![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №17, 20.06.08-ж. |
Чүй сапар Президент Курманбек Бакиев: "Биз жерлерди тиешелүү деңгээлде иштете алсак, анда дүйнөлүк азык-түлүк кризиси анчалык катуу таасир эте албайт" 17-июндан баштап Курманбек Бакиев Чүй облусун кыдырды. Иш сапардын башы Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнөн башталды. Президентти биринчи вице-премьер-министри Искендербек Айдаралиев, Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Арстанбек Ногоев, Чүй областынын губернатору Кубанычбек Сыйдановдор коштоп жүрүштү. Мамлекет башчысы айыл чарбасын айдап-себүү жана дан эгиндеринин тушүмүн жыйноо иштерин тейлөө боюнча иштеген "Багышан" агрофирмасы менен биргеликте иш алып барган "Агротехсервис "Султан" ЖЧКнын ишмердүүлүгү менен таанышты. Президент айыл өкмөтүнүн башчылары, райондун акими, ишкананын жумушчулары, трактористтер менен аңгемелешти. Мамлекет башчысы, айыл чарба иштери областын бардык эле райондорунда тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөй жаткандыгын белгилеп, суулуу айдоо аянттарындагы сугарылбаган айдоо талааларынын сүрөттөрүн областтын губернатору Кубанычбек Сыйдановго көрсөттү. Өлкө башчысы андан ары трактор жыйноочу кыргыз-кытай "Ак-Жол ИТО" ишканасына барды. Ишкананын уюштуруучулары болуп, "Кыргызресурсу" мамлекеттик ишканасы менен КЭР тараптан "YTO international LTD" ишканасы эсептелет. Ички керектөөлөргө жылына - 1000 даанадан кем эмес трактор, ал эми айыл чарба машиналарын айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн арыздары боюнча. Экспорт үчүн (долбоорду ишке ашырганда жылына) - 3000 даананга чейин. Макулдашууга жараша "ҮТО" корпорациясы товарларын КМШнын салтуу рыногуна Кыргызстандан жөнөтөт. Андан кийин Президент Москва районунундагы "Фермер" (ФДЧА) фермер жана дыйкан чарбалардын ассоциасына барды. Бул чарбада дайыма иштеген жумушчулардын саны 14 кишини, ал эми 45 киши убактылуу иштерге тартылат. Аталган чарба республикада биринчилерден болуп биогаз өндүрүүчү түзүлүштү колдонуу менен автомашиналарга күйүүчү май ордуна, малга жем-чөптөрдү даярдоодо, 7 турак жай үйлөрүн жылытууга колдонуу максатында, өз иштеринде пайдалана баштаган. Андан тышкары биогаз алуу менен катар алар өздөрү, жана башка айыл чарба товар өндүрүүчүлөр үчүн жогорку сапаттагы, экологиялык таза органикалык жер семирткичтерди өндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Мамлекет башчысы андан ары Беловодск айыл "Техсервис" ААКсына барды. Ишканада 63 киши иштейт. ААК "Техсервис" 2005-жылы Моква районунун мурдагы райсельхозтехниканын базасында түзүлгөн. Ишкананын алдында фермер жана дыйкандар үчүн запастык тетиктерди базар баасынан 25-30% төмөн баада саткан магазин ачылган. Өндүрүш жана тейлөөнүн жылдык көлөмү 8,1 млн. сомду түзөт. Андан ары Президент Чүй областынын Сокулук районунун Шопоков шаарындагы "Голден-Ун" ун комплексинин ачылыш салтанатына катышты. Бул комплексте түрк өндүрүшүнүн акыркы үлгүсүндөгү тегирмен жабдыктары орнотулган. Комплексте 2000 тонна дан сактоочу кампасы бар. Ун комплекси суткасына 120 тонна ун өндүрүү кубатуулугуна ээ. Андан соң Президент Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө барып, "Дан Азык" айылчарба кооперативинде болду. Кооперативдин негизги ишмердүүлүгү, бышкан кыштарды чыгаруу айыл чарба азыктарын, анын ичинде - дан азыктарын, көп жылдык чөптөрдү, жер-жемиштерин (кулпунай жана малина) жана май алынуучу өсүмдүктөрдү өндүрүү болуп эсептелет. Андан ары Курманбек Бакиев Кызылтуу айыл өкмөтүнүн административдик имаратына барып, коомдук-профилактикалык борбордун КПБ ишмердүүлүгү менен таанышып, аксакалдар сотунун, жаштар комитетинин өкүлдөрү менен маектешти. Андан соң мамлекет башчысы "Ак жол" Элдик партиясынын жергиликтүү офисинин ачылышына катышып, партиянын активисттери менен маектешти. Атап айтканда, президент аларды калк менен тыгыз иштөөгө, райондун коомдук ишине, шашылыш мүнөздөгү маселелерди чечүүгө, зарыл иш- чараларды уюштурууга активдүү катышууга чакырды. Мамлекет башчысы ошондой эле партиянын жергиликтүү офисинде иштегенге жакшы шарттар түзүлгөнүнө канааттанганын белгилеп, бул башка региондор үчүн үлгү боло алаарын белгиледи. 18-июнда К. Бакиев Кемин районунун Чымкоргон айылына, курулушунун башталышы үстүбүздөгү жылы июль айына пландалып жаткан картошканы кайра иштетүүчү завод курула турган жерде болуп, заводдун долбоору менен таанышты. Долбоордун автору - "Bis-Agro" кыргыз-кореялык ишканасы. Долбоор боюнча заводдун кубаттуулугу жылына 186 миң тонна картошканы кайра иштетүүгө жетет. Завод толук кубатуулугунда иштегенде 300дөн ашык киши жумуш менен камсыз болмокчу. Андан тышкары айыл чарбасында, картошка өстүргөн 3000дөй киши тартылат. Картошка негизинен дыйкан-фермерлерден сатылып алынмакчы. Андан ары Курманбек Бакиев Чоң-Кемин айыл өкмөтүнүн Кызыл-Байрак айылына келип, Шабдан баатырдын эстелигинин жанында куран окутту. Андан соң мамлекет башчысы улуттук профессионалдык драматургиянын негиздөөчүсү Токтоболот Абдумомунов менен кыргыз элинин көрүнүктүү акыны Абдрасул Токтомушевтин эстеликтеринин ачылыш салтанатына катышты. Президент бул мемориалдык комплекстин түзүлүшүнө жардам берген "Атаке-баатыр" фондуна, анын активисттерине, Жогорку Кенештин депутаты Эрик Арсалиевке, скульптор Аскар Турумбековко жана колдоо көрсөткөн бардык адамдарга ыраазылык билдирди. Андан ары мамлекет башчысы ар бир регионго ири инвестицияларды тартуу, иштебей калган өндүрүштүк ишканаларды кайра иштетүү, кошумча жумушчу орундарын түзүү, агрардык тармакка колдоо көрсөтүү боюнча биз өкмөткө, ар бир министрликтин, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине катуу, бирок зарыл болгон талаптар коюлгандыгын белгиледи. Кемин районун аймагындагы айрым зарыл болгон проблемалар - жол, суу маселелери боюнча кабарым бар. Жолдорду ремонттоо жүрүп жатыптыр, көрдүм, бирок аны эми таштап койбостон, акырына чыгарабыз деп ишендирди президент. Сөзүнүн аягында, президент элди өлкөнүн келечеги үчүн жаратман эмгекке чакырды. "Биздин алдыбызда стратегиялык маанилүү милдеттер турат. Биз үчүн өлкөдөгү туруктуулукту жана биримдикти сактоо эң маанилүү. Бийликти сындагандар, оппозициядамын деген саясатчылар да биздеги ынтымактан артык улуттук байлыгыбыз жок экендигин унутпашы керек" - деп жыйынтыктады К. Бакиев. Нази БАЯН кызы Кодекс талкууланууда Ар ким өзүнүкүн айтабы? Жогорку Кеңеште бир нече күндөн бери Салык кодексин талкуулоо кызуу жүрүп келатат. Жаңы кодекс 2009-жылдан тарта ишке кирише турган болгон. Бирок ишкерлер ага ылайыкташа бериши үчүн азыр кабыл алынса, эмки жылы баш оорутма маселелер азыраак болмок деген сунуштар болгон эле. Долбоордо салыктардын саны 16дан 9га азайат. Салыкчылар муну "биз революциялык кадамга барып жатабыз" деп баалашты. НДСтин 20%дан 12%га азайышын депутат А.Шадиев мактап, "муну менен өкмөт кардиналдык өзгөрүүлөргө барып жатат" деп белгилеп ийди. Бирок анын ичинде дары-дармекке, айыл-чарба жерлерине салыктын көбөйүшү ансыз да кыйналып турган, пенсионерлер, көп балалуу үйбүлөлөр, балдар, жарды дыйкандар үчүн чоң тоскоолдук болоору шексиз. Долбоордо ошондой эле мурдагыдай бардык субъекттер эмес планга киргендери гана жылына бир эле жолу текшерилет. Калгандары салыкчылардын каалоосуна жараша дегендей… Мурдагы күнү ЖКнын эки комитетинде кеңейтилген жыйын болуп, ага Салык жана жыйымдар мамкомитетинин төрага орун басары А.Касмалиев катышып, депутаттарга жооп берди. НПОсу бар Г.Дербишева айым НПОлор боюнча салыкка кызыкты. Мамкомитет салыктын бул түрүн кайра карап чыгууга даяр экен. Жооп аны канааттандырып, "ошондой эле" болсун дегенчелик кылып башка маселелерге анча аралашпады. М.Жураев чет эл жарандарына патентти 40 миң сомго чейин көтөрүү керек деп чыкты эле, А.Шадиев патенттин Салык кодексине тиешеси жок жана муну адистер менен кеңешүү керек деп түшүндүрүп койду. Чын эле адистер менен кеңешип албаса, чала "чаласабат" депутаттар чийки жоболорду кошуп салып, мыйзам бузулуп кетиши толук мүмкүн. Докладчы дары-дармектерге да салык көбөйгөнүн айтып, ага каршы болгон депутаттарга "ынандырарлык" аргументтер менен жооп берди. Б.Мамасейитова "дары-дармектерге салык көбөйсө, алардын баасы да кымбаттап, биздин пенсионерлерге кыйын эле болуп калат го…" деп алакандагы абалды айтты эле, ага Россияда да дары-дармектерге салык бар деп жооп берди А.Касмалиев. Россиядагы жана биздеги пенсионерлердин алган пенсиялары, Россиядагы монетизацияга берилчү каражаттар тууралуу эч ким сөз деле кылбады. Бирок А.Касмалиевдин айткан маалыматы чын-төгүнүн У.Ормонов билет окшойт, ал Россияда андай салык жок экенин айтып чыкты. СДПК да дарыларга салык көбөйбөсө, бул долбоорду колдоп беришээрин ишендирди. Долбоордо казино, оюн автоматтарына белгиленчү салыктар туурасында жоболор да айрым депутаттарды тынчсызданууну жаратты. Казинолордогу оюн столдорунан айына 300 миң сомго чейин салык алуу жобосу казиносу бар депутаттардын кыжырын келтирип, парламентке келгени такыр сүйлөй электери да сүйлөп жиберди. Борис Сан аттуу депутат сөз алып, "мен такыр сүйлөчү эмесмин, эми оюмду айтайын, өкмөт ставканы асмандан алып жатат" деп ийди. Анын айтымында Астанада бир столдон 2800 доллар, Москвада 3500 доллар салык алынат, ал эми биздин 8500 доллар өтө эле көп экен. "Өкмөт казинолорду жаба турган болсо, түз эле ошентип айтпайбы" деп таарынычын билдирип алды Сан мырза. Патенттер казинолордон тышкары сауналар үчүн 30 миң сомго чейин, бильярд столу үчүн 10 миң сомго чейин, оюн автоматы үчүн 10 миң сомго чейин, акча алмаштыруу пункттары үчүн 20 миң сомго чейин, дискотеклар үчүн 100 миң сомго чейин, унаа токтоочу жайлар үчүн бир орунга 300 сомго чейин көтөрүү жагы каралган. Талкуу дагы улантылат. Эмки жумада эл өкүлдөрү бизнес-чөйрө өкүлдөрү менен кодекс долбоорун талкуулашат. Кызыктар али алдыда. Алтын КАЗИЕВ Исаковдун иш-сапары Генерал мечиттерди кыдырды Акыркы учурларда диний экстремизмдин акырындап күчөшү улуттук коопсуздук маселесин жаратып келатат. Буга байланыштуу диний жетекчилик тарабынан да, өкмөт тарабынан да көрүлгөн аракеттер натыйжасыз болуп, айылдарда "хизбут-тахрирчилердин" аракети күн санап өсүүдө. КР Коопсуздук Кеңешинин катчысы Исмаил Исаков Сокулук, Александровка айылдарындагы мечиттерди, ошондой эле Кара-Балта шаарындагы Ислам университетин жана Борбордук мечиттин кыдырып чыкты. И. Исаков диний мекемелердин ишмердүүлүгү, мечиттердин абалы, диний окутуунун мазмуну жана уюштурулушу менен таанышты. Аңгемелешүү учурунда, медереселердин жана мечиттердин көпчүлүгүндө толук кандуу билим берүүгө, ошондой эле диний жөрөлгөлөргө жөнөтүүдө кабылданган жалпы талаптар үчүн керектүү шарттар жок экендиги белгиленди. Ошондой эле, диний окуу жайларынын ишмердүүлүгүн мыйзамдын нормаларына жооп бере турган багытта өнүктүрүү белгиленди. Башкача айтканда билим берүүнүн талаптарына жооп бере турган программаларды иштеп чыгууда билим алуучуларга теологиялык жактан эле билим берүү эмес, ал жерде мезгил талабына жооп бере турган жалпы билим берүү максаттары да болушу керек экендиги айтылды. Чынында маалымат заманында комьпютердик жана чет тил сабактарын диний окуучуларга да окутуу, алардын ишмердигинде да, коомдук жана жеке турмушунда да зарыл нерсе катары кабыл алынып жатат. Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө ошондой эле, мамлекеттик органдар, диний ишмерлер жана өлкөнүн коомчулугу менен биргеликте чечүүнү талап кылган кээ бир актуалдуу маселелер жана кыйынчылыктар талкууланды. Айрым динден тыш өлкөлөрдө да дин тынчтыктын жарчысы, кайрымдуулуктун, боорукердиктин башаты катары кызмат кылып, улуттар аралык ынтымакты, нравалык нормаларды сактоодо чоң роль ойноп келет. Данияр МИСКЕНБАЕВ ф |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|