Коомдук-саясый гезит
№17, 20.06.08-ж.




◄◄◄
  Түштүгүнө жорго мингендер…

Эсеп палатасы Эралиевдин "эсебин" таптыбы?
Республиканын Эсеп палатасы айтылуу З.Эралиев башкарган "Кыргызкино" Улуттук концернинин далай былыктарын чукуп чыгып, натыйжада гендиректор З.Эралиевдин кызматынан кол жууганы жана концерн маданият министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилгени коомчулуктун, дегеле киного кайдыгер карабаган адамдардын купулуна толоорлук иш болду окшойт. Тили кыска кино билермандарынын арасында З.Эралиев мырза кино ишин өркүндөткөндүн ордуна, болгон жөндөмүн кол астындагы киночулар менен кармашууга жумшап, анан да, элдин эсебинен күн көргөн концерндин ишин каалагандай калчап келатканы жөнүндө айтылып келген өйдө-төмөн кептердин бекер жерден чыкпаганы кечигип болсо да эми анык болду.
Күйүгүп чуркап, акча таап, кыргыз даңкын алыска жайган тасмаларды тартып жатышкан Актан Арымкубат, Эрнест Абдыжапаров өңдүү чеберлерди жана алардын жолун жолдогондорду "ВГИКти бүтүшкөн эмес деп өйдөсүнгөн "вгикчи" З.Эралиев концерндеги жооптуу кызматтарга кинодон, дегеле чыгармачылыктан алыс адамдарды, студенттерге чейин коюп иштетип жүргөн. Мунусуна деле мейли дейлик, жарыбаган айлыкка өзүн-өзү кадырлаган кайсы кадр барат, чындап келсе чыгармачылык тармакта мындай "ыңгайлуу" усул тажрыйбаны "үзүрлүү" колдонуп жүргөндөр бүгүн толтура. Гендиректордун мындан башка да "кызыктары" көп, маселен айталык, мен өткөргөм деп өзүн-өзү көтөрө чалып айтып жүргөн эл аралык Ысыккөл кинофестивалын алалы. Туура, мындай иш чарага чет жактан ири кино, маданият ишмерлери ж.б. расмий коноктор чакырылышы керек. Бирок расмий түрдө, аккредитация жана атайын чакыруу менен. Күтүнгөн тарап коноктордун Кыргызстанда жүргөн чыгымдарын гана көтөрүп, калганын аларды жөнөткөн тарап өз мойнуна алууга тийиш. Фестивалга Голливуддун ортозаар эки киноактеру келип катышкан. Аларды чакырып келгендиги үчүн Ялгашев аттуу казак ишкерине 1 млн 714 миң сом акча төлөнгөн. Муну З.Эралиев демөөрчүлөрдүн акчасы деп түшүндүргөнү менен, Эсеп палатасы аталган суммадан салык жана Соцфондко төлөмдөр чегерилиши керек деп эсептейт. Фестивалды тейлеген кызматкерлерге төлөнгөн жалпы акчанын көлөмү 168.5 миң сом. Өлчөмү келишилбей жана бекитилбей туруп, конкурстун жюрилерине 108.4 миң сом төлөнгөн. Бирок жогорудагы акчалардан да эч бир салыктар кармалган эмес. Фестивалга жалпысынан 1 млн 700 миң каралса, чыгымы 3 млн 154 миң сомду чапчыган. Бул бюджеттик, б.а. элдин акчалары экенин эскерте кетели. Албетте мунун1 млн 454 миң сому максатсыз пайдаланылган деп табылды.
Көп жылдардан бери жарытылуу тасма тартпаган "Кыргызфильм" үчүн деп З.Эралиев тендер жарыялап баш оорутуп отурбай, фестивалга бөлүнгөн каражаттардын эсебинен 617.6 миң сомдук техникалык жабдыктарды сатып келген, бирок аны Концерндин балансына өткөргөн эмес (бажы боюнча каттатуу жана бажы төлөмдөрү боюнча тийиштүү документтери жоктугун айтпай эле коелу). Сони Бетакам деген 336.2 миң сомдук (300 миң сому текшерүү учурунда кассага кайтарылган) видеокамера эч кандай техникалык документтери жок, буга чейин далай колдон өткөн жабдык болуп чыкты. "Баланча айтылуу режиссер, түкүнчө киносун ушундай аппарат менен тарткан, ошондой видеокамераны өзүм Америкага чейин чапкылап алып келдим" деппи же апкелем дедиби айтор эрте көлөмдөгү бизге берген бир маегинде айтты эле, анысын алып келгенге үлгүрбөдү окшойт, текшерүүнүн материалдарында жоктугуна караганда. Сыртынан баксаң Концерн өлөсөлүү "уазик" минген кедей маданият ишканасындай көрүнгөнү менен, З.Эралиев баш болгон бир ууч чоңдоруна татыктуу турмуш орнотуп бергенге жакшы эле жарап келген экен. Концерндин бир ныптасын көтөргөн кинотеатрлардан дурус эле акчалар түшүп турганы маалым болду. Атап айтканда, өткөн жылдан бүгүнкү күнгө чейин айтылуу "Алатоодон" 800 миң сомдон ашуун, "Октябрдан" 500 миң сомго жакын акча түшсө, "Чатыркөл", "Кызыл Кыргызстан" кинотеатрлары ар кыл уюм, фонддорго арендага берилген. Бул боюнча гендиректор тийиштүү материалдарды текшерүүгө көрсөтө албагандыктан түшкөн пайданы боолголоп гана элестете алабыз. Текшерүү учурунда айрым кинотеатрлардын бөлмөлөрү ("Кызыл Кыргызстан") турак жай үчүн берилгени да аныкталган, биздин пикирибизде баш паанекке муктаж бул адамдарга бөлмөлөрдү жөн эле соопчулук иретинде беришпесе керек. Текшерүүнүн жүрүшүндө концерндеги 80 миң сомго чукул товардык-материалдык баалуулуктардын жетишпегени ачыкка чыкты.
Кыскасын айтканда, З.Эралиев жетектеген кино концерндин ишинде биринчи орунда кино тармагынын эмес, жеке пенделик кызыкчылыктар басымдуулук кылып келгени көрүнүп турат, чакчелекей түшкөн, тартиби жок кичинекей өлкөдө эмне кылсам да өзүм-өзүмө бекмин деген жетекчилердин эшек куртун мурдунан агызып, четинен "белин сындырганга", эсине келтиргенге убакыт жеткендир деп ойлойбуз. Учурда айыбы мойнуна коюлуп, көзүнө сая көрсөтүлүп турса да З.Эралиев мырза мындан бир, тигинден бир көрүнүп актанууда, концернди маданиятка өткөрүп берип, улуттук кино өнөрүнүн келечегине балта чаптыңар дегендейге чейинки бийик сөздөрдөн да аянбады дешет уккандар. Не дейбиз, тилде, өзгөчө "ээрден оодарылган" кыргыздардын тилинде сөөк жок эмеспи, эми З.Эралиев не десе да өзүнө жарашат. Бирок эл көзүнө ак жеринен күйгөн киши болуп көрүнүмүш этпей, кыңыр иштеринин кесепетин кантип жоет, башканы коюп, ошону ойлонсо дурус болчудай…
Бакыт МУРЗАЛИЕВ




  Бүгүнкүнүн көйгөйү

Алкоголизм менен баңгилик дүйнө жүзүн каптаган илдет. Анын ичинде Кыргызстан ушундай социалдык илдеттин тумоосуна чалдыгып, биротоло кутула албай келет. Бүгүнкү күндөгү эң башкы көйгөй болгон алкоголизм менен баңгиликке бөгөт коё албай келатканыбыз өз эркибиздин, мамлекетибиздин алсыздыгынан. Күн сайын республикалык наркоборборго мас абалында, баңгизатын ашыкча дозада пайдаланып алган наркомандар көп түшөт. Бири өз эрки менен келсе, экинчисин туугандары күч менен алып келишет.
Элмира Исраилова, Республикалык наркоборбордун амбулатордук-диагностикалык бөлүмүнүн башчысы:
"Экинчи ичпейт деп кепилдик бере албайбыз"
- Элмира Бакировна, бизде канча адам алкоголдон жана баңгизатынан көз каранды?
- Бүгүнкү күндө аракка көз каранды болуп наркоборборго кайрылгандардын саны жалпы 16846ны түзгөн. Анын 2144ү аялдар. Ал эми баңгизатынан көз каранды болуп 3741 кайрылса, анын 3329у аялдар экен. Бул бизге кайрылгандардын гана саны. Ал эми булардын саны республика боюнча абдан көп. Ал эми баңгилик туурасында кеп кылсак, дүйнөдөгү эң башкы коркунуч. Кыргызстандагы баңгиликтин кеңири тараган түрү-героин баңгилиги. Бул зат апийимге караганда 10-15 эсе жогору. "Порошок" аталган бул баңгизатын азыр кыргызстандыктар көп пайдаланган абалга жетти.
- Алкоголиктер деген кимдер?
Алкоголиктер-алкоголизм менен ооруган адамдар. Мындай адамдар ичкиликти канча өлчөмдө ичкенин да унутуп, өзүн-өзү көзөмөлгө ала албай калган абалга келишет да психологиясында кескин өзгөрүүлөр башталат. Ал тургай жүрүм-турумуна да жооп бере албай калышат. Алкоголду ашыкча пайдаланган адамдардын уйкусу да качып, түш көрүүнүн саны азаят, жакшы эс ала албайт, чарчайт. Өзүн келесоодой алып жүрүп, туура ой жүгүртө албай калат, башы айланат.
- Аракечтер көп кайрылабы же баңгилерби?
- Бизге азыр арактан көз каранды болуп кайрылгандардын саны абдан көп. Себеби бул ичкилик ичүү эл арасында кеңири таралган. Адам баласы өспүрүм кезинен аракка берилип калганы-абдан коркунучтуу. Бизге жаштар көп кайрылышат. Ал тургай кээде 12-13 жаштагы балдар ичкиликке көз каранды болуп калганда келишет. Мындай балдардын 80%дан ашыгынын атасы же энеси ичкич болгондор.
- Жаңы бөлүм ачылыптыр, бул бөлүмдүн милдети эмнеде?
- Реаблитациялык бөлүм деп да өзүнчө ачылды. Анда бир гана дары куя бербестен, психологиялык жактан дарылашат. Психологдор алар менен атайын тренингдерди өткөзүшөт. Айтор адамдын психикасындагы баңгизат, арак деген түшүнүктү чыгарып салыш керек. Алгач психологиясын көндүрөт. Тактап айтканда, бул бөлүмдө комплекстүү түрдө дарылоо курсу болот.
- Дароо эле медициналык жардам көрсөтө аласыздарбы?
- Ичкиликке өтө берилип кеткен адамдын алгач нерв системасы жабыркайт. Себеби таза эмес арактарды, сасыган самогондорду ичишет. Анын бардыгы адам баласынын организмине чоң таасирин тийгизет. Бир канча күндөп, айлап-жылдап арак ичип, андан чыга албай калгандар келет. Мындай абалда анын үйбүлөсү да жабыркайт.Биз кадимкидей акыл-эси менен келгендердин өзүнүн каалоосунун негизинде дарылайбыз... Өзүнүн уруксатысыз дарылаганга укугубуз жок. Ал эми өзүн-өзү билбей калып, алкоголдук психоз абалында келгендерге дароо медициналык жардам көрсөтүлөт. Ал өзүн билбей, көзөмөлдөй албай жатса кантип уруксат сурайбыз. Биздин милдет тиешелүү жардамдарды көрсөтүп кыйын ахыбалдан алып чыгуу.
"Мен дагы адам болгум келет"
Татьяна Братчикова, мурда баңгизатын пайдаланып, жашоосун бүлүндүрүп алган. Ушул бор-бордон айыгып, азыр жаңы жашоого кадам алып, борбордо тазалап-жыйноочу болуп иштейм. Өзүнүн тагдыры кимдир бирөөлөр үчүн сабак болор деп, тарых-таржымалынан кеп салды.
- Азыр 41 жаштамын. 20 жылдык өткөн тагдырымды сереп салсам, кайра ал күндөргө баргым келбей, эстегим да келбей кетет. 21 жашымда баңги затын алгач колдондум. Мындай жолго деле түшмөк эмесмин. Өзүмдүн бир тууган агам баңгиликтин артынан түшүп, өтө берилип кетти. Мен аны мындай ахыбалдан алып чыгам деп көп аракет кылдым. Анын кайра таза жашоого кайтып келиши үчүн күрөштүм. Бирок бул аракетим оңунан чыкпай, тескерисинче мени дагы агамдыкындай ахыбалга алып келди. Агамдын мындай баңги заттарды кайдан аларын, байланыштарын билгим келе берчү. Бир жолу агам мага таблетка сунуштады. Баш тартсам "сен сайынган жоксуң да, ал эми таблеткасы эч нерсе деле болбойт, зыян эмес" деп алдап-соолап ичирип койду. Ичимде коркуу сезими болгону менен таблеткасы эч нерсе болбойт, бир күнү токтотуп коём да дечүмүн.
Анда СССР убагы эле. Банктан миллион сом кредит алып, акционердик коом ачтым. Фирмамдын иши жакшы жүрүшүп, итим чөп жей баштады. Анда жаңы эле Моквадагы айыл чарба институтунун зоотехник жагын бүтүрүп келгем. Акча, байлык, жакшы кызмат мени көптүрүп жибердиби, 2 жылдан кийин кантамыр аркылуу сайынып, баңгизатына көз каранды болуп калганымды билдим.
- Жолдошуңуз билчү эмес беле?
- Жолдошум бул тууралуу такыр билчү эмес. Акырын, билгизбей колдончумун.
- Турмушуңуздун бузулушуна баңгичилик алып келди деп ойлойсузбу?
- Акыры доза көбөйүп олтуруп, мен сайына баштадым. 2 жылдан кийин уулум каза болуп калды. Стресске кабылып, кыйын ахыбалда калдым. Ал кезде бензин менен да бизнес кылып иштеп калдым эле. Сайына баштагандан кийин жашоо образым бузулуп, башаламан турмуш башталып, акчаларым чачылып фирманы да сатып жибердим. Баягы жакшы турмушта турганда көп эле үй алып койгом. Аларды да чекесинен сата баштадым. Жолдошум да кызымды алып Россияга кетип калды. Мен да Россияга кеттим. Агам кайра Кыргызстанга алып келди. Аягында калган үйүмдү 4000 долларга саттым. Агам да кыйын ахыбалда калган эле. Эч кимим жок, ушунчалык татаал күндөрдү баштан кечирип жаттым. Ошол күндөрдө асылып өлгүм да келип жүрдү. Өзүмдүн машинам да бар эле ал да жоголду.
1998-жылы мени наркоман кылган агамдын көзү өтүп кетти. Алдыга жылганга алым жок, бир гана сайынгандан кайф издеп, жанымдын убактылуу тынчын каалап калдым.
20 жылдык өмүрүмө көз чаптырсам, ушундай күндөр өтүптүр. Ошондо гана 20 жыл бою өзүмдү таза эмес жашоодо кыйнап жүргөнүмө нааразы болуп, мындай жашоодон кетүүнүн жолун издей баштадым. Ушундай тумандуу, айласыз күндөрдөн кутулгум келди, мен да адам болуп таза жашагым келди, турмуш кургум келди. Ушундай ойду бекем тутуп, 2006-жылы ушул борборго врачтарга кайрылдым. Врачтар "өзүңдүн каалооңдун негизинде гана айыгасың" дешти. Чын эле негизги критерий адамдын эркинде, каалоосунда экен. Бирок дарыланганга каражатым жетишсиз эле. Ошентсе да мен баңгиден кутулуу үчүн бардыгына даяр элек. Акыры каалоом аткарылды. Мага жардам берген кайрымдуу адамдардын, врачтардын жардамы менен мен акырындап өзүмө келе баштадым. Мурдагы тааныштар менен бүт мамилемди үздүм, байланышпай калдым. Кадимкидей мурдагы жашоомо кайтып келдим. Ошол убактан бери ушул борбордо иштеп жүрөм. Ушул жерде күн өткөрүп жатам, квартирага акча төлөй албайм.
- Өзүңүз наркоборбордо иштеп жатып, мындагы наркомандарды көргөндө кайта сайынгыңыз келип кетеби?
- Мындан бир жыл мурда ара жолдо чайналып турчумун. Наркомандарды көргөндө өзүмө-өзүм ишене албай ал жөнүндө кайра ойлонуп да кетчүмүн. Бирок убакыт дарылап, азыр сайынуу, колдонуу тууралуу эч ойлонбой да калдым.
- Эми эмне кылайын деп жатасыз?
- Азыр бул жерден 6000 сомго жакын айлык алам. Россияга кетүү оюмда да жок. Кыргызстанда төрөлүп өскөндүктөн туулган жеримден эч кайда кетким, алыстагым келбейт. Айлыгымды чогултуп, өзүмө керектүү буюмдарды алып жатам. Түстүү телевизор сатып алдым. Кызым болсо турмушка чыккан, байланышып турам. Туулган күнүндө бул жактан 100 доллар салып жибердим. Атасы да ошол жакта экен.
Азыр сүйлөшүп жүргөн жакын адамым бар. Ал менден жашы кичүү, анткен менен экөөбүз бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз. Мен ага мурунку жашоом тууралуу айтып бергем. Ал жөнөкөй адам, курулушта иштейт. Буюрса, тагдыр буюруп калса экөөбүз жаңы турмуш баштайбыз деген үмүттөмүн.
Даярдаган Жазгүл ИБРАЕВА













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan