![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №17, 20.06.08-ж. |
Табышмактуу аалам Түш кантип жорулат? (Башы өткөн сандарда) Түшкө пайгамбар кирсе аны он бир түрдүү жорууга болот. - Өзүңө көңүл бурулат. - Рахматка ээ болосуң. - Нээматка жетесиң. - Ызаат көрөсүң. - Даңкка ээ болосуң. - Раистикке жетесиң - Бакыт-таалай. - Күч-кубатка ээ болосуң. - Жакшылык менен сүйүнөсүң. - Эки дүйнөдө тең азиз болосуң. Эгер түшүңдө Мухаммад пайгамбардын мүрзөсүнө зиярат кылсаң, өзүң султан болосуң же эл башкарасың, казынаң артат. Эгер соодагер болсоң товарың, ишиң жүрүшөт. Түшүңдө пайгамбардын ооруганын көрсөң, же кайгырып турганын көрсөң, элде ислам дининин алсыздыгы, жана бузуку иштерге багыт алгандыгы, алып күчөй баштагандыгы. Түшүңдө пайгамбар ачууланып сени караган болсо, күнөөлөрүңө тообо келтирүүгө тийишсиң. Эгер түшүңдө Мухаммад пайгамбардын абалы начар, сахабаларында маанайы пас экен деп көрсөң ошол шаарда ушак-айың же чоң бир балээ болот. Эгер бир киши пайгамбарды шаарда, же бир үйдө же болбосо жыйында көрсө ал жердеги душмандар жеңилишке учурайт. Эгер Зулкарнай пайгамбарды түшүндө көрсө, өмүрү узун болот. Чоң байлыкка ээ болуп, сапарда көп жүрөт. Эгер түшүңдө Сулайман пайгамбарды көрсөң, ырыскыңдын капкагы ачылат, өтө жакшы болот, ишиң оңунан келип, көп пайдага ээ болосуң. Көп жерлерди кыдырып, сапарда көп болосуң. Эгер Обо энебизди түшүңдө көрсөң, дөөлөттүү болосуң, даражаң көтөрүлүп кайгыдан алыс болосуң. Түшүңдө Адам атаны көрсөң анда элди өзүң моюн сундурасың. Эгер түшүңдө өзүң Адам атага моюн сунбаганыңды көрсөң, Кудай сактасын, кыйраганың жана кара бет болгондуктун белгиси. Эгер түшүңдө Мухаммад пайгамбарга салават айтып түш көрсөң, бактылуу элде жашай тургандыгыңдын белгиси. Эгерде түшүңдө Исхак пайгамбарды көрсөң, залим душмандардын белгиси, бирок алар сенин чоң урматташыңа ээ болот, сыртыңан көзөмөлгө алышат, аягында аларга күч колдонуп жеңишке ээ болосуң. Эгер түшүңө Исмаил пайгамбар кирсе, Алла тааланын амирине моюн сунасың, убактылуу дүйнө иштеринен азат болосуң. Эгер түшүңө Ибрахим пайгамбар кирсе, Алла таала сенден канагат кылган болот, рахмат жана нээмат капкалары ачылып, жакшы күндөрдү көрөсүң. (Уландысы бар) Абдылда КАРАСАРТОВ Мусулман болуу оңойбу? (Башы өткөн сандарда) Кай бир адамдар "Мен ууру кылбасам, жаман сөз айтпасам, эч кимге зыян келтирбесем анан эмне үчүн намазга жыгылышым керек, менин деген жүрөгүм ансыз да таза да" дешет. Бул жаңылыштык. Биринчиден, биздин ислам динибизде мактануу, өйдөсүнүү Кудайга да, шариятка да туура келбейт. Экинчиден, намаз окугандар жүрөктөрү кара болгондуктан намаз окушпасын түшүнбөгөндүк. Сен өзүңдү өзүң мактаба, сен анчалык мыкты болсоң сени башка пенделер мактасын, сен кичи пейил бол деп үйрөтөт ислам дини. Пайгамбардын бир да осуятында, же хадистеринде же аяттарда "Жүрөгү таза эместер, намаз окугула, жүрөктөрү тазалар силер болсо намаз окубай эле койсоңор болот" деп айтылган эмес. Дегеле бүгүнкү күндө "жүрөгүм таза" дегендерге ишенип болбойт, себеп дегенде жүрөгү накта таза деп мусулмандар Мухаммад пайгамбарды (САВ) гана айтышат. Пенде өзүн-өзү тазамын, нээтим түз десе ал тескерисинче ого бетер намазга ынтаа коюуга тийиш. Пайгамбарыбыз "Адам баласы күнөө иш кылганда жүрөгүндө кара так пайда болот. Эгерде ал буга чындап өкүнүп, тообо келтирсе, анын жүрөгү кайрадан нурданып, кара так кайрадан жоголуп кетет", деп айткан экен. Бүгүн адамдар ченемсиз бузулду, жүрүм-турумдун өлчөмү болгон моралдык, этикалык, нравалык түркүктөр дээрлик кыйрады, пенделердин көңүлүндө кантип акча таап, баюу керек деген азаптуу көйгөй биринчи орунга чыкты. Өзгөчө жаштардын келечеги бүдөмүк. Анткени жаштардын эси-дарты, назары бүт бойдон батыштык турмуштун таасири астында калды. Мындан 5-10 жыл мурда эле чоң көчөнүн жээгинде кыз-жигитке чапташып, ачык эле өбүшүп, сорушуп турганды көрчү эмеспиз, бүгүн мындайлар кадам сайын жайнап кетти. Демек, бул жаштарда жогорудагыдай жорук биздин дин тургай улуттук менталитентибизге туура келбейт деген түшүнүк жок, аны эч ким буларга айтпайт да түшүндүрбөйт. Ушу темп менен кетсек аз убакыттан соң таламандын тал тушунда ачык эле жыныстык катнаш жасап жаткандарды бат-баттан жолуктураарыбыз турган кеп. Жаштарга акыл -насаат айтчу радиолук деле, теле берүүлөр деле бар, бүгүнкү күнгө чейин алардын бири да ушу теманы көтөрүп чыга элек. Орустар айткандай "никак не догадываются" атаңгөрү… Кыскасы несин айтасың… Бахтияр ШАМАТОВ Ак костюмчан арбак - Өзүм элдик дарыгермин. Көзгө көрүнбөгөн башка дүйнө менен байланышып транска чыгып турам. Ошондой транстардын учурунда өңү жылуу учураган, бирок мен жакындан тааныбаган аппак костюм шым кийген адамдын элеси ак булуттай болуп учуп келди. Эмне болот экен деп карап турсам ал элес тез эле жок болуп, анын ордуна бак-дарактуу тоонун боорунан сызылып чыккан булак-мазар көрүндү. Мазардын жанында кара "Волга" токтоп туруптур. Баягы аппак костюмчан адам табытта суналып жатты. Бир аял муңга батып, кайгыга чөгүп, буркурап ыйлап турду. Анан бир заматта ошол мага түшүнүктүү элестер көздөн кайым болду. Өзүмчө: "Бул эмне элес? Өңү жылуу учураган адам ким?" деп бүшүркөп ойлонуп таң атырдым. Эртесинде транста көргөн аял үйүмө кирип келгенде чочуп кеттим. Көрсө, ал обончу Алтымыш Кадыровдун жубайы Лариса Асанбекова экен. Транстагы табытта жаткан аппак костюмчан Алтымыш экенин ошондо билдим. Ага чейин алар менен жакындан тааныштыгым жок болчу. Ошол күндөн тартып Алтымыштын арбагы мени менен тез-тез байланыша баштадым… Бермет Алымбекова, элдик дарыгер Өз атасынан жети бала төрөп... Италиянын түштүгүндөгү Казерта шаарынан 47 жаштагы аял камактан бошотулду. Мунун эмнеси кызык деп атсаңыз керек? Чын эле кызык. Мындан 18 жыл мурда бул аялды ата-энеси никесиз боюнда болуп калгандыгы үчүн жазалап, 18 жыл бою үй камагында кармашкан. Ал өзүнүн кош бойлуу экендигин билдиргенде, үйбүлө мүчөлөрү аны 18 жыл бою үйдөн бир да ирет чыгарган эмес. 18 жыл бою бул аял таза эмес, шарты жок бөлмөдөн чыкпаптыр. Ушундан улам анын денсоолугуна зыян келген. Ал эми анын көз жаргандыгы туурасында маалымат жок. 18 жылдан кийин гана бул жөнүндө билген полиция кызматы анын 80 жаштагы энесин, агасын жана эжесин жоопко тартты. Алар адамга жасаган катаал мамилеси үчүн айыпталууда. Бул эле эмес экен. Жакында эле Австриянын бир шаарында өзүнүн кызын 24 жыл бою жер төлөөдө кармап олтурган адам ачыкка чыкты. Ал өзүнүн кызын сексуалдык кул катары пайдаланып жаткан. Ошол аралыктарда ал кыз жети бала төрөгөн. Ал эми 73 жаштагы мындай зордукчул адамдын жубайы бул кылмыш тууралуу билген эмесмин деп четке чыгууда. 42 жаштагы 7 баланы өз атасынан төрөгөн аял балдары менен учурда Алинтеттендеги клиникалардын биринде психологиялык жардам алууда. Ал эми жүзү кургур жанагы ата сөрөй Фритцль өз күнөөсүн мойнуна алды. Балдардын канын текшергенде да туура болуп чыкты. Мындай олуттуу кылмышы үчүн Фритцль өз колу менен жасаганын өз моюну менен тартканы турат. Даярдаган Жазгүл Ибраева |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|