![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №17, 20.06.08-ж. |
Шыбыргак Тилмечтерди алмаштыруу керек Деди ЖК депутаты Б.Абдырасаков мырза. Анын пикиринде Акүйдөгү да, Көкүйдөгү (Парламент) да тилмечтердин кыргызчага которууда тажрыйбасы да, билими да жетишсиз. Мыйзам долбоорлору туура эмес которулат, өкмөт тараптан келген документтерде да сөз сайын каталар көп. Мисалга, депутат мырза бир мыйзам долбоорунан 25 ката таап, мындай ишке ойлонбой "2" коет элем дейт. Андыктан тез арада конкурс жарыялап, жараксыз тилмечтерди тиги эшиктен айдап чыгуу керек. Б.Абдырасаковдун айтымында Ак үйгө, Жогорку Кеңешке 10дон тилмеч тандалса жетишет. Ш.Майчиевдин иш мөөнөтү бүттү Кыргызстандагы Медиа өкүлчүлүктүн жетекчиси Ш.Майчиев мырзанын кызмат мөөнөтү аяктаганга байланыштуу анын ордуна жаңы өкүл шайлоо 26-июнга келгиленди. Азырынча бул орунга үч талапкердин аттары аталууда. Алар: Барнохан Сабирова - КР Акыйкатчысынын аппарат башчысынын орун басары, Марат Токоев - "Журналисты" КОсунун башкармалыгынын төрагасы жана Медиа өкүлчүлүк институнун директору Илим Карыпбеков. Америка Кыргызстандагы дүрбөлөңгө таң калууда АКШнын мамкатчысынын Борбор Азия боюнча жардамчысы Джордж Крол Кыргызстанга "Манас-Ганси" аскер базасын кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө эмес, жөн эле эки тараптуу кызматташтык маселелерин сүйлөшүп кетүүгө келгенин билдирди. Крол мырза 19-июнь күнү учуп келип 20-июнда Хаятт мейманканасында "АКШдагы ишкерликти жүргүзүү" деген темада өтүүчү конференцияга катышып кеңири сөз сүйлөйт. Өзү билдиргендей ал иш сапарга эч бир аскер кишилеринин коштоосусуз эле ишкер чөйрөдөгү бирин-экин адамдар менен келет. Максаты кыргыз ишкерлерине бизнести кантип жүргүзүү боюнча кеп-кеңештерди айтып кайтуу. Мэр Д.Үсөнов Пекинге учту Сапары оңунан чыкса 300 даана чоң автобустарды айдатып келет. 2008-жылы 24-апрелинде Бишкек шаар кеңеши жүргүнчүлөрдү ташуунун муниципалдык ишканасын түзүү боюнча чечим кабылдап, ага "Акжол Транс сервис" деген ат ыйгарган. Аталган автобустарды сатып алуу үчүн шаар бюджетинен 100 млн сом бөлүнмөкчү. Сүйлөшүүлөр жемиштүү жүрсө Д.Үсөнов кытай өнөктөштөрдөн да 5 млн долларды жогорудагы максаттар үчүн өндүрүп келмекчи. "Поиск" кылмышкерлерди тапты ИИМдин "Поиск" рейди бир топ кылмышкерлердин качып жүргөн жеринен кармап, колго түшүрдү. Адегенде эле Чүй облусунун Жайыл районунан 22 жаштагы М.Б. менен 53 жаштагы С.Б.ны уурулук кылганы үчүн кылтакка илишти. Ысыккөлдүн Жетөгүз аймагынан 45 жаштагы Б.С. бирөөнүн кыймылсыз мүлкүнө мыйзамсыз кол салгандыгы үчүн кармалды. Кыргызстан комбайн чыгара баштайт Кыргызстандагы "Россельмаш" менен "Кыргызресуртары" биргеликте "Ак жол нива" ишканасын түзүп, айыл чарба техникаларын жана азыктарын экспорттоо боюнча иш жүргүзөт. Цехти Карабалта шаарындагы "Кыргызресурстар" заводунун аймагына ачышмакчы. Учурда алгачкы иштер үчүн 9 комбайн чогулду. 2009-жылы 150 комбайндын чыгарылышы пландалып жатса, ал эми андан кийинки жылдарда жылыга 500 машина чыгарууга аракеттер көрүлүүдө. Оң рулдуу машинелер чекеге чыкты "Акжолчу" депутат Н.Молдобеков рулу оң жактагы машинелерди алып келүүгө тыюу салуу маселесин көтөрдү. Муну өкмөт 1-июндан баштап чечүүгө тийиш болсо, бүгүнгө чейин маселе чечилбеген бойдон калууда. Машинелерди болсо эпчил ишкер журт вагондоп ташып жатат, бу жылдын 3 айында эле республикага 3 миң автомобиль ташылып келинген. Депутат мырза өкмөттүн парламенттеги өкүлү М.Капаровго кайрылып, маселени 1-июлдан кечиктирбей чечкиле, болбосо мыйзам долбоорун бери кайыргыла, өзүбүз чечебиз деди. Депутаттар чет өлкөгө кезеги менен барышат ЖКнын депутаттары кезеги менен чет өлкөгө иш сапары менен барып келишет. Себеби депутаттардын командировкасы мурда бир калыпка салынбай, бир эле депутат чет мамлекетке 5-6 жолу барып келсе, а башка депутаттар бир да ирет бара элек. Ошондуктан мындай системаны жолго коюу үчүн, "Ак Жол" фракциясы ушундай демилге көтөрүп чыкты. Ал эми депутат Динара Молдошева учурда депутаттардын кезекке туруусун тиешелүү комитет көзөмөлгө алышы жөнүндө мыйзам долбоорун даярдап жаткан кези. Баса, мындай сунуш бардык депутаттарга эле майдай жагып, колдоого алышууда. Ошто да жол кире кымбаттайт Ош шаардык кеңешинин депутаттары шаар ичиндеги жол киренин тарифин көтөрүү тууралуу сунушту колдошту. Шаардык кеңештин кезексиз сессиясында каралган бул маселеде бир топ ньюанстары айтылды. Ары-бери тартышкан депутаттардын айрымдары шаар ичинде жол кирени 8 сомго көтөрөлү десе, көпчүлүк депутаттар 7 сом кылалы деген ойду айтышууда. Айтор Ош шаарында Бишкек шаарындагыдай эле микроавтобустар кечкисин 10 сом алат. Ал эми автобустарда 5сом болсо, троллейбустарда 4 сом төлөнөт. Чүйдүн дыйкандарына компенсация бергиле! КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаков 18-июнда жыйын өткөрдү. Анда апрель айындагы күтүүсүз үшүктөн улам эмгектери текке кеткен Чүй дубанынын дыйкандарына компенсация төлөп берүү маселеси каралды. Апрель айындагы жүргөн үшүктөн 949 га айдалган жүгөрү, 30 га кант кызылчасы, 779 га жашылча-жемиш аянты, 42,3 миң га буудай аянты зыянга учураган. Болжолдуу эсептөөлөрдүн жыйынтыгында жалпы 2 млрд сомдон ашык зыян келтирилген. Бирок ошол убактан бери министрлик дагы, жергиликтүү башкаруу органдары дагы тиешелүү чара көрүү үчүн бул тууралуу официалдуу акты түзүшкөн эмес. Эми 10 күндүн ичинде айыл чарба министрлиги жана Чүй областык мамадминистрациясы зарыл болгон документтерди даярдап Соцфондго жиберсе, Соцфонд дыйкандардын тагдыры тууралуу чечим чыгарып, жардам көрсөтөт. Алкымы чоң бухгалтер "Ысыккөл Инвестбанкыныны" Оштогу филиалынын башкы бухгалтери 13 миң долларды капчыгына кымтып алган деп шектелүүдө. Буга карата Кыргызстандын финансылык полиция кызматы кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, жасалма документтерди жасаган, мамлекеттин мүлкүнө шек келтирген деген айып менен кылмыш ишин козгоду. Баңгизатын кафелерде көп пайдаланышат Баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча агенттиги Бишкектин 6-кичирайонунан 24 жаштагы жаранды кармады. Ал шаардагы кафелердин биринде музыкант болуп иштеп, зыяндуу баңгизаттарын сактап жүргөн. Анны тинтип чыгышкандан кийин, 5 таблетка экстази табылган, зыяндуу заттын таза салмагы 1.25 гр ды түзөт. Бул эле эмес дагы бир кафеден ушундай затты алып жүргөн Адам кармалган. Баса "Бенилюкс" кафесинин шефи дагы ушундай иш менен колго түштү. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. Качабыз деп кайра колго түшүштү Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунун имаратынан үч айыпталуучу качып кеткен. Качып кеткен күнөөлүүлөрдүн экөө бишкектик, ал эми үчүнчүсү Новопокровка айылынан. Нурлан Ахмедов 10 жылга эркинен ажыратылса, 20 жаштагы Темир Хасанов сотто жооп берип жаткан. Ал эми 17 жаштагы Айбек уулу Эрлан мындан бир жыл мурда балдар колониясынан бошонуп, уурулук кылып, кайрадан колго түшкөн. Үчөө тең кайтарып турган солдатты жөөлөп өтүп, көз көрүнөө эле качып чыгышкан. Бирок үчөө тең ошол эле күнү бир нече саттардан кийин колго түшкөн. Учурда Адилет министрлигинде бул тууралуу кызматтык иликтөө жүрүүдө. Улуттук кеңештин курамына депутаттар шайланды Улуттук кеңештин курамына "Ак Жолчу" депутаттар шайланышты. Алар: депутат Айнура Иманалиева, Нурлан Койчубаков, Алтынбек Сулайманов, Ирина Летова. Ал эми КСДПан депутат Руслан Шаботаев менен Коммунисттерден Исхак Масалиев жетиштүү добушка ээ боло алышпай, Улуттук кеңешке шайлана албай калышты. Ишкерлерди текшерүү кайра башталабы? Салыкты жыйноо боюнча мамлекеттик комитети ишкрелерди текшерүүгө мораторий жарыялоо тууралуу Президенттин чыгарган буйругуна карама-каршы келген буйрук чыгарды. Буйрукка ылайык мобилдүү топ түзүлүп, текшерүү кызматын аткарышмакчы. Негизги максат кирешелерин жашырып, тиешелүү салыкты төлөбөгөндөргө чара көрүү. Ал эми өкмөттүн пикиринде да бул чечим президенттин буйругуна карама-каршы келет. Министрлер кабинети салык боюнча мамкомитетинин бул буйругун жокко чыгарууну көздөөдө. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|