"Вечерний Бишкектин" кабарчысын намаз окуган мыкаачы өлтүргөн "Вечерний Бишкек" гезитинин эмгек жамааты 7-март күнү "Пекинская утка" ресторанына олтурушкан. Гезиттин Ысыккөл боюнча кабарчысы Юрий Александров жубайы Ангелина экөө бул кечеге чогуу барышкан. Ошол кафеден кечинде чыккан бойдон журналист аялы экөө тең дайынсыз жоголушту. Аларды издөө ишин Ички иштер министри өзү колго алган.13 күн өткөндөн кийин Юрий Александровдун жубайы экөөнүн сөөгү табылып олтурат. Экөөнүн баласы Денис Александровдун жан сакчысы, алардын квартиранты Ринат Казакбаев өлтүргөндүгү аныкталды.
Тузакка түшүрүү операциясы
Жубайлар "Пекинская утка" ресторанында олтурушканда Ринат Казакбаев Юрий Александровго баласы анын ата-энесиникинде экенин, абдан мас болуп баш бербей жаткандыгын айтып телефон чалган. Ошондо болжол менен саат тогуз жарым чен экен. Мындай кабарды уккан Юрий Александров жубайы Ангелина экөө олтуруштун аягына чыкпай эле кетип калышкан. Алар өздөрүнүн "Мерседес - 180С" маркасындагы В50-74Х номерлүү машинесине олтуруп, Казакбаев айткан жерге барышкан. Болжошкон жерден Ринат аларды тосуп алып, Ринаттын ата-энеси жашаган Маевка айылындагы Восточная көчөсүндөгү үйгө айдатып барган. Ринат ата-энесинин үйүнө өзү биринчи кирип, артынан Юрий кирген. Ал короосуна киргенде эле даярдап койгон таяк менен башка чапкан. Ал эсин жоготуп жыгылган. Андан кийин сыртта машинада олтурган Ангелинага келип, алардын баласы атасын укпай жаткандыгын, аны көндүрүш керектигин айтып үйгө киришин өтүнгөн. Ал короого киргенде жерде эс-учун билбей жаткан жолдошун көрүп кыйкырып жиберген. Ошондо аны да таяк менен башка чаап, колу менен муунткан. Аны өлтүргөн соң, эс-учун билбей жатып калган Юрийди муунтуп өлтүргөн.
Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп салгандан кийин короодогу погребдин алдын казып, аялы менен күйөөсүн чуңкурга салып көмгөн. Кылган ишинин жиги билинбеш үчүн көмүлгөн топурактын үстүнө темир торду коюп, анын үстүн цементтеп салган.
Андан кийин алардын машинесин Бишкекке айдап барып, Ибраимов көчөсүндө жайгашкан "Тет-а-тет" кафесинин алдына токтотуп кетип калган. Саат он бир жарым ченде 8-кичирайондогу жашап жаткан үйүнө барган. Александровдун уулу Денис менен сүйлөшүп отуруп кеткен.
Намаз окуган мыкаачы
Укук коргоо кызматкерлери Юрий Александров менен жубайы экөөнүн тааныштарын сурамжылап башташкан. Алардын квартиранты катары Ринат Казакбаев да суракка алынган. 19-март күнү ал өлтүргөндүгү тууралуу кылмыш ишти мойнуна алган. Юрий Александров менен жубайы Ангелинаны Адыр көчөсүнөн күтүп алып, машинеден 50 метр алыстыктагы караңгы жерден экөөнү өлтүрүп туруп, машинага салып, жолдон 20 литр бензин сатып алып, шаардык таштанды таштоочу жайга алпарганын айткан. Ошол жерден алардын үстүнө бензинди калтырбай куюп өрттөп жибергем деген. Анын берген көрсөтмөсү менен укук коргоо органдары таштанды таштоочу жерди чоң трактор менен түрттүртүп карап чыгышкан. Бирок эч кандай майнап чыккан эмес. Журналисттин машинесин табышканда машине булганбай таптаза экендигинен улам, бала калп айтып жаткандыгын билишти. Машине табылганда машинанын ичинде Юрийдин курткасы жана Ангелинанын туфлийи бар экен. Машинага эч ким тийген эмес. Машина азыр Октябрь РИИБсинде токтотулуп турат. Ринатты жакшылап кайра суракка алышкан. Ошондо гана чындыгын айткан. Укук коргоо кызматкерлери 21-март күнү түш ооп калган убакта Казакбаевдин ата-энесинин үйүнө барып, ал көмгөн жерди казышып, эки өлүктү алып чыгышты. Ангелинанын кулагында алтын сөйкөсү, мойнунда алтын чынжыр, Юрийдин чөнтөгүндө 300 сомго жакын акчасы бар экен. Ошол замат эксперттер сүрөткө тартып, эки өлүктү моргго алып кетишти.
Кылмышкердин ата-энесинин айтымында, Ринат күндүз келип, апасын майрамы менен куттуктап белек алып келген экен. Ринаттын ата-энеси 7-март күнү конокко кетишип, 8-март күнү күндүзү келишкен. Окуя болгон күнү үйгө келишпегенин, бул окуя тууралуу эч нерсе билбей тургандарын айтышкан. Баласы короого эки өлүктү көмүп койгону үч уктаса түштөрүнө да кирген эмес.
Журналисттин жоголгондугу тууралуу ар кандай божомолдор
"Вечерний Бишкек" гезитинин Ысыккөл областы боюнча кабарчысы Юрий Александров чыгармачылык ишинен сырткары дагы бизнес иши бар болчу. Өзүнүн анча чоң эмес пансионатындагы коттедждерди жаңылатууну пландап жүргөн. Бишкекке бир гана майрамдоо үчүн эле келбестен, кайрадан Чолпонатага кайтаарда курулуш материалдарын алып кетүү тууралуу ою бар болчу. Ошондуктан алар жанындагы чоңураак суммадагы каражат үчүн өлтүрүп кетишти деген божомолдор болгон.
Юрий Александров "Вечерний Бишкек" гезитинде 11 жылдан бери эмгектенип келген. Миңге жакын макаласы гезит бетине жарык көргөн. Анын дайынсыз жоголгонунан көп өтпөй эле "Вечерний Бишкек" гезитине наркотикти өндүрүү жана өстүрүү боюнча макаласы чыккан. Макалада Ысыккөлдө криминалдык бизнес менен ким кандайча, каякта алектене тургандыгы тууралуу жазылган. "Вечерний Бишкек" гезитинин баяндамачысы Александр Тузовдун айтымында, макала гезитке эртең менен жарык көргөн, ошол күнү кечинде макаланын автору жоголгон. Балким ушул макаланын да таасири болду деген ойлор да келбей койгон жок.
Арак ичпеген, чекпеген, намазга жыгылган Ринат
Кылмышкер Ринат Казакбаев 22 жашта. КГУСТАнын үчүнчү курсунун студенти. Үйбүлө күткөн, бир кыздын атасы. Төрт бир туугандын ортончусу, төрт уулдун экинчиси. Атасы аскер кызматкери болгондуктан 8-класска чейин Москва шаарында окуган. Андан соң ата-энеси Бишкекке келип, окуусун Бишкектен уланткан. Арак ичпеген, тамеки чекпеген, намазга жыгылган жигит. Бокс боюнча спорттун чебери.
Юрий Александровдун Бишкекте эки үйү бар экен. Сегизинчи кичирайондо жайгашкан үйүндө Ринат 2 миң сом төлөп квартирада турчу. Аны менен чогуу Юрий Александровдун уулу Денис да чогуу турган. Ринат чогуу иштешип, анын жансакчысы да болуп жүргөн. Кылмышкер кармалгандан кийин анын эмне себептен өлтүргөндүгү тууралуу сураганда "алардын мага кылган мамилеси жакчу эмес, мен жөн гана өч алдым" деген. "Адамды үч жолу жинине тийип шылдыңдаса өч алса болот, исламда ага жол берилет" деп күйгүздү. Кудай жолуна түшүмүш этип, беш маал намазга жыгылып аткан адам ушундай мыкаачылыкка барат деп ким ойлоптур…