Чыныгы күрөш эми башталат
Оппозициянын шлактары кетип, бетону калды!
Бийлик акыркы айбаттуу кадамдары менен демаралдын демин басканы оппозиция баш көтөрө элек болчу. Дүйшөмбү күнү "Акыйкат үчүн" кыймылы форум өткөзүп, оппозициядагы ар кыл адамдар "Хаятт" мейманканасында чогулушту. Алар: "Күрөш али бүтө элек, демократиянын нугун бузган системага болгон күрөш эми башталды" дешти.
Темир САРИЕВ, экс-депутат:
"Биз парламенттин легитимдүүлүгүн тааныбайбыз"
- Жогоруда өкмөттүк эмес уюмдар эң туура фактыларды келтиришти. Өткөн шайлоо боюнча андай мисалдардын далайын келтирсе болот. Ошондон улам ойлойсуң, бийлик шайлоону мындай кылып өткөрүшөөрүн билген соң, бизди да, өздөрүн да кыйнабай, мамлекеттин акчасын желге чачпай, 7-кабатка 3 киши олтуруп алып эле парламентти түзүп койсо болмок экен. Жалпылап айтканда, биз шайлоонун жыйынтыктарын, азыркы парламенттин да легитимдүүлүгүн тааныбайбыз.
Абдыганы ЭРКЕБАЕВ, академик:
"Кыргызстан нагыз тоталитардык түзүлүшкө өттү"
- Эң демократиялуу деген Великобритания, Израил өлкөлөрү бүгүнкү күндө конституциясы жок эле жашап жатышат. Же болбосо АКШ, Батыш Европа, Японияда Конституция а тургай кылымдап өзгөрбөй келет. Ал эми тарыхта антиконституциялык жол менен Конституцияны тебелеп бийликке келгендер да болгон. Айталы, Муссолини менен Гитлер. А бизде эмне болуп жатат? Кыргызстан 17 жыл ичинде өз Конституциясын 7 жолу өзгөрттү. 1993-жылы 3 жыл бою даярдалып келинип кабыл алынган жакшынакай Конституция өзгөртүлүп жүрүп отуруп, акыры 2007-жылкы референдум аркылуу болуп көрбөгөндөй супер-президенттик республика болуп жатып калды. Бүгүнкү күндө пирамида түспөлүндөгү вертикалдуу президенттик бийликтин монополиясы түзүлдү. Анын негизин президент өзү башында турган партия түзөт. Бүгүн бүтүндөй бийлик мүчөлөрүн президент өзү дайындайт. Демек, биз нагыз тоталитардык түзүлүшкө өттүк. Биз бүгүнкүдөй жүзү суук системага 3 гана айдын ичинде айланып отуруп калдык. Биз мындан ары бул системаны жок кылуу үчүн баш бириктиришибиз керек.
Мирослав Ниязов, Генерал, чекист:
"Ак жолчу" парламент эл кызыкчылыгын коргой албайт"
- Кыргызстандагы азыркы саясий айдың мага бийлик менен эл тирешип аткан боксчулардын рингин элестетет. Анын I раунду өткөн жылдагы референдумда башталып, бийлик элди күтүүсүздөн нокдаунга чапты.
Эркин БӨЛӨКБАЕВ:
- Этектен ылдый тепти дебейсизби…
Мирослав НИЯЗОВ:
- II раунд кечээки шайлоодо башталды дагы, жогоруда этектен ылдый экинчи жолу дагы катуу сокку жеди. Нокдаунга түштү. Ошол жыгылуудан эл эмгиче эсине келе албай жатат. Ошентип эл утулду. Эми ошол жыгылган элдин эки гана жолу бар. Биринчиси, утулганын моюндап, бүт эркин жыга чапкан бийликке өткөрүп берип, мындан ары былк этпей чөгөлөп бериши керек. Экинчиси, эл матч-реванш сураш керек. Кадырлуу бийлик, "мындай ыплас оюн кылганыңарды койгула" деп айбат көргөзүш керек. Анткени, бул шоуну уюштургандар анын жыйынтыгы кандай болоорун алдын ала эле билишкен. Өлкөдө эмне деген, кандай болгон шайлоо өткөрүлгөндүгүнүн чындыгын элге бүгүн бир дагы бийлик бутагы айтып бере албайт. Демек, бүгүнкү парламент эл кызыкчылыгын коргоп бере албайт. Андыктан, азыркы парламент эч кандай легитимсиз. Анын ичиндеги бирин-экин татыктуу адамдар бийликтин барымтасында калышты. Бүгүнкүдөй шартта мындан ары кыргызстандыктар өз жарандык укуктарын иш жүзүнө ашыра алышпайт. Кыргызстан жарандары мындан ары шайлоо жана шайлануу укугуна ээ боло алышпайт. Азыркы бийлик эч качан өз эрежеси менен оюн өткөзө албай тургандыгын көргөздү. Бийлик өзү элди эрежесиз күрөш менен жашоого түртүп жатат. Бүгүн бийликти борбордоштуруу арааны болуп көрбөгөндөй жүрүүдө. Мындай система менен эзели жарыбай турганыбызды эсибизге түйүп коюшубуз керек. "Биз мындан ары эмне кылышыбыз керек?" деген суроо туулат. Эң башкысы, биз бийликти элге берүү үчүн децентралдаштырууга күч үрөгөнүбүз оң. Биз бүгүнкү форум менен кыйшаюсуз аткарылууга тийиш болгон чечимдерди чыгара албайбыз. Бирок жалпы элдин сезимине жеткирүү үчүн иштөөгө укугубуз бар. Биз элге азыркы система - Кыргызстандын өнүгүү логикасына карама-каршы келээрин сөзсүз жеткиришибиз керек.
Дастан Сарыгулов, экс-мамкатчы:
"Бир дагы партия өлкөнүн өнүгүү планын айтып бералбайт"
- Эл өткөн шайлоодо коммунисттерди да, демократтар менен либералдарды да, а тургай бийликтин партиясын да колдошкон жок. Эмне үчүн?
Анткени, өлкө кайсы жол менен мындан ары кетиш керек экендигин алардын эч бири айтып бере алышкан жок. Кыргыздар чыгышты да, батышты да туурабай, миңдеген жылдар бою жашап келаткан өз жашоо эрежесине түшүш керек. Ал: адилеттик жана ар-намыс. Эл байлыгы - адилет, таянычы - калыстык, келечеги - акыйкат. Намыс - өлүмдөн өйдө. Эркектин билеги күчтүү, аялдын тилеги күчтүү. Демек, бул соңиалдык-гендердик теңдик. Ал эми саясий теңдик дегенди кыргызи "баш кесмек бар, тил кесмек жок" деп гана берип койгон. Ал жалпы элдик курултай менен негизделген кечээки шайлоого миллион гана киши келип, 1 млн. 700 миң киши келбегени айтылып жатат. Алар эмне үчүн шайлоого басып келишкен жок. Анткени, алар эч кимге ишенбейт. Качанкыга чейин кыргыз баскынчылык саясатка жем болуп, бөлүнүп-жарылып, өксүп, чөгөлөп, кыргыздын чыгаан уул-кыздары качанкыга чейин сырттан таңууланган , кыргызды бөлүп-жарган саясатты турмушка ашырган курал болуп жүрө берет. Кыргыз өзүнүн 5 миң жылдан ашык тарыхын чанып аттап кеткенге акысы барбы? Эл-журт бүгүн жаңы идея күтүп жатат.
Жыпар Жекшеев, КДК лидери:
"Өзгөртө албасак - күнөө өзүбүздө"
-Бүгүн ар бирибиз бүтүм чыгарууга убакыт келди. 17 жыл бою биз өлкөдө эч нерсе өзгөртө албай аткан болсок, демек, буга биз өзүбүз да күнөөлүбүз. Биз акыркы өткөрүлгөн референдумда коңгуроону катуу кагып, анын мыйзамсыздыгына каршы чыга алганыбызда, кечээки шайлоодо мынчалык мыйзамсыздыкка жол бермек эмеспиз. Эгерде биз бүгүн да унчукпай отура берсек, эртең эмне болоорубузду элестете берсек болот. Биздин ар бир жолку кайдыгерлигибиз , ар бир жолку тилибизди тишке катып дудук болуп унчукпай коюубуз барган сайын өз тагдырыбызга урулган сокку болуп келет. Мобу жерде отурган көпчүлүгүңөрдөн айырмаланып, мени президент бүгүнкү кызматыма үчүнчү жолу дайындап атканына карабай, мен кандай болсо да өз позицияма бекем турган, элдин кызыкчылыгын айта алган эркимден тайбайм.
Алмаз Орозбаков,
"Кыргызстан патриоттору"
партиясынын лидери:
"Бүгүн центристмин деп айтыш кыйын"
-Бүгүнкү күндө айрымдар эки фронтко тең иштеп жүрүшөт. Антпей өз позициясына бекем турганга кезек келди. Кечээки өткөн балит шайлоодон кийин өзүн нормалдуу адаммын деп эсептегендер бийлик жакта болмок тургай, центристмин деп да айта алышпайт. Мирослав Ниязовго окшогон лидерлер бүгүн жөн жатпай, активдешсе жакшы болоор эле. Биз коркпошубуз керек.
Эмил Каптагаев,
"Улуу биримдик" партиясы:
"Ата Мекенден" бөлөгү бүт Акүй менен соодалашты"
-Жекшеев туура айтат. Биз баарына өзүбүз күнөөлүбүз. Референдум өткөнү жатканда баарыбыз унчукпай ага бардык го. Акүй ойлоп тапкан оюндун эрежесине көнбөдүкпү. Партиялардын бардыгы ошол оюн эрежеси менен оюнга катышты. Эч ким ага каршы болгон жок го. Партиялардын баарысы, "Ата Мекенден" бөлөгү Акүй менен соодалашты. Аны моюнга алышыбыз керек. Ошол соодалашкан базардан бийлик утуп чыкты. Ооба, биз кечээки шайлоодон кийин мамлекетти жоготтук. Бизде бүгүн эч кандай Конституция, мыйзам, бирдиктүү мамлекет да жок. Бийлик кандай кааласа ошондой колдоно турган мамлекет түспөлүндөгү сөлөкөттөр гана калды. Бүгүн бир нерсени түшүнүп, көзү жетип, сезгендер гана бул системага баш көтөрүп, каршылык көргөзүп жатат. Калгандарынын баары туура болду деп коюшуп, колду жайып жүрүшпөйбү. Эмне үчүн ШОС мүчөлөрү биздеги болуп өткөн окуяларга "бардыгы жайында" деп жооп беришти. Анткени, биз алардын курсу менен, жолу менен тепчип баратабыз. Алар бизди өздөрү салган изге түшкөнүбүзгө сүйүнүп жатышат. Ошол үчүн колдоп жатышат. Бүгүн Кыргызстандын жарандары эле эмес, мамлекет өзү да айланасындагылардын айбаттуу караанынан алдастап, эркин боло албай калышты.
Уран Рыскулов,
"Достоинство" кыймылы:
"Оппозициянын шлактары кетип, бетону калды"
- Азыр көпчүлүк партиялар 30-40 миң мүчөбүз бар десе, менин күлкүм келет. Шайлоо маалында "Сокулук району боюнча штабдын начальниги керек. Айлыгы - 200 доллар" деп жазылган жарыяларды көрдүк. Мынакей, 2 айдын ичинде партия түзө коебуз дегендердин жүзү. Туура, жаштар тартылып жатат. Жаңы муун керек. Бирок азыркы партиялардагы айрым жаштар мурдагы муундагыларга караганда 10 эсе жүзү кара. Ошондой жаштар көбөйдү. Манасты Манас кылган Бакай болгон. Жаштарга да ошо сыяктуу улуу муундун Бакайлары керек. Биз эски муундун баарысы кетсин дебейбиз. Ноябрь митингинин башындагы Атамбаев, Эшимканов, Карабековдор бүгүн кайда отурушат?! Апрелде жаштарды баштаган Айтикеевди "тааныбайм" деп, түрмөгө отургузуп коюп, Куловдун бүгүн кантип кекиртегинен тамак өтүп үйүндө отурат. Ошо сыяктуу өткөн митингдер бизге сабак болду. Оппозициянын ичиндегилердин кимиси ким экенин биз көрдүк. Азыркы оппозициядагы эже-агайлар, бүгүн силер да биздин элегибизден өтүп жатасыңар. Менимче, оппозициядагы шлактар кетип, негизги бетону калды. Оппозициянын фундаментин силер куюп бердиңер эле, дубалын биз - жаштар көтөрөбүз.
Роза Отунбаева, ЖК депутаты:
"Бийлик оппозицияны күч менен мертинте албайт"
-Коомдук парламент түзүүнүн идеясы абдан жакшы. Болгону анын деми эрте өчүп калбаса эле болду. Ооба, бүгүн өлкө демократиядан өтө алыс оолактап бараткандыгында шек жок. Эркин митингдерди өткөрүү, сөз эркиндигин жерип бараткандыгыбыз чындык. Шайлоолор болсо, кандай өткөрүлөөрүн көрдүк. Мен бүгүнкү биринчи Улуттук телеканалды айта кетет элем. Карагылачы, бүгүн аны ким башкарып турат? Ал оппозициянын королдорунун бири эмес беле. Ошол адам шайлоолор маалында эң ыплас кара пиарды уюштурду. "Ак жолдон" бөлөк партиялар көпчүлүк учурда эфирден а тургай акчасына да чыга алышкан жок. Баягы "ичиң күйсө, туз жала" дегендей мамиле жасады. Келечекте деги эле кыргыз элин теле-көрсөтүү менен кантип тегиз камсыз кылуу керек? Ошону ойлонсок. Алдыда президенттик шайлоо турат. К.Бакиев кийинки 5 жылдыкка калгысы келип атканы түшүнүктүү. А балким өмүр бою калгысы кетип аткандыр… Бүгүн Кыргызстан болуп көрбөгөндөй түндүк менен түштүккө бөлүнүп калды. Анын ажырымын кечээки өткөн шайлоо абдан күчөттү. Ооба, биз оппозиция жана бийлик болуп бөлүнүп жатабыз. Бирок түндүк-түштүк болуп бөлүнүү өлкөнүн тагдырын чечээр дартка айланып отурат. Президент Бакиев бул боюнча өтө олуттуу чараларды көрбөсө болбойт. 2005-жылдагы шайлоолор жыйынтыгына өз туура баасы берилбей калган. Эмне үчүн Акаевдин президенттик мөөнөтү дагы алдыга жылдырылган? Эмне үчүн? Акаев "революциянын локомотиви Отунбаева болгон" деп жаңылып атат. Локомотиви Чолпон Баекова болгон. Акаевди үчүнчү мөөнөткө барууга укук алып берген да Чолпон Баекова болучу. Ошондой амал менен ал өлкөгө революциялык жол ачкан. Ошондуктан, Баекова Акүй алынган 24-март түнү КТРге Курманбек Бакиев менен бирге чыгып, элге окуя кандай болгондугун айтып берген. Айтор, Консот менен БШК тарых алдында далай иштер үчүн жооп бериши керек.
Жыйынтыктап айтканда, өткөрүлгөн форумдун резолюциясы бизди үлкөн иштерге бел байлатыш керек. Бүгүнкү күндө президент Бакиев оппозицияны эч кандай кара күч менен мертинте албайт. Эмне дегенде ал өзү бийликке революциялык жол менен келген.
Эмил Алиев:
"Ар-намыс" партиясы:
-Мен бүгүнкү кайрылууну колдойм, бирок биз мыйзамсыздыкка каршы мыйзамсыздык менен жооп бербешибиз керек. Биз мыйзам менен гана мыйзамдын алкагынан чыкпай жооп беришибиз керек.
Залдан:
-Эмил мырза, сен кайсы мыйзам жөнүндө айтып атасың? Барбы өлкөдө деги мыйзам?
Бакыт Бешимов, СДПК партиясы:
"Биз демократиялык жол менен гана өнүгөбүз"
-Кыргызстан демократиянын, эркиндиктин шартында гана ишенимдүү өнүгөт. Тилекке каршы, бүгүн анын баалуулуктарына доо кетип жатат. Биз башкалардын өнүгүү моделдерин эч качан туурабашыбыз керек жана туурай дагы албайбыз. Кечээки референдум сөз жок көз боемочулук менен өткөрүлдү. Партиялардын, анын ичинде СДПКнын добуштары уурдалды. Эң көп добуш алган "Ата Мекен" партиясы бүгүнкү күндө парламентте отурушу керек эле. Мындан ары да мындай көрүнүштөр болбош үчүн коомдук парламент түзүшүбүз керек. Мен бул идеяны толук колдойм.
Форумдун аягында "Акыйкат үчүн" кыймылы төмөнкүчө резолюция кабыл алышты:
1. Референдумда кабыл алынган КР Конституциясы жана "Кыргыз Республикасындагы шайлоолор жөнүндө" Кодекси өлкө мыйзамын одоно түрдө бузуу жолу менен кабыл алынган жана коомдун демократиялык кызыкчылыктарына жооп бербейт деп эсептелинсин;
2. 2007-жыл, 16-декабрдагы КР Жогорку Кеңешине болгон парламенттик шайлоо ашкере мыйзам бузуулар менен өтүп, шайлоо жыйынтыгы одоно бурмаланды. Ошого байланыштуу КР Жогорку Кеңеши легитимсиз деп эсептелинсин;
3. Шайлоо жыйынтыгын бурмалап, бузганга жол берген адамдар саясий жана кылмыш жоопкерчилигине тартылсын;
4. Координациялык кеңеш түзүлсүн жана ага "Акыйкат үчүн" кыймылынын аткаруу органы ыйгарым укуктары берилсин;
5. Коомдук парламент негизделсин. Координациялык кеңешке коомдук парламенттин жобосун жана регламентин иштеп чыгуу милдети тапшырылсын;
6. Элдик Курултай чакырылышы жөнүндө жарыялансын. Координациялык кеңеш Элдик Курултай жөнүндө жобону иштеп чыксын жана Курултайды качан жана кай жерде өткөрүү орду белгиленсин.
Даярдаган
Жеңишбек ЭДИГЕЕВ