![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №17, 20.06.08-ж. |
Чыңгыз Айтматов Жаабарс (романдан) 9-бап Бектурдун "Жаабарс планы" чынында жумуштун шыр илгерилешин шарттады. Уюштуруучулар ушунчалык көрөгөчпү, уюштуруудан эч кандай кемчилик байкалбады го. Ууучулукту даярдоо менен өткөзүүгө Туюк Жар түп көтөрө тартылды десек ашепке болбос. Ушутапта тоолуктар эңкейген карысынан эмгектеген чүрпөсүнө чейин илбирстерди аткылоонун акыбетинде сомду сомдой, долларды доллардай соломокту күсөдү. Кыштак, тимелеби, кужулдайт. Каадалуу конокторго каалагандары жеңиш. Барстар гана жакынкы жазмышын туйбады белем. Асыресе, "Мерген" фирмасынын ооматы ташыды, Арсен Саманчиндин ортомчулугуна ылайык меймандар менен дээрлик күнү-түнү алакалашышты. Арсенсиз кат-кат катнаштан мүчүмөгүн аңдаган Бектур баштык жетиналбай, ары ойдолоп да, бери ойдолоп да, бөбөгүн алкайт: "Кайталайм, Арсен карагым, сен кайрылганда аларың шүүдүрүм шимирген байчечекейдей жайнашат, тооба. Бир сөз билбесем деле, көздөрүнөн көптү баамдадым". Ошондойу ошондой окшоду. Салам-аликтен кийин, андан ары абажайынан келатканда, турмуш-тиричилик жагдайындагы жана башка олуттуу суроолор козголгондо араб меймандар, жардамчылары сереңдеп, аркы-теркиге кадимкидей кызыгышты. Берегидей түйшүккө карабастан- ал кээде күн тыным, түн уйкусуз англис, орус, кыргыз тилдерине шакылдата которду- жараян Арсен Саманчинге да бөтөнчө жагымдуу. Биринчи нөөмөт- дярдаштар, артынан бекзадаларды тосуу анын саресебине жараша тыкыр жана заманбап деңгээлде, эч кандай бир артыкбаш убарагерчиликсиз бүткөрүлдү. Эки төрө тең агынан жарылган жаш адамдар, куракташтай, азыркыча ой жүгүрткөн, дене тарбияга жуук, бешенесинен берекеси төгүлөт: бири Кембриджден, экинчиси Оксфорддон окуптур. Хасан кара калың мурутчан. Мисири мурутсуз, ээк-жаагы жалтырата кырылган. Чамасында жырткыч айбандарга аңчылык буларыңызга эрдик эмес, спорттун төтөн салаасы өңдүү. Бысмылдасында жогорудагы маалымат менен байкоолор жетиштүү. Кезегин жалгай Арсен конокторго өлкөсү, мобуреки тоолуу дубан, бийик зоонун атыр жыттуу абасы, жергиликтүү калк, элдик каада-салт жана үрп-адат туурасында жобурады. Туюк Жарга бир нече авто тизилип жөнөгөнү - Бектурган көч башындагы джибинде, соңундагы "Хаммерде" канзадалар, катарлаш тилмеч жана такай коштоор кеңешчи сыпатындагы Арсен Саманчин, сакчылар, кызматчылар жана телекабарчылардын улоосу куйрук улаш. Атпай Туюкжарлыктар короосунан суурулуп, меймандарды мээримдүү куттукташты. "Хаммерди" сонуркаган чычымдар көчө бойлой жандап чымылдаса, күчүктөрү күдүрөңдөп чуркаганына бак. Алдагыдай машинени чечектер биринчи көрдү, мындай кереметтин чаң тозутуп баратканы айрыкча сүйүнүч . Балдар эле эмес, айрым чоңдор деле аң-таң: миллионерлери ушулбу, спорттук кийимчен карапайым жигиттер тура. Акшам маал. Меймандарды атайын сырдалып-акталган бөлмөлөргө жайгаштырышты. Бирпас тыныктырып, кечки тамак сунушту, арак сунушташты, арийне, арабдар Чыгышта абдан бааланган илбирстердин терисин олжологондо гана шарап ичебиз дегенчелик азилдеп, кыйылышты. Баарлашуунун капшабында Арсен Кайып кыз тууралуу уламышты аңыздаганы. Учкай эметем дегиче, эргигенин элебей чекчейиптир, өзү да толкундап, конокторду да ээликтириптир. Чет мамлекеттиктер адамзатты алмустактан шилилеген көралбастык менен кастыктын туундусундай каргашага өтө-мөтө майышышты. Күйөө баланын кайындарына илбирстин ичигин тартуулаганына там берип, жүрөктөн кабылдашты, анүстүнө илгерики уучулар жырткычтарды от бүрккөн куралсыз оңколоткону айгине. Илбирстен тон, кементай белектөө ырасмиси азыркыга дейре күчүндөбү дешип шыпшынышты. Анда эмесем, илбирстин териси жердигинен кабылан менен жолборстун терисиндей кундуу окшобойбу? Арсен Саманчин улуктардын ачык-айрымдыгынан үстүрттүктү эмес, астейдилдикти тааныды. Маектешүүдө коноктор арабдардын ата мекенине Арсендин зыяратчылыгынан чегишти, некин, Египеттен өңгө өлкөгө кадам шилтебегенине өкүнгөнчөлүк, Арабстанга чакырышты, ардактап каршылоого ишендирип, даректери чегеленүү кагаздарын карматышты, достуктун урматы үчүн бедуин конушун кыдыртууга убадалашышты. Аргасыздан тамылжыган Арсен канзадалардын сейрек жөрөлгөлөргө дилгирлигин кадырлап, баштык да баса өтүнбөдүбү, агымдагы коомдук жана саясий көйгөйлөрдү көөлөгөнү жок, асыресе, журналист куйма кулак, тажрыйба сиңирүүгө уста. Де-дебе, жогорку даражалуу ак сөөктөрдүн аалам таануусу өзгөчөдүр. Арийне, коомдук жана саясий жоболорго көз карандысыз жалпы дүйнөлүк маселелер бар. Маселен, экологиялык маселелер. Кээде алар тек чектелүү жамиятка тийиштүүдөй туюлат, кайсы бир жерде калайман, анын бизге залалы анчейин. Бирак, ар кандай экологиялык балекет түбүндө Жер жүзүнүн жаратылышына жабыр. Арсен Мисир, Хасан менен жайынча божурашууга куштарланды, лекин, Бектур агасы бекемдегендей, "бизнесибизде, ири алды, меймандостук маанилүү,- бул деген сыйкордук жана сыпаалык". Сыпаалыктын эрежесин бузбоо шарт. Меймандын көңүлү үлбүрөк. Анан калса, Арсен Саманчиндин дилин Таштанафгандын наадандыгы өйүйт. Кандайдыр тайсалдагандай, тартынчыктагандай шекилде…Баягыдагы башаратынан соолугуу байкалды, некин… Жатуудан мурун коноктор тышта таза аба жутту. Түнкү асемге бакты- тептегерек ай, жымыңдаган жылдыздар, чайыттай Көкө Теңир, чууларында- өркөчтөнгөн катмар-катмар кыркалар. Хасан серепчилей, дейт: - Арсен мырза, балким, мергенчи күйөө тигил тоолордо илбирс аңдыгандыр? - Ий-е, ал ошол тоолорду байырлап, ошол тоолордо уучулукка кыныккан- деп жооптошту Арсен Саманчин. А Мисир улай: - Кайып кыз да тиякта тербип, ыйлагандыр? - Ооба, ал ошол күндөн ушул күн мергенчисин издеп, зарлайт. - Бечара,- Хасан муңайым үшкүрдү. Ал эми Мисир бир чулу чындыкты кыстарды: - Мүмкүн, Кайып кыздын бактысы ушундадыр? Эгерде аскадан аскага жорткон селкини, актирисаны ободон камерага тартса, үлгүлүү бейнеге айланмак. - Сонун идея!- Хасан жиреди. -Кайып кызды махабат менен ышкынын колдоочусу деп жарыяласак. Ар бир кишиге анын ыманы ысык. Анткени сүйүү кырсыгы каш- кабактын арасында. Арсен мырза, Сиз буга кандай дейсиз? - Мен бир топтон бери карай "Кайып кыз" аттуу опера туурасында толгоном. Эгерде эрким жетсе… Пикириңиз илхамымды коозутту. Ара-тородо "Кайып кыз" таржымалы капылеттен, кайрадан курчуганы. Уучулукту чыпкалап, беймарал, кең-кесири талкуулоого ниеттеништи белемдир. Анан коштошушту: - Түшүңүздөр оңолсун! - Азанда аманчылыкта учурашалы! Эжесинин тамына кайтып, Арсен короодо аркы-терки арыштайт. Ага меймандар таасын таасир этиптир. Мындайды күтпөгөн. Европанын билими Европанын билими экенби. Жана таңданганы: жашабагырларың фалсафа менен аңчылык кумарды кантип айкалыштырат? Арыды, уктамагы абзел. * * * Түнкүсүн тоодогу атпай жан-жаныбар текши мыдырап, мүргүдү. Жалгыз гана Жаабарс Үзөңгүлөш дабанынын оозунда кынжылып, айга айбаттуу күркүрөп, таманын кемирип, тиштегилеп, дале жеберинече туюнбаган кандайдыр бир капсалаңды түкшөмөлдөгөнсүй чалпоолонт… Узактан баягы добуш угулат. Кайып кыз эсе чырым албай, чыркырайт… * * * Ошобу түнү кимдир бирөө карапайым ашыгын аңсап, түйшөлдү. Элес кантти? Курбулары жыйылып, Саратовдун поездине үлгүрдүбү? Үлгүрбөсө, дагы бир сутке сүлкүлдөмөй. Эмкисин поезд сейрек күшүлдөйт. Басымдуу эл учакка тап. Эртең менен зываңдаган, экинчи сүйлөшүшпөдү. Убактысы чакталуу. Өгүнү, өзөндүн кашатында балкыган кыярбас учуру карегинен сыдырылат, ыкыбалына ыраазы… Түн көшөгөсү түрүлдү. Таңга жуук табияттын ырайы чиркиттептир. Тоо чокусун кайдан-жайдан каптаган булут чулгап, Батыштан айдарым жел согуптур. Чукулда күүсүндөгү саратан чытырап, мемиреди эле, аныбыз ушунусунан жазбоочудай жайылыптырбыз. Асыресе, ушутапта деле күдүктөнүүгө түрткү аз эсе. Жайдын күнү жаш баладай, анча-мынча ала булут бирде мында, бирде анда. Жаандын, же жаманы, добулдун каары дегенчелик иренжүүгө эрте. Зоордон түйшүк түтөдү- бирин бүткөрсөң, экинчиси бепбелен, "Мерген" фирмасынын расмий кагаздарында катталгандай, "шашылыш уучулук чараларына" жөнөөнү жөндөө зарыл. Меймандардын ок тешпес "Хаммери" дүрүлдөп, дөңгөлөнөөрдө Арсен Саманчин снайпер мылтыгынын, автоматынын, дүрбүсүнүн, үн жаңырткычынын, көк тиреген зоолордо түтөккө чалдыккандардын напесин жеңилдетүүгө көмөктөшүүчү маска-чүмбөттүн жана башка жабдыктарынын жай-жайында экендигин да бир курдай текшерди… Көлүктөр байланган бастырмага дейре саатына кырк-элүү чакырым ылдамдык менен отуз километрче жүрүп, бейгам өрлөштү. Ат багарлар ушарланып, такалуу, токулуу жылкылар ылалайт. Буерде миңгичтерге куржун артылды. Мунусу Бектурган баштыктын көзөмөлүндө. Арабдар көлүккө баштатан көнбөсө абыгер тартышмактыр. Бирде бул, бирде тигил жантаймадан топо эшилип, таш шыркыраганда чабандес ээрде мыймыйдай түйүлүп, атынын басыгын жетектөөгө тийиш. Убай-чубай таталашты. Астыда жергилик койчуман, койчумандын аркасынан Бектур баштык, андан бери - бекзадалар, Арсен Саманчин. Аралыктан кобур-собур эшитилет, бирок, алысташса байланышуу максатында ар бири каруусуна бирден мегафон асынган. Сакчы, жардамчылар биртке оолак. Бара-бара капчыгай кууштап, аскалар салаңдап, тик төштөрдөн майда шагыл куюулуп, мингичтерге каскак, некин, азырынча атчан теминишет. Арада эчки- текенин элтеңдеген бадалары бир нече ирет кыйгач кайыды. Абалтан жырткычтарга жем ача туяктуулар кайдадыр жатак которуштургандай. Турнабайды шыкаалаган Хасан Тияншан кайберендеринин элпек кыймылына суктанып, бир аз энтиге оозанды: - Достор, эгерде мобуреки мойтоңдогон жаныбарлар дабандан дуу оосо, анда илбирстер ачкалыктан бири экинчисин кайсап-мойсомок дегендей санаа "кылт" этти, мага. - Мээ иштебейт да! -Мисир мыйыгынан жымыйды.- Качпайбы да бозбойбу. - Мүмкүн, тескерисинче, биринин насибин бирине жууруган жаратылыш даанышмандыр, -деп Арсен Саманчин кыпчылды. Эки араб жарыша бүлкүлдөдү. - Туптуура. Жаратылыштын даанышмандыгына кулдук урабыз! - Илбирстерди ийгилик жылоолосо, бизди да ийгилик жылоолойт! Ошондойбу? Бул тамаша эриксиден татына маанай жаратты, ошонусу керек эле. Арсен Саманчин меймандардын паанайынын оболошуна тилектеш, анткени алар жалаң эле уучулукту көздөбөйт да. Инсандардын ымаласы биринчи орунда. - Ко-ош, азиз меймандар,- деди ал,- фирмабыздын жетекчиси Бектурган баштык тетиги урчуктун аркы бооруна чатыр тигилген, өргүйбүз дейт. Көлүктөрдү ошерде чидерлеп, арылай жөө кыдырабыз. - Мейлиге. - Аңчылык деген аңчылык… Шашкенин кербези. Бектур баштык берен, жанчылган денени бирпас жибиттирди, кымыз уурташты. Өйдөдө демигесиң, киши. Рюкзактарды чактап, мылтык, мегафон, бөтөн жарактарды ийинге илип, камданып-чоттонушту. Ашуу ашып, таш басып чаалыккан мергенчилер танаписте, Арсен Саманчиндин чабыты чексиз. Бектур баштык эки жанжөөкөрү эки жагынан таяп, ээрден эптеп жылбышты, көкүрөгү кырылдап, сакалын мыкчып, коноктор менен коштоочулар түздөн-түз аң уулоону аял-буялдашмагын эскерткени, анткени, куугунчулар кабарсыз. Улуктар чыргоолонбоду. Альпинисттер менен геологдордун бышыктоосунда, абалаган чокуларда кайра дүрмөттөлгөндөй "кишинин жаны алмашат", парасат менен дүйнөнү кабылдоо жаңыланат. Оюң оңдуу, ар кыл диндер сүкүт үчүн пайдалануучу чиркөөлөрдүн бийиктикте курулганы буга ачык мисал. Тоолордо ойдуң, чөлгө салыштырмалуу эркин да, элкин да кыялданасың дешет. Баркы бөтөнчө. Так төбөңө дээрлик көмкөрүлгөн асман мына, чыпалагың чырпыса, чычылган булуттар мына, түбөлүк кебелбес, үбөлөнбөс аскалар мына, жер менен жер, кыртыш менен кыртыш, кыяматта ээрибес ак кар, көк муз мына - мурдуңдун учунда, жапжашыл дарыяда туптунук суу, дабакөй аба көөдөнүңдү аралап, зылдай бирдеме көтөргөнсүп кышылдатат. Мүмкүн калкагар тоонун койнунда адамдын руху айрыкча сабалап, сезимдери аркайган урчуктар менен кулунчактай солкулдак шамалдарга теңтайлашар. Ортодо Арсен Саманчин делөөрүдү. Кадимки көр тириликтен четтеп, башка бир талаа кезгендей кебетеде, ыраак-ыраакта. (Уландысы бар) Которгон Абибилла ПАЗЫЛОВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|