Кыямат-кайым келатабы?
Эки ай мурда жерге берилген
Сабырды эмнеге кыйнашты?
Өткөн аптада Бишкекти төбө чачты тик тургузган кабар каптады. Маркумдун эжесинин арызы боюнча Ленин РИИБсинде тергөө башталып, бул тууралуу BPC, Акипресс агенттиктери жазып чыгышты. 2007-жылы 21-декабрда жерге берилген Сабыр Калматовдун сөөгүн Чоңарык көрүстөнүнөн казып уурдап кетишти деген арыз түшүп, бул иш боюнча көрүстөндүн директоруна да айып тагылууда.Тарыхта мындай окуя болбоптур. РИИБде иштеген тергөөчүлөр да, оперлер да мындай окуяга биринчи жолу тушукканын айтып баш чайкашат. Бул жерде маркумдун бир туугандары жана таяке-жээндери каршылашып, бири-бирине каршы арыз жазышууда. Сабырды бир туугандары көмгөн. Бирок Сузактагы тай жагына кабар беришкен эмес. Сөөктү койгонго катышпай калган көгарттык(Сузак району, Көгарт айылы) туугандары эки айдан кийин мүрзөдөн сөөктү казып, Сузакка алып кетип калышкан.
Сабыр багып чоңойткон таятасы менен
Чым-Коргондо 7 күн жаткан
Сабыр Калматов 19-декабрда Токмоктогу ооруканада каза тапкан. Ага чейин Чымкоргондогу психо-неврологиялык диспансерде 7 күн жаткан. Анын өлүмүнүн негизги себеби эмнеден экенин айтыш кыйын. Балким башына кан уюгандан, же дарыны ашыкча күчтөп сая бергенден болдубу? Эң башкысы, ал Чымкоргонго бир туугандары жеткиргиче кимдир-бирөөлөрдөн катуу токмок жеген. Бети-башы шишик, башында гематомасы бар болчу. Колубузда соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы турат. Анда башына кан уюганы, денеси көгала экендиги ачык жазылган. Бирок кимден токмок жегени белгисиз. Бирок, ошол жараттары менен Чымкоргонго тыгып коюшкан жеринен комага түшүп, кайра өзүнө келбей кете берген.
Сабырдын бир туугандары эмне дейт?
Сабырдын бир тууган эжеси Айнур Калматова (аттары өзгөртүлдү) РИИБге арыз жазган. Анын айтымында, "сузактык тай жагы эч кимге билгизбей, уруксат кагаздары жок туруп, болгондо да түн ичинде келип сөөктү уурдап казып кетишкен".
Айнур КАЛМАТОВА, Сабырдын бир тууган эжеси мындай дейт:
- Иним каза болгондон кийин сөөгүн Чоңарыкка койдук. Буга чейин атам менен апам катар өтүп кетти. Экөөнү тең Сузакка алып барып, ага чыгым көп кетээрин билгенбиз. Тай жагыбызды инимди көмгөнгө чакырган жокпуз. Анткени ошолор урду деп таарындык, апабызды сыйлагандыктан аны көп жарыя кылган жокпуз. Бирок атамдын туугандары келди, молдо чакырып бүт баарын эрежелери менен жерге бердик. Жаназа окутуп, жакшынакай кылып жерге бердик. Анан эле 29-февралда атамдын туугандары бизге Сузактан телефон чалып "Сабырдын сөөгүн тайкелериңер Көгартка алып келе жатат экен го" деп айтышты, биз ишенген жокпуз. Анан мүрзөнүн кароолдору РОВДга "бир киши көмүлгөн жер казылыптыр, бош жатат" деп билдиришиптир. Анан алар бизге телефон чалып, эртесинде атайын опер топ менен мүрзөгө барып карасак, чын эле казып кетишиптир. Анан мүрзөнүн директорун сөөктү уруксаты жок берген үчүн камап коюшту. Ал болсо "мага бир кагаз көрсөтүшкөн" деп айтып жатат. Азыр ал дагы эле камерада жатат. Ислам дининде деле "адам бир көмүлгөн жеринен козголбошу керек" деп айтылат да. Негизи мыйзам боюнча да сөөктү кайра көмгөнгө аялы же балдары, алар болбосо бир туугандарынын уруксаты керек экен. Биз байкебизди кантип, кайда көмөбүз, өзүбүз билебиз да. Алар ошончолук күйүп аткан болсо, буга чейин Сабырды эмнеге караган эмес, аны биз карачубуз. Керек болсо алар биз апабыздын ашын бергенде да келишкен эмес. Азыр алар каракчыдай болуп сөөктү түндө уурдап кетишкендиги үчүн сотко бердик.
-Айтсаңыз, иниңизди эмне үчүн Чымкоргонго алып барып, жаткызып койдуңуздар эле?
-Иним акыркы күндөрү көп ичип калган. Дайым наркологиялык диспансерге жаткырчубуз. Дагы ичип, катуу ооруп аткандыктан наркологиялык бөлүмгө алып барсак, дарыгерлер "мурдагысында терезени талкалап салган, ошон үчүн азыр албайбыз" деп баш тартып коюшту. "Андан көрө Чымкоргонго алып баргыла, ошол жакта да наркология бар" деп бизге направление жазып берди. Анан ошол жактан комага түшүп калыптыр. Токмок шаардык ооруканага жеткиргенбиз. Ошол жерден каза болуп калды. Биз "Эмне үчүн мындай болуш керек? Мүмкүн даарыларын туура эмес бергендир" деп ойлодук. Врач болсо башында гематомалары бар болчу деп айтты. Анан биз экспертизадан өткөрүү үчүн Бишкектеги борбордук моргго алып келип сойдурдук. Чын эле экспертиза катуу токмок жегенден улам өлгөнүн тастыктады. Буга чейин 11 миң долларга таежелерибиз үй сатып жатканынан сатып берип коелу деп, алдын ала 2 миң доллар берип койгонбуз. Анан эле кайра алар сатпайбыз деп айнып калышты. Бирок акчасын берген эмес. Анан ошол үй сатылып аткан жаңы конушка барып токмок жеп, республикалык оорукананын травмотологиялык бөлүмүнө түшкөн, -дейт эжеси Айнур.
"Көмүп коюшуп да даватка кеткен деп алдашты"
Сабырды бир туугандары көмгөнү менен тай жагынын ичи ачышкыдай бар экен. Бир айынан таянеси багып, таякелерине жакын болуп калган. Баса, Сабыр убагында бизнестин алиппесин чагып, Бишкекте кафе ачып, улам бир үйдү алып байыган. Айрым маалымат каражаттары бул жерде мүлк талаш бар деп жазып чыгышты. Эжеси Айнур сөз арасында Ортосай базарында кыймылсыз мүлктөр жана Ортосай айылында жертам бар деп айтып алды. Бирок бул мүлктөрдүн бул окуяга тиешеси бар деп да айтыш кыйын. Муну тергөө аныктасын, биз болсо азырынча каршылашып аткан эки тараптын гана пикирлерин ортого салалы. Сөөктү казып кетүүгө демилгечи болгондордун бири маркумдун бир тууган таякеси Абдысатар бизге буларды билдирди:
-Сабыр менин колумда чоңойгон. Биз аны тырнактайынан бакканбыз. Эгер менин колумда өспөсө, ишим деле болмок эмес. Каякка көмөт, кантип көмөт, өздөрү билсин демекпиз да. Көөмп коюшкандан кийин да бизди "ал 40 күнгө даватка кетиптир" деп алдашты. Биз анын өлгөнүн бир айдан кийин билдик. Андан кийин дагы бир ай бою сөөгү каякка коюлганын билбей издедик. Ал эми бир туугандары болсо, каякка коюлганын жашырып айтпай атышты. Улам барып дайынын эле айтып койгула деп жалынып жүрдүк. Макул, биз тай жагы экенбиз, бизге кабар айтышпайт экен, анда эмнеге атасынын бир туугандарына айтышпайт. Атасынын инилери укпай калып, бизден угушту. Мен аларды өлтүрдү деп азырынча күнөөлөй элекмин. Бирок эмнеге элден жашырып, шашылыш көмө салышат. Жада калса, ошол карындашы "Өлүк менин үйүмдөн чыкты" деп атат. Жапжакын кошуналары укпаптыр. Сөөк ал үйдөн чыкпаптыр. Булар эки күн моргдо кармап туруп, дароо алып барып көөмп коюшкан. Жаназасы окулган эмес. Мен ушун үчүн күйдүм да. Ит өлсө да көмөт экен, адамча көмүлүшү керек эле го. Эгер ошол бир туугандары адамча көмүшкөн болсо, мен барып куран окуп, ыйлап кала бермекмин. Атасынын 11 бир тууганы болсо, аларга да кабар айтышпай, ыйлап сыктабай, боз үй тикпей, жада калса кошуналарына билгизбей көмө салышат. Анан күйөсүңбү? 55 күн дегенде биз араң каякта жатканын таптык. Тергөөчүнүн уруксаты менен казып алдык. Мусулман болгондон кийин жаназасы окулуп, адамча көмүлсүн дедик. Айрым гезиттер үй талаштан улам казып кетишиптир деп жазышты. Балким, мүлк талаш тигил бир туугандары жакта болсо болгондур. Мен тагасымын, үй-мүлктөрүнө тиешем да жок, ишим да жок. Өз ара талашып кырылып калышсын. Менин ишим жок. Мен өзүм багып эрезеге жеткирген бала болсо, анан итче көмүлүшүн каалабайм. Анын үстүнө Чымкоргондогу ооркунага түшкөндө денесинде травма бар болчу дешти. Ал травма кайдан келген? Эгер өлгөндө дароо кабар келгенде, өз көзүм менен көрсөм болот эле. Бирок көрө албай калдым. Биз көмүлгөндөн кийин кеч угуп, 55 күндөн кийин жаткан жерин таап, сөөктү алып кеттик да. Эч кандай түнкүсү жок эле, күпкүндүз казганбыз. Эң башкысы , эмнеге унчукпай жашыруун көөмп коюшат? Ушул суроо жоопсуз калып атат,- дейт таякеси Абдусатар.
(Уландысы кийинки санда)
P.S. Маркумдун тайларынын жүйөлөрүн жана бул окуя боюнча айрым жагдайларды кененирээк кийинки сандан окуйсуздар