Ыр секи
Азиза машинасы жок жигитти тандады
Азизанын шоу-бизнеске аралашканына сегиз жыл болду. Сүйлөшкөн жигити бар. Ылайыгы келсе быйыл турмушка чыкканы турат. Болочок жарынын материалдык ал-абалына таптакыр караган жок. Биргелешип тапкан байлык жугумдуу болот дейт.
-Азиза, ырчы болуш бала кездеги кыялыңбы?
-Жок. Көпчүлүк ырчылар кичинесинен эле ырчы болсом деп самайт экен. Мен, тескерисинче, ырчы болом деп такыр ойлогон эмесмин. Үч уктасам түшүмө да кирген эмес. Бала кезде врач болгум келчү. Пенициллиндин бөтөлкөлөрүн чогултуп алып, жыгачтан шприц жасап ойной берчүмүн. Он биринчи класста окуп жүргөн кезимде Токтогул районунда "Миң кыял" деген жалаң кыздардан турган ансамбль түзүлүп, таланттарды тандап жаткан. Курбум Жыргал "сенин үнүң жакшы, ошол сынакка катышпайсыңбы" деп калды. Менин бара турган оюм жок болчу, болбой эле ээрчитип алды. Ошол ансамблге кабыл алынуу үчүн 100 дөн ашык кыздар сынакка катышып, мен өтүп кеткем. Он биринчи класста окуп жүргөндө ошол ансамблде ырдап жүрдүм. Анан эле кызыгып кеттим. Айылдарды кыдырып, гастролго барып жүрдүм. Ошентип жүрүп орус тилинен боло турган мамлекеттик экзаменге катыша албай калгам. Окууну жакшы окугандыктанбы, класс жетекчим кийинки жылга калтырбай мени өткөрүп жиберген. Агайым Жакып Исаков "сенден сөзсүз ырчы чыгат" дечү. Ырчы болушума ата-энем каршы болду. Врач же экономист болосуң дешчү. Мектепти бүткөндөн кийин таежем "ырдабайсың" деп Оштогу техникалык университетке тапшыртып салды. Университетте окуп жүргөндө деле ар кандай сынактарга катышып, ырдап жүрдүм. Мугалимдер сабагыман көтөрмөлөп, жакшы эле колдоду.
-Бала кезден ырчы болууну каалабагандан кийин ырчы болгонуңа өкүнбөйсүңбү?
-Жок, өкүнбөйм. Бирок бир чети аялзатына ырчы болуш кыйын экен. Баарынан да элдин тигиндей, мындай деген ушагы жаман экен. Моралдык жактан абдан чарчайсың. Гастролго айыл жергесине барганда мастар тийишкен учурлар кездешет. Ошондо "экинчи ырдабайм" деп өзүмө өзүм сөз берем. Анан үйгө барып эс алгандан кийин эле "ырдап бербейсиңби" деп сунуш айткандарга унутуп калып эле "Ии, макул, барам" деп сумкамды көтөрүп жөнөп калам.
-Материалдык жактан сени ким камсыз кылат?
-Ата-энем, инилерим, жигитим жардам берет. Айбек Карымов жетектеген "Кылым муза" продюсердик борборунда иштейм. Бирок айлык албайм. Иштеген акым үчүн ырларымды бекер жаздырып, оранжировкалап беришет. Ошонусу мен үчүн жеңил болду. Анткени оранжировка кылыш үчүн бери жагы дегенде эле 100 доллар керектелет. Андан сырткары, кээде чакырган тойлорго барып акча табабыз. Гастролго мурда көп чыкчумун. Эки жылдан бери чыга элекмин. Гастролдун ысыгын да, суугун да көрдүм. Жайкысын билинбейт, кышкысын клубдар суук, элди деле концертке келтире албайсың. Таап келген акчаң денсоолугуңа эле кетип калат. Керек болсо тапканың жетпей да калат.
-Ырчылардан досторуң барбы?
-Фарида Карбозова, Роза Шакирова, Назми, Сапар, Айгүл Чалова, Ынак Осмоналиев менен туулган күндөрдө, майрамдарда жолугуп турабыз. Кафеге отурабыз же болбосо бири-бирибизди үйлөрүбүзгө чакырабыз.
-Болочок теңиңди таптыңбы?
-Сүйлөшкөн жигитим бар. Абдан жөнөкөй, адамгерчилиги жогору. Ошонусу менен мага жагат. Мени жакшы түшүнөт. Отуз бир жашта. Жерлиги Нарындан. Сүйлөшкөнүбүзгө эки жарым жыл болуп калды.
-Ал сенин ырчылыгыңды туура кабыл алабы?
-Баш кошкондон кийин ырчылыкты таштайсың дейт. Анын айтканы деле туура. Анткени аялзаты үйбүлө куруп, түтүн булатып, балдарды тарбиялап үйдө олтурушу керек. Быйыл шоу - бизнеске аралашканыма сегиз жыл болот. Ырчылыкты дароо ташташ кыйын. Балким бара-бара акырындык менен таштаармын. Биздин аркабыздан өсүп келе жаткан жаштар бар. Ошолорго жол бериш керек. Мезгил, жашоо өзү ошого алпарат. Өзүмдүн кесибим бухгалтер - аудитор. Экинчи курсту аяктагандан кийин сырттан окуп бүтүргөм. Ырчылыкты таштасам өз кесибим менен иштеймин го.
-Жигитиң сени кызганбайбы?
-Сүйүү болгон жерде, албетте, кызганыч да болот. Дайыны жок кызгана бербейт. Башкаларга окшоп сени карап койду, сага карап күлүп койду дегенден алыс.
-Анан качан баш кошолу деп жатасыңар?
-Анын үйлөнө турганга шарты деле бар. Мен ана-мына деп токтотуп жатам. Убакыт өтүп жатат деп шаштырып жатат. Мүмкүн быйыл баш кошуп калаарбыз.
-Замандын шарданына жараша жаштар болочок теңинин материалдык жагына көп карап калышпадыбы. Сенин жигитиң бардар жердин кулуну эмеспи?
-Жок. Менин жигитим жөпжөнөкөй. Мага ушундай карапайым жигиттер жагат. Үстүндө үйү, астында машинеси деле жок. Бишкекте фирмалардын биринде иштейт. Байлык - колдун кири. Бүгүн бар да, эртең жок. Колунда барга турмушка чыксам деле бир жеринен проблема чыгат , беш кол тең эмес да. Андан көрө биргелешип тапкан байлык жугумдуу жана таттуу болот деп ойлойм...
Асел СТАЛБЕК кызы