Сөздү бакканга айт

Түгөлбай КАЗАКОВ:
"Татардан катын алсаң, овчарканын кереги жок"
- "Атты жашка сынат, кызды карыга сынат" деген макалды кандай чечмелейсиз?
- Атты сынаш үчүн аны миниш керек, чабыш керек. Ал чабандес жаш болуш керек. Кызды болсо көптү көргөн, адамды сыртынан, баскан- турганынан, көз карашынан биле турган адамга сынатыш керек. Карыган кишилер баарын билип калат да, ошон үчүн кызды карыга сынатыш керек.
- Эстүү аялдын эри бай болобу?
- Эстүү аял сарамжал болот да.
- Сиз байсызбы анда?
- Бирөөлөр айтат экен: "Мен өтө баймын, анткени менин көкүрөгүм толтура, үйүмдө толтура китеп бар" деп. Анан кыргыз бай дегенде эле дүнүйөнү элестетет да, көкүрөгүңдүн байлыгы менен эч кимдин иши жок. Материалдык жактан алганда, менин мактана турган байлыгым жок. Бизнесим да жок.
- Аялдын күчү көз жаштабы?
- Жок, аялдын күчү акылында.
- "Азаматтын жакшысы бирде мырза, бирде кул" дейт экен, сиз да ошондойсузбу?
- Колдон келсе ошондой болуш керек. Себеби, мырза боло турган да, кул боло турган да жер бар. Кул болгондо кандай? Кулдуктун маанисин туура түшүнүш керек да. Мисалы, акчанын, мансаптын, же болбосо атак-даңктын кулу эмес, өз Мекенине, элине кул болуп берсе - бул жакшы. Бул ошол мааниде айтылган макал. Бирөөнүн эшигине барып кул бол деген эмес.
- "Аялга ит да үрбөйт" дегени эмнеси?
- Себеби, аял жакшылыктын, токчулуктун символундай да. Үйдө ит аялдын колунан тамак жеп жүрсө ага кантип үрмөк эле…
- "Шалаакы аялга - сокур күйөө" деген чынбы?
- Бул чын. Жүдөп-какаган аял болсо, өзүнө окшогон күйөө туш болот да. "Какаганга муштаган" деп коет го. Ошол сыяктуу эле да.
- Сүйүү ичте, өкүнүч сыртта болуш керекпи?
- Жок, мен тескерисинче ойлойм. Сүйүү сыртта, өкүнүч ичте болуш керек го.
- "Аксак бүркүт катуу шаңшыйт" дегенди кандай түшүндүрөсүз?
- "Бош араба катуу калдырайт" дегендин бир түрү. Учуп, жетээр жерине жетип аткан бүркүттөргө караганда анын арманы күчтүү да. Шаңшыганы катуу чыгат.
- "Ашыктык акылдууну акмак, акмакты акылдуу кылып коет" дегенге кошуласызбы?
- Мен ага кошулам, алтургай эр жетип калдым деген кишини бала кылат, бала бойдон жүрөм деген кишини эр жеткизет.
- Сүйүү менен бакыт синонимби?
- Жок, булар синоним эмес. Булар - бирде тууган, бирде кас.
- "Эл мактабаган кыз эрсиз калабы?"
- Бул эски макал го. Илгери эми кичинекей айылда ар кимдин кыймылдаганы, тагдыры калчанып турган. Мисалы, Бишкектин ичинде макталбаган кыз эрсиз калат деп кантип айтабыз? Шаарда бирөө чыгып алып дагы бирөөнү мактабайт да эч качан. Азыр андай болушу мүмкүн эмес. Бул макалда элдин оозуна илинбеген кыздын бактысы тайкыраак болот деген да мааниси бар.
- Тандаганга таз колукту жолугабы?
- Ооба. Таз колукту дегенде мен чачы жок колуктуну элестетпейм. Өтө мыктысын табам деп жүрүп орто дегенден да төмөнүрөөк бирөөгө туш болот деген кеп.
- Алган эри жарашса кара катын ак болобу?
- Ал туура. Аны бөпөлөп, жакшынакай кылып кийиндирип алып жүрсө… Аялдын көркүн кийим чыгарат да.
- Сиз аялыңызды "ак" кыла алдыңызбы?
- Бизде бөпөлөп-сөпөлөп деген жок, бирок ортобузда сый бар.
- "Аялың жок-азабың жок" дегенге кошуласызбы?
- Макалды ким чыгарат өзү. "Күйүттүү катын кошокчу" дегендей да. Аялдын азабын тарткан бирөө чыгарса керек. Райкан Шүкүрбеков деле "Татардан катын алсаң, овчарканын кереги жок" деген сөздү чыгарган.

Дилбар АЛИМОВА