Мен өзүмдү үй сыртынан карасам

Асел ТУРДАЛИЕВА:
"Мени сүйгөн бир адам бар!"
Өзүм
Орустарда "Ар бир бака өзүнүн сазын мактайт" деген сөз бар эмеспи. Өзүңдү өзүң мактабасаң сени ким мактайт? Бирок мен өзүмдү мактаганды жаман көрөм. Ар бир адамдын жакшы, жаман сапаттары болот. Менин жаман сапаттарымдан жакшы сапаттарым көбүрөөк болуш керек. Кандай жаман сапаттарым бар экенин да билем. Эң жакшысы, менде тактык бар. Айрыкча, убакытка болгон тактык канымда да. Так эмес адамдарга ишенүү кыйын. Мисалы, күттүргөн адамдарга жиним көп келет. Аларды бир жолу кечиресиң, эки жолу кечиресиң, үчүнчүсүндө тажап кетесиң…

Кек
Кек сактабайм, көк беттигим жок. Кечире турган жерлерден кечиримдүүмүн. Кечирбей турган жерлерде болсо… Мисалы, жакын эле арада чоң бир тойго барып калдым. Дагы башка жакка шашып аткам. Биз, артисттер, ким биринчи келгенине карата кезектешип ырдайбыз да. Бир ырчы жигит алыс жолго чыкмак экен, ага кезегимди берип койдум. Анан бизден улуураак белгилүү эле ырчы келип кезекке карабай туруп ырдап кетип калды. Бул биринчи жолу эмес, буга чейин да бир нече жолу ошенткен эле, мен кечирип койгом. Өзүмө аябай таң калдым, же жинимдин туу чокусуна жетип калганбы, айтор, унчукпай чыгып туруп басып кеттим. Ушул кишини мен кечире элекмин. Ал ырчынын чоң бир мааракесине бармак элем, барбай койдум. Мен аны ушинтип жазаладым.

Ачуу
Кыялымдын чорт экени өзүмө да жакпай кетет. Ачуум бат келип, бир нерселерди туура эмес түшүнүп алышым мүмкүн. Дагы бир жаман жерим, жаш балдарга катуу мамиле кылам. Эркек бала болсо да бир жөн, кызымды өтө катуу кармайм. Мүмкүн, жаман психологдурмун. Бирок мен баланы урбайм, жазалап койгон учурларым болот. Анан кайра өзүм аяп кетем дагы, кызымды кучактап алып кечирим сурайм.

Калпычылар
Мен чынчылдыкты жакшы көрөм. Калпычыларды жек көрөм. Андайлар менен сүйлөшпөй да коем. Жаныңа келип калп эле жагалдангандардан "аллергиям" бар. Тазалык жагынан анча-мынчалар жолдо калат. Мыйзам чегинде жүргөн адаммын, бирок, албетте, кээде эрежелерди бузуп коесуң. Өтө эле идеалдуу боло берген да болбойт да. Эң башкысы, мага ишенсе болот. Достукка бекеммин, эч качан сатып кетпейм.

Сулуулук
Сулуулук - бул чоң нерсе. Табигаттын, жаратылыштын, баланын, аял затынын, кала берсе эркектин сулуулугу, деги койчу, жашоонун өзү сулуу. Кудайым ушул жалган дүйнөгө татыктуу гана пенделерин жиберсе керек. Мен келбетине карап туруп эле сулуулугуна баа бербейм, адамдын ички дүйнөсү сулуу болсун. Мен өзүмдү аябай сулуу дегенден алысмын, бирок кудайга шүгүр, бучук же бүтүк эмесмин, чулдур эмесмин.

Жалгыздык
Ар бир адам жүрөгүнүн түбүндө кандайдыр бир жалгыздыкты сезген учурлар болот. Мен кайсы бир убакта жалгыздыктан корком деп ойлочумун. Өзгөчө жашыраак кезде өзүмдү жалгыз калып калгандай элестетип алсам керек. Азыр мен антип айта албайм. Мен жалгыз эмесмин. Мен ички дүйнөмдө аябай бай адаммын.

Жаңылыштык
Мен жолдошума турмушка чыкканымды жашоодогу жаңылыштыгым деп билем. Бир жагынан ошентип айткандан да корком. Анткени, жакшынакай кыздуу болдум. Бирок, ал кишиге турмушка чыкпаганда башка адамга чыкмакмын да. Кудай берем десе ушул кызды башкадан да бермек. Бул адамга турмушка чыкпашым керек болчу. Чындыгында кандай адам экенин кийин билдим. Өзүнчө жакшы болсо болгондур, бирок биз аял-эркек катары жуурулуша албадык. Мүмкүн, ал башка жактан бактысын табаттыр. Рухий жагынан алганда ал менден алсыз болду. Мен ага караганда күчтүү экенмин. Ошон үчүн келише албадык окшойт. Кудайга шүгүр, анын баары артта калды.

Бук
Букту ичимде сактабаганга аракет кылам. Бардык аялдарга ушуну кеңеш берээр элем. Керексиз нерселерди ичте сактай берген болбойт. Бул аялды карытып, көздөрүндөгү балбылдаган отту өчүрүшү мүмкүн. Депрессияга түшпөгөнгө аракет кылыш керек. Мен өзүмдү башкара алам. Стресске түшкөн учурлар болот. Мындай убакта мен көпкө чейин кыйкырып алышым мүмкүн, музыканы бакыртып коюп алып, өзүмө жаккан ырга кошулуп ырдап алам.

Көз жаш
Мен жолдошум менен беш жыл жашаган болсом, ушул жылдары аябай көп ыйладым. Анан өзүмө өзүм тартип киргиздим. "Болду, жетет, ушунча ыйладың, көз жаш да калбай калды" дедим дагы, эми ыйлабайм деп чечтим. Ыза болгон учурларым болот. Бирок, эч кимге көрсөтпөгөнгө аракет кылам. Кээде кызым сезип калат экен. "Апа, бир нерсе болдубу?" деп калат. "Жок, кызым, баары жайында" деп коюп, ал мектепке кеткенде акырын ичимдеги "микробдорду" "чыгарып салам".

Бакыт жана сүйүү
200-300 пайызга ишенимдүү айта алам, мен эң бактылуу аялмын! Алты саным аман, ата-энем, бир туугандарым жанымда, досторум бар, сахнага чыгып канчалаган элдин батасын алып турам… Жүрөгүмдө эмне "зырп" этип турса ошону ырдайм. Эки жерде иштесем, экөөндө тең кесиптештерим жакшы көрүп, колдоп турат. Адамдын тагдыры өзүнүн колунда. Кээ бирлер "Бул жашоодо күйөөң жок болсо кантип бактылуу болосуң, бул бактысыздык да" деп айтат. Эми сөзсүз эле күйөөгө тийиш керекпи? Кудайга шүгүр, алтындай кызым бар. Бүгүнкү күндө мени сүйгөн адам бар. Азырынча турмушка чыгам деген оюм жок. Мен азыр жаш кыз эмесмин да, бүгүн жактырып калып, эртең турмушка чыккыдай. Баарын калчап туруп жыйынтык чыгарыш керек. Кубансам да, көңүлүм чөгүп турса да ал адам менин жанымда. Моралдык жактан мени колдоп турат. Анан ушундай адамды кантип сүйбөй кое аласың. Мен аны чындыгында сүйөм. Бул сүйүүдөн да чоң нерсе!

Дилбар АЛИМОВА