Зөөкүр заман

17 жаштагы Ынтымак өз энесин өлтүрүп, сөөгүн өрттөп жиберген
Үстүбүздөгү жылдын 3-январында Бишкектин четиндеги Жал кичирайонунда адам үрөйүн учурган окуя болду. 17 жаштагы Жуманали уулу Ынтымак тогуз ай омурткасы сыздап төрөп өстүргөн энесин өлтүрүп туруп, өлүгүн өрттөп жиберген.

Базар экономикасы белчеге батып, элдин жашоо-турмушу оорлой баштаган кездерде Суусаркан Эстебесова да элчилеп чет жакка барып иштеп келүүнү чечет. Россиянын Астрахань шаарына каттап кездеме алпарып сатчу. Бара-бара иши жакшы жүрүп, ишинин үзүрүн көрүп Астрахандан үй да алды. Жашоосу жаман болгон жок. Бишкектен Россияга барып, соодасын жүргүзүп жүрдү. Жолдошу Жумали менен уулу Кыргызстанда жашоо кечирип жатты. Уулу Ынтымак Юридикалык академиянын биринчи курсунда окучу. Баласына баш-көз болуп чогуу турган ата Россияда жашаган келинчеги менен кичине балдарын көрүп келгени бармай болот. Мындан эки ай мурда Астраханга кетет. Бишкектеги Жал кичирайонундагы үч бөлмөлүү үйдө уулу Ынтымак жалгыз калган. Окууга барса барат, барбаса жок өз билгенин кылды. Үстүндө үйү, астында машинеси бар. Кааласа өз машинесин, кааласа атасынын машинесин минип жүрдү. Каалаган жерине барат, каалаган жерине басат дегендей. Жалдагы үч бөлмө квартирасына досторун алып келип, каалагандай сайран куруп жүрдү.
Апасы көптөн бери көрө элек баласын көргүсү келип, анын үстүнө товар алып келгени Кыргызстанга келмей болот. Сайракан Россиядан жыл жаңыраары менен 3-январь күнү келет. Алыстан келген энеси баласын көрөм деп жүрөгүн сүйүнүч аралап шашып келатты.
Суусаркан үйгө келгенде үйүндө Ынтымак досу Нурбек менен экен. Үйдүн ичи жыйнаксыз жатканын көрүп уулуна жини келип, уулун урушат. Көптөн бери катуу сөз уга элек балага эненин сөзү катуу тийдиби, айтор, апасына абдан жини келет. Бир чети акчалуу келген энесинен кутулуунун айласын издеп табат. Ынтымак досу экөө арам ойлорун ишке ашырыш үчүн алдын ала сүйлөшүп алышат. Сүйлөшүп алынган план боюнча Ынтымактын жанындагы досу Нурбек Суусарканды балка менен башка чапкан. Анан эс-учун билбей жатып калган аялды жип менен муунтуп киришет. Муунтуп өлтүргөндөн кийин өлбөй калды го деп колунун тамырын кесишкен. Аялды кыйнап өлтүрүшкөндөн кийин гана жандары жай алган. Өлтүргөнүн өлтүрүп алышып, андан кантип кутулуунун айласын издеп табышат. Аялдын өлгөнүнө көзү жеткен эргулдар өлүктү эшикке алып чыгабыз деп ойлошот. Бирок эшикке караңгы кире элек болгондуктан бирөө жарымдар көрүп калбасын деп сыртка алып чыккандан коркушат. Кеч кирип, айлана түн жамынганда өлүктү сумкага тыгып салышып, экөөлөп эптеп эшикке көтөрүп чыгышып, машинага салышат. Машинага салышкандан кийин Жал кичирайонунда жайгашкан машинага май куюучу жайга барып, машинеге 10 литр бензин куюшат. Анан өлүктү тоо тарапты көздөй Башкарасуу айылына алып жөнөшөт. Машинаны бир топ жерге айдап баргандан кийин ээн жерге машинаны токтотушуп, машинадагы өлүктү чуңкурга салышат. Анан өлүк таанылбай калыш үчүн өлүктүн үстүнө он литр бензин чачып, ширеңке чагып өрттөшкөн.
Өлүктөн биротоло кутулдук, өрттөнүп кетсе билинбей калат дегенсип, кетип калышат. Апасынын жанындагы акчаны алып, экөө акчалуу болгонуна кудуңдашат. Эч нерсе болбогонсуп кымпыйып жүрө беришкен. Апасынын акчасына "Субару" маркасында машина сатып алган. Ал эми досуна "Нисан -Сефиро" маркасында машина сатып берген. Эки машинеге он миң доллардай акча сарпташат. Кылган иштери билинип калбасын деп, алган машинелерин айдабай катып коюшкан. Ынтымак апам жоголду деп, эч нерсе болбогондой камырабай жүрө берген. Каргашалуу окуядан эки күн өткөндөн кийин апам дайынсыз жок деп, Россиядагы атасына телефон чалган. Атасы суук кабарды уккандан кийин тезинен Бишкекке келет.
Үстүбүздөгү жылдын 11-январында Ленин РИИБнин издөө бөлүмүнө Суусаркан Эстебесова 3-январдан бери дайынсыз жоголду деген арыз менен Суусаркандын агасы кайрылган. Укук коргоо кызматкерлери жоголгон адамды издөө үчүн жакшы эле аракет жасашты. Россиянын Астрахань шаарында жашаган Суусаркан Эстебесова Россиядан келген күнү 3-январда жоголуп олтурат. Анын жоголушу бардыгына табышмак болду. Россиядан жаңы эле келген Суусаркан кантип эле жоголуп кетсин деп абдан таң калышат. Ынтымактан апасы тууралуу туугандары, андан сырткары укук коргоо кызматкерлери улам-улам иликтеп сурашты. Ал үчүнчү январда апасы түш ченде үйгө келгенин айткан. "Апам ваннага жуунам деп кирип кеткен. Мен болсо машинаны айдап чыгып, таксовать этейин деп кетип калгам. Кайра келсем, апам үйдө жок экен" деген жоопту бере берди. Туугандары, укук коргоо кызматкерлери Суусарканды издебеген жерлери калган жок.
Ынтымак туугандарынан корктубу же жан дүйнөсү жай алалбадыбы, айтор, эмнегедир кылган ишин айтып, күнөөсүн мойнуна алды. Ошентип, 25-январь туулган күнүндө кармалып олтурат.
Ошентип, акча үчүн өз апасынын өмүрүн кыйган эргул досу экөө кармалып, азыр СИЗОдо олтурушат. Апасынын акчасына сатылып алынган машинелер азыр Ленин РИИБнин короосунда токтоп турат. Тогуз ай омурткасы сыздап көтөргөн баласынан ушундай кордукту көрөт беле? Жумалинин айтымында, Суусаркан быякка келээрде 15-20 миң сом менен, андан сырткары Россияда жашаган тааныштары туугандарына берип жиберген акчалары менен келген. Баласынан мындайды күтпөгөн кан жуткан ата жубайынын өлүгү табылганда аны туулуп өскөн жерлери Токтогулга алып барып, ырым-жырымын жасап көмүп келишти. Кырк жаштагы Суусаркан минтип өз баласынын колунан ажал таап олтурат. Ынтымактан сырткары эки кичинекей бала энесиз калды. Өз канынан жаралган бала өз энесин акча үчүн ушинтип мыкаачылык менен өлтүрүп отурат. Он сегизге жаңы эле толгон Жумали уулу Ынтымак, анын досу 21 жаштагы Нурбек Коңуратов эми канча жылга кесилээрин сот аныктаар.

Асел СТАЛБЕК КЫЗЫ