Ыр секи
Анжелика:
"Сулуулук салонун ачып берем деп чуркап жүрөт"
-Анжелика, кайрадан сахнага чыгып, чыгармачылыкка кайтып келипсиң. Эми ишти эмнеден баштайын деп турасың?
-Чындыгында мен турмушка чыгып, жеке жашоом жаңы нукка бурулган кезде эл арасында "Анжелика эми сахнага чыкпайт экен" деген сыяктуу айың кептер тарады эле. Анан той болуп бүткөн соң кайрадан ишке киришерде кош бойлуу болуп калдым. Ошону менен убакыт билинбей өтүп, Айым аттуу татынакай кыздуу болдум. Кызыбызга азыр төрт ай болду. Кичине торолуп, көзгө көрүнүп калган соң эми чыгынып ишке кириштим. Жаңы эле Эрик Кадырбаевдин "Ардагым" аттуу ырын жаздырып бүттүк. Эми ушул ырга клип тарттыруу менен алектенип атабыз. Буюрса, алдыда мындан башка да көп пландар бар.
-Мурдагыдай эле Айчүрөк Иманалиева менен иштешесиңби же өз алдыңча иштөөнү пландаштырып атасыңбы?
-Айчүрөк эжени менин продюсерим экен деп ойлогондор көп. Жок, ал менин продюсерим эмес. Болгону апам мага өмүр берип жарык дүйнөгө алып келсе, Айчүрөк эже-сахнага алып келген чыгармачылыктагы энем. Ал мага дайыма кеңешин берип, түшүнүп, кандай учур болбосун жардамын көрсөтүп, элге атымды тааныткан. Мен эженин жакшылыгын эч качан эстен чыгарбайм жана эмгегин актайм деп ойлойм. Чыгармачылыкта мурдагыдай эле эне-баладай иштеше бермекчибиз. Андыктан өз алдымча кетүү оюмда жок. Эми бир аз өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Себеби, мен мурдагыдай жалгыз эмесмин. Жолдошум, кичинекей кызым бар. Аларга көбүрөөк көңүл бөлүүгө туура келет. Баягыдай беймарал гастролдоп, чет жактарга чыгууга азыр эрте. Бирок шаардагы концерттерге тоскоолсуз чыгып турам.
-Окууну аяктагандан кийин Москвага барып ГИТИСке тапшырат, актриса болот деп Айчүрөк Иманалиева тилек кылчу эле. Ал жагы кандай болуп атат?
-Турмушка чыккандан кийин жеке мектепте окуп аттестат алдым. Азыр КАСИде биринчи курсту аяктап атам. Буюрса, кийинчерээк Москвага барып билим алуу планда бар. Себеби мен өзүмдү ырчылык гана эмес, кино жаатында да көргүм келет.
-Жолдошуңдун Россияда бизнеси бар эмеспи, ишине карап ал жакка барып жашоону сунуштаган жокпу?
-Урматтын чакан бизнеси бар экени чын, бирок азыр инилерине өткөрүп берген. Анда-санда гана барып текшерип келип турат. Өзү болсо азыр мага сулуулук салонун ачып берем деп чуркап жүрөт. Андан соң бул жактан өз алдынча иш баштайт. Ал эми Россияга барып жашап калууну мен элестете албайм. Ата-энем, бир туугандарым бул жерде болсо бөтөн элде жүрүү кыйын эле го. Албетте, ал жактын жашоо-шарты жакшы, бирок баары бир Кыргызстандан алыс кеталбайм.
-Эрте турмушка чыгып, жашоонун түйшүгүнө эрте аралашканыңа өкүнбөйсүңбү?
-"Кыздын барар жери күйөө" дегендей бул күн эртеби-кечпи келмек. Менимче, турмушта жолумду эрте тапканым туура эле болду. Жакшы жерге-өзүмдүн эле тайларыма келин болдум. Жолдошум чыгармачылыгыма түшүнүп, жардам берип турат. Ата-энем да кайын журтум мени ыйлатпай бүлө кылып аларына ишенип макулдугун беришти. Айтор, мага өкүнүүгө себеп жок. Мен абдан бактылуумун.
-Алдыда кандай пландарың бар, келечекте эмне кылсам дейсиң?
-Азырынча чыгармачылыкта эмгектенип, дагы жаңы ырларды жаздырсам, чет жактарга турнеге чыгып келсем деген жакшы тилектерим бар. Ага чейин күзүндө жеке концертимди тартуулайм. Келечекте ырчылык менен бирге башка кесипте да иштесем дейм. Мисалы, офисте олтуруп, кагаз иштери менен иштегенди аябай жакшы көрөм.
Бурул МУСАБЕКОВА
Dfанкета
Темир Назаров такыр кийим үтүктөбөйт
Аты-жөнү - Темир Назаров
Туулган жылы, жери - 26-август, 1986-жыл, Ош шаары
Зодиак белгиси - Бийкеч
Учурда - Жеке ырчы, студент
Үйбүлөлүк абалы - Бойдок
Хоббиси - Спорт менен машыгуу
Жактырган түсү - Түс тандабайт
Жактырган машинасы - "Ауди", "Хаммер"
Сүйүп жеген тамагы - Тамак тандабайт
Жасай алган тамагы - Камыр тамактардан башкасынын баарын жасайт
Сыймыктанганы - Кыргыз болуп жаралганы
Өкүнгөнү - Эч нерсеге өкүнбөйт
Жетишкендиги - Ырдаганды эңсеп жүрүп, акыры ырдап чыкканы
Темир Назаров эмнеден "кайф" алат? - Жакын адамдары менен сүйлөшүүдөн
Жакшы жагы - Жакшы жагын өзү айта албайт
Жаман жагы - Бетке чаба айтканы
Эмнеден "аллергиясы" бар? - Түз маанисинде таттуу нерселерден аллергиясы бар. Кыйыр маанисинде калп сөздөн, жасалмалуулуктан
Аял кандай болуш керек? - Эркектин бир сөзүн эки кылбаш керек
Мырза кандай болуш керек? - Өз сөзүнө турушу керек
Адамдарда баалаган сапаты - Жоопкерчиликтүү, кичипейил
Акыркы жолку таарыныч - "Кечээ Бишкекке келатканда МАИчилер көпкө биздин машинаны кармап турду, ошого таарындым"
Жан курбусу - Атасы менен апасы
Корккону -Кудайдан, жакын адамдарын жоготуп алуудан
Темир Назаров такыр жасабайт - Кийим үтүктөбөйт
Акыркы жолу өзү жөнүндө уккан ушак - "Темир Назаров мурдагы продюсери Канат Култаевди өлтүрүп кетем дептир" деген
Баалаган саясатчысы - Адахан Мадумаров
Девизи - "Живи на зло врагам!"
Даярдаган Дилбар АЛИМОВА