Туңгуюк
Азимбек Бекназаров, Коомдук парламенттин мүчөсү:
"Өлкөнү Максим менен Жаныш башында турган эки топ башкарууда"
-Президент Германиядан келгенден кийин өкмөт менен жыйын өткөрдү. Энергетиканын оор абалын далилдеп, элге "тезек жаккыла" деди. Сиз кандай ойдосуз?
-Президенттин, тилекке каршы, айтканы менен жасаганы дал келбей атпайбы?! Мен мурда да айттым эле, президент бүгүнкү күндө реалдуу мамлекеттик башкаруудан четтетилип калды. Мамлекетти эки чоң топ, баласы Максим менен иниси Жаныштын тобу башкарып жатат. Президент он эки жолу чачын жулганы менен эч нерсе чыкпайт. Бирок, президент башы менен светти өчүрөбүз, тезек камдагыла дегени таптакыр мамлекет башчыга жарашчу сөз эмес. Юрист катары айтып коеюн, керек болсо элди президент өзү кылмыш кылууга чакырып жатат. Анткени, ар бир үй РЭСтер менен келишим түзгөн. Райондук электр станциялар үзгүлтүксүз ток берүүгө милдеттүү. Эгер ушул келишим бузулса, аны сот органдары гана чечет. РЭС төлөбөгөнү үчүн сотко берет, тигилер токту токтотуп салгандыгы үчүн сотко берет. Ушулардын гаранты болгон президент светти өчүргүлө деп түздөн-түз энергетиканын кожоюндарын кылмышка түртүп атат. Бул, демек, элди көзүнө илбегендик, керектөөчүлөрдүн укугун тебелегендик. Президент антип айтканга укугу жок болчу.
-Максим менен Жаныштын тобу деп айтып кеттиңиз, ушуну чечмелеп берсеңиз. Ортодо анан президент кантип иш алып барууда?
-Бүгүнкү күндө Медет Садыркулов менен Максим Бакиев өзүнчө бир топ болуп мамлекетти башкарууда. Айрыкча чет өлкөдөн келген инвесторлор, стратегиялык кен байлыктар, ГЭС, энергетика, менчиктештирүү саясаттарында мына ушул экөө таасирдүү. Ал эми ички мамлекеттик бийликти Жаныш Салиевич башкарган топ чечет. Бул топко Үсөн Сыдыков, А. Мадумаров өңдүү саясатчылар кирет. Мен ушулардан улам бүгүнкү күндө Кыргызстанды эки чоң кландык топ башкарып атат деп атам. Президент келип жанагындай чачын жулумуш болуп айтканы менен ал реалдуу түрдө ишке ашпайт. Себеби, көп нерсени президент чечпей калган. Анын жыйынтыгын үч жылдан бери көрүп атпайбызбы?!
- Анда президент кайсы иштерди өзү жасайт, кайсыны топтор жасайт дегендей…
- Жок, президент иш жүргүзбөйт. Анткени президентке бул эки топ өз алдынча иш жасатпайт. Биз жасап атабыз, сиз эс ала бериңиз деп коет.
-Кыргызстан үйбүлөлүк башкаруудан кутула албаган бир шордуу эл экенбиз да.
-Тилекке каршы, Акаевдин учурунда анын аялы, балдыздары башкарып калган. Азыр деле куду ошондой үйбүлө башкарып атат. Ушундан арылбадык. Революциянын идеялары ишке ашпай, үйбүлөлүк башкаруудан кутула албай калдык.
- Курултайда чогулган эл Акүйдү көздөй барабыз, бизге президент чыксын деп чыгышпайбы?
-Биз мындайга жол бербешибиз керек. Себеби, элден мурун биз курултайда чечим алышыбыз керек. Али чечимибиз жок. Мындан кийин кандай жашайбыз, бул бийликке болгон мамилебиз кандай деген суроолорго жооп табышыбыз керек. Курултайда чечим кабыл албай туруп Акүйгө баруу туура эмес болуп калат.
- Курултайдын максаты эмне? Бакиевди кетсин дейсиңерби же оңолсун дейсиңерби?
- Президент мына үч жылдан бери алдап эле келатпайбы?! Мындайча айтканда, президент өзүнүн элин өзү алдап эле келатат. Акаев да алдап келген. Элди 15 жыл алдап келген Акаевди кууп чыкканга туура келген. Мына бүгүн бул президент Акаевден айырмаландыбы? Акаевдин тагдырынан сабак алдыбы? Үч жылдан бери эмнени көрсөтө алды? Мына ушул суроолорго жооп таап, эл өзүнүн баасын бериши керек. Президент Бакиев Акаевдин саясатын катуу улантып, үйбүлөлүк башкарууну күч алдырып, азыр Кыргызстандын элин алдап жатат. Айрыкча акыркы эки жолу референдум өттү деп туруп, 10-15% эл катышкан референдум өткөрдү. Ноябрь Конституциясында кичине болсо да алдыга -демократияга кадам таштаганбыз. Бирок Конституцияны кайра бурмалап туруп, бийликти өзүнө узурпациялап алды. Полномочиенин баарын өзүнө алып, хандык бийлик орнотту. Бул биринчи элди алдаганы болду. Экинчи алдаганы мына Жогорку Кеңешке партиялык тизме менен шайлоо деп туруп, "Акжол" партиясын алып келди. Бул жерде президент эки ката кетирди. Биринчиси, өзү партия түзүп "бул менин партиям, бул менин партиям эмес, душманымдын партиясы" деп, элди экиге бөлдү. "Меники, сеники" деп. Бул биринчи чоң катачылыгы. Экинчиси, ошол шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын билип туруп, мамлекеттин башчысы катары көрмөксөн-билмексен болуп, элдин пикирине, башка чет өлкөлүк байкоочулардын пикирине түкүрүп койду. Курултайдын максаты- ушуга окшогон бийликтин кемчиликтерине баа берүү.
Чолпон ОРОЗОБЕКОВА