Бырс этмелер
Сакенин азилдери
Эртең 13-февраль заманыбыздын улуу инсаны Салижан Жигитов агабыздын жарык дүйнөдөн өтүп кеткен күнү эле. Ал киши жөнүндө көп сөз айтып эмне кылабыз, төмөнкү азилдеринен эле окурман көз алдына Сакебиздин элеси жарк дей түшөрү бышык.
Арбактын аманаты
Турар Койчуевдин 60 жылдыгы болуп калат. Куттуктоолор Президент, Премьер-министрдин атынан окулат. Оголе көп куттуктоолор эки сааттан ашык окулуп, залдагы эл куттуктоо сөздөрдөн жадаган кезде сөз Салижан Жигитовго жетет. Саке сөздү баштагандале:
- Азыр калем кармагандын баары арбактар менен сүйлөшүп калды. Алардын арасында мен да бармын. Анан мен да майда-чүйдөлөрдөн эмесмин. Азыр эле тойго келатып Карл Маркстын арбагы менен кобураштым. Ал мага "Турар Койчуевге айта бар, менин "Капитал" деген эмгегимди окуп жүрүп, илимдин кандидаты болду. Кийин аны кайта-кайта көчүрүп жүрүп доктор, акыры академик болгон. Андан соң рынок экономикасы келгенде баары сатылып кетти. Бирок ушу Турар Койчиев мени сатып кетет деп ойлогон эмесмин, ушуну айта бар деди"- деп, трибунадан түшүп кеткен экен.
"Жуликке" жолуккандагысы
Салижан аке бир күнү көчөдө баратса, алдынан бейтааныш зайып чыга калат. "Көзү ачык элем, алаканыңызды көргөзүңүзчү" дегенделе Сакебиз "Мейли, карасаң кара" деп, ичинен баш чайкап, чөнтөгүнөн илгиртпей эле акча сууруп чыгып, тигиге сунат. Бир топ күндөн кийин көзгө тааныш баягы көзү ачык көчөдөн жолугуп, Сакенин алаканын дагы бир жолу ачтырат. Саке анда да марттыгын көрсөтөт. Дагы бир карпа-күрп кезигишүүдө көзү ачыкты Сакем өзү чакырат:
- Сага жолуккандан баштап менин да көзүм ачылып кетти. Бери келип, алаканыңды көргөзчү, бирок сенден тыйын албайм, - деп көзү ачыктын алаканын ачтырып, - сен жеткен жулик турбайсыңбы, - деген экен.
Кеңештин кеңеши
Сакенин ашказаны ооруп жүрүп, К.Жусуповдун кеңеши менен урологиялык дарыланууга өтөт. Бир күнү Р.Отунбаева экөө кезигишип калат. Сакенин шопоюп арыктаганын көргөн Роза айым:
- Сиз өтөле арыктап алыпсыз, бирок абыдан жарашат экен, - десе Сакебиз:
- Өз заарамды ичип жүрүп эле ушинтип жалпайган бетим татынакай болуп баратат, - дегенине Отунбаеванын абыдан боору эзилет, бирок ишенбей коюптур. Ошондон көп өтпөй, жоон топ эл каймактары чогулган жерде ким бирөө К.Жусуповдун ашказан оорудан кантип айыгып кеткенин сураса, туурадан С.Жигитов чыга калыптыр:
- Кеңештин кантип айыгып кеткенин менден сурабайсыңбы. Бул досум өзүнүн сийдигин өзү ичип жүрүп эле айыгып кетти, - дептир.
- Сырымды сага айткан мен да акмакмын, - деген К. Жусупов ошол жерден кирерге жер таппай уялган экен.
АААдан артып калган
Сакенин акылы
А.Акаев президент болуп турганда кеңешчилери С.Жигитов менен Б.Жакиев шахмат ойноп отурганда "легендарлуу" парламенттин депутаты М.Байжиев келип калат.
- Ии, акылчылар… Оюндан омурткаңар сынып отурасыңар… - десе, Сакебиз шахматтан башын көтөрүп:
- Акаевге болгон акылымды айтып атам, андан артканын мынабул досуңа айтып атам. Бирок болбой эле артып калат экен. Акыл сага да жетпей атса, тез-тез келип, менден акыл сурап тур, - деп экөөнүн тең күйбөгөнүн күл кылган экен.
КГБдагы компроматтар
Аман Токтогулов КГБда иштеп турганда С.Жигитов экөө жолугушуп калат. Аман:
- КГБга кыргыз акын-жазуучуларынын бири-бири тууралуу компроматтары толуп кетти. Токтотушпайбы - десе, Сакебиз:
- Ошолордун бирден көчүрмөсүн бизге жылдыра бербейсиңби, - дейт.
- Ой, Саке, мен алардын баарын чогултуп туруп, өрттөп атпаймбы - десе, Сакебиз:
- Ооба, мен сага аябай ишенип калбадымбы, - деп карсылдап каткырып алышкан экен.
Ишенчээк интеллигенция
И.Абдуразаков Мамлекеттик катчы кызматынан түшүп калган учурда Салижан досу жазуучулар арасында версия жарата коет: "Абдуразаков А.Акаевдин кабинетине каалга чертпей кирип барса, Майрам Дүйшөновна үйгө кийчү тапичкеси менен президентти шакылдатып башка койгулап атыптыр. Анан Ишенбай бечара: "Ой, кечирип койгула!" - деп, каалганы кайра жаап чыгып кетери менен "Бул киши чатакташканыбызды көрүп калды" деп эле эртеси кызматтан алып салыптыр десем, жазуучулар ишенип алып, Ишенбай жөнүндө имиш таратып алышкан. А ишенбегендери менден келип да "ошондой бекен?" деп сураганда, "Ооба, кудай урган Ишенбай деле маданияттуу, билимдүү дипломат деп жүрсө… Ботом, Президентке киргенде өзү деле этика менен эшикти тыкылдатып кирбейби, ага чала болуптур" дегениме огобетер ишенип алышыптыр" деп, ишенчээк интеллигенциябызга боорун тырмап күлүп калчу.
(Уландысы бар)
Жыйнап жүргөн О.Шакир