Коомдук-саясый гезит
№17, 20.06.08-ж.




◄◄◄
  Жабырлануучу

Бишкек шаарынын тургуну Орозгүл Мукаева:
"СССР убагында итти жашырчу элек, азыр ат деп аттыралбай жатабыз"
Шаар башчысы Данияр Үсөнов "Жолбун иттер атылсын!" деген токтом чыгарган эле. Бирок, мыйзамбы, токтомбу, айтор, чыкканы менен аткарылбай келатканы көнүмүш адатка айланып деле калды. Жакында эле чыккан жапжаңы токтомго таянып, иттен жабыркагандар ит атарларга кайрылышса тоотпогонсуп коюшкан экен. Бутунан жабыркаган айымга суроо узаттык.
- Орозгүл айым, кайсы жерде жашайсыз?
- Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишиндеги Турусбеков көчөсүндөгү үйдө квартирада турам.
- Ит сизди жашаган жериңизден тиштедиби же башка жерденби?
- Жашаган жеримден эле. Чаламандын чак түшүндө эле кара ит чуркап келип оң балтырымды тиштеп алды. Сумкам менен чапкылап атып араң куудум. Чач тарачтан үйгө келаткан элем. Эки жагымды карап, ээсин издесем жок. Көрсө, биздин көчөдө толуп жүргөн жолбун иттердин бирөөсү экен. Кечкисин толуп алышып, таң атканча улушуп уктатышпайт. Биз жактагы таштандыларга иттер толуп кетти. Таштандыдан бир нерсе издешет, эч нерсе чыкпайт. Кымбатчылыкка байланыштуу адамдардан да эч нерсе, тагыраак айтканда, сөөк-сак ыргытылбай калган. Ачка болгон иттер адамдарга кол сала баштады окшойт деп ойлоп кетем.
- Рабиологиялык кабинетке кайрылдыңызбы?
- Ооба, ошол замат Манас проспектисинде жайгашкан курулушчулардын поликлиникасына барып, "Кутурмага каршы" деп жазылган кабинетке кайрылып, укол алып жатканыма бир жарым ай болду. Ошондон бери жайнап жүргөн иттерди атып кеткиле деп ит атарларга телефон чалып келатабыз. Барабыз деген жооп алганыбыз менен алигүнчө эч ким келген жок. СССР убагында ит атарлар айылды аралап барса, итибизди короого кийирип жашыраар элек. А азыр болсо "атып кетчи" деп жалдырап, аттыралбай жатабыз. Токтомдун аткарылбай жатканын ушундан эле байкаса болот. Биз жак эле эмес, бардык райондо жолбун ит толуп кетип, адамдарга кол салып жатыптыр. Мен дарыланып жаткан кабинетке кичинекей баладан улгайгандарга чейин барып жатышат. Алар чалса дагы ит атарлар барбай жатышыптыр. Же бизге окшогон жөнөкөй адамдарды тоотпой жатышабы билбейм…
Ит тиштеп алса...
Эгерде тиштеп алган итти билбесеңиз, сизге кутурмага каршы укол жасайт. Дарылануу убактысы үч ай. Эгер билсеңиз, ээсинин дарегин билип, ит менен кошо рабиологиялык кабинетке барасыз. Сизге столбнякка каршы укол жасап, итти учетко алып, он күн байкоо жүргүзөт. Ушул убакыттын ичинде ит өлбөсө, демек, ал оорулуу эмес. Бул процедуранын баары бекер жасалат.
Иттин ээсине нааразы болсоңуз…
Анда шаардык ветеринардык башкаруу бөлүмүнө арыз жазыңыз. Же участкалык инспекторго же кварталдык комитетке да кайрылсаңыз болот. Ит ээси жоопко тартылат. Милдеттүү түрдө дайыма итти кыска жипке кармап же иттин оозуна тумшук кап (намордник) кийгизүүсү керек.
Назира СААЛИЕВА




  Кул заман, пул заман

Сахалин Сапары
(Башы өткөн сандарда)
Сахалинге аттанып жатып, килейген жол сумкемдин түбүнө Ч.Айтматовдун бир жыйнагын таштап койгом, деле мен дайыма алыс сапар жүрөөрдө же Чыкемдин же Ж.Лондондун китептери дайыма жанымда болот, жадагалса үйдөгү тамак ичкен үстөлдүн үстүндө да же "Гүлсарат", же "Кыямат", болобу же "Белый клык", "Мартин Иден" болобу, жарым ачылуу бойдон жатканы жаткан. Илгери "Тамак ичкен жыргалга китеп окуган мээнетти аралаштырба" дешип үйдөгүлөр урушса, эми анча-мынчада аялым сүйлөнүп калат. Бул китептерсиз мага жашоону электетүү кыйын. Мен аларды кайра-кайра окугандан түк тажабайм, улам окуп отурсаң улам мурда байкалбаган, же көз жаздымда кала берген дагы бир кыры менен ачылат да турат. Дайыма мөлтүр таза сууну ичип көнгөн адам даамсыз, шор сууну иче албаган сыңары "Ак кемедей", "Жамийладай" керемет көркөм, ажайып ширин баяндарды окуган соң калган китеп атмайды карагың да, көргүң да келбей калат экен.
Сахалинде жүрүп китеп дүкөндөрүнөн Ч.Айтматовдун "Тоолор кулаганда" романын издеп жүрүшкөн орустарды көп көрдүм, бир жолу үстүнөн түшө калган экем, узун өчүрөткө туруп, кезек жеткенче түгөнүп калды. Сатуучу аялдан сурамыш этип сүйлөшө кеттик, "Айтматов орустун эле жазуучусу дегенибиз туура го" дейт, эмнеге десем "мобул Корсаковдо кыргыз деген жер жайнап батпай жүрөт, бирок бирөөсү да ушу дүкөнгө Айтматовдун китебин сурап келгенин көрбөдүм, а орустарды караңызчы, талашып алып атышат, анан кандай кыргыздын жазуучусу дейбиз?" дебатпайбы? Мунуку да жөндүү экен дедим ичимде. Орустардын мамлекеттик радиосунда кайсы бир атактуу акындын берүүсү бар, аталышы да жүрөккө жакын, угумдуу, бирок жадымдан көтөрүлүп кетиптир, эстей албайм. Ошо радио берүүнүн коногу болуп бир жолу Ч.Айтматов келиптир. Алып баруучуну сүйлөтө койбой дембе-дем чалып атышты. "Чыңгыз Төрөкулович, кайдап жоголуп жүрдүңүз?" "Эмне үчүн Москвага мурдагыдай бат-бат келбей калдыңыз?" "Эсиңиздеби бир жолу Киевке келгениңиз?" ж.б.у.с. көптөгөн суроолорду жаадырышты. Мен чекчейип уктабай тыңшап жатам, түн жарымы эчак ооп кеткен, эшикте бороон чапкын кар сапырып, тегерете согуп турат. Бир маалда алып баруучу орустун кайсы бир облусундагы кыштакчанын атын атап, түз байланышка суроо берчү адамды чакырып калды. Байбиче экен, "мен азыр радионун түбүндө тизелеп ыйлап турам, Чыңгыз Айтматовго берейин деген суроом бар эле, үнүн угуп, анымды да унуттум. Сиздин ар бир китебиңиз мага жашоодо кадимкидей күч-кубат, кайрат берет. Кор турмуштун, жашоо тирликтин не бир чыдагыс азап-тозогу ныгыра басып, кысмактап келгенде Сейдедей, Жамиладай, Толгонайдай кайраттуу, көтөрүмдүү болгум келет, алардан өрнөк алам, бирин коюп бирин, кайра-кайра окуп жаздыгыма кулайм, узак түндөрдүн неченин жаш төгүп өткөрдүм, өзүм да жеңилдейм, жан дүйнөм тазарып, жашоого кадимкидей ышкым ойгонот. Сизге рахмат Чыңгыз Төрөкулович, эгер жаныңызда болсом колуңузду көзүмө сүртүп тооп кылмакмын, бирок аттиң мен кайда да сиз кайда…" деп ого бетер шолоктоп ыйлап басылалбайт. Карапайым окурмандардын мындай мамилеси эреркеттиби, Чыңгыз Төрөкулович да андан кем эмес толкуп турганы каргылдана айткан жообунан сезилип турду. Кыдыр даарыган керемет таланттуу чоң инсан дүйнө оодарып, кайтпас сапарына аттанып кетти, өлүмдүн улуулугу актыгы ушунда белем, кези келсе эч кимге, эч нерсеге карабайт экен, бул тура турсун, муну алып кете берейинче деп ылгабайт экен, бу дүйнө жашоонун эзелтен келаткан айныксыз акыйкаты ушунда белем… Кары Танабай эңсегендей, бу жашоодогу өмүр менен өлүмдүн алмашканы жеңил болсо, тобу менен учуп бараткан турналардын бири сыяктуу канат сермеп баратып аңдоостон куласа, төбөсүндө коштошуу кыйгуулун салып өмүрдө бирге учкан сапарлаштары чарк айланып, тегеректеп учушса дегендей, Чыкеге да өзү жазгандай тагдыр буюрган экен, тобунан үзүлүп, сапары карыды. Кайгырбаган, кабыргасы кайышпаган бу дүйнөдө эл калбаса керек. "Вечерний Бишкек" гезитине бир Георгий Комаров деген профессор "Цветы учителю…" аттуу макала жазыптыр, ошону окуп аябай иренжип чыктым. Ал профессор мурда бизде жашап, иштеп кеткен адам экен, Ч.Айтматовдун каза болгонун угуп Москвадагы кыргыз элчилигине чуркап келиптир да. Келсе жадагалса элчиликте Айтматовдун азасына арналган не бир портрети, көңүл айтуу жазганга дептери жок имиш. "Уважаемые кыргызы, не посылайте в Москву людей, не читавших Ч.Айтматова" деп каңырыгы түтөп, анан "Вечеркага" кат жиберип жатпайбы аксакал. Мен чынында Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Р.Аттокуровдун кайдан чыккан элчи экенин, мурда эмне кызмат кылганын биле бербейт экем. Бирөө бывший коммерсант десе, дагы бирөөлөр башкача айтат. Ким билет, бирок кандай болгон күндө да кыргыздын улуу инсаны арабыздан кетип жатканда чет элдеги, болгондо да Айтматовду өзгөчө кадырлаган Орусиядагы өкүлчүлүктө элементардуу аза жөрөлгөлөрүн өз убагында уюштуруп кое албагандан кийин эмнесин айтабыз да, эмнесине күйөбүз.
(Уландысы бар)
Бахтияр ШАМАТОВ




  Эстутум

Досубуз Жумагулов Нурлан Иманбековичтен 2008-жылдын 8-июнунда күтүүсүздөн айрылдык. Адамдын күчү жетпес шум ажалга арабыздан мезгилсиз алдырып жиберип жер муштап олтуруп калдык.
Кайран Нуке, мынча эмне эртелеп, 48 жаш курагыңда кайда шаштың? Кайраным ай, мына эми жетилген балдарыңдын жакшылыгын көрө турган учурда кабырганы кайыштырып, канатты майыштырып кеттиң го арман…
Өткөн күндөр Нурланым ай, бүгүн жомок,
Өкүнсөк да эми ордуң кайдан толмок.
Өмүр сүрүп жүргөндөрдүн арасында,
Өзүң дагы жүрө турсаң эмне болмок?!
Сен биз үчүн дайым тирүүсүң, элесиң арабызда, ар кимибизде түбөлүккө жүрө берет. Кантели, кудайдын башка салганын көтөрбөскө арга жок, кайрат кылгыла. Өмүрлүк жарың Назирага, уул-кыздарыңа, ага-инилериңе жана туугандарыңа көңүл айтабыз. Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун! Ыйманың саламат, арбагың ыраазы болсун!
Кош бол, эсил кайран Нураке!
Досторуң: Төлөмүш Орозбаков, Асылбек Көчөрбаев, Касидин Бектенбаев жана башкалар




  Эстутум

Дагы бир талант кетти
Кыргыз искусствосу дагы бир жоготууга учурады. Кыргыз эли залкар таланты Чыңгызын шум ажалга алдырып, аза күтүп отурганда, кыргыздын дагы бир таланты Алмазбек Сарлыкбеков бул жарык дүйнөнү таштап кете берди.
Алмазбек Сарлыкбеков Чыңгыз Айтматов атындагы эларалык сыйлыктын, Муратбек Рыскулов, Жалил Абдыкадыров атындагы сыйлыктардын ээси, Владикавказдагы "Чегарасыз сахна" эларалык театр фестивалында баш байгенин жеңүүчүсү болгон.
Алмазбек Сарлыкбеков Москва районунда туулган. Мектепти аяктагандан кийин Ленинград маданият институтунун режиссердук факультетине тапшырып, ийгиликтүү аяктагандан кийин ар кайсы театрларда эмгектенген.
1976-80-жылдары Москвадагы Луначарский атындагы мамлекеттик театр институтунда окуган. Ал жерде СССРдин эл артисти М.Кнебелден сабак алган.
Талантуу режиссер кийин Нарын театрын, Жаш көрүүчү театрын, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрын жетектеп келди. Анын жетекчилиги менен ондогон кыргыз, орус жана классикалык спектаклдер коюлган.
Алмазбек Сарлыкбековдун чыгармачылыгы чыгармачыл чөйрө, жетекчилик тарабынан эле эмес, биринчи кезекте көрүүчүлөр тарабынан жогору бааланган. Ал А.Попов медалы менен сыйланып, Кыргызстан Ленин комсомолунун лауреаты, Кыргызстандын искусствого жана маданиятка эмгек сиңирген ишмер наамдарын алган.
Алмазбек агайдын жаркын элеси театр сүйүүчүлөрүнүн, көрөрмандардын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan