![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №17, 20.06.08-ж. |
"БТ" мейманы Режиссер Гүлсана Сарногоева: "Тото Кутуньо кыргыздарга салам айтты" Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин улуу кызы Гүлсана айым Б.Бейшеналиева атындагы искусство институнда жакшы окуп, Москвадагы маданият институтуна которулуп, аны ийгиликтүү аяктаган. Москвадан келгенден кийин апасынын классташы, айтылуу кинорежиссер Төлөмүш Океевдин жардамчысы болуп иштеп, италиялыктар менен биргелешип тартылган "Чыңгызхан" тасмасына жардамдашкан.1993-жылы Италия мамлекетин көрүп келүүгө кетип, ал жакта калып калган. Учурда жолдошу Паоло менен Ангуиллара шаарында жашайт. Жылына бир жолу - жай мезгилинде куттуу үйүнө келип кетет. Бул жолу да эс алууга келгенинен кабардар болуп, Гүлсана айымды издеп таап, анын жеке турмушу, италиялыктардын салт-санаасы жана ал жакта жашап жаткан кыргыздар жөнүндө маектештик. - Гүлсана айым, Кыргызстанга куш келипсиз. Көп жылдан бери Италиядагы көлдүн жээгинде жашайт деп угабыз. Салкынга көнүп калгандыктан ысыкты көтөрө албай жатсаңыз керек? - Ырахмат. Негизи дайыма самолетко отурганда коркуп, учкан тарапка кыйналып келчүмүн. Бул жолу эмнегедир кыйналбай эле келдим. Жаныңда олтурган адамдын аурасынан деле болот окшойт деген ой кетти. Анткени жанымда олтуруп келген киши менен баарлашсам, ал беш маал намазга жыгылат экен. Аба ырайы алмашканда бардык эле адам кыйналат болушу керек. Албетте, өз жеримдин аба ырайына көнүш бир аз кыйындыкты туудурду. - Италиянын кайсы жеринде жашайсыз? - Бир топ жыл Рим шаарында жашадым. 2004-жылдан бери Римден анча алыс эмес жайгашкан Ангуиллара деген шаарчанын "Фалконето" (кыргызчага которгондо - шумкар) аттуу паркынын ичинде виллада жашап келе жатам. Биз жашап жаткан кичинекей, кооз шаар Ангуиллара Сабазиянын түптөлүшүнө учкай токтоло кетсем, археологдордун айтымы боюнча, алгачкы үйлөр 12-кылымда курула баштаган. Ошол убакта колдонулган идиш-аяктар жана башка нерселер тарых музейинин ичине коюлган. Музейдин ичинде этруска убагында колдонулган экспонаттар бар. Ангуилларадан эки чакырым алыстыкта жайгашкан испан жана 2-дүйнөлүк согуш убагында колдонулган аэропландардын көргөзмөсү бар. "Фалконето" парктын айланасындагы кооз токойдун ажарын ачкан Мартиниано жана Брачиано аттуу эки көл бар. Ал жерден шумкарлардын учуп жүргөнүн, кыргоолдор ж.б. канаттуулардын түрлөрүн жолуктурса болот. Андан анча алыс эмес жерде кой, уй, ат баккан фермерлер да бар. - Фермерлер багып жаткан кайсы малдын этин жешпейт? - Италияда чоң койлорду союп, этин жешпейт экен. Койдун сүтүн саап, сыр кылганга колдонуп, "Пекорино" деген сыр чыгарышат. Тамак-ашка 3-4 айлык козулардын эттерин колдонушат. - Сиздин үйбүлөңүз кайсы өлкөнүн ашканасын жакшы көрөт? - Италиялык, европалык, дунган, казак, кыргыз, кыскасы, бардык улуттун ашканасынан жасап бергенге аракет кылам. Ашканада жакшы эле айыммын. - Камыр жайып кыргыздын бешбармагын жасайсызбы? - Камыр жууруп, жайып, кесме кескенди 7-класста эле үйрөнгөм. Ошо бойдон унутта калтырган жокмун. Үйбүлөмө да кыргыз тамагы жагат, кээде аларга бешбармак жасап берем. Анын үстүнө алардын да кесме кесип жасай турган тамагы бар. "Фетучино" (ичке кесилет), "Талиятелли" (жоон кесилет) деп аталат. - Кыргыз салтын кармайсызбы? Мисалы, рамазан айында боорсок жасап, үйдү арчалап, куран окуп дегендей... - Албетте. Ата-тегибиз кыргыз болгондон кийин салтты кармайбыз да. Айтта боорсок кылып жыт чыгарам, үйдү арчалайм. Италиянын тоолорунан арча кезиктире элекмин. Арчаны бул жактан алып кетип жатам. - Түш кармайсызбы? "Түштө аян берет" дегенге ишенесизби? - 50 пайыз түш кармайм. Кээ бир түштөрүм өңүмдө туура чыгып калат. - Жолдошуңуз тууралуу жакындан билүү бизге кызык? - Жолдошум Паолонун улуту итальяно-француз. Атасы итальянец, апасы француженка. Паоло менен алгач таанышкандан дос катары жүргөнүбүздө, бир күнү ал капысынан колумду сурап калды. Анын мындай сунушуна "турмуш куруу оңой болгону менен, ымалашып жашап кетүү татаал" деп терең ойлондум. Бирок, Паолонун жакшы мүнөзүн, адамгерчилигин эстеп, аны менен турмуш курууга болооруна толук көзүм жеткенден кийин макул болгом. - Жолдошуңуз дагы режиссербу? - Жок. Паоло "Финсиел" деген организацияда информатиканы изилдөөчү болуп иштейт. - Кыргыз тилин билеби? - Кыргыз улутунан кыз алгандан кийин, албетте, эне тилибизге кызыгат. "Бул, тигил, кыргызча кандай аталат?" деп сурап калат. Жеңил- желпи сөздөрдү үйрөтүп койгом. Апам менен телефон аркылуу кыргызча сүйлөшүп калганда апам да, мен да, өзү да кубанып калат. - Буга чейин кыргыз улутунан маалыматы бар бекен? - Кайненем Сеньора Перси ак сөөктөр тукумунан. Ошондуктан атынан эмес, фамилиясынан айттырат. Китеп, журналдарды абдан көп окугандыктан, дүйнө тарыхын жакшы билет. Кыргыздын тарыхын СССР убагында эле окуптур. Кыргызстан жөнүндө мага бир аз баяндап берген. Кайын сиңдим Серена орус тилин жакшы билет. Советтер Союзунда көп жерди кыдырып, Өзбекстанга чейин келгендиктен, Кыргызстанды мурда эле билчү экен. Ал эми жолдошум Паоло Кыргызстанды мен аркылуу билген. Кыргызстанга келгенде бир топ кооз жерлерди кыдырып, суктанып кеткен. - Сиздер баш кошкондо кайненеңиз сизди кандай кабыл алды эле? - Паолонун апасы, бир туугандары жакшы кабыл алышкан. - Италиялыктар христиан динин тутунушат эмеспи. Үйлөнүү үлпөтүн өткөрүүдө бул маселе кандай чечилди эле? - Үйлөнүү үлпөтү болоордо баланын да, кыздын да ата-энелери алына жараша тойго камданышат. Анан эки жаштын каалоосунун негизинде же чиркөөдөн же мэриядан никеге турушат. Үйлөнүү тоюбузду менин каалоом боюнча 20га жакын тууган, жолдошторду чакырып, көлдүн жанындагы Тревиниано деген жердеги ресторандан өткөргөнбүз. Ал эми баш кошкондон кийинки саякаттоону Паоло тандаган. Италиянын түндүгүндө жайгашкан Доломит деген тоолуу кооз бир жерге бир жумага, андан кийин Голландияга барып келгенбиз. - Италиялыктардын салт-санаасына бир аз токтолсоңуз... - Алардын эң жакшы көргөн майрамдары - Рождество жана Пасха. Рождестводо туугандары менен чогуу болушуп, тамактанышып, аягында бири-бирине белектерди тапшырышат. Ал эми Пасханы ар бир адам өз каалоосу менен өткөрүшөт. Сөөк узатууда биздеги салттар - бодо мал союп тамак берүү, үчүлүк, жетилик, кыркашы, аш берүү деген жок. Бирөө жарым кайтыш болгондо анын сөөгү чиркөөгө алынып барылып, туугандары, тааныштары маркум менен коштошуп, жерге коюлат. Каалаган убагында маркумдун мүрзөсүнө барып гүл коюп турушат. Ал эми салт болуп калган оюндардан - ат чабыш оюну бар. "Палио" деген ат чабыш оюну Сиена деген шаарда жыл сайын өтөт. Ал жакында - июль, август айларында болот. Ат чабыштын эң кызыгы - болжол менен он чакты азоо атты жайдак минип чабышат. Азоо аттарды катарга тизиш эле көп убакытты (кээде бир саат, кээде эки саат) талап кылат. Жарышка даяр болгондон кийин команда берилип ат чабыш башталат. 2 мүнөт ичинде маарага ат (аттын үстүндөгү чабандеси жок маарага озуп жеткен учурлары көп болот) жетип барган болсо, ага баш байге берилет. - Италияда сизге өзгөчө кайсы жер жагат? - Италияда мага жаккан жерлердин бири - Италиянын түштүгүндө жайгашкан тоонун боорундагы кереметтүү Равелло деген жер. Анын ичинде Руфоло деген өтө кооз вилла бар. Вилланын бир капталында кереметтүү тоо, ылдый жагында укмуштай сулуу деңиз көрүнүп турат. Анын ичиндеги көздүн жоосун алган түркүн-түркүн гүлдөрүно, статуэткалары, фонтандарына суктанып, тоонун, деңиздин таза абасынан жутуп ырахаттанганмын. Тоолору, абасы так эле Кыргызстанды элестетет. - Демек, бош убактыңызда жер кыдырат экенсиз да? - Жолдошум бош убагында жер кыдырганды жакшы көрөт. Кез-кезде Паолого кошулуп жер кыдырып калам. Чындыгында үйдүн ичинде китеп, гезиттерди окуп же телевизордон өзүмө жаккан берүүлөрдү көрүп убакыт өткөргөндү жакшы көрөм. Колум бош болсо эле "Азаттык" радиосунун сайтын ачып, күнүгө Кыргызстандагы жаңылыктардан кабардар болуп турам. - Кыргыз адабий китептерден окуйсузбу? - Кыргыз адабиятынан сөзсүз окуйм. Акын-прозаиктердин чыгармаларын окуганга дайыма аракет кылам. Бир топ чыгармаларды окудум. Ар бир чыгармадан мага жаккан жери жолукса, ошол жерин кайра-кайра окуп чыгам. Учурда Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин "Сөз кудурети" аттуу китебин окуп жатам. Мага аябай жакты. Кыргызстандагы инсандар жөнүндө жазыптыр. Алар жөнүндө мурда эле билчүмүн. Бул китептин жардамы менен аларды ого бетер жакшы билип калдым. - "Дүйнөнү эки Чыңгыз башкарды. Бирөө кылыч менен, бирөө калем менен" деп тажик акыны Турсун Заде айткандай, калеми менен дүйнөлүк аренага чыккан Чыңгыз Айтматовду акыркы сапарга узатууга катыштыңызбы? - Катыштым, бирок, Эларалык "Атабейит" комплексине чейин барган жокмун. Филармонияга апам экөөбүз барсак, эл көп экен. Узун кезекке турууга апамдын денсоолугу чыдамак эмес. Апамды үйгө узатып коюп, мен коштошуу митингди борбордук Алатоо аянтынан эки саат күттүм... Чыңгыз абабыздын чыгармалары кандай сонун. Кээ бир чыгармаларын окугам. Чыгармаларында адамга сабак болуучу сөздөрү абдан көп. Мисалы, "Материнское поле" китебин үч жолу окуп чыккам. Бул китепте: "Судьба человеческая как горная тропа, то вверх, то вниз. Одному это не под силу, а всем миром одолеть можно..." деп жазылган жери бар. Карачы, бирде ылдый, бирде өйдө кеткен тоодогу жалгыз аяк жолго адамдын тагдыры салыштырылып, аны жалгыз эмес, чогуу жеңүүгө мүмкүн экендиги жазылган. Чыңгыз абанын чыгармасында мына ушундай адамды ойлонто турган курч сөздөр жазылчу... - Эмнеге кубанып, эмнеге өкүнөсүз? - Бул эки нерсе жашоо-турмушубуздун негизги компонеттеринен болгондон кийин кубанычым да, өкүнүчүм да бар. Мүнөзүмдүн жумшактыгынан турмуш жолумда жасаган кээ бир каталарым өкүндүрөт... Ал эми кубаныч күндө эле курчап турат десем жаңылышпайм. Телефондон апам менен сүйлөшүп, бир туугандарым аман-эсен жаткандарын угуп сүйүнөм. Сагынганда алардын, сиңдим Карлыгачтын небереси Айганыштын сүрөттөрүн көрүп кубанам. Жаңыдан тили чыгып келе жаткан Айганыштын ырдап бергени, мени "жомок айтып бер" деп, аны тыңдаганы өзүнчө бир чоң кубаныч. Кыргызстанда болуп жаткан позитивдүү нерселерди ситодон окуп кубанам. Мени кубандырган нерселерди санай берсем толтура. Кудай кубанычтан айрыбасын. - Сизди Италия телестудиясында иштейт деп угабыз. Ал жерде өз кесибиңизди аркалап жатасызбы? - Өз кесиби менен жумушка кирүү италиялыктардын өздөрүнө кыйынчылыкты туудурат. Италияда "Sky" аттуу жеке телевидениенин башка өлкөлөрдөн келгендерге атайын арналган бир телестудиясы бар. Ошол студиянын директору Виржилио: "Сиздин алып баруучулукка жөндөмүңүз бар экен. Анын үстүнө итальян тилин да жакшы билет экенсиз. Үнүңүз дагы бийик, уккулуктуу экен" деп мени чакырган эле. Тилекке каршы, ал берүү көгүлтүр экранга бир жумада эки жолу кечки саат 8.30да чыгат экен. Ал студиядан абдан ыраак жашагандыктан, үйгө түнкү саат бирде кеч кайтмай болуп калгандыктан, ал кишиден кечирим сурап барган жокмун. Андан кийин атайын фигурант болуп бир жумада эки жолу күндүзгү берүүгө барып иштеп жатам. - Ырчы, композитор Тото Кутуньо менен жолугушканыңызды уктук эле. Аны менен кандайча таанышып калдыңыз эле жана ал киши кыргыз улутун билет бекен? - Тото Кутуньо менен телекөрсөтүүдөгү ишиме барганымда таанышкам. Ал киши былтыр катуу ооругандыктан бир аз арыктап калыптыр. Айыккандан кийин "Сан-Ремо" фестивалынын директору жана алып баруучусу Пиппо Баудо Кутуньону февраль айында болуп өткөн "Сан-Ремо" фестивалына катышканга мүмкүнчүлүк берген. 64 жашка келип калган Тото (толук аты Сальваторе. Бул фестивалга көп жолу катышып, 1980-жылы 1-орунду, алты жолу 2-орундун ээси болгон) фестивалга катышып, 4-орунга ээ болгон. Тото менен таанышып Кыргызстандан болом дегенимде абдан сүйүнүп, мени колтуктап алып, "Сан-Ремо" фестивалынын директоруна кайрылып, "Бул айым Кыргызстандан болот экен. Мен жакында Санкт-Петербургга, андан кийин Астанага концерт коюп барам. Кыргызстанга жакын барат экем. Кыргызстандагы кыргыздарга салам айтып кой" деп айтканда Кыргызстанды билет экен деп сүйүнүп калдым. Тотонун таланты менен кошо адамгерчилиги бийик, өтө жөнөкөй адам экен. Тото ырчы эле эмес, өзү ыр жазып, обон жаратат.1975-жылы "Африка" аттуу ырын атактуу француз ырчысы Джо Дассен ырдап чыгып бүт дүйнөгө таанылган. Мыкты композитор, саксофон, пианинодо жакшы ойнойт. - Сиз жашаган шаарда кыргыздар көппү? Алар менен жолугушуп турасызбы? - Кыргыздарга кез-кезде жолугуп турам. Римде ар кайсы жумушта иштеген кыргыз кыздары бар. Көбүнчөсү улгайган адамдарды, кичинекей балдарды карашат. Көпчүлүгүнүн Италияда жашайт деген документтери да жок. Эгерде колдорунда "permesso soggiorno" деген документи болгондо, тилди жакшы билгенде башка жумушка кирип кетишсе болот эле. Бирок, документи барлардын баары эле каалаган ишин оңой менен табалбайт. Кээ бир документи бар кыздар дүкөндөрдө жардамчы, тигүүчү же ресторандарда официантка болуп иштешет. Наполи деген кооз шаарда бир топ кыргыз бар деп угам. Кыргыздарды жолуктуруп, кече өткөрүп, аларга колдон келген жумуш таап бергенге аракет кылып жүргөн Азамат Айтбаев аттуу жигитке ыраазымын. Маектешкен Назира СААЛИЕВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|