![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №17, 20.06.08-ж. |
Экөө Ырчы, обончу Мерген Турган жубайы Жулдыз Тарханова менен. 2007-жылы баш кошушкан. - Мерген мырза, келинчегиңизди кош бойлуу деп уктук. Уул күтүп жатасызбы же кызбы? - Уул-кыз деп заказ бергенден алысмын. Анткени, жарыкка келе турган балам - көптөн күткөн тун балам. Экинчиден, бала төрөө оңой иш эмес болгондуктан, келинчегим аман-эсен көз жарып алса экен деген гана тилекте турам. Элдер УЗИге барып кыз-бала экенин алдын ала билип алышат экен го. А биз болсо Кудайдын берген баласы болоор деп койдук. Келинчегимди кош бойлуу экенинен кабардар болгон апам сүйүнүп, эмитен эле китептерден кыз-балага ат издеп, ысым коюуга даярданууда. Буюрган баланын атын апам коет. - Сиздин жашыңызда үйлөнүүнү "абдан кеч" деп бизде кабыл алса, европалыктар "болуп турган убакта үйлөндү" деп кабыл алышат. Буга сиздин көз карашыңыз кандай? - Европалыктардын ой-пикирин колдойм. Себеби, үйбүлө эмне экенин терең түшүнбөй туруп, үйбүлөнү камсыздандырууну пландабай туруп, эрте үйлөнүп алгандардын арты ажырашуу менен бүтүп жатпайбы. Ошондуктан мен эрте үйлөнүп алгандарга каршымын. Мен эрте да, кеч да эмес, европалыктардын айтканындай болуп турган убагымда үйлөндүм деп эсептейм. Кыз-бала болобу, айтор, ал 30тан ашканда эле эне тынчсыздана баштайт эмеспи. Анынсыңарындай, менин апам да аябай тынчсызданган. Мен аны сезип турсам дагы, "үйбүлөнү толук камсыздандырууга даяр болгондо кырктын кырына барып үйлөнөм" деп илгертеден эле алдыга койгон планымды кармадым. Буюрса, кырк жашта балалуу болгону турам. Классташтарым неберелүү болуп калышты. (Күлүп) Менин балам болсо алардын небереси менен классташ болуп калат го дейм. - "Үйлөнгөнгө чейин чоң сүйүүгө кабылган эмесмин" деген маегиңизди окугам. Балким, бактыңыз кечигип келгендир? - "Баары буйруктан" дегендей, буюрбаса жүрө берет экенсиң. Мисалы, көптөгөн сулуу кыз, балдардын турмуш курбай жүргөнүм көрүп жүрөм. Нике кайып буюрбагандыктан жүрүшөт го дейм. (Күлүп) Эми "баары буйруктан" деп олтура бербей, аракет да кылыш керек. - Сиз үйлөнгөнчө сиз жөнүндө ар кандай сөздөр чыкты эле. Бирөө "кыргыз кызын чанды" десе, экинчиси "кореянка менен сүйлөшүп жүргөн, ошону алат" деген сыяктуу кептер кеткени менен казак кызын алдыңыз. Үйлөнгөнгө чейин кыздар менен сүйлөшсөңүз керек? - Албетте, көп эле кыздар менен жүрдүк, ойноп-күлдүк дегендей. Акырында жар кылып алайын десең, аны менен жандүйнөң төп келишпей, эки башка көз карашта болуп каласың. Казакстанда алты жыл жашап жүрүп, акыры ошол жактан жандүйнөбүз төп келген кызга жолугуп, жар кылып алдым. Үйлөнгөн жакшы экен да. Баары даяр. Кириң жуулу, ысык тамагың кылынуу, үйүң таптаза. "Үйлөнгөн эң жакшы турбайбы. Силер мага айтпай, жашырып жүрө берипсиңер" деп тааныштарга айтып, аларды тамашалап калам. - Казак улутунан алган жарыңызды апаңыз кандай кабыл алды? - Ушунча жылдан бери күттүрүп келаткандан кийин, орус улутунан алсам деле апама баары бир болуп турган кези болчу. "Кайсы улуттан алсаң деле каршы эмесмин. Иши кылып, аны менен турмушта бактылуу болсоң болду" деп айткан күндөрү да болгон. Аны уккандан кийин апамды тамашага салгым келди. Күндөрдүн бир күндөрүндө тааныш чет өлкөлүк балдар менен кошо орус кызды ээрчитип, үйгө барып калдык. Төрдө олтурган орус кызды апама көрсөтүп "келиниң болот" деп койсом, апам ак жоолугун көтөрө чуркап, анын башына салганы жүрөт. Кызга которуп берсек, ал кыз да чын экен деп сыртка качып чыккан... Апам бир гана нерседен чоочуркап жүргөнүн кийин айтты. Апама менин жүрүм-турумун жакпайт. Ошондон улам өзүнө окшогон "ойсоктогон" кыз албаса экен. Экөөлөп талаалап жүрсө, үй турмушу эмне болот?" деп коркуптур. "Эне тилеги ак" дегендей, апамдын оюндагыдай келин алып берип сүйүнттүм. Жулдыздын мүнөзү токтоо, оор басырыктуу. Милициянын капитаны. Ыймандуу, беш маал намаз окуйт. Менин тандоомо апам аябай кубанган. - Ошондон улам, үйлөнүү тоюңар ичимдиксиз өтсө керек? - Биздин тоюбуз үч жерде өткөн. Алгач Алматыдан "Бамбария Кергуду" деген ресторанда, андан кийин Нарындан өткөрдүк. Үчүнчү тоюбузду Бишкектеги "Инсар" аттуу кафесинде 17-ноябрда өткөргөнбүз. Тоюбуз спирт ичимдигисиз өткөнү менен келген коноктор шаңдуу отуруп кетишкен. - Ыймандуу жубайыңыз менен ким тааныштырды эле? - Казакстанда жашаган Альфия аттуу алтындай болгон эжекебиз Каскелеңден тааныштырган. Бир жылдай сүйлөшүп жүрүп, анан баш коштук. - Колун сураганыңызда дароо эле макул болду беле? - Жо-ок. (Күлүп) Кыздар кылыктанат экен. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, аябай сынады. Сынынан өттүм окшойт, акыры макул болду. - Казакстандын кайсы жерине күйөө бала болдуңуз? - Казакстандын Талдыкоргонуна. Бирок, Жулдыз Алматыда чоңойгон. Казак элинин улуу жүзүнүн Жалайыр деген уруусунан болот. - Сизден канча жаш кичүү? - Он жаш кичүү. Ал быйыл отуз жашка, мен кырк жашка чыгам. - Кыргызча сүйлөгөнгө аракет кылып жатабы? - Ооба. Азырынча экөөбүз орусча-казакча сүйлөшүп жатабыз. Апам дагы казак тилин түшүнөт. Жулдыз четинен ар нерсени сурап үйрөнө баштады. - Декретке чейин өз кесибин аркалап, Кыргызстанда иштедиби же Казакстандабы? - Өз кесиби менен мурда кайда иштесе, ошол жакта иштеп декретке чыкты. Декреттен кийин кайда иштейм десе өз эрки. Бул жакка десе, жумушка орноштурууга аракет кылам. "Үйгө олтур, бала бак" деген эркектерден эмесмин. Ар бир адамдын сүйгөн кесиби болот. Мага чейин сүйүп келген кесибинен кантип ажыратам. Анткени ал дагы менин ишимди туура түшүнөт. А эмне үчүн мен анын ишин түшүнбөшүм керек. Кеп кесипте эмес, эң негизгиси жандүйнөдө, бирин-бири түшүнүүдө. Бөйрөктөн шыйрак чыгара берсең, үйбүлөлүк очок урап түшөт, ошону эске алыш керек. - Кара жумушка кандайсыз? - Жокмун. Чөп чапканды, кой сойгонду билбейм. Огород сугаруу сыяктуу жеңил-желпи жумушту гана кылбасам, оор жумушту кыла албайм. Кичинекей кезимде эле мал караганды жакшы көрчүмүн. Азыркыга чейин жакшы көрөм. Эгер мен ырчы болбосом, мал доктур же зоотехник болмокмун. Үйлөнгөндөн баштап мал кура баштадым. (Күлүп) Беш коюм бар. Малдын башын көбөйтүп, бодо малга чейин жеткирсемби деп жатам. Жылкы, уй баксамбы деген ой бар. - "Без комплексов" деп орустар айтмакчы, мүнөзүңүз бала кезден эле ушундайбы? - Он бир туугандын алтынчысымын. Он бир туугандын он мүнөзү бар дегендей, онубуздун мүнөзүбүзгө чыдап, ушундай эрезеге жеткирген ата-энебизге ырахмат. Алардан эң жакшы таалим-тарбия алдык. Конок келгенде алардын үстүнө кирчү эмеспиз. Ар кимибиз өз бөлмөбүзгө кирип кетип, тынч отура берчүбүз. Бир туугандарымдын баары азыр үйлүү-жайлуу, очор-бачар. Ар кесиптин ээси болушту. Мен болсо кичинемден эле чыгармачылыкка кызыкчумун. Атама: "аккордеон сатып бериңизчи" десем, "артист болбойсуң" деп сатып бербей койгон. Менин талантыма түшүнүп, өз убагында аккордеон сатып берсе, мындан да үлкөн ырчы болот белем. Кудай ушуну кут кылсын, азыр деле жаман эмес. Бирок, атам ар кандай пластинкаларынды сатып берчү. Ал убакта көбүнчө орус ырчылардыкы сатылчу. Алла Пугачева, София Ротару, Валерий Леонтьевдин ырлары менен чоңойгон баламын. Атама таарынычым деле жок. Мурда баскан-турганы жаман бир артисттин артынан эле баардык артисттин аты булганыч болуп кетчү эмес беле. Ошолорду угуп алып, мени да бузулуп кетет деп ойлосо керек. Бир адамга бардык адамды салыштыруу туура эмес деп ойлойм. Эгер адам бузулгусу келсе, артист болбой деле бузулат да. Ошондон уламбы, айтор, атам ырчы болушума аябай каршы турган. 10-классты бүткөндөн кийин Политехтеги кооперативный бөлүмгө тапшыртышкан. Өтпөй калгам. Анан "Мясокомбинатка" жумушка орноштуруп кетишкен. Ал жерден малдын башын, тилин кесчүмүн. Өнөр деген болбойт экен. Чогуу иштеген байке, эжелерге ырдап берсем, алар: "Мерген, сен талантыңды өлтүрүп бул жерде эмне жүрөсүң? Андан көрө театрга тапшыр" деп үгүттөшүп жүрүп, театрга тапшыртышты. Театрда дароо эле ырчы болуп кеткен жокмун, монтерлук иштен баштагам. Ошентип, тепкичтен тепкичке көтөрүлүп олтуруп, акыры элиме белгилүү ырчы болдум. - Сизди кээ бирөөлөр Валерий Леонтьевге окшоштурушту. Валерийдей ырчылык деңгээлге жеттим деп ойлойсузбу? - Эл чачымдын узундугун, сахнадагы кыймыл-аракетимди Валерий Леонтьевге окшоштурушса керек. Бирок, анын деңгээлиндегидей ырчылыкка жетиш кыйын дечи. Балким, кыргыз шоусу өнүккөн болсо, жетмекпиз... - Валерий Леонтьевге жолукканыңыз чынбы? - Россияга гастролдоп барып жүргөндө жолугуп, ал кишинин батасын алгам. Казакстанда 6 жыл иштедим. Аягында аларга күйөө бала болдум. Алардын ырларын кыргызчага которуп ырдап жүрөм. Аны жашырбай эле авторлорунун атын атап, алардан уруксат алгам. Мыйзам жолун сактаган мырзамын. - Быйыл "Бири ырчы, бири куудул - Эл тараза, эл сынчы" деген конкурска катышып, баш байгени жеңип алдыңыздар. Бул конкурста ырчы күчтүү болдубу же куудулбу? - Экөөбү тең. Өнөктөшүң начар болсо баш байгеге оңой менен жетпейсиң. Элдин тандоосуна салган уюштуруучу Рахман акеге ыраазымын. Эгер калыстар тобуна түшүп калсак, баш байгени алаарыбызды бир Кудай билет эле. Ошол конкурстан кийин "Дыңкы жеңе" дешет мени. Дыңкы жеңенин образы менен Мергенди аралаштырып, күзүндө концерт берсемби деп турам. Өзүмдүн калемиме таандык 100дөн ашык ырым бар. Обон дагы чыгарам. Убагында Марат Алыбаев байкенин ырларын ырдагам. Азыр ырларымды жаш ырчыларга таратып жатам. Себеби, ырларымды жаш ырчылар дагы ырдап чыкканы кызыктуу болот да. Элдик ырларга кайрылам. "Кубанычтуу күндөр" деген аталыш менен жаңы альбом даярдап жатам. Буюрса, бешинчи альбомум жарык көрөт. - Эмнени көп ойлоносуз? - Жер-жерлердин сатылышы мени көп ойлондурат. Ысыккөлдөгү пансионаттардын башка улутка сатылып кетишине нааразымын. Себеби, эртеңки күнү биздин балдар бөтөн улутка көз каранды болуп калышы мүмкүн. Башка элдин колуна күң болуп калбаса экенбиз деп Кудайдан миң мертебе суранып келем. Анан дагы салттарыбыз калып баратат. Жаш ырчылар "ы" тамгасынын ордуна "и"ни коюп ырдап жатышат. Мисалы, "Жаним, жылдызим, карашип-жарашип, арманим" дегендей... Мода кылып алганы менен тилибизди өлтүрүп алып жатабыз. Муну менен кыргыздын өңүн, сөзүн жоготуп жатат. Бул өтө жат көрүнүш. Маектешкен Назира СААЛИЕВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|