Ырың кана, Ыр аке
Сыйгалак бакыт
Эмнеле редакция коңултак болуп, жаз кечигет десек, көрсө Ыр аке көчөгө чыкпай, гезиттерди кыдырбай калган экен. Ошону сезип, Ыр акенин үйүнө тилипон бурасак жеңе алды. "Ой эже, бул биз, Ыр акеге…" дегиче эле, "Билем силерди, журналисттер, Ыр акеңерди көчөдөн кармап алат экенсиңер дагы оозунан эмне чыкса, ошонун баарын жазып, эмне деп божураса баарысын шедеврге айлантып салат экенсиңер. Мен аны эч кимге, эч жакка интервью бербейсиң деп үйдө камап отурам. Өткөндө айтып атсам болбой бир гезитке божурап салыптыр, куйругун жакшылап туруп бурап салдым" деди. Алда катыгүн ай, дедик түтөп. Өзүңүзгө жетпесек да, 2002-жылы чиймелеген бул саптарыңызды сагыныч катары өзүңүзгө жолдоп турбуз, Ыр аке!
Көпчүлүк быкылдаган жайларды жакшы көрөм. Майрам көздүү кыздардын жанында баскым келет. Асман - дайымалык! О, досум, аяшым, сиздин көйнөгүңүздүн этеги көйкөлгөнүн көрүп эле жинди болуп кете жаздадым. Бирөөнүн аялы көзгө сулуу дегени чын экен. Сулууну миң шайтан курчайт жана коргойт белем.
Ырлары толук чыкпай кыйналган акындарды аяйм, бир аясам. Дагы бир аясам, досторуман айрылган аяштарды аяйм. Чиренген сулуулар кыялымды кылтактайт. Культура бар жерде халтура бар. Бир алкаш жалгыз алтын тишин сатып, жолдоштору менен арак ичкенин базардан көрдүм. Ал эми бир филфактын студенти мени арак менен сыйлаш үчүн тебетейин саткан болчу.
Мен кыргыз поэзиясын бакылдаттым, келечектин эшигин такылдатам. Кыргыз поэзиясын миң жылга чейин мыкчып турам деп эсептейм. Турмуш үйрөткөндөй эч бир мугалим үйрөтпөйт. Тилсиз тигилип тура бердим, сен жаныма келгенде. Шаарыбыздын башкы бульвары менин кабинетим эле жаш чакта. Блокнот жана ручка колумда, басып баратып ыр жазам. Андан бери канча жылдар өттү уюлгуп, дале ошентем. Азия - килемди сүйөт, европалыктар картинаны сүйүшөт. Ошон үчүн европалыктарды азамат дейм. Сыйгалак бакыт - жылгаяк тепкендей. Бала багуу - ийне үстүндө бийлегенге барабар. Ичине киши толтуруп автобус барат айылга. Барайын мен да элетке, алайын шамал жыттанып. Жаш кезимде мен ашынма оору менен оорудум, ар жазда каным курчуп, шамал болуп шамал менен тең жарышып басчумун шуулдап, дуулдап. Мени социально опасный, аябай күчтүү киши деп, аябай куугунга алышчу. А мен болсом өзүм ушул сонун убакта ыр жазбай ооруканада жатканыма кейичүмүн. Ал себеби, мен хаткайог болчумун. Индияда йогдор тоолордо жашайт. Мен шаарды сүйүп ошентип, элден чет жайларда жашасам болмок. Бирок, мен шаарды абдан сүйчүмүн. Айылга чыдачу эмесмин. Көкүрөгүм жагжаят, ачык бардык шамалга. Талаага чыкканда шамал чакыргым келчү. Жер толо караан болуп бара жатам деп сезчүмүн өзүмдү. Көчөгө батпай, жерге батпай калган кездерим болду. Мен бир сөз менен айтканда, поэзия фантомасымын.
Китеп күйөрмандары китептен өздөрүн табышат. Оңой эмес улуу акын болуш. Бир улуу трагедия башыңа түшмөйүнчө каның күйбөйт, ансыз кыйын ырлар да жаралбашы мүмкүн. Эгер бирөө душмандашып, же башка жол менен абдан күйгүзсө - акын болсоң же композитор, анда кайра ошондой кишилерге алкыш айтасың. Улуу чыгармалар пайда болгонун сезесиң. Ансыз жашоонун шааниси да, мааниси да болбойт. Не бир иштермандар ошону билишет.
Рамис Рыскулов,
2002 жыл