Коомдук-саясый гезит
№17, 20.06.08-ж.




◄◄◄
  О майданда...

Жаз тынч өттү...
Каржылоо азаюуда
Ошентип жаз жылдагыга караганда тынч өттү. Дыйканга, жер менен алектенген фермерге жакшы болду. Салыштырмалуу жакшыраак деп кое туралы. Парламенттик шайлоодон кийин саясат менен дымыккандын, былтыркы митингдерден акча иштегендин баары жазды күтүштү. Мартка белгиленген курултай жакындаган сайын алакөөдөн "саясатчынын" баары кимден кандай сунуш түшөөр экен деп эки жагын алайып, алакан жайып отурду. Саясаттын өзөгүн түзгөн оппозиция болсо коомдук парламент түзүп (кызыгы, коомдук парламент үчүн батыш тарап суралган сумманын 60%ын гана бериптир), анысы саясатчылардын пикир алышуусу менен гана чектелип жатты. Коомдук парламенттин финансы маселеси чала чечилгендиктен жана батыштан курултайга деп суралган 170000 (!) доллардын берилер-берилбеси арсар болуп тургандыктан курултайдын өзүнүн өтүшү да кыйын маселеге айланган болчу. Ошол кезде оппозиция үчүн президенттин Кыргызстандан сыртта (отпускада) болушу көктөн издегени жерден табылгандай шылтоо болуп берип, кийинки айга жылдырылды. Ага чейин эле айрым оппозиционерлер катышпайбыз деп алдын ала кечирим сурап кетип калышса, айрымдары курултай учурунда Кытайда, башкасы Россияда болуп, "сыпайы" "отсутствовать" этишти. Кээ бирлери чакырылбай калып, капа болушса, чакырылгандар курултай тууралуу ар түркүн пикирлерди айтышты. Уюштуруу маселелеринин начар болгонун да кыстара кетишти.
Келчү акча келбей калып, намыс үчүн болсо да дешип, кетчү чыгымдын бир топ бөлүгүн партиялар өздөрү төлөштү. Баш-аягы оппозиция өз чөнтөгүнөн 780000 (!) сом сарптаптыр.
Дагы бир айта кетчү нерсе - парламенттик шайлоо учурунда оппозициялык партияларга батыштан кап-кап акча келген. "Партияларга партиялык тизме боюнча шайлоону үйрөтүү" деген статья менен 250 миң доллар (!), "шайлоочуларга партиялык шайлоону түшүндүрүү" деген статья менен 180 миң доллар (!), өкмөттүк эмес уюмдарга "партиялык тизме менен шайлоодогу жаңычылдыктарды окутуу" деген статья менен 160 миң доллар (!) грант берилген. Оппозициялык саясий партиялар канча миң долларлык билим алышты да, карапайым шайлоочулар канча миң сомдук тажрыйба топтоду - аны өздөрү да билбей калышты...
Оппозициянын төрүндөгү ичара мамиле бузулууну аларга ишенген карапайым байкуштар кайдан билсин, курултай өттү, эми чоң өзгөрүүлөр болот дешип күтүп отурушту. Түшүнгөндөр "ушундай эле болмок" деп оор үшкүрүштү.
Ошондон тарта оппозицияда ич ара бөлүнүү башталып, анысын байкагандарга оркоюп көрүнүп турса да, бизге ишенгендер биротоло түңүлбөсүн дешип "биз бөлүнгөн жокпуз, биз бириктик" деп кайра-кайра тынчсыздана "билдирүү" менен чыгып жатышты.
Баары кыраакы саясатчылар эмеспи, абалды түшүнө коюшуп, алдын ала жүрүш жасашып, күзгө чейин "тайм-аут" ала коюшту. Ошону менен билинбей кетсин дешти. Чынында эле байкабагандар үчүн билинбей кетти.
Анан Каркыра маселеси пайда болду. Келишимдин ратификацияланышы "күзгө чейин дымып туралы" дешкен оппозиционерлер үчүн дагы бир колго сала берди окуя болуп чыга келди да, Түп жүрүшүн уюштура коюшту. Анысы "жумуртка атыш" менен "ойрондолуп", бакырык-өкүрүк менен басылды.
Түп жүрүшүнүн сметасында каралган чыгымдын көпчүлүгүн бизнеси бар оппозиционерлер төлөй турган болуп, аягында дагы ич ара талаштан улам "Атамекен" партиясы ды ыдырап, таарынган Т.Сариев журтта калган "Акшумкарына" баса берди.
Ар тараптан каптап кирген кымбатчылык оппозицияны да бөйрөгүн бөкшөртө койду бейм, Бишкекке автобустап эл ташуу, күнүгө жүздөп-жүздөп акча таратуу сыяктуу арымдуу аракеттер графиктен чийилгенден кийин андай митингдердин өзү да чийилип, жылдагыдай үмүт кылган карапайым эл "банкрот" болду. Оппозициядан келчү байлыкты жараткандан тилеп отуруп калды.

Курмандык орун талаш
Оппозиция ары-бери кеңешип көрүп, башка иш-чараларга караганда арзан жана түйшүгү аз деп эсептелген маалымат күрөшүнө басым койду. Чынында аларга эмне, акчасын сапырып берип тургандан башка эч нерсеге баштары оорубайт. Жооп да бербейт. Артында туруп алып, күпүлдөтүп соктура берет. Оппо-гезиттерге карата текшерүү, териштирүү иштери баштала турган болсо, жооп даяр - "басма сөздү басынтып жатат" деп, элге-журтка, батышка бакыра берет.
Ошентип негизги басым "Де-факто", "Аалам", "Алиби", "Кыргыз руху" гезиттерине басылып жатат. Бирок баарына бирдей эмес, көпчүлүгү, негизгиси "Де-фактого" коюлууда. "Агым" гезити оппозициялык майдандан кайра тартканда, андай орун кандай майлуу экенин билип турган гезиттер ал жерди ээлеп калууга катуу аракет кылышты. Бирок "Де-фактого" алдырып коюшту. Оппзиционерлердин көпчүлүгү ал гезитке "ставка" коюшуп, моралдык да, материалдык да колдоо көрсөтүп келатышат.
Анан эле президенттин тууганы А.Салиев менен соттошуу чыгып, гезиттер "жертва" боло башташты. Кызыгы, "Алиби" биринчи баштап, "Де-факто" анын "кесепетинен" сотко илинсе да, алардын күйөрмандарынын боору "Де-Фактого" көбүрөөк "ооруду". "Алибиге" анча маани берилбей жатканына чыдай албаган "алибичилер" "биз баштап…", "биз жазып…", "бизди сотко берип…" деп канчалык айтышпасын, оппо-күйөрмандар аларга анча боор тартышпады. Ал эмес, коомдук парламентте "Де-Факто" гезитин коргоо комитети да түзүлө калды. Буга катуу арданган "алибичилер" эми "биз гана… биз эле…" деп жаза башташты. Сот процессинде да аларга юристтер жардам бербей, редактору өзүн өзү коргоп жүрдү.
Сотто эки гезит 1000000 сомдон доого жыгылгандан кийин "Де-факто" гезити окурмандарынан 1 сомдон чогулта баштады. Окурмандардан түшкөн акча эч качан 1 млнго жетпесин алар жакшы билет. Бирок алар көз боеочулук ыкманы колдонгону жатышат. Сотто утулгандан кийин Ө.Текебаев (Байболов саясаттан кеттим деп жарыя кылгандан кийин гезиттин "Де-факто" ээси Ө.Текебаев деген имиштер бар, бирок Кубат аке Казакстандан туруп колдоп келатканы бештен белгилүү) баш болгон оппозиционерлер алды 20000, арты 5000 доллардан акча чогултмай болушкан. Анын баарын чогултуп, 1 млн сом жыйнап, мына эл чогултуп берди дештин аракетин көрүшүүдө. Окурмандар анча акчаны чогултуп бере албасын "Асабанын" мисалынан эле көргөнбүз.
Буга чейинки жасагандарынан сабак албай, "Де-факто" гезити дагы бир материалды текшербей баса коюп, органдар менен дагы "иштеше" баштады. "Иш" учурунда гезит убактылуу токтоп калды. Буга башка оппозициялык гезиттер сыртынан "бийлик туура эмес кылып жатат" дегени менен ичинен кудуңдап ыраазы боло түштү. Алардын баары "Де-факто" жабылып калса, биз калабыз дешүүдө. Жогорудагы оппозициялык гезиттердин биринде иштеген кесиптешибизден "Де-фактону" колдоо боюнча кандайдыр бир акция уюштуруп жатасыңарбы?" деп сурасак, "алар жабылса, бизге кайра жакшы болот эле" деп шыбырап койду.
Айтса айтпаса төгүнбү, баары бир акырдан "жем жегендиктен", башкалар жок болсо, жемдин көбүн мен жеймин деп ичинен сотторго ыраазы болуп турушпайбы.
Алтын КАЗИЕВ




  Сот майдан…

"Де-факто" гезитинин ээлик кылуучуларына кылмыш иши козголду
Даанышман кыргыздар "кырсык жалгыздап келбейт" дешкен эмеспи, таскагы күүлүү "Де-факто" гезити кечээ жакындале А.Салиевдин дооматы боюнча соттон утулуп, 1 млн сомдук доого жыгылган эле, бул иштин ташпиши бүтүп-бүтөлекте гезиттин төбөсүнө дагы бир кара булут айланды. Гезиттин 12-июнь күнкү жарык көргөн санында Замира Молдоева аттуу айымдын Президентке кайрылуусу басылып, анда мамлекеттик салык комитетинин Бишкек шаары боюнча Башкармалыгынын начальниги Таалай Далбаевдин комитеттин территориалдык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен акчалай пара алып, өйдө жакта турган башка жетекчилерге жеткирип берип тургандыгы айтылган.
Ошол эле күндүн эртеси Т.Далбаев мырза Бишкек шаардык прокуратурасына арыз менен кайрылып, гезитте жарык көргөн маалыматтардын чындыкка дал келбестигин жана бул боюнча чара көрүүнү өтүнгөн. Гезиттин ишин текшерүүгө себепкер болгон да ушу арыз.
Текшерүүнүн жүрүшүндө кайрылуунун автору катары көрсөтүлгөн З.Молдоева айым аталган даректе гана эмес, таптакыр табиятта жок адам болуп чыкты. ИИМдин паспорттук-визалык көзөмөл Департаментинин берген маалыматы боюнча З.Молдоева аттуу адам шаарда дегеле катталган да, чыгып кеткен да эмес. Демек, З.Молдоева таптакыр ойдон чыгарылган адам деп эсептейт Баш прокуратура. Бул жагдайга байланыштуу, шаар прокуратурасы КР ККнын 329-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык, атайын жалган маалымат жеткирүү (заведомо ложный донос) фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. 14-июнь күнү шаардын Свердлов райсоту "Де-фактонун" редакциясын тинтүүгө санкция берип, ошол эле күнү редакциядан аталган макаланын төлөнүшү боюнча бухгалтердик эсеп-кысап мүнөзүндөгү документтер жана маалыматтар сакталуучу жабдуулар алынган. Алар кылмыш ишине бириктирилип, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Тергөө Бишкек ШИИБнин тергөөчүсү Турат Байчиевге тапшырылган. Тергөө 2 айга чейин созулуп, анын жыйынтыктары боюнча иш же токтотулат, же күнөөлүү деп табылган адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылышат. Алдын-ала текшерүүлөр көрсөткөндөй, кайрылууда келтирилген фактылар чындыкка дал келбейт, б.а. атайын жалган мүнөздө, Т.Далбаевди оор кылмыштарды жасаганга күнөөлөө максатында жарыяланган.
Редакцияны тинтүү учурунда жумуш ордунда болгон орунбасар редактор Ж.Мусабекова адегенде "материалдын коммерциялык мүнөздө экенин, андыктан финансылык редактор жооптуу экенин" айтып түшүндүрмө берсе, кийинчерээк кайрылууну жарыкка чыгаруу маселелери менен баш редактор Ч.Орозобекова өзү алектенгенин билдирген. Дагы бир түшүндүрмөсүндө гезит чыккан күнү Ч.Орозобекова Казакстанда, "Де-факто" ЖЧКнын баш директору Ж.Эдигеев болсо Нарында жүргөнүн айтат. Прокуратура "Де-факто" гезитинин жетекчилиги ойдон чыгарылган адам З.Молдоеванын атынан жалган кайрылууну жарыкка чыгаруу менен граждандардын мыйзам тарабынан корголгон укуктарына жана кызыкчылыктарына зыян келтирип, "ММК жөнүндөгү" мыйзамдын 23-статьясын одоно бузушкан деп эсептейт. Ошондуктан гезиттин ээлик кылуучулары, редактору жана аталган макаланы гезитке берген адам жооп бериши ыктымал. Бишкек шаарынын прокурору А.Турганбаев "Де-факто" гезитин чыгаруу боюнча эч кандай чектөөлөр жок" деп билдирди. Прокуратура ошондой эле салыкчы Т.Далбаевдин өзүнүн да ишмердүүлүгүн туташ текшерүүдө, жыйынтыгында жогорудагы фактылар ырасталчу болсо, ал боюнча да тийиштүү чаралар көрүлөт.
Учурда ММКда "Де-факто" гезитинин Баш редактору Ч.Орозобекова ИИМди жана Бишкек шаар прокуратурасын сотко бере турганы боюнча маалымат тарады. Баса, укук коргоочу К.Булатов бул чатак иштин башында өзү турганын, З.Молдоева аттуу аял чын эле ага келип жолукканын жана кайрылууну анын өтүнүчү боюнча өз колу менен жазып бергенин, ызы-чуу учурунда Нарында жүрүп, иштин чоо-жайын шаарга келип укканын айтып, билдирүү таратты. Аталган окуядагы мындай күтүлбөгөн бурулуш аны кандайча өнүктүрөт, соккуну өзүнө которуудагы укук коргоочунун максаты кайсы, сырдуу айым З.Молдоеваны ачыкка чыгарабы, айтор чиеленишкен соболдор көбөйчүдөй…
Бакыт МУРЗАЛИЕВ












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan