Каркыра күйүтү

Мыктыбек Абдылдаев, президенттик
администрациянын мурдагы жетекчиси:
"Казак бизнесмендери кожоюндай сүйлөшөт. Биз болсо дудукпуз…"
-Мыктыбек мырза, Казакстанга Каркырадагы 620 гектар жер да кетти. Ысыккөлдөгү төрт пансионат да кетти. Ушинтип эле казактарга алдырып коюп отура беребизби?
-Кыргыз элинде бир жакшы макал бар. "Таалайлуу менен талашпа, бактылуу менен байлашпа" дейт. Бүгүн биздин казак кошунабыз 600 га жер менен 4 пансионатты гана эмес, өздөрүн стратегиялык багытта кызыктырган Кыргызстандагы ишкана-мекемелердин баарын сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар. Нурсултан Назарбаев 2005-жылы эле бизнесмендерин бүт чогултуп, коңшу өлкөлөрдөн көзгө толор ишканаларды, банктарды алгыла деген сөз бар. Бул саясий-экономикалык маселе Астанада келечекте жемишин бере турган багыт деп каралган. А биздин андай мүмкүнчүлүгүбүз барбы? Жок. Кыргызстандын кээ бир саясий жана бизнес элитасы өз капиталдарын Алматы же Астана шаарларында топтошкон, демек көз каранды.
Эгер дагы курчураак айтсак, алардын бизге келген инвесторлору конокто жүргөндөй эмес, бул жакта өздөрүн кожоюндай сезип чоң сүйлөшөт. А биз дудукпуз. Экономика чөйрөсүндө гана эмес, мамлекеттик кадр саясатында деле алардын жиберген өкүлдөрү маселенин көбүн чечип жатпайбы?! Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин 2005-жылы элге жасаган кайрылуусунда минтип айткан сөзү бар: "Дүйнө саясатында Казакстан Борбор Азияда региондук "держава" катары каралат" деген. Ошондуктан Нурсултан Назарбаев - тарыхый инсан, атагы дүйнөгө белгилүү. Биздин мамлекеттик жетекчиликтин аны менен тирешүүгө дарманы жетпейт. Буга бир мисал. Нурсултан Назарбаев өзүнүн "В потоке истории" деген китебинде минтип жазат: "Утрата территории равносильна первому шагу к крушению государства". Кытай тарыхый булактарына таянып казак президенти ушул китебинде хунндардын жол башчысы Модэ тууралуу бир икаяны келтирген. Мына ушул китептен эле сиздерге Нурсултан Назарбаев келтирген тарыхый окуяны орусча эле окуп берейин. Нурсултан Назарбаев минтип жазып атпайбы: "Эта история правителя хуннов шаньюя Модэ. Дун-ху отправил к нему посланца сказать, что он желает получить тысячелийнего (коня, способного пробегать 1000 ли в день) коня, оставшегося после Туманя(прежнего правителя, отца Модэ). Модэ потребовал совета у своих вельмож. Вельможи сказали ему: тысячелийный конь есть сокровище у хуннов. Не должно отдавать. К чему,- сказал Модэ,- живучи с людьми в соседстве жалеть одной лошади для них? И так отдали тысячелийнего коня. По прошествии некоторого времени Дун-ху, полагая что Модэ боится его, еще отправил посланца сказать, что он желает получить от Модэ одну из его Яньчжи. Модэ опять спросил совет у своих приближенных. Приближенные с негодованием сказали ему: Дун-ху есть бессовестный человек, требует Яньчжи. Объявить ему войну. Модэ сказал на это: к чему, живучи с людьми в соседстве, жалеть одну женщину для них. И так взял свою любимую Яньчжи и отправил к Дун-ху. Владетель в Дун-ху еще более возгордился. В хуннских владениях от Дун-ху на запад есть полоса земли на 1000 ли необитаемая. На ней только по границе с обеих сторон были караульные посты. Дун-ху отправил посланца сказать Модэ, что лежащая за цепью обоюдных пограничных постов полоса брошенной земли, принадлежащая хуннам, не удобна для них, а он желает иметь ее. Модэ спросил совета у своих чинов, и они сказали: это неудобная земля, можно отдать и не отдавать. Модэ в чрезвычайном гневе сказал: "Земля есть основание государства. Как можно ее отдавать?". Всем советовавшим отдать землю отрубил головы". Мына, Назарбаевдин ушул китебинде жазгандарынан улам эле казак президентинин жерге карата мамилесин, позициясын билсек болот. Ушуну окугандан кийин Казакстан бийлиги бир сантиметр жер үчүн катуу туруп, коргоп калаарын түшүнсөк болот. Китептеги бул мисал да бизге чоң сабак. Биздин жетекчилер кээде Россиядан, АКШдан коркпогон түр кылып тап берип койгону менен кошуналарга өтө сылык мамиле кылабыз. Бирок оруста бир жакшы сөз бар. "Время- судья и палач" деген. Баары кийинчерек "мезгил бий да, желдет да болот" деген философияга такалат. Канчалык актанса да президент Бакиев жер маселесине келгенде экс-президент Акаевдин катарына барып кошулду.
-Мыктыбек мырза, казактар 4 пансионатты алды. Эми Көлдө казак анклавы пайда болбойбу?
-Акыркы убакта казак туугандар көл жээгине катуу отурукташып атышат. Бизди ойлондура турган дагы бир чоң долбоор бар. Казак бизнесмендери Алматы-Каскелең- Чырпыкты жолун салганга ынтызар. Эгерде ал ишке ашса Ысыккөлгө үч чоң трасса ачылат. Алматы- Бишкек, Балыкчы-Каскелең-Чырпыкты жана Алматы-Кеген- Түп деген үч жол менен казактар көлгө түз келип калышат. Ошондо казак байларына туруштук бере албасак, кыргыздар Ысыккөлдө эмес, Токтогул суу сактагычында же Папанда эс алып калабыз. Эгерде буларда суу болсо…
Чолпон Орозобекова