Бузук тилипон

Акыйкатчы Турсунбек Акун:
"Кандай адеби жок немесиң,
Акүйдөгү секретаршамды алып кетип атам"
Биздин "бузук тилипон" иштеп жатат. Бул жолу Акыйкатчы болуп шайланып, жаңы эле антын берген Турсунбек Акундун чыдамкайлыгын текшерүү үчүн мобилдик телефонуна эки жолу "маяк" ыргыттык. Кайра телефон чалбаганынан өзүбүз чалып, бизге кайра чыгуусун өтүндүк. Акыры Турсунбек Акун өзү чалып калды.

- Алло, саламатсызбы?
- Жакшы.
- Майрамыңыз менен.
- Ким экен бул?
- Токмоктон чалып атам, күйөрманыңызмын.
- Күйөрман болсо эле чала бересиңерби, болбойт да андай!
- Мен сиздин бүгүнкү 23-февраль майрамыңыз менен куттуктайын дегем.
- Башында ким экениңерди айтпайсыңарбы? Силерде субординация, адеп деген барбы? Кимсиң сен?
- Менин атым Дилбар.
- Так не делается же, субординация деген болуш керек да. "Чалып койуңузчу" деп, как будто мени менен бир…
- Эми сиз элди коргогон адамсыз да, менин сөзүмдү угуп койбойсузбу?
- Атыңарды айтпайсыңарбы, мен Токмоктон болом дебей.
- Ой, Дилбармын дебатпаймынбы.
- Ошентип айтпайсыңарбы, кичине этика болуш керек да.
- Эми кечирип коюңуз, мен сизди бүгүнкү майрамыңыз менен куттуктайм.
- Болбойт да эми ушинтип куттуктаган, нервдин баарын ойнотуп… Айтпайсыңбы биринчи, "Байке, менин атым Гүлбара, Токмоктон болом, жумушум бар эле, чалып койуңузчу" деп айтпайсыңбы?
-Кечирип коюңуз эми, майрамыңыз менен куттуктайм.
-Давай, жакшы калгыла.
- Жок, кое туруңуз, сизге бир суроом бар. Алло?
- Эмне маселе?
- Мен жумушсуз жүрөм, мени секретарша кылып алыңызчы.
- Ала албайм, бизде конкурс аркылуу, конкурска катышкыла.
- Ошо конкурска барайынбы? Мен сулуу эле кызмын, өңүм бар.
- Менде секретаршам бар да, Акүйдөн алып кетип жатам.
- Эми мени албайсызбы?
- Мен ала албайм, кантип алам?
- Мени көргөндө сразу аласыз, байке.
- Эмне үчүн көргөндө?
- Мен жакшынакай кызмын.
- Келип башка конкурска катышып көрүңүз, пожалуйста.
- Кайсы конкурска катышайын?
- Башка конкурстар бар да, ошого катышкыла.
- Жана мурдагы Омбудсмен сулуулар конкурсун өткөрчү эле го…
- Силерде субординация барбы, адеп барбы?
- Жок, байке, мурдагы Омбудсмен сулуулар конкурсуна катыштырчу эмес беле, мени да катыштырыңызчы?
-Силерде воспитание, субординация деген барбы? Так не делается, "жумушка ал" деп телефондон айтпайт аны, офиске келет.
- Барганда мени кабыл албайсыз да сиз? Киргизбей коюшат.
- Мен кайдан билем? Аркы жумада байланышкыла.
- Кантип байланышайын, агай?
- Порядок бар да… Телефонумдун баарын кетирбечи, айланайын.
- Ай, байке, сиз мындай элге жакын болбойсузбу, мен жөнөкөй элден чыгып атам да.
- Жөнөкөй эл мындай чалбайт да, сен өзүңчө туруп алып мени нерв кылып атпайсыңбы?
- Кечирип коюңуз, эми сизде акча бар да, менде жок болуп атпайбы?
- Айтып атпаймынбы, кел, пожалуйста, мен элдин баарын кабыл алып жатам.
- Канчада барайын?
- Мен кайдан билем?
- Ай, байке, мени сулуулар конкурсуна катыштырыңызчы?
-Азыр эч нерсе боло элек…Сулуулар конкурсун өткөрөйүн деген оюм бар, бирок азыр эчтеке баштала элек.
- Өткөрөсүзбү сулуулар конкурсун?
- Мен чечпейм аны, башкалар чечет.
- Жок, Омбудсмен өткөрчү эмес беле?
- Боло элек деп атам, ошондой конкурс өткөрөйүн деген оюм бар.
- Аа, оюңуз барбы, сулуулар конкурсун өткөрөйүн деген. Мага биринчи орунду алып бериңизчи, байке.
(Түт-түт-түт…)
- Алоо, байке.
- Да-да.
- Мен жанагы кызмын.
- Ой, айланайын, эмне эле болуп атасыңар?
- Мени сулуулар конкурсуна катыштырасызбы, байке?
-Али конкурс боло элек дейм, конкурс кылайын деген оюм бар деп атам, силер түшүнүп жатасыңарбы?
- Жок, мага биринчи орунду алып бериңиз, байке. Мен достойный кызмын.
- Эмне?
- Мага биринчи орунду алып бериңиз дейм, сүйлөшөлү.
-Мен кантип алып берем?
- Мен достойныймын деп жатпаймынбы?
- Жок, мен чечпеймин да. Сенин достойный экениңди конкурс чечет да.
- Мени көргөндө сразу түшүнөсүз достойный экенимди. Мени кабыл алып, мени бир көрүңүз эми.
- Мен билбейм, мен эч кандай көрбөйм эч кимди, кереги жок, комиссия чечет.
-Турсунбек байке, мен жумушсуз жүрөм, мени секретарша кылып алыңызчы.
-Ай, сен кандай адеби жок немесиң, Акүйдө өзүмдүн секретаршам бар, ошону алып кетип баратам. Так не делается, сенин жумушуң жок экенин билип атам, бирок телефондон нервди козгобой, келип конкурстарга катышпайсыңбы, ыя?!
-Турсунбек мырза, бул "бузук тилипон"
-Эмне? Ким дейсиң?
-Бул "Dе-факто" гезитинин "бузук тилипону". Сизди гезиттен чалып тамашалап атабыз.
-Так же не делается. Бул деген этикага жатпайт. Мени көрсөңүз эле неметесиз деп…, мындай кылбагыла, туугандар! Мындай болбойт.
-Сиздин чыдамдуулугуңузга рахмат. Сөгүнүп жибербей, кызматка жаңы киришип, жумушуңуз көп болуп атканына карабай, Токмоктон чалып аткан кыз менен чыдап сүйлөштүңүз.
-Эми силердин гезитти сыйлайм, бирок мындан кийин мындай кылбагыла. Мен иштейт элем дегендерге чын дилден жардам бергенге аракет кылам, бирок көрбөгөн бирөө эле телефондон эле жумушка ал дей берсе болбойт да, туурабы?!

"Бузук тилипонду" бураган
Дилбар АЛИМОВА