Ыстаканда кантым бар

Биздин үйдөгү чайлашуу
Df:- Урматтуу коноктор, "Биздин үйдөгү чайлашууга" кош келиптирсиздер. Эшикте жаз келатат, жаз келатат. Сүйүү күнү да келатыптыр. Ошондуктан бүгүнкү чай үстүндө жаз жөнүндө сүйлөшөлү дедик. Жаз келгенде сиздерде кандай сезимдер болот?
Асылбек Өзүбеков: - Жазды кыздар жакшыраак сезет болуш керек, Бүбүкан айтсынчы…
Бүбүкан Досалиева: - Менин эң жакшы көргөн мезгилим-жаз. Себеби, жазда адамдар да, жер да тирилет эмеспи. Биз кичинекей кезибизде үчүнчү чейрек бүтүп, 1-апрелде сабакка төртүнчү чейрекке барчу элек го, күн жылуу, чайыттай ачык, кар эрип атат, анан карап турсам жерден буу көтөрүлөт да. Анан биздин үйүбүз мектептен алысыраак болчу, ошону карап басып мектепке барып жүрүп, жаз мезгилин жакшы көрүп калгам. Чоң энем көп айтаар эле: "Өлбөгөн жанга жаз келет" деп. Айрыкча, жоогазын ачылганда сонун бир сезимдер келет.
Айбек Карымов: - Жаз менен көп нерсени айтса болот. Жазда жылуулук келет. Жаңылануу болот. Жаз келсе мындай иштерди кылат элем деп күтүп отурасың. Эми чыгармачыл адамдар, мына Асылбек акем өзү билет болуш керек, жазында эмнелерди гана жаратабыз ээ.
Df:- Айбек, эми ыр жаратыш үчүн бир түрткү да керек дегендей. Жазында ыр жаратыш үчүн сүйүш керекпи?
Айбек Карымов: - "Сүйүүлөр жазда башталат" деп айтып калышат го, мен ошол сөзгө кошулбайм. Анткени, сүйүү жазда гана эле эмес,кышында деле жүрөгүңө жаз келип, сүйсөң болот да. Сөзсүз эле жазда сүйүш керекпи? Дайым сүйүп жүрүш керек.
Асылбек Өзүбеков: - Кыргыздар бекеринен жаңы жылды жазга койбосо керек. Жер жарылып чөп чыгып, өзүнчө бир керемет мезгил. Биринчи мартта менин туулган күнүм болот, жаздын биринчи күнүндө. Бир чети ушул күнгө жеткениңе сүйүнгөнүң менен, экинчи чети жашыңа жаш кошулуп, аркаңды бир карап кылчайып "атаңдын көрү, дагы бир жыл кетти" деп ичтен кейип каласың. Менин алтындай жубайым болгон Сүйүн эжеңерди билесиңер да, мурда "Жазды сага белек кылдым!" деп белек кылып жиберчү. Анан ошол үч айлык жаз сегиз-тогуз айга айланып кетип, бир-эки жолу ошол жазды менден алып койгон. "Кой, сага белек кылган болбойт экен, арыдан бери болуп нормалдуу сүйгөндү да билбейт экенсиң" деп. Бир-эки жазды бербей койду эле, эми кийинки жаздарда сүйүүлөрдү абайлап козгочу болуп калдым. Эми быйылкы жазды береби, бербейби, билбейм. Мүмкүн элүү жылдыгыма белек кылып, "Асыке, мына сага жазды белек кылдым, ойноп ал, күлүп ал, сүйүп ал" десе жакшы белек болоор эле.
Бүбүкан Досалиева: - Анан ошол жазды белек кылса, азыркы жашыңда кандай кабыл алып, кандайча пайдаланасың?
Асылбек Өзүбеков: - Жакшы эле пайдаланам. Азыр кандай пайдаланышты билем, орду менен, шашпай, гүлдөрдү жыттап, табигатка суктанып…
Df:- Ушул жерден Асылбек байкеге суроо берели. Асылбек байке такай ачык интервью берет, болбогон нерсени болтуруп, "мен ушуну сүйүп" деп көбүртө бересиз. Сүйүн эженин чыдамдуулугуна аял катары баа берем. Аялыңыз кантип чыдап жүрөт дейм да, сизге?
Асылбек Өзүбеков: - Мен тамашалап калам кээде "Сен эми тирүү кезиңде эстелик кое турган аялдардын бирисиң да" деп. Кызганчаак аяштарым бар, ошолордун күйөөлөрүнө айтам, "Ай, силер, аялыңарды менин аялыма практикага жибергилечи" деп. Бул мактаныч эмес, кээде жумуш шартыма байланыштуу бир нече күн жоголуп кетем, түн жоголуп калам, бир айлап кетип калам, алыста болуп калам… Журналисттер чалып калат, алардын баарына Сүйүн эжең көнүп, түшүнүп, кээде калжактап кеткен сөздөрүмдү курулай сөз экенин байкап калса керек. Анан эми ортодо болуп кеткен чартылдак-чуртулдактарды козгобой эле коелу, жаштык кезде кутурган, көөп кеткен кездер болду. Анын бары өттү, кетти. Азыр деле кээде тамашалашып калабыз. Бая күнү Темир Бирназаров бир киного кайгылуу бир музыка жазып берчи деп суранып калды. Анан бир күн отурдум, эки күн отурдум, кайрыктар келбеди. "Эмне болуп атасың?" дейт Сүйүн. "Болбой жатат, эч нерсе чыкпай жатат" десем, "Барып бирөөнү сүйүп келе койбойсуңбу? Анан отуруп эле сыздап каласың" дейт. "Койчу ай, каяктагы сүйүү?!" деп коем да, ичимен "Мм…ммм, ойлоно турган нерсе экен" деп койдум…
Df:- Айбек, бул кишинин жолдошун билебиз, ошондуктан мактап жатабыз. А сиздин жолдошуңуз кандай?
- Мен болсо Сүйүн жеңеме, анан Абдылда Иманкуловдун аялы Ырыс жеңем экөөнө келинчегимди практикага сабакка жөнөтсөмбү деп жүрөм. Анча-мынча кеңештерин берсе… Албетте, бардык эле аялдар бирдей эмес да. Мен Асылбек байке менен Абдылда байкеме суктанам да. Жеңемди барганда бир өөп коюңузчу менин атымдан.
Df:- Бүбүкан айым, сиз жолдошуңуз эл алдындагы адам болсо аял катары кантип чыдайт элеңиз?
- Мен тескерисинче, жолдошумдун мага чыдап жүргөнүнө ыраазы болом да. Себеби, журналисттик кесипте кээде алыска кетесиң, азыр "Азаттыкта" таң эртеден баштап, түнгө чейин жүрүп каласың. Эгер менин жолдошум эл алдындагы киши болсо мен деле түшүнөт болчумун. Балким, мен үйдө отуруп калган аял болсом, мүмкүн мен дагы үйдүн деңгээлинде ой жүгүртүп кызганмакмын. Бирок, менин өзүмдүн канымда ичи тардык, кызгануу деген жок. Бирок менин жолдошум кызганганга эч кандай жол, шек да бербейт.
Айбек Карымов: - Демек, билгизбей жүрөт го…
Df:- "Мен практикага барышым керек экен анда" деп койбойсуңбу? Ушул жерден ар бир эркек "жүрөт" деген ойду айткың келип атат, ээ? Же таза жүргөндөрүн да тапса болобу?
Асылбек Өзүбеков: - Жок, идеалдуу эркектерди тапса болот. Миңден бирөө болушу мүмкүн, бирок бар.
Бүбүкан Досалиева: - Мен жолдошумду идеалдуу деп ойлойм.
Асылбек Өзүбеков: - Ошондой эркектерди кызыл китепке киргизиш керек. Аларды атканга болбойт, урушканга, тилдегенге болбойт.
Df:-Дагы бир суроо, 14-февраль келатпайбы, бул күнү жаштар бири-бирине жүрөк открыткаларды беришип, мектептерде атайын кат сала турган ящиктер коюлат экен. Бирөөнү сүйүп жүрсө, анонимдүү түрдө сүйүүсүн билдирет экен. Анан үйбүлөдө сүйүүсүн бири-бирине маал-маалы менен билдирип туруш керекпи жана кандай формада?
Асылбек Өзүбеков: - Негизи үйбүлөдө деле кырктын тегерегинде деле сүйүүсүн билдирип туруш керек. Бирок сүйүү десе кучактай калып беттен өпкөн эмес. Кылык-жоругуң менен, көңүл бурууң менен билдирип туруш керек. Биздин убактагы адамдар бул сүйүү күнүн кабыл албайбыз, биз үчүн жапайы сезилет да. Биздин каныбызга баарыбир сиңбейт. Кийинки муунга мүмкүн жакын болушу мүмкүн. Бизде болсо 8-март, анан 23-февраль деген эки күн эле майрам болчу. 8-мартта жакын көргөн кыздарыбызга открытка жазып, аны бералбай кыйналып, ушунчалык ыйык нерсе эле.
Айбек Карымов: - Ошол сүйүү күнү бала-чаканы бир - эки саатка үйгө калтырып туруп, келинчекти алып, ушул күнгө чейин жашап келген жакшы мүнөттөрдү, сааттарды саресепке салып, алгачкы көрүшкөн күндү, кат жазышкан күндөрдү эстеп романтикалуу кеч тартууласак, андан аялыбыздын жүрөгүнө дагы бир жаңы жаз келмек.
Асылбек Өзүбеков: - Берчи колду! Туптуура айтасың!
Бүбүкан Досалиева: - Асылбек менен Айбектин ойлоруна кошулам, бирок "Ыйык Валентин күнү" деген боюнча мен өзүмө ачылыш жасаганымды айтып берейин. Эки жыл мурун "Азаттык плюс" жаштар берүүсүн Сүйүү күнүнө карата даярдап жатып, бул эмне күн экенин билбейм да, анан тарыхын изилдеп атып мен таң калдым. Сүйүүнү билдирүүнүн формалары ар кандай экен. Биз 1-май менен 7-ноябрды кандай күтсөк, менин кичинекей балдарым ушул күндү кадимкидей күтүшөт. Демек алардын аң-сезимине бул күн кирди. Ошол күндү мен деле күтүп калдым, ошондуктан, Асылбек, ошол күнү открытка берсең кабыл алам.
Асылбек Өзүбеков: -Ха-ха-ха. Макул, сүйлөштүк анда. Бирок "Ыйык Валентин күнү, анан минтип сүйүүнүн айынан өлүп калыптыр" деген бизге таңууланган нерсе. Биздин өзүбүздө деле Олжобай менен Кишимжан, Болот менен Акмөөр бар, ошолорду биз пропагандалай албай жатпайбызбы?! Алардын күчтүүлүгүн көрдүңбү, 14-февралды алып келип бизге таңуулап койду.
Бүбүкан Досалиева: - Бизде мазмунга тереңдеп кирүү деген жок. Бул жерде формага кызыгуу болуп жатат, форма күчтүү болуп кетти. Биздин жаштар азыр китеп окубайт да. Азыр аларга Төлөгөн менен Кызжибектин сүйүүсү тууралуу кино тартыш керек. Бул кинону көрүп алып биз өзүбүзчө "учпадык" беле, ошондой сүйүүнү эңсегенбиз. Азыр кайсы тармак болбосун күнүмдүк нерсе үчүн иштейт, түбөлүктүү нерселерге көңүл бурган жокпуз. Мына биз жасай турган нерселер.
Асылбек Өзүбеков: - Билбейм, мен сүйүү деп эле сыздап келатам ушул убакка чейин.
Айбек Карымов: - Эми сиз экөөбүздүн ырларыбызды карапайым эл угат да. Биздин ырларды жогору жактагылар укпайт. Жакында бир чиновник "Көзүмө жылуу учурайсың, каяктан көрдүм эле?" дейт. Ал деген ким дебейсиңерби? Осмонакун Ибраимов. Мурда ал мамлекеттик катчы болуп турганда учураша алган эмесмин. Анан "Агымдын" юбилейине барсак, ал келип кетип бараткан экен, кантсе дагы улуу киши да деп чуркап барып учурашсам, ошентип айтып жатпайбы.
Df: -Сен тааныбай атканда "Эмне, билбейсизби, азыркы мамлекеттик катчы менмин да" деп койбойт белең?
Асылбек Өзүбеков: - Ал киши жогорку кызматта турганында "Туңгуч" аябай популярдуу болуп, чет өлкөлөргө чыгып спектаклдарды көргөзүп келип жүргөн убакта, ошондо бизди эч жакка кошчу эмес. Анан бир жолу ал кишиге телефон чалып "Туңгуч" деген театр" десек, "Что за театр, не знаю такого театра" деп айткан. Сен айтасың да, театрда Жамал Сейдакматова баш болгон 15 киши отурабыз. Бул болгон сөз.
Бүбүкан Досалиева: - Мамлекеттик катчы мамлекеттин идеологиясын иштеп чыгып тарата турган киши да. Мисалы, азыр казактарды карагыла, 2020-жылы Казакстан интеллектуалдардын мамлекети болот деп айтпадыбы. Ошону угуп алып менин күйбөгөн жаным күл болуп атат да. Аларга эми кудай бай жерди берип койгон экен да, керек болсо казактардын тарыхы кыска да биздин кыргыздыкына караганда.
Айбек Карымов: - Бул эми мамкатчыны карап отургандан деле кажет жок. Ар бирибиз колубуздан келгенин эле кыла берсек дейм. Мисалы, менде бир идея болуп жатат, бардык кыргыз ырларын дисктерге жазып туруп, кафелерге таратайын деген ой пайда болуп жатат. Шаарда 500 кафе бар экен. Кесиптештерим менен кеңешип туруп ушундай акция уюштурсак. Мүмкүн кыргыз ырларын ошондо угуп калышат беле.
Асылбек Өзүбеков: - Жакшы идея экен. Эгерде муну мамлекет колдобосо, сага окшогон жигиттер колдоп берсе эле жакшы болот. Бир жылы мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан "Кыргыз музыкаларынын айы" деп жарыяланса керек эле. Ошто, мисалы, бир кыргызча ыр укпайсың, баары өзбектешип кеткен. Жыл өткөн сайын кыргыз ырлары унутулуп баратат. Эмне үчүн Бител, Фонекс, Мегаком компанияларын мамлекет чакырып сүйлөшүп туруп, мобилдүү телефондордун үндөрүнө комуздун, ооз комуздун, чопо чоордун, сыбызгынын үндөрүн жаздырышпайт. Жаштардын телефонунда кыргыз күүлөрү жаңырып турса, ошондо жаштардын кулагы аркылуу мээсине сиңип калат беле.
Бүбүкан Досалиева: - Буга атайын бир административдик күч керек. Мыйзам иштеп чыгыш керек.
Df:- Сөзүбүздү жаз менен сүйүүдөн баштап, маанайыбыз көтөрүлүп жыргап аттык эле. Анан жүрөк ооруткан көйгөйлүү маселелерге кирип кеттик окшойт.
Айбек Карымов: - Анда эмесе күлкү менен аяктайлыбы? Бир анекдотту кагазга ороп туруп айтып берейин. Бишкектен Москвага самолет учуп атыптыр. Стюардесса чыгып, жүргүнчүлөргө "Баарыңар билетиңерди алып чыккыла" дептир. Баары билеттерин алып чыгат экен. "Фамилияңар жазылган жерин жакшынакай кылып жырткыла" дептир. Жыртып алып "Эмне кылабыз?" десе, "Кичинекей кылып бүктөгүлө да, бир жериңерге салып койгула" дептир да кетип калыптыр. Баары салып коюп эле күтүп отурат дейт. Анан бирөөсү "Ой, бул эмне деген акмакчылык, чакырып сурайлы жанагы стюардессаны, дальше айтсын" деп талап кылып туруп алат. Стюардесса чыгат экен дагы "Просто кечээ бир самолет авария болуп, кимдин ким экенин тааныбай кыйналдык" деген экен.
Df:-Кудай сактасын ээ, учабызбы, басабызбы же унаага отурабызбы, акыр кайда болбойлу, кырсыктан сырткары жүрөлү. Келип чайлашып бергениңиздерге чоң рахмат. Чыгармачылыгыңыздарга ийгилик каалайбыз. Үчөөңөр тең эл көзүндөгү адамдарсыздар, элдин батасы тийсин сиздерге. Элге жарык маанай, жакшы обон тартуулап, Бүбүкан айым, сиз болсо "Азаттык" аркылуу элге туура жана так маалымат жеткирип жүрө бериңиз.