![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №17, 20.06.08-ж. |
Кубанычбектин кубанычы "Кумтөр" кыргызга кызмат кылабы? "Кумтөр" менен кармашып келаткан Кубанычбек мырза сот процесстеринде акырындык менен утуп келатат. Бирок анын кубанычын бөлүшкөндөр аз сыяктанат. Канадалыктар эле эмес өкмөттө да канадалыктар үчүн күйгөндөр көп болууда. Бишкек шаардык райондор аралык соту Кубанычбек мырзанын "Кумтөргө" берилген лицензиялар боюнча доо-арызын канаттандырып, Зубков берген ар бири 300 сомдук 3 лицензияны жараксыз деп тапты. Ал лицензиялар Түштүк-батыш, Сарытөр зоналаран казуу жана "Кумтөр" зонасында геологиялык-чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берген болчу. Кубанычбек Исабеков лицензияларды жараксыз деп табуу аз деп, Кыргызстан үчүн зыян алып келген мындай кадамдарга (лицензия берүү конкурстук негизде өткөрүлгөн эмес) барган В.Зубковду (азыр И.Чудиновдун акылчысы) кылмыш жообуна тартуу өтүнүчү менен башкы прокуратурага кайрылды. Андан сырткары канадалыктар менен иштеген Кыргызстан жарандарын патриот эмес деп айыптады. Алар канадалыктардын көбүрөөк акчасына кызыгып, Кыргызстан үчүн пайдалуу иш жасабай, жалаң зыян келтирчү кадамдарын кубаттап жатат экен. Бул ортодо "Центерранын" президенти Лен Хоменюк пенсия курагына жетип калгандыгы үчүн кызматынан кетти. Бул эмнени каңкуулайт? Майда жаңы келишимди карайбыз дегенде канадалыктар дароо Канадага чогула калып, кийинки пландарды сүйлөшүп, "Центерранын" директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн санын да көбөйтө салышкан болчу. Соттор аркылуу мурунку келишимдер жана лицензиялар токтотулгандан кийин Хмоенюкка ишти канадалыктардын кызыкчылыгында алып кеталбай калганы үчүн кысым болдубу??? Лицензиялар жараксыз деп табылгандан эртеси эле премьер-министр И.Чудинов "Кумтөрдүн" ишин токтотпойбуз, ал Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбеген кадам" деп чыкты. Биз болгону Кыргызстандын үлүшү жакшырышын каалап жатат экенбиз. Бул билдирүү кыргызстандыктарды эмес, канадалыктарды сооротуу сыяктуу таасир калтырды. "Биз канадалыктар менен сүйөлшүүлөрдү уланта беребиз" деди Игорь Чудинов. "Центерра" болсо "Иш үзгүлтүккө учураган жок. Мурдагы (кийинки лицензияга тиешеси жок) жерлерде кен казуу кадимкидей жүрүп жатат" деген билдирүү таратты. 23-июнь күнү эларалык арбитраж боюнча биринчи жолугушуу болот. Ошентип Кубанычбек мырзанын аракеттери колдоочулары аз болсо да алга жылып бараткандай. Ылайым ошондой эле болуп алтын казуудан биринчи кезекте Кыргызстан көбүрөөк пайда көрсө экен... Тилек МУРАТОВ ЖоКедеги бушайман… Селдин кесепеттери, акылдуу өзбек туугандар, МЧСке ыраазылык Шаршемби күнү парламентте үч фракциянын кошмо жыйыны өтүп, депутат мырзалар май-июнь айларында түштүктө өткөн сел кырсыгынын кесепеттерин жоюу боюнча маселени талкуулашты. Зыкылдатып турган экс-төрага А.Мадумаровдун "диктатынан" арылган депутаттардын эркин дем ала түшкөнү байкалат, башталышы туптуура 9.30 га белгиленген жыйын он мүнөттөй кечигип башталды, момун мойсопут төрага мындан кыйкым деле тапкан жок. Селдин зыяндарын четтетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы боюнча премьер-министр И.Чудинов баяндама жасады. Аталган кырсыктан республика боюнча 125 элдүү пункттар, 2511 үй, (мунун ичинде 148 үй такыр жараксыз) 4 ири көпүрө, 194 чакырымдык автомобиль жолдору, 34 бодо, 252 майда мал, 122 гектар эгин аянттары жабыркап, 2 адам өмүрү кыйылган. Жалпы зыян 210 млн сомго турган. Дегеле жыл башынан бери жүз берген ар кандай табигый апаттардын кесепеттерин жоюу боюнча өкмөт 1 миллиард сомдук чыгашаны өз мойнуна алып, бүгүнкү күнгө анын 286 млн сому бөлүнгөнүн эскерте кетели. Бирок, бүгүнкү кымбатчылык кендирди кесип турган шарттарда бул акча деле жетишсиз. Премьердин пикиринде Жогорку Кеңеш "Турак жайды камсыздандыруу жөнүндөгү" Мыйзамды (страхование) кабыл алууну тездетиши керек. Анткени нормалдуу өлкөлөрдө табигый кырсыктан жабыр тарткан жеке сектор менен ошо камсыздоо компаниялары гана иш жүргүзүп, мамлекет коммуникациялык тармакты гана калыбына келтирүүгө тийиш. Баяндамачы сөзүн аяктагандан соң, депутаттар өз округдарындагы көйгөйлөрдү ортого салып, премьерге суроолорду жаадырышты. Депутаттардын дээрлик бардыгы өзгөчө кырдаалдар министрлигине ыраазылык билдирип жатышканы, көрсө МЧС селдин зыяндарына өз линиясы боюнча чапчаң мониторинг жүргүзүп, тактап чыккан экен. Эмки иш - атайын комиссия зыяндын өлчөмүн дагы тактап, жабыр тарткан журтка көмөк көрсөтүшү керек, эл ошону күтүп калды дешет депутаттар. Депутат Ж.Жээнбековдун "Сузакта жергиликтүү жетекчилерден кимдир бирөөлөр сел кесепеттеринин алдын албагандыгы үчүн жооп бердиби?" деген соболу жоопсуз калды. Министр К.Ташиев гана "Сиздин маалымат каңырыш, Сузакта иш жүрүп жатат" деп жооп узатты. Лейлектик депутат М.Жураев "Өкмөт ар кандай чыгымдарды 20 пайызга кыскартууну кандайча ишке ашырууну көздөөрүнө" кызыкса, премьер муну чиновниктердин иш сапарына, техникалык жабдуулары сатып алууга керектелчү чыгымдардын эсебинен жасоого болоорун айтты. Ал эми таптакыр үйсүз калгандарга 200 миң сомдон ссуда акча бериле турганын билдирди. М.Жураевдин пикиринде бул акча үй курганга жетпейт, ошондуктан аны көбөйтүү зарыл десе, премьер мындан ашык бергенге өкмөттүн алы келбесин айтып, тескерисинче адамдар мындай учурларда чыгымдарын асмандатып жиберээрине бушайманданды. Маселен, мал каттоо жүргөндө чычак улагым болсо өлөйүн деген майлыбайлар эми сел жүрүп өтүп кеткен соң, зыянына баланча уюм, түкүнчө коюм селге акты деп кошо урдура берет имиш, премьер ушуга таң. "Былтыркы жылда апаттан 2.300 млн сом зыян тартсак, быйылкы жылдын 6 айында эле бул 2 миллиард сомго чыкты дейт" Игорь Витальевич. Депутат Б.Наргозуев селден сактануучу жайларды куруп алышкан деп коңшулаш өзбектерди мактап келип, "бөлүнгөн 300 млн сомду кырсыктын кесепеттерине жумшагандан көрө, селден сактоочу жай курсак утпайт белек" деди. Ага үн кошуп тыкылдаган депутат айым Д.Молдошева "чын эле биз дайыма кырсыктын алдын алуудан көрө, анын кесепеттерине көп чыгым жумшап жүрөбүз" деп кейип кепчип алды. Жыйындын жүрүшү көрсөтүп тургандай, сел кырсыгынын али тактала элек кесепеттери оголе көп окшоду. Түйшүк айланып келип эле жер-жерлердеги аким, айыл өкүмөттөрүнүн мойнуна түшмөй болду, "алма быш, оозума түш" деген тейде аңкайып, өйдө жакты караган ал бечаралар белди бекем бууп, кырсыктаган элге көмөктөшүүсү зарыл. Чоң жыйындын негизги бүтүмү ушул. Бакыт МУРЗАЛИЕВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|