Cаясий портрет
Мадумаров деген ким эле? "Ак жолго" барып ким болду?
Накен Касиев,
"Элет" партиясынын лидери:
-Оппозициянын башында жүргөн, өзүн демократмын деп эсептеген адам болчу.
Азыр эми бийликтин арыгын чапкан, партиялык тизме менен келген депутаттардын башында турат. Назначение болуп келген спикер, себеби "Ак жол" партиясынын кандайча жол менен парламентке келгенин эл жакшы билет. Бүгүнкү бийликтин камчысын жакшы чапканга аракет кылып жатат. Бийликтин арыгына сууну агызып жаткан азаматтардын бири. Авторитардык режимдин экинчи адамы. Мурда акыйкат үчүн күрөшүп келсе, азыр эми анын бири жок, 360 градуска бурулуп калган.
Абдыгул Чотбаев,
шаардык кеңештин депутаты:
-Мурдагы айткан сөздөрүнүн бири жок. Мурда бийликке каршы болсо, азыр эми бийликти колдоп жатат. Ал жөнүндө сөз кылгым да келбейт.
Султан Урманаев,
парламенттин экс-депутаты:
-Жогорку жактан кандай көргөзмөлөр келсе, ошону так аткарганга аракет кылып жатат. "Адамды сыноо үчүн колуна байлык, анан бийлик бериш керек" деген сөз бар эмеспи. Депутат болуп жүргөндө элдин таламын талашып, элге жакын болчу. Азыр эми ал- чиновник. Өзүнүн милдетин жакшы аткарып жатат. Ал спикер болгону парламенттеги депутаттар өз ойлорун ачык айтпай, трибунадан сүйлөбөй калбадыбы. Дүйнөлүк практикада мен мындайды уккан эмесмин, көргөн да эмесмин.
Топчубек Тургуналиев, "Эркиндик"
партиясынын төрагасы:
-Журналист болуп жүргөндө, депутат болуп жүргөндө абдан күпүлдөп жүрөт эле да. Акаевдин парламенти чөнтөк парламент болчу. Бүгүнкү парламент тээ чөнтөктүн түпкүрүнө түшүп кеткен парламент болду. Демократия, адилеттүүлүк деп кыйкырып жүргөн Адахан антидемократиялык жол менен келип, "Ак жол" партиясын башкарып жатат. Бийликке келгенде кимдин ким экени билинди, асман менен жердей айырма болуп калат экен. Жогорку Кеңеште диктатураны орнотту. Парламентте эмне үчүн сөз эркиндиги болбошу керек. "Сен сүйлөйсүң, сен сүйлөбөйсүң" деп тыйып, үстөмдүк кылып турушу керекпи? Парламенттеги акжолчуларды "кара жолчулар" десе болот.
Абдыганы Эркебаев, коомдук парламенттин спикери:
-Адаханды мен жакшы билем. Университетти бүтүп быякка келгенинде Салижан Жигитовичтин өтүнүчү боюнча мен аны жардамчы кылып биринчи жумушка алгам. Ошондон берки баскан жолу менин көз алдымда. Орунбасардан баштап андан чоң кызматтарга жетти. Депутат болду, кыргыздын чыгаан эр азаматтарынын бири. Мурда бийликти сындап, оппозицияда жүрбөдү беле. Азыр бийликте туруп, мурда оппозицияда жүргөнүндөй калыс болсо жакшы болот эле. Өзүнүн өткөн жолун унутпашы керек. Өзү баскан жолду унутпай, өткөндөн сабак алышы керек. Эгерде унутуп, жалаң кызматты ойлоп кетсе, анда арты жакшы болбойт.
Жамин Акималиев, академик:
-Мадумаровду мен көп жылдан бери жакшы билем. Бул жигит тууралуу оюм түз. Ал Акаевдин доорунда оппозициячыл катары өзүн жакшы көрсөттү. Ыңкылаптын болушунда анын салымы чоң. Эмгеги кайтты. Андан кийин чоң кызматтарга келди. Мамлекеттик катчы болду, бул кызматта жаман иштеген жок. Бирок, мурдагы жылдардагы депутат катары ага сын пикир айтаар элем. Жогорку Кеңештин депутаты катары өзүн башка депутаттардай алып жүрүшү керек. Спикермин деп эле депутаттарды башкарганы туура эмес. Мамлекеттик катчы болуп жүрүп башкарганды үйрөнүп алса керек. Өзүнүн укугун ашыра чаап, аким, губернатор катары сезип жатат. Минте берсе баркы кетип калат го.
Асел Сталбек кызы