай акча төлөп чыгышпайт. Болгону алар колдоруна жазылган плакаттарды көтөрүп сүрөп турганга, өздөрү менен кошо күйөрмандарын ээрчитип келишет. Коммерциялык максатта кептейт. Биздин элдин ушунча жакырчылыкка барып калганын, катышууга тандалган талапкерден улам билдим. Чөнтөк телефондору менен мага маяк гана берип коюшат. Ушундай абалга жетип калганыбызга карабай, эң татаал долбоорду ушу деңгээлде алып барып жатканыбызга тоб-оо дешибиз керек. - Бул долбоор убактылуубу же улантыла береби? - Жаңы жылга чейин Улуттук Цирк менен бирдикте чоң гала - концерт менен жыйынтыктайбыз. Талапкерлер, күйөрмандар, көрүүчүлөр атайын ушул таланттар туурасында китеп чыгарбайсыңарбы деп жатышат. Муну да ойлонуп жатабыз. - Буга чейин канча жеңүүчү аныкталды? - 1-чыгарылышында Бишкек шаарына караштуу "Дудуктар жана дүлөйлөр" интернатынын бий тобу 100 миң сомду утуп алышкан. Алар бул акчаларынын чыпчыргасын коротушпай тигүүчү машинкаларды алышты. Ал эми 2-чыгарылышынын жеңүүчүсү боюнча өтө талаш-тартыш маселелер болууда. Бүгүнкү күнгө чейин туура эмес бааланып калды деп нааразычылыктар көп. Ал шашпай айтыла турган кеп. 3-чыгарылышынын жыйынтыктоо туру жакында тартылат. Жети талантуунун ичинен кимиси баш байгеге ээ болоору белгисиз. Маектешкен Жазгүл КАРБОСОВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|