Кыргыз кечи

Каркыра жайлоосу: 620 гектар казактарга кетти
Казакстан менен Кыргызстан ортосунда кыргыз-казак чегарасын тактоо боюнча келишимге 2001-жылы 15-декабрда кол коюлган. Бул келишимди казак парламенти 2003-жылы ратификациялаган, бирок Жогорку Кеңеш ратификациялабай келатат. Кыргыз депутаттары эмне үчүн бул келишимден мынчалык чочулашты? Парламенттин тиешелүү комитетинде каралат дагы, палатанын кароосуна жетпей кайра ыргыйт. Чегараларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиясынын башчысы Саламат Аламанов канча ирет парламент трибунасына чыгып, карталарды алып чыгып, түшүндүргөнгө кам уруп калган кезде кайра эле депутаттар кароодон баш тарткан учур бир эмес, бир нече ирет кайталанды. Казак парламенти 5 жыл мурда ратификациялап койсо, кыргыз тарап эмнеден чочулайт деген мыйзам ченемдүү суроо туулат. Көрсө, бул келишимде кадимки Каркыра жайлоосунун тагдыры чечилип аткан экен. Мурдагы парламенттин көпчүлүк депутаттары бул келишимди катуу сынга алып, убагында "Үзөңгүкуушту кытайлыктарга алдырганга барабар" деп айтып чыгышкан. Дал ошол депутаттар мурдагы парламентти бул келишимге каршы үндөп, палатанын кароосуна жуутпай келгени чындык. Аскар Акаевдин тушунда кол коюлган бул келишим ошентип 7 жыл бою абада илинген бойдон турат. Кыргыз-казак чегарасында эки-үч урунттуу талаш жерлер бар. Эң башкысы, кеп Каркыра жайлоосу тууралуу болуп атат. Дегеле Каркыра жайлоосу кимдики эле? "Манас" эпосунда Көкөтөйдүн ашы ушул Каркыра жайлоосунда өтпөдү беле?! Эпосто минтип айтылат:
Баарыңарга эп болсо
Бабаңар айткан кеп болсо.
Күнбатыш жагы Ысыккөл,
Ар тарабы бирдей тең,
Иледен ылдый айдаса,
Ат чабуучу жери кең.
Аты угулат Каркыра,
Артыкча башка ошол жер.
Мүдүрүлөр аңгек жок,
Суу жеген кемер жок.
Жилик чагар ташы жок,
Ар тараптан салаалап,
Аккан булак суусу бар.
Сиркедей шакел чыкпаган,
Сай-сайынан шаркырап
Миңдеп булак куюлган.
Мына, ушинтип "Манаста" макталган Каркыра жайлоосу менен кыргыз элинин тарыхы да, дили да бир. Каркыранын жарымынан көбү Казакстандын аймагында керилип жатат. Казактарга тиешелүү жерге тийишпейбиз, Кыргызстанга тиешелүү 400 чакырымдай жердеги, узундугу 86 чакырымга созулган Каркыра жайлоосу кертилип, бир үзүмү казактарга кетип, казак бийлиги болсо чегара постун жылдырып алышты. Кеп төркүнү ошондо. Картаны алып карасак, Каркыра жайлоосунда үч сызык бар. 1930-жылы Бүткүл россиялык борбордук комитети Кыргыз жана Казак АССРлер ортосунда чегараны тактоо тууралуу токтому чыккан. Ошондо чийилген чегара сары сызык менен турат. Андан кийин 1961- жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин указы чыккан. Ал боюнча чегара кызыл сызык менен турат. Ал эми 1968-жылы Кыргыз ССРи менен Казак ССРинин Жогорку советтери чегараны тактоо боюнча келишимге кол коюшкан. Эгемендик алгандан кийин кыргыз-казак чегарасы 2001-жылы ырасмий тастыкталды десек болот. Бирок Каркыра жайлоосундагы 1930-жылкы негизги картадагы бизге тийиштүү делген 620 гектар жер казактарга өтүп кетти. Азыр ал жактагы чек ара посту 10 чакырымдай бери жылып, казактар өз чегин катуу кайтарып атышат. Совет убагында чогуу мал жайып, кыштап, жайлап жүргөн кыргыздар азыр ошол чектен ары өтө албай калышты. 2001-жылкы бул келишим казактардын пайдасына чечилгендиги анык. Ошондуктан казак парламенти 5 жыл мурда ратификацияласа, биздин депутаттардын ратификациялабай кармап келатканы ошондон. Үзөңгүкууштан оозу күйүп калган депутаттар тарых алдында абийирибиз таза болсун деп бул келишимди карабай коюшту. Бирок, азыр парламент президенттин колунда. Ушул күндөрү Акүй кыргыз-казак чегарасы боюнча бул келишимди парламентке кайра түртүп аткан кез. Президенттин партиясы болгон "Ак жолдун" 71 желдети бул келишимди ратификациялап берери түшүнүктүү. Ал гана эмес, кыргыз бийлиги убагында Айдар Акаевге кылмыш ишин козгоп туруп, кайра тартып алган 4 пансионатты кайрадан Казакстанга бердиртүү аракетин катуу баштады. Жакында парламент пансионаттарды казактарга берүү маселесин да карап, оң жагына чечип бериши керек. Учурда Тышкы иштер министри Эднан Карабаев Астанага кетти. Ал президент Курманбек Бакиевдин март айында боло турган Казакстанга ырасмий сапарына даярдык көрүп жүрөт. Президент Бакиев марттын экинчи жарымында (22-мартта барышы мүмкүн-ред.) Астанага барганда куру кол барбай, Нуракеге белек менен барышы керек. Демек, ошого чейин көл жээктеги пансионаттардын тагдыры чечилип, 7 жылдан бери багы ачылбай турган жогорудагы келишим ратификацияланып калышы керек.
Чолпон Орозобекова
P.S. Кыргыз-казак чегарасын тактоо иштери жана талаш аймактардын тагдыры кандай чечилгенин кыргыз өкмөтү алдындагы чегараларды тактоо боюнча комиссиянын башчысы Саламат Аламановдун өзүнөн эмки саныбызда угабыз.