Коомдук-саясый гезит
№21, 03.04.08-ж.






  Төртүнчү бийлик

"Азаттык" -көп тармактуу мультимедиялык маалымат каражаты
"Эркин Европа - Азаттык" үналгысын Кыргыз кызматынын ("Азаттык" үналгысынын) деректири, тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегин менен интернеттик ат жалындагы маек

- Тынчтыкбек мырза, 55 жылдык тарыхы бар "Азаттык" үналгысынын түптөлүшүнө зор салым кошкон инсандар тууралуу айта кетсеңиз. Алар убагында кандай кырдаалда иштешкен, совет бийлиги аларга куугунтук көрсөткөнбү?
- Совет доорунда "кайчы пикирдегилер" (диссиденттер) деген түүшүнүк бар эле. "Эркин Европа - Азаттык" үналгысын дал ошондой чыгаан кишилер түптөп, Евразиядагы эркин маалымат алуу мүмкүндүгү жокко эсе болгон мурдагы коммунисттик өөлкөлөрдүн калктары үчүн зор кызмат өтөштү. Алардын арасында Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев), Төлөмүш Жакып уулу сыяктуу кыргыздын кулундары күтүп турган. Ал эми эгемендик доору келгенде бул эки маркум аксакалыбыз тең кадыр-барктуу инсандарыбыз катары Алатоодо сый-урмат менен тосуп алынды.
Демек, улутубуздун аң-сезими коммунисттик идеологиялык чидер аркылуу таңууланган түшүнүктөн алда канча бийик экенин айгинелетти. Көп томдуу пост-советтик Кыргыз энциклопедиясында да (1-том, Бишкек, 2007) "Азаттык" тууралуу өтө объективдүү маалымат жарыяланды. Бул жагынан Кыргызстан аймактагы өрнөктүү өлкө экенин айта кетсек болот (ушул тапта "Азаттыкта" иштеген түркмөн кесиптештерибиз өз Атажуртуна эркин бара алышпайт, ал эми "Азаттыктын" Ташкендеги бюросу 2005-жылкы Анжыян окуяларынан соң жабылууга дуушарланган).
- Март ыңкылабынан бери үч жыл өтүптүр. Ушул үч жылда Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы кайсы жакка өзгөрдү?
- Сөз эркиндиги тууралуу талап эркин коомдогу эң жогорку середе турган көрүнүш. Былтык октябрда эркин журналист Алишер Саиповдун киши колдуу өлүмү Кыргызстандагы эркин басма сөз тууралуу жылуу пикирди кыйла ириткен окуя болду. Мен былтыр май айында маркум Алишер менен Бишкектеги кеңсебизде жолуккан элем. Ушунчалык жылдыздуу, жароокер, көөдөнүнө бүт ааламды батыра алган, көз карашынан жаркын келечекке үүмүт жалындап турган жаш кесиптешибизди көрүп, абдан ыраазы болгон элем. Айтмакчы, ал кыргыздын чыгаан атуулу болчу.
Басма сөз эркиндиги тууралуу сөз кылганда, албетте, комплекстүү маалымат талап кылынат. Бир чети, ыңкылаптан бери Кыргызстандагы кырдаал алда канча дурус жагына адым жасаганын айтпай кое албайбыз.
Бирок жөжөнүү санай турган күз али алдыда. "Алиби", "Де- Факто" гезиттери менен байланыштуу соңку сот жараяндары, Жалалабаттагы "Сентябр" эркин сыналгысынын ишмердүүлүгүнө карата тоскоолдуктар жергиликтүү укук коргоочуларды тынчсыздантып жатат.
Жакында Акыйкатчы Турсунбек Акун жана укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Прагага келип кетишти. Алар да бул маселе тууралуу талкуу кылганыбызда өз санааркоолорун билдиришти. Эгерде президенттин жакындары өлкөдөгү эркин басма сөзгө карата ыңкылапка чейинки "сот аркылуу гезитти банкрот кылдырган" мамилени кайра жандандырууда демилгечи болбой, өздөрүнө карата сынга айкөл мамиле жасаса, анда алар президентти да, жаңы Конституцияны да, элдин эркин маалымат каражаттарын чыңдоого карата талабын да урматтаганын көрсөтөр эле.
Менимче, бул окуялар деле кокусунан жана убактылуу пайда болгон жарым секунддук жаман түш катары артта калар.
Ошол эле учурда, бардык жергиликтүү басылмаларды тигил же бул маселе боюнча ар кыл мамилени, коомдогу кайчы пикирлерди жарыштыра чагылдыруу жаатында өрнөк болууга чакырар элек.
- Теледолбоордун акыбалы кандай? "Ыңгайсыз суроолор" берүүсү, менимче, КТРдеги бир тараптуулукту жымсалдап, эл аралык стандартка кулагынан тартып сүйрөп аткандай сезилет. "Азаттык плюс" берүүсү болсо жаштардын сүймөнчүгүнө ээ болуп калды. "Азаттык" радиосу бул долбоорлорду каржылоону улантабы?
- Оболу, "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүн түптөп берген кесиптештерибиз, "Азаттыктын" мурдагы кабарчылары Султан Абдыракманов менен Кыяс Молдокасымовго дагы бир жолу ыраазычылык билдире кетким келет. Би-Би-Сиде "Катаал талкуу" (Hard Talks) деген берүү бар. Дал ошол форматтагы берүү кыргыз сыналгысына "Азаттыктын" демилгеси жана КТРдин (азыркы УТРКнын) ырааттуу колдоосу менен жүзөгө ашырылып, бизде да ушундай берүүнү уюштурууга болот турбайбы деген ишенимди жаратты. Президент Курманбек Бакиев, азыркы парламент спикери Адахан Мадумаров мырзалар да, бүгүнкүү оппозиция лидерлери да алар менен жолугушкан чактарымда ушул берүүбүз тууралуу жылуу пикирлерин айтышкан, калайыктан да колдогон ой-пикирлер, мындан да курч кылгыла деген сындар айтылып келет.
Кээде оппозиция өкүлдөрү "Ыңгайсыз суроолор" берүүсү аркылуу гана көгүлтүр экрандан көрүнүп калган учур болгонун мага айтышкан, бирок алыскы Прагада туруп алып эле, мындай учур чын болгон-болбогонун тастыктоо мага кыйынга турарын түшүнөрсүз.
Оппозициячыл маанайдагы суроолорго жооп берүүдөн качпаган адилет министри Марат Кайыпов, азыркы Бишкек мэри, мурдагы 1-вице-премьер Данияр ҮҮсөнов, мурдагы премьер-министр Алмаз Атамбаев сыяктуу инсандарыбыз да, оппозиция өкүлдөрү Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Кубат Байболов, Аликбек Жекшенкулов жана башкалар, нечендеген чыгаан интеллектуалдарыбыз "Ыңгайсыз суроолордун" коногу болду. Бир жолу Адахан Мадумаров мырза менен жолукканымда, ал "иштеп жаткан аткаминер үчүн ыңгайсыз суроо болбойт" деп айтканы эсимде. Мамлекеттик катчы кезинде Адахан мырза да "Ыңгайсыз суроолорго" айрым бийлик өкүлдөрүн чакырууда өз көмөгүн көрсөткөн.
УТРКнын жетекчиси Мелис Эшимканов, УТРК жамааты, президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов да бул сыналгы долбоорубузду андан ары улантууга өз колдоолорун көрсөтүп келишет.
Ошол эле учурда, "Азаттык плюс" сыналгы берүүсү аркылуу жаштардын көйгөйлөрүн чагылдырууну уланта бермекчибиз. Биздин таланттуу улан-кыздарыбыз (Аида, Жаннат, Элеонора,Эдил, Мирлан, Төрөкул жана башкалар) алып барып жаткан бул апталык берүүнүн да келечеги кең. Жакында эле анын студиясынын дизайны кайра жаңыртылды. Берүү мурдагыдан да динамикалуу боло баштады.
- Сырттан баам салып турган адам катары айтсаңыз, март революциясына Батышта дегеле көз караш кандай? Муну төңкөрүш деп баалашпайбы? Же чыныгы революция катары баалашабы?
- Батышта бирдей көз караш бар десек жалган айткан болор элек. Азыр да Кыргызстанга үмүт менен карагандар 24-март окуясын "Жоогазын ыңкылабы" (Tulip Revolution) деп атап келишет. Соңку бардык позитивдүүүү жылыштарды алар ыңкылаптын түшүмү катары белгилешет. Ошол эле учурда, "ыңкылап деп аталып жүргөн бул окуялар" деп түшүндүрмө жазып, "ыңкылап" сөзүн эч жуутпаган серепчилер да бар. Ыңкылаптан соң Кыргызстанга жетиштүү көңүл бурулбай койду деп Батыш лидерлерин сынга алгандар да жок эмес.
Ал эми ошол окуяларга кылчайсак, Кыргызстанда эч кандай аскердик же полициялык төңкөрүш болгон жок. Эгерде "ак шапкечендердин" провокациясын мурдагы бийлик уюштурбаган болсо, анда Акүйдүн кожоюну ошол жылдын октябрында шайлоо жолу менен алмашуусу ажеп эмес эле. Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева жана башка ошол кездеги оппозиция лидерлери кийинчерээк эскергендей, алар Украинадагыдай бир нече күндүк тынч демонстрацияга камынып келишкен.
Албетте, болочокто дагы далай архивдик жана башка даректүүүү маалыматтар ачыкка чыгар. 1917-жылкы ыңкылаптардын айрым сырлары эми гана жалпыга маалым болуп жатпайбы.
- "Азаттык" үналгысы кандай принциптерди тутунуп иштейт? Дал ошол принциптерди жалпы кыргыз журналистикасына кантип жайылтса болот?
- Дал ушул суроого жогорудагы ыңкылапты кандайча чагылдырганыбызды айтып жооп берейин. 24-март күнү кечинде ыңкылапчылардын үнүн да, ыңкылаптан улам бийликтен четтегендердин үнүн да чагылдырган бирден-бир маалымат каражаты - "Азаттык үналгысы" болду. Ошол күнү кечинде КТР ыңкылапты жактагандардын гана колунда болуп, айрым ыңкылапчылар түз эфирден төрт ирэт чыгып турган чакта, биз мурдагы президент Аскар Акаевди жактаган үндөргө да орун бердик. Ошол күнү КТР жетекчилиги Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын берүүсүн (байкабай, күү менен) ободон алып салган экен. Болбосо, алар деле берүүсүн баланстап даярдаганында эч шегим жок.
"Азаттыктын" кабарчысы тигил же бул теманы иликтегенде редакциялык тапшырманын башкы бөлүгү - эки башка же үүч башка тараптын пикирлерин үйрөнүп, элге жеткирүүүү экенин дурус билет. Эгерде материалында бир эле жактын пикири болсо, анда анын материалы чийки экенин, обого чыгарылбай турганын кабарчыбыз алдын-ала билет. Андан тышкары, жаң ылык окуп жатып, тигил же бул жакка сын айткан же көшөкөрлүк кылган сөздөрдүү "жармаштыра кетүү" сыяктуу "ыкмаларды" биз жосунсуз жорук катары кабылдайбыз.
Менимче, башка жергиликтүү басылмалардын кабарчылары акырындап бул принциптерди өздөштүрүүдө. 5-канал" сыналгысы, Эл-ТР, "Сентябр" сыналгысы, "Алмаз" радиосу, "Де -Факто", "Репортер" гезиттери, Аки-пресс, 24.kg сыяктуу маалымат каражаттарын айтсак, уучубуз куру эмес экенин көрөбүз.
- "Азаттык" учурда кыргыз тилдүү журналисттердин каймактарын калпып алгандай сезилет. Бир журналистика мектебин ачып, жаңы муунду тарбиялоо тууралуу пландар барбы?
- "Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" деген макалды "Азаттыкта"деле айтып калабыз. 2005-жылдан бери КУУ, БГУ, ОшМУ сыяктуу ири университеттерде арбын жолугушуулар болду, айрым гезит жамааттары да кызматташтык сунуштарын айтышты, бирок көптөгөн сунуштар өз болочогун күтүп кала берүүдө.
Бир чети, сапаттуу берүүлөрүбүз аркылуу биз "жаңы мектеп" жаратуудабыз. Экинчиден, УТРКдан да бизде стажерлор (Эрнис Кыязов, Космосбек Чыдынов) болгон. Айрым прагалык адистерибиз (MJ Bear ж.б.) УТРКда жана кээ бир журналистика факультеттеринде семинарлар өткөрүштү. Былтыр Прагадагы кеңсебизде Назгүл Кошоева деген жаш журналист практикада (интерншип) болду.
Бизден таалим алган, бизде иштеп кеткен нечендеген кыргыз кабарчылары (Чолпон Орозобекова, Надыр Момунов, Султан Раев, Султан Каназаров, Машакбай Рахманкулов, Кубанычбек Жолдошев, Азиза Турдуева) ар кыл гезиттерде, башка маалымат каражаттарында жана ири кызматтарда эмгектенүүдө.
Бишкек- Пресс Клубундагыдай ырааттуу журналистика жана публицистика мектебин ачууга азырынча бизде мүмкүнчүлүк жок. Бирок жаш адистерди стажировкадан өткөрүү багытында мындан ары да ишибизди улантабыз.
- Интернет жаатында кандай пландарыңыздар бар?
- Биздин интернет барагыбыз ушул жылдын күз айларында таптакыр жаңы деңгээлге чыкмакчы. Азыркы барагыбыз, чынын айтканда, өз купулубузга толбойт. Анын мүмкүнчүлүктөрү аз. Ошого карабастан, "Эркин Европа - Азаттык" үүналгысынынэң окумдуу сайттарынын бири - биздики десек жаңылышпайбыз. Албетте, калк санына жараша салыштырмалуу айтканда. Жакында жаштарыбыздын демилгеси менен ФэйсБукта (FaceBook) өз баракчабызды (www.azattykplus.kg) ачтык. Анын окурмандары күн санап өсүүдө.
Айтор, "Азаттык" үналгысы эми жалаң гана радио жаатында берүү даярдап чектелбестен, сыналгы, интернет жана башка мультимедиялык каражаттар аркылуу да ар тараптуу иш алып барабермекчи.
Айтмакчы, жалпы кыргыз интернети тууралуу сөз кыла кетсек, Жаныбек Жанызак сыяктуу азганактай күйөрмандар http://ky.wikipedia.org интернет - сайтын колдоого алууда. Дүйнө жүзүндөгү кыргыз улан-кыздары, анын ичинде алатоолуктар, бул жаатта аларга көмөктөш болсо жакшы болоор эле. Ошондой эле ар бир кыргызстандык гезит өз сайтын ачуусу керек. Ал эми жергиликтүү акимдер жана ишкерлер өз аймагынын ар бир айылында интернеттик байланышты калыптандырышы абзел. Бул -мезгил талабы. Биздин жеткинчектер интернет аркылуу алчу илим жана таалим - Атажуртубуздун келечеги үчүн жүз миңдеген "Кумтөр" алтын кендеринен баалуу.

Чолпон ОРОЗОБЕКОВА














Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!