Карыкетуристтин кечеси

Кимбайке
1-апрель күлкү күнүнө карата Улуттук китепканада Кимбайкенин чыгармачылык кечеси өттү. Ошол замат сыясы кургай элек "Кимбайке" аттуу китептин да бетачары болду. Кимбайке юморист гана эмес, мыкты карикатурист дагы. Саясатчыларга тарткан шарж-портреттери менен карикатураларынын көргөзмөсү Улуттук китепкананын "Кыргыз китеби" залына илинди. Роза Отунбаева айткандай, Кимбайке дегеле дүйнөлүк практикадан алып айтканда, эң бай адам болушу керек. Анын бир шарж-портретин миңдеген долларга сатса болот. Бирок, Кимбайке ушунчалык скромный. Бул кишиге эчтекенин кереги жок, кудая тобо. Гезиттин редколлегиясы ушул кече менен көргөзмөнү уюштурганга чуркап безилдеп жүрсө, таң калып коюп карап отурду го, тобо. Бул ушундай киши. Буга атак-даңктын да, акчанын да кереги жок. Чыныгы таланттар ушундай болот. Кимбайке азыр Кыргызстанда эң атактуу брэнд болуп калды. Башкасын айтпаганда да кыргыз журналистикасында Кимбайке-жападан жалгыз карикатурист. Карикатурист болом деп аракет кылып жүргөндөр бүт Карыкеевди туурап, андан идея уурдап жүрүшөт. Ошол Кимбайке биздин гезитте отурганы да бизге сыймык.

P.S. Төлөгөн Карыкеевдин "Кимбайке" аттуу китеби чыга элек жатса, ага куда түшкөндөр көбөйдү. Дүңүнөн алгысы келгендерге дароо баш тарттык. Колдон колго өтүп отуруп, Кимбайкени сүйүп издеп жүргөндөргө жеткиче баасы асмандап кетет. Андыктан куда түшкөндөргө дароо "жок" дедик. Кимбайкенин китебин окугусу келгендер азырынча редакциядан келип алыңыздар. Ал эми анын баасын секиртпей, кантип окурмандын колуна өз баасында жеткириштин жолун издеп аткан убагыбыз.