Коомдук-саясый гезит
№17, 20.06.08-ж.




◄◄◄
  Жылдыздар таржымалынан

Евгений Петросян менен Елена Степаненко
Күнөө менде эмес, күнөө сенде эмес,
Күнөө сүйүүдө, экөөбүздө эмес
Орусиянын ММКлары Татьяна Навка менен Александр Жулиндин, гардемарин Жигунов менен "прекрасная няня" Заворотнюктун ажырашуусунун себептери - Навканын Марат Башаров менен, Александрдын жаш тарбиялануучусу менен, Заворотнюктун фигурист Петр Чернышов (Петр да бир жолу ажырашкан. Акыркы учурда ажырашуу процесси музайдыңынын бийчилерин тооруп калгандай. Буга чейин Евгений Плющенко менен Мария Ермак, Илья Авербух менен Ирина Лобачева ажырашкан) менен жакын мамилелерин иликтеп жазып чыгышканда, үйбүлөлүк чырлардын башаты "Танцы со звездами", "Танцы на льду" шоу-долбоорлордо деген сөз чыккан. Себеби, Татьяна Навка менен Марат Башаров да, Заворотнюк менен Чернышов да аталган долбоорлордун алкагында жакындан таанышып, жактырышып, мамилелери башкача өңүт алган.
"Ортодо балдарына эле жаман болду" дегендер да болууда. Алсак, Татьяна-Жулиндин бир кызы, Мараттын мусулмандыкты кабыл алган орус улутундагы жубайынан бир кызы бар (Мараттын апасы "Таня да, Лиза да баламдын башын айлантып алышкан" деген ойдо. Биринчи келинине да орус улутунан, башка динден деп макул болгон эмес). Заворотнюктун тогуз жаштагы кызы Аня менен төрт жаштагы уулу Майкл "жаңы атага" көнбөй жатышканы маалымат катары чыгып кеткен. Башында "андай эмес" деп макул болбогон Настя кийин балдарына Сергейдин эмнеге кеткендигин, Петрдын эмнеге чогуу жашап жатканын түшүндүрө албай жаткандыгын айтып тастыктаган. Ал эми Сергей бир убакта Настя үчүн таштап кеткен үйбүлөсүнө кайтып бара турган болууда дешет. "Моя прекрасная нянянын" май айынын акыркы жумаларында тартылган серияларынан кийин чогуу иштешүүнү токтотушары маалым болгон. Эми дагы бир процесс көңүл борборунда болууда.

Бир "ячейка" бузулду
Бул жолу "юморист-үйбүлө" ажырашып кетти. 18 жыл бирге жашоодон кийин "Кривое зеркало" программасынын жылдыздары Евгений Петросян менен Елена Степаненко эки башка жашап жатышат. Бул тууралуу көпчүлүктү кабардар кылгылары келбесе да, "жер тыңшаар маамыттар" чыгармачыл жана үйбүлөлүк союздун бул кадамынын себебин издеп, ал түгүл бир катар божомолдорду айтышууда. Биринде - сахнадагы аткарган тамашалары гана бири-бирин толуктап тургандай болбосо, сахна сыртындагы мамилелери эчак эле сууп калган делет. Үйбүлөлүк турмуштун рычагына Елена айым ээлик кылып, ал тараптан чыккан көпчүлүк чечимдер, демилгелер Евгений Вагановичтен колдоо тапчу эмес экен....

Башталып иш майдадан...
Ажырашуу процесси тууралуу үйбүлөнүн досу, Евгений Ваганович чоң сахнага тушоосун кескен юморист Сергей Дроботенко биринчилерден болуп угуп: "Алар идеалдуу жуптай сезилишчү. Чындыгында бул эл көзүнө гана жасалган нерсе болчу. Бир үйбүлөдө эки чыгармачыл адамдын болушу оор маселе. Ортобузда үйбүлөлүк катыш болгондуктан, айрым кер-мур айтыштарын көрчүмүн. Елена кызганчаак адам, Евгений Вагановичтин күйөрмандары болот да... Балким, жеке таарынычтар болушу мүмкүн. Степаненко Петросяндай бийик деңгээлге чыга алган жок..." деген комментарий берген.

Бир божомол - атаандаш айым пайда болгон
Евгений Вагановичтин кызматкерлеринин арасында 26 жаштагы Татьяна Подольская деген айым пайда болгон. Петросяндын кызматкерлерине айтканы боюнча, юмористке жакын делген "директорлор" жана жардамчылардын катарына кошулган. Азыр Петросян үчүн андан ашкан жакын адам жок экендигин айтышкан. Татьяна өзү да өзгөргөн мамилени жашырбай, Евгенийди аябай жакшы көрөрүн, ал эң бир жакын адамы экенин, сахнадагы Ваганычты залдан карап отуруп өзүн ааламдагы эң бир бактылуу адам сезерин билдирген. Елена Татьянаны карьеранын артынан түшкөндөрдөн деп эсептейт. Далил табылганбы, ким билет, айтор, бул кыз тууралуу болгон кеп катуу чатактын себеби болгон.

Евгений-Елена 3:1
Евгений Вагановичтин айымдарды көз менен сүйөрү же жүрөк менен сүйөрү талаш болгону бекеринен эмес. Еленага чейин үчтү жактырган. Елена да бир жолу (пианист Александр Васильев менен) турмуш курган. Эстрадага жол ачкан Александрды таштап, Евгений Вагановичти ээрчип кеткен. Экөө Евгений искусство таануучу жары Людмила менен жашап турганда кезигишкен. 1979-жылы өзүнүн Эстрада театрына жаңы актриса издеп, тандоого келген эки жүз талапкерден Елена суурулуп чыккан. Экөөнүн жакын мамилелери Семипалатинскиге гастролго чыкканда башталган.

Бүттүбү же уланабы, белгисиз...
Юмористтердин администраторлору азыр экөө чогуу ойной турган программалардын жоктугун, ар бири өз программалары менен иштеп, гастролго да чогуу чыкпастыгын билдиришкен. Эки башка жашап жатканы менен, репетициясына бир келип калышат экен. Себеби, бир көчөдөгү бир элитүйдө, мурда чогуу үчүнчү кабатта турушса, эми Елена алтынчы кабатка көтөрүлүп кеткен. Бирок Елена ал жерде көп болбойт. Дачасына кетет. Азыркы абалга Петросян ачылып сөз таштабайт. Үйбүлө темасында сүйлөшкүсү келбестигин, чыгармачылыкка киришип, төрт жаңы спектакль даярдап жатканын, аларга Еленанын катышпай турганын билдирип тим болгон. Еленадан болсо "үйбүлөм жок, бул жерде жумуш менен гана" деген жооп алынган. Кесиптештери, достору, жакындары да аларга түшүнүп-түшүнбөсө да, жылуу мамилелери өзгөрүлбөгөндүгүн билдиришкен.

Даярдаган Назира СААЛИЕВА




  Таймс-пейдж

Бишкек шаарында жашап жаткан Омор кызы Назираны 19-июнь туулган күнү менен куттуктайбыз! Назира, сага узун өмүр, чың денсоолук каалайбыз! Окууңду ийгиликтүү аяктап, өз кесибиңди аркалап, каалаган ой-максатыңа жетип, Кыргызстанга таанымал кыздардан бол. Ар дайым асманың ачык болуп, жакшылык сени жандап жүрсүн.
Атаң, апаң жана агаң

Бишкек шаарындагы Каражыгач жаңы конушунун тургундары атабыз Кубанычбек менен апабыз Айнабүбүнү бирге түтүн булатып жашагандарына 45 жыл толот. Ата, апа, жарым кылымдык өмүрүңөрдө уул-кыздарды тарбиялап, турмушта өз жолдоруна кадам салдырдыңар. Мына эми эмгегиңер акталчу мезгилде жапжаш бойдон биздин маңдайыбызда жүргөнүңүздөр биз үчүн чоң кубаныч. 45 жыл ичинде дилиңер да, оюңар да бир болду, турмуштун өйдө-ылдый таразасына түшүп, бизди чоңойттуңар. Мындан аркы өмүрүңөрдө бактылуу карылыктын доорун сүрүп, бекем денсоолукта болуп, балдарыңардын бактысына аман-эсен узак өмүр сүрүңүздөр. Бизге аска-зоо, жөлөк-таяныч болуп, небере эркелетип төрүбүздө олтура беришиңиздерди каалап, узак жашоону жараткандан тилейбиз.
Уул-кыздары, келин-күйөө балдары, неберелери

В-149. Бишкек шаарынын тургуну Туманова Гүлнизаны 16-июнь туулган күнү менен куттуктайбыз. Бекем денсоолукта болуп, дайыма жакшылыктын күбөсү болуп, жарык маанайда жүрүшүн каалайбыз. Эң башкысы бул жашоодогу бакыт-таалайга жетип, бакубат жашоодо узак өмүр сүрүшүңүз. Үйүбүздүн куту болуп, шам чырактай жанып, жарык нур чачып турушуңду Кудайдан тилейбиз.
Жолдошу Бектур, уул-кыздары

В-150. Бишкек шаарынын тургуну атабыз Амангелдини келе жаткан туулган күнү менен куттуктайбыз. Ылайым биздин бактыбызга аман жүрүңүз, денсоолугуңуз чың болсун. Узак өмүр сүрүп, апабыз экөөңөр бактылуу чал-кемпир болгула. Бакыт-таалайдын ырыскысы дайыма сиздерди жылоолоп турсун.
Кыздары Айдай, Бермет

В-151. Бишкек шаарынын тургуну, досум Саулени, аягым Диманы ак өргөлүү болушу менен куттуктайм. Сауле, Дима, ак жолтойлуу үй болуп, анын ичинде уул-кыздарыңар ойносун. Бар болгула, ишиңер ийгиликтүү болсун!
Нази Петровна

В-152. Атабыз Кыргызбаев Асанакунду өтүп кеткен туулган күнү менен куттуктайбыз. Ата, оору эмне экенин билбей дайыма ушул калыбыңыздан жазбай, жапжаш, кайратман, күжүрмөн бойдон жүрө бериңиз. Сизге бардык жакшылыктарды тилеп, аман жүрүшүңүздү каалайбыз.
Кыздары Бактыгүл, Айзада

В-153. Эсенбаева Мунараны 20-июнь туулган күнү менен куттуктайбыз. Мунара, дайыма жарык маанайда жүрүп, жакшылыктардын күбөсү бол. Бул жашоодогу тилеген ой-максаттарың орундалышына тилектешпиз.
Эжелери Бактыгүл, Жеңишгүл

В-154. Сыдык уулу Жакутту 16-июнь туулган күнү менен куттуктайбыз. Жакут, кыргыз эли сыймыктанган эр-азаматтардан болуп, узак жаша. Турмушта өз ордуңду туура таап, бактылуу өмүр сүрүшүңдү каалайбыз.
Эжелери Бактыгүл, Жеңишгүл

В-155. Нарын шаарынын тургуну Шералиева Айгүлдү 24-июндагы туулган күнү менен куттуктайбыз. Туулган күнүң кут болуп, алтын башың аман болуп, дайыма денсоолукта жүр. Турмуштагы каалаган ой-тилектериң орундалсын.
Эжеси Айнура, сиңдиси Адина.

В-156. Кемин шаарчасында жашап жаткан апабыз Абдылдаева Зуураканды келе жаткан туулган күнү менен куттуктап, дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайбыз. Апа, ар дайым денсоолукта болуп, биздин маңдайыбызда аман жүрүңүз.
Уул-кыздары, келини Элнура, күйөө баласы Назим, неберелери Кымбат, Акбермет

В-157. Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетинин студенти Жибекти 19-июнь туулган күнү менен куттуктайм! Жибек, сага кааларым чың денсоолук, узун өмүр, окууңа ийгилик.
Данияр

В-158. Кыргыз-Түрк "Манас" университенин бүтүрүүчүсү Салиев Эрланды жана С. Чокморов атындагы сүрөтчүлөр окуу жайынын бүтүрүүчүсү Жакшылык уулу Анарбекти алдыдагы экзамендерин ийгиликтүү тапшырышына тилектешпиз. Жакшы тапшырып, кызыл дипломду колуңарга кармап барып апабызды сүйүнткүлө.
Бир туугандары



  Чынбы?

Алла Пугачевага көп сүйлөгөнгө болбойт…
Алла Борисовна жакында 60 жашка чыгып, юбилейин белгилегени турат. Ошондон улам, денсоолугуна жакшы кам көрүп жатат. Башка мамлекетке гастролдоп чыкпай, үнүнө күч келтирбеш үчүн "живой" ырдабай, фонограмма менен ырдап жүрөт. Анысын өзү деле жашырбайт. "Мага көп сүйлөгөнгө да болбойт" деп сахнадан айтканы бар. Примадоннанын мындай кадамга барып жатканында себеп бар. Эсиңиздерде болсо керек, 1986-жылы Чернобылдагы атомдук станция жарылбады беле. Ошондон көп убакыт өткөндөн кийин, ал жердин элине көңүл айтып барып, Алла группасы менен кайрымдуулук концертин берген. Ошондогу ядролук луч азыр Аллага терс таасирин тийгизип, азыр врачтар "щитовидная железа" (кекиртектеги калкан без) деген диагноз койгон. Учурда кекиртегинин калкан бези кичирейип бараткандыктан, саламаттыгын ойлоп, режим сактоого аргасыз болуп олтурат.
Даярдаган Нази Баян кызы













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan