Демократия жаназасы
Мадумаров ректорлорду "ак жолдоштурууга" киришти
Жакында Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров жана "Ак жол" фракциясынын мүчөсү депутат Ибрагим Жунусов КР Башмыйзамынын 64-статьясына таянып, билим берүү боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун сунушташты. Алар ректорлор эми ЖОЖдордо эмес, парламентте шайлансын деген айбаттуу ойлорун көтөрүп чыгышты. Төрага менен депутат биригип алып, ректорлорду шайлоону өз колдоруна алып, ал эми окуу жайлардын жамаатын бул укуктан ажыратууну көздөп атышат.
Чын эле Манастын урпактарыбыз деп көкүрөгүн койгулап келген кыргыз эми табиятынан демократиялык принциптер менен өнүгүүгө таптакыр жараксызбы? Бүткүл цивилизациялуу дүйнө демократияны туу кылып өнүгүп жатса, анда деги биз кимбиз? Бара турган жолубуз кайсы? Же таптакыр эле өнүгүүгө жөндөмүбүз жок шордуу элбизби? Мына ушундай көңүл чөгөрчү ойлор биздин акыркы Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын сунуштарынан, тутунган принциптеринен улам туулуп жатат. Тактап айтканда "Ак жол" партиясынын депутаттары демократиялык шайлоолорду токтотуп, ректорлорду да президенттин партиясы шайласын дегенге өтүштү. Алардын оюна койсок, окуу жайлардын окумуштуулары жана илимий кеңеши, жүздөгөн мугалимдерине караганда, Акүйдөн түшкөн заказ боюнча "ак жолчулар" кол көтөрүп койгону дурус экен. Бул биринчиден.
Экинчиден, "Билим жөнүндөгү" мыйзамга ылайык дээрлик баардык ректорлор демократиялык шайлоолордон өтүштү. Азыркы ректорлордун шайлоосу мындан ашып кетсе бир ай мурда болуп өттү. Бир нукка түшүп, өздөрү шайлап алган жетекчилик менен бирге жакшынакай иштешип атышкан миңдеген коллективдерди эми кайра ызы-чууга салыштын кимге кереги бар? Иштин кызыкчылыгы үчүнбү? Албетте, жок. Муну элдин колдоосуна көзү жетпей, кызмат дегенде көзү кызарып аткан айрым бийликтин канатындагы адамдар эптеп жетекчи болуштун амалында жасашы ыктымал.
Бала бакча, орто мектептер телегейи тегиз өнүгүп жатккансып, кайра эле ЖОЖдорго "чабуул" баштаганы да бир нерсени каңкуулап тургансыйт. Бул маселенин бир жагы дейли. Шайлоодон баш тартууга үндөгөндөрдүн негизги аргументи ЖОЖдорго иштеген окумуштуулар демократиялык шайлоолорго деңгээли өсүп жете элек имиш. Далай илимий иштерди, окуу китептерин жазып, коомдун интеллектуалдык каймагы болгон кыргыз интеллигенциясы демократияга жараксыз болсо, анда деги ким даяр? К. Бакиев башында тургандар 15 жыл ичинде эптеп-септеп жетип алган айрым демократиялык принциптерди чекесинен талкалап атат. Айыл өкмөттөрдү эл шайлачу, эми бийлик шайлайт. Эмки кезек кимде? Мындай ойлонулбаган кадам коомдун интеллектуалдык чөйрөсүнөн башталса, демократиянын накта жаназасы окулганы ошол.
Асел СТАЛБЕК кызы