Коомдук-саясый гезит
№17, 20.06.08-ж.




◄◄◄
  Гайд-Парк

Алгачкы мобилдик телефондорду көрдүңүз беле?
Мындан 25 жыл мурда базарларда алгачкы мобилдүү телефон пайда болгон. Андан бери мобилдүү телефондор дүйнө жүзүндө көбөйүп кетти. Британдыктардан сурамжылоо жүргүзгөндө көпчүлүгү мобилдик телефон атом энергиясындай болгон зат экендигин айтып беришкен. Андыктан британдыктар мобилдик телефонго анчейин маани бере беришпейт экен. 1983-жылдын 13-июнунда Американын кайсы бир базарында алгачкы сериядагы мобилдик телефон сатыкка чыккан. Бул телефонду Моторола компаниясы Dynatac 8000 деген аталышта чыгарган. Анын салмагы 800 граммды түзүп, узундугу 33см болгон. Бул адамдардын телефонду жанында алып жүрүүсүнө ыңгайсыздыкты жараткан. Ошол телефондор менен жарым сааттан ашык сүйлөшсө дароо аккумулятору отуруп калчу экен. Баасы 4000 долларды түзгөн. Алгачкы маркадагы биринчи телефондор чыкканда миңдеген америкалыктар сатып ала башташкан. Ал эми бул убакта германиялыктар али бул тууралуу биле элек болчу. Бирок 1985-жылы Германияда кичинекей жашиктин формасындагы телефон пайда болгон. Анын ручкасы трубкасы менен байланыштырган. Антеннасы да абдан узун болгон. Интернационал 3200 деп аталган бул телефон 3000 немис маркасына барабар болчу. Базарга 1992-жылы гана чыккан. Дүйнөнүн кайсы гана өлкөсү менен болбосун байланыштырган бул телефондун салмагы 500гр болгон. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча 3,3 млрд мобилдүү телефон пайдаланылууда, б.а. Жер шарынын 80%ы мобилдик байланыштан пайдалана алат. Алгачкы мобилдик телефондорду чыгарган Мартин Купер бүгүнкү күндөгү мобилдик телефондордун куралышына түшүнбөйт жана татаал экендигин айтып, канааттанбайт.

Дүйнөнүн олигарх футболчулары
Футбол оюнунда футбол тааласында жалаң гана байлар ойнору белгилүү болду. Бул футбол сүйүүчүлөр үчүн жаңылык деле эмес. Ар бир өлкөнүн футбол курама командасында бай оюнчулар лидерлик кылат экен. Төмөндө жылдык эмгек акысын өзүнүн клубдарынан эң көп алган футболчуларга көңүл буруңуз:
Фернандо Торрес-24 жашта. Испаниялык оюнчу. Ливерпуль клубунда машыгат. Жылына 7 920 000 евро маяна алат.
Тьери Анри 30 жашта. Франциялык оюнчу. Барселона клубунда машыгат. Жылына 7 860 000 евро каражат табат.
Ал эми жылына 7 800 000 еврону Михаель Баллак табат. Ал 31 жашта, германиялык. Челси клубунда машыгат.
Португалиялык Криштиану Роналду Манчестер клубунда машыгып, 7 680 000 евро алат.
Рууд ван Нистелрой 31 жашта. Реал клубунда машыгат, голландиялык. Ал жылына 6 420 000 евро алат.
Швециялык 26 жаштагы Златан Ибрагимович Интер клубунда машыгат, жылына 5 000 000 евро табат.
Алессандро дель Пьеро аттуу 33 жаштагы Италиялык Ювентус клубунда машыккан оюнчу жылына 4 800 000 евро алат.
Чехиялык 26 жаштагы Петр Чех жылына 4 320 000 евро табат, Челси клубунда машыгат, дарбазачы.
Андрей Аршавин аттуу 27 жаштагы Россиялык Зенит клубунда машыккан оюнчу жылына 2 500 000 евро алат.
Ал эми Гекдениз Карадениз 28 жашта, Турциялык. Рубин клубунда машыгат, жылына 2 400 000 евро табат.

Тишти тез-тез тазалай берүү канга бактерияларды алып келеби?
Тишти кичинекей кезинен тазалап туруу менен тиштин көп жылдарга чейин бекемдигин сактайт. Ошондой эле ага кам көрүп туруу адамдын узак жашоосуна себепкер болот. Гетеборг медициналык академиясынын изилдөөчүсү бул тууралуу диссертациясын жактады. Ал бир пациентин бир жаштан тартып 15 жашка чейин байкап, эксперимент жүргүзүп келген. 500 бала байкоого алынган. Анын ичинен кичинекей кезинен тишин тазалап дайыма кам көрүп турган пациенттин тиши кадимкидей бекем жана таза болгон. Ал эми андай кам көрбөгөндөрдүн тишинде 15 жылдын ичинде 5 жолудан бузулуу болгон, курт жеген. Баса, шведдик стоматологдор бала бир жашка чыкканда анын ата-энеси менен дал ушул тиши тууралуу сүйлөшүп, болгон кеп-кеңештерин кеңири беришет экен.
Баса, күндө дары менен тишти тазалай берүү адамдын канындагы бактериялардын көбөйүшүн шарттап, ал бактериялардын айрымдары жугуштуу оорулардын пайда болушуна алып келет деген критерийлер айтылууда. Ошол эле убакта тишке такыр эле кам көрбөй коюу да денсоолукка зыян экендигин америкалык окумуштуулар эскертишүүдө. Ал эми Каролина медициналык борборунун изилдөөчүсү Питер Локхарт адамдын канына бир гана тишти тазалоодо же тамак жегенде гана кирбестен бактериялар башка учурда жылына жүз жолу кирерин белгилейт.

Бир өмүрдүн эсеби
Статистика боюнча 75 жыл жашаган адам орто эсеп менен 50 тонна тамак жейт, 45 тонна суу ичет, 130.000 км жол басат, 90 млн сөз сүйлөйт. 18 жыл тикесинен тик турат (калганы отурат, жатат) 25.000 аттын күчүн жумшайт, 300.000 тонна оордук көтөрөт, 105 күнүн сууда өткөрөт. 20 тонна тер төгүп, 50 тонна түкүрүк, 80 тонна заң жана 70 тонна заара чыгарат. 75 жылдык өмүрдүн 26 жылы уйкуга арналган. Жогорудагы келтирилгендер эң зарыл, табигый гана муктаждыктар, ал эми адам баласы жасаган башка иштер, маселен, бул азаптуу өмүрдө канча тонна көз жаш төгүп же канча жылды каткырык менен өткөрөт, канча жолу өбүшүп, жыныстык байланыш жасайт, канча жылды калп айтуу менен өткөрөт, жумушта канча, шапар тепкен бекерчи убактысы канча, нечен жыл отуруп, кайра турат, чуркаганы канча, бул боюнча азырынча эч ким изилдей элек чамасы. Бирок эң кызыгы биздин оюбузча адам пендеси өзүндөй адамдарга канча жолу жакшылык, соопчулук жасады, артында кандай из калтырды, өмүрдүн мааниси ушунда болсо керек. Демек, баланча тонна тамак ичүү үчүн эмес, жашоо, эмгектенүү үчүн ошончо азыкка муктажбыз десек туура болоор.

Михаил Горбачев сотко сурак берет
Польшанын соту өлкөнүн мурдагы президенти Войцех Ярузельскийдин иши боюнча сот процессин карап, "суук согуш" убагындагы таасирлүү саясатчылардын көрсөтмөсүн угат. Алардын арасында Михаил Горбачев, Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Маргарет Тэтчер, саясатчы, кеңешчи Джимми Картера ж.б. бар. Буга чейин алар Варшава сотунан официалдуу чакыруу ала элек болчу. Аталган сот 2 жылдан бери бүтпөй келет. Эгерде мурдагы президенттин күнөөлөрү так аныкталып, ачыкка Чыкса анда ал 10 жыл абакта олтурушу керек. Ал эми айыптоочулар тарабынан күнөөлүүгө коюлган кинелери так болбой, такталбаган, жетишсиз маалыматтарды берип жатышы сот процессин соңуна чыгарбай келет.

Дүйнө нефтиге байыйт окшойт
Дүйнөнүн көпчүлүк физиктери нефти альтернативасын түзүүдө күндүн энергиясы жана жарыгы жардамга келет деп далилдешүүдө. Күндүн энергиясынын альтернативдик булагы нефти менен бирдей болуп калышы да мүмкүн. Колумбия университетинин профессору Луис Брюс мындай идеясы үчүн жакында эле 1 млн. доллар сыйлык алды. Эми учурда мындай аракетти ишке ашыруу үчүн күндүн энергиясын суудан алуу милдети турат. "Бул үчүн мүмкүн 10-20 жыл, же болбосо 12 ай гана керектир"-дейт профессор. Профессор мындай аракет реалдуу түрдө качан ишке ашарын айта албайт, бирок качандыр бир убакта күндүн энергиясынан чоң пайда алып, нефти тууралуу проблема чечилип, энергокоопсуздугу сакталарын жана дүйнөдө бардык маселелер чечилип, стабилдүүлүк орнорун белгилөөдө.
Даярдагандар Жазгүл ИБРАЕВА, Бахтияр ШАМАТОВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan