Коомдук-саясый гезит
№17, 20.06.08-ж.




◄◄◄
 "Бишкек таймс" сулуусу


Гузель Келдибаева
Бишкек шаарындагы №51 орто мектепте окуйт.
Мүнөзү: өтө назик, жумшак, бир калыпта.
Хоббиси: комуз чертүү, бийлөө, сүрөт тартуу, токуу.
Эңсеп жеген тамагы: Апакесинин жасаган күлчөтайы.
Жактырган гүлү: роза.
Жашоодогу максаты: сүрөтчү, модельер болуу.
Ыйык тутканы: Кудай жана апасы.
Жактырган ырчысы: Анара Мадиева.
Жакшы көргөн жаныбары: жылкы.




"А-ап" деп койчу, айланайын!
Куймак-смак
Ырчы Айчүрөк СУЛТАНОВАнын ашканасынан
Макарон жана колбаса кошулган омлет
Колдонулуучу азыктар:
200 г макарон
1 чоң пияз
3 даана кызыл таттуу калемпир
200 гр көк пияз
100 г колбаса (уй этинен)
2 чоң кашык май (каймак май)
8 даана жумуртка
125 г каймак
Петрушка, татым туз, калемпир
Даярдоо ыкмасы:
Макаронду кайнатып бышырып, сарыктырып коюңуз. Пиязды майдалап, кызыл калемпирди орточо туураңыз. Ал эми колбасаны соломка түрүндө туурасаңыз жакшы болот. Эми майды сковородкага кызытып пиязды, кызыл калемпирди 8 мүнөтчө кууруп, андан соң колбасаны, бышкан макаронду, көк пиязды салып, дагы 5 мүнөт куура түшүңүз. Ушул эле учурда калемпир, туз кошосуз. Жумуртканы чуңкур идишке бир аз туз, калемпир, каймак кошуп катуу чаласыз. Аралаштыргандан кийин куурулуп жаткан тамактын үстүнө куюп жиберип, аралаштырып дагы 10-15 мүнөт дымдап бышырыңыз. Даяр болгон омлеттин үстүнө майда тууралган петрушканы себелеп анан столго койсоңуз болот.
Тамагыңыздар даамдуу болсун!
Даярдаган Назира Саалиева













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan