Тегиңди бил, кыргыз

Канаттарың кыркылбасын, кыргызым!
Кыргызстанда жакырчылык, кымбатчылык деген көйгөйлөр бир тең, географиялык бөлүнүү бир тең болуп турган кез. Түндүк менен түштүккө бөлүнүү соңку үч жылда ого бетер күч алды. Бул нерсе мамлекеттин эгемендигине жана территориялык бүтүндүгүнө коркунуч келтирет. Грузин бир политолог Кыргызстандын түштүгүн Өзбекстанга, түндүгүн Казакстанга кошуп салыш керек деп кыйкырып чыкканда бир селт этип алдык. Бирок ал саясат таануучу жөн жерден кыйкырган жок. Бизде түндүк менен түштүк ажырымы күч алып баратканын, саясий деңгээлде ушул маселе ого бетер курчутулуп атканын, анан коңшу өлкөлөр менен чектеш аймактардагы жылма миграцияны көрүп туруп айтып атат. Дал ушул кырдаалда айрым саясий күчтөр түндүк менен түштүккө бөлүнбөй, ата-бабаларыбыз карманып келген урук-уруулук курамына кайтып келели деп атышат. Биз окумуштуу С.М. Абрамзондун "Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалмалар" аттуу китебиндеги кыргыздардын урук жана урууларынын схемасын алдыңызга жайдык. Ошондой эле бүгүнкү Кыргызстандын саясий секисиндеги саясатчылардын кайсы канаттан экендигине да бир сыйра көз жүгүртүп коюңуз.



Түндүк- түштүк деп бөлүнбөй,
үч канатка кайталыбы?
Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер:
-Окумуштуулар, саясатчылар аймактык бөлүнүүгө кабатырланса, жаман жактарын жокко чыгарып, жанагы үч канаттын жакшы жактарын биз пайдаланышыбыз керек. Биринчиден, алты миң жыл кыргыздын тарыхы кайсы коомдук түзүлүш менен кыргызды сактап келди? Мына ушул оң, сол, ичкилик түзүлүшү менен. Биринчиден, бул теңсалмактуулукту камсыз кылат. Бизде үч канат Кыргызстандын бардык аймактарында бар. "Сасык" саясатчылар өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, аймактык бөлүнүүнү күчөтүп жатышат. Ал бөлүнүүнү жокко чыгаруунун жолун эч ким айта элек, биз биринчилерден болуп ошону сунуштап жатабыз. Себеби, ата-бабаларыбыз ушундай тең салмактуулук менен жашап, жок болуп кетпей, Мекенибизди миң жылдар бою эч кимге алдырбай келген.

Жангороз Каниметов,
ЖК депутаты, "Ак жол" фракциясы:
-Мен мындай сунушка каршымын. Эми эски бир адаттарга кайтып, уруучулдукту баштайлыбы?! Азыр деген заман башка. Ошол уруучулдукту таптакыр жок кылыш үчүн партиялык тизме менен шайлоого өттүк да. Эгер эми оң канат, сол канат Дей баштасак, анда элдин ынтымагы ого бетер ыдырайт. Мисалы, убагында Көл өрөөнүндө Боромбай хан бардык уруулардын башын бириктирип, бир эл, бир журт кылган экен. Анда көл өрөөнү кайрадан урууларга бөлүнүп, өз ара тирешип, атаандаша баштайт да. Биз азыр биримдикти гана ойлошубуз керек.

Иса Өмүркулов,
ЖК депутаты, СДПК:
- Мындай ойго кошула албайм. Уруучулдук жакшылыкка алып келбейт. Бул деген улуттун өнүгүшүнө, мамлекеттүүлүккө тескери таасир этет. Кыргыздын салты болчу деп эле мамлекеттик идеология кылып алган болбойт. Мен Дастан Исламовичти сыйлайм. Ал мамлекеттин башкы идеологу да болуп турду эле. Бул оюна таптакыр кошула албайм.

Азимбек Бекназаров,
коомдук парламенттин мүчөсү:
- Түндүк-түштүк деп географиялык бөлүнүү бул өтө коркунучтуу. Аймактык жактан бөлүнгүчөктү ата-бабадан калган канаттарга бөлүнгөн жакшы. Оң канат же сол канаттагы бир урууну алсак, ал бардык аймактарда бар. Ошол канаттар бир маселе болсо, Каркырада же башка жерде чогулуп туруп кеңешип чечип келген. Географиялык бөлүнүү бул мамлекеттин бүтүндүгү үчүн коркунчтуу. Мен сол канаттан саруумун. Саруу Кеминде да бар, Көлдө да бар, Баткенде да, Таласта да бар. Биз ушул идея менен жашасак, анда дегеле түндүк-түштүк маселеси жоголот. Түштүктө чегарада кандай проблемалар башталганын аңдабай атабыз. Өзбектер сурабай туруп эле жерлерди аң казып ээлеп алышкан.

P.S. Сөз соңунда айтаарыбыз, кыргыз эзелтеден эл башына кыйынчылык түшкөндө баарын биримдик менен гана утуп келген. Жогоруда биз айрым саясатчылардын уруусун (балким адашып калсак-ак чөп башта) көрсөттүк, бирок биз уруучулдукту да, түндүк-түштүк деп бөлүнүүнү да колдобойбуз. Биз мамлекеттин бүтүндүгүн, эл биримдигин сактаган, элдин башын бириктирген идея үчүнбүз! Туңгуюктан жол издеп, коомдук талкуу жаратуу гана ниетибиз бар.