Үйбүлөлүк очокто

Турсунбек Акун:
"Аялым бирди эки кылат, сиркени бит кылат…"
-Өмүр бою эриш-аркак жашап келген жубайыңыз менен кандайча таанышып калдыңыз?
-Мен айылчарба институтунда окуп жүргөндө "Чолпон ата" курортуна эс алганы барып калдым. Курорттун бөлмөсүнөн орун алып олтурсам, бир кичинекей кыз келип шейшеп-шүйшөп берип кетти. Ичимен жакшынакай кыз экен деп койдум. Көрсө анын апасы ошол жерде иштегендиктен жардам бергени келиптир. "Байке" деп мени сыйлайт, акыры тааныштык. Анан кат жазышып турдук. Мен 5-курста, ал 10-класста окучу. Онунчуну бүткөндөн кийин жакшы окуган кыздарды фабрикага иштеткени Ошко алып кетишиптир, себеби Ошко барып иштесе, Россиянын окуу жайларына тапшыра турганга мүмкүнчүлүгү болмок экен. Көлгө барып апасына жолуксам, "Ошко алып кетишкен, алып келе албай олтурам" дейт. Анан Ошко баратам деп телеграмма жибердим. Анда жанымда эки сбер книжкам бар, акчам көп. Самолет менен Ошко учтум, эки жолдош кызы болуп гүл менен тосуп алышты. Эртең менен саат жетиде барып алышыптыр. Мен кечки беште баргам, гүлдөрү соолуп калыптыр. Алар жатаканада жашаган бөлмөсүнө бир кроватты бошотуп беришти, ошол жакта уктадым. Анан "эртең менен качабыз" деп калышты. Төртүнчү кабаттан сумкаларын ыргыттырдым. Саат беште чыгып, такси менен Ташкөмүргө, андан кийинТоктогулга келдик. Анан эртеси күнү Бишкекке кеттик. Бир күн болобуз десем эртең менен эрте туруп Чолпонатадагы эжесиникине кетип калыптыр. Сумкасына дипломум кетип калыптыр, же атайы алып кеткенби, билбейм. Аңгыча Балыкчыга сборго барып калдык, анан ошол жерден ичим ооруп ооруканага жатып калдым. Анан ошондо барып турдум. Гуля Чолпонатада эжесинин колунда турчу. Кайын эжем Канышка барып, "кызыңарды жактырып калдым" деп ачыгын эле айтып, эжесинин колунан алып кеттим. Ошентип 1981-жылы үйлөндүк. Адегенде Экинарында, андан кийин Нарындын Акталаа деген жерине барып ошол жерде ветврач болуп иштедим, комсомолдун секретары болдум. Ошол жерде иштеп жүрүп айыл чарба институтунун аспирантурасына тапшырып өтүп кеттим. 1983-жылы кызым төрөлдү, кызым бир жашка чыга электе, айылдагы турмуштан жүдөп, бир чети билим алгым келип үйбүлөм менен ошол кездеги Фрунзеге көчүп келдим.
-Билишиме караганда сиздин уулдарыңыз бар, ал эми кызыңыз жок эле го?
-Кызым бар болчу. Кызамык менен ооруп, догдурлардын туура эмес дарылаганынан ага бир жаш бир ай үч күн болгондо чарчап калып, биз үчүн абдан чоң трагедия болду. Шаарга келгени квартиралап жүрдүк. Көп өтпөй эле Расул аттуу уулубуз төрөлдү. Биринчи кызыбызды апам сураганда бербей койгом. Анан бул да бирдеме болуп кетпесин деп, кой деп аныбызды атама бердик. Анан Эрбол деген уулубуз төрөлдү. Квартиралап жүрүп, 87-жылы атам Аларчадан үй сатып берди. 92-жылы ссуда алып, Кожзаводдон төрт бөлмөлүү үй сатып алдык. Азыр ошол үйдө турабыз. Кийинчерээк дагы бир эркек балалуу болдук. Тун уулубуз 23 жашта, кийинкиси 21 жашта, эң кенжеси 7-класста окуйт.
-Сиз көбүнчө элдик киши болуп көчөдө чапкылап жүрүп, балдарга тарбия бере алдыңызбы?
-Ооба, мен жүрбөгөн жер калган жок. Чеченстан, Пакистан, Афганистанда көп жүрдүм. Балдарга анча деле тарбия бере алган жокмун. Эжең эле тарбиялап жатты да. Мен керек болсо мык да кага албайм, Акаев да ошондой болгон. Бир жолу мык кагам деп колумдун башын балка менен уруп алгам, ошондон кийин мык какпайм. Баарын эжең жасайт: штукатуркалайт, кафелдерди өзү коет. Мен бир да үйдүн жумушуна кийлигишпейм. Керек болсо өзүм чай куюп ичпейм. Ачка болсом да отура берем. Мени ошондойго көндүргөн да. Үйдөн такыр жумуш жасабайм. Үйгө барганда конокмун, барам, жатам, кайра кетем. Үйдө кыз бала жок болгондуктан эркек балдарыбыз апасына жардам беришет.
-Анан үйдөн эч нерсе кылбасаңыз, жубайыңыздын жини келет чыгар?
-Жини келет да, келбей коймок беле. Апенди чалыш болуп, Афганистан, Пакистан деп ар кайсы жакта жүрсөм. Мен элдик киши болуп жаралганмын да. Адам укугу дегенде ичкен ашымды жерге коем. Акүйдө иштеп калып кичине акча таап калдым. Ага чейин мени жеңең бакты. Анча-мынча бизнеси бар. Контейнерди арендага алып иштетет, товарды оптом алып өткөрүп турат. Андан мурда "Береке" азык-түлүк дүкөнүндө бөлүм башчы болчу. Кийин юридикалык факультетти сырттан окуп бүтүрүп алды.
-Жубайыңыз менен көбүнчө кандай маселе тууралуу баарлашасыздар?
-Бала-бакыра жөнүндө сүйлөшөбүз. Саясатты абдан жакшы билет. Менден өткөн саясатчы. Саясатчылардан Өмүрбек Текебаев биздин үйбүлөлүк досубуз. Анын келинчеги Айгүл менен экөө курдаш. Өмүрбек менен эки-үч күндө бир жолукпасам башым ооруп турат.
Эжең орус класста окугандыктанбы, оюндагысын бетке айтат, тың, таза, ошондой эле мыкты кулинар. Гулянын тамагындай тамак жок. Дунган менен кореецтин тамактары быякта калат. Чынында эле элдин мактаганындай эле бар. Жакын досторум Гулянын лагманын жейбиз деп келишет. Салаттардын түрүн, вареньенин түрүн жасайт. Мени таза кармайт. Колдо жокто деле чыкыйып таза жүрчү эмес белем. Жаш баладай карайт. Мен өзүм кийинбейм, өзү кийгизет. Өзүм кийинсем да жанымда Гуля турушу керек. Аябай эркелейм. "Турсунбек Акундай мырзаны көргөн эмесмин, Гулядай аялы бар бактылуу" деп ыраматылык Шералынын айтканы бар. Аябай сарамжал, бирди эки кылат, сиркени бит кылат. Алып келген акчаны ирети менен кармайт. Төркүнүнө барбайт. Ата-энесинин көзү өтүп кетти. Атасы да, энеси да мен болуп калдым да.
Дагы бир жакшы жери салтанаттын шаңы да. Аябай оратор, сөзмөр. Мурда орусча сүйлөчү, азыр кыргызча тилдин акесин таанытат. Эч качан кишини эриктирбейт. Конокко барсаң жөн отургузбайт, ар нерсени айтып кызыктырып олтурат. Кемчилиги деле бар, кемчиликсиз адам болбойт да. Он беш күн жоголгондо, ачкачылык кылганда, пикет, митингге чыкканда Гуляга кыйын болду. Он сегиз жолу камалдым. Кыштын күнү тамак ташып жүрүп канча азап тартты. Он беш күн жоголуп кеткенде балдар менен ыйлап турду. Ошонун бардыгы денсоолугуна залакасын тийгизди окшойт, абдан оорукчал болуп калды. Абдан эмоционалдуу, кичине эле бирдеме болсо ыйлап жиберет. Мен ушул ахыбалга жеткирдим да. Эми азыр эл катары эс алып, конокко барып калды.
-Бири-бириңиздерди кызганасыздарбы?
-Мен кызганбайм, ал кызганса керек. Кызганбайм дейт. Бирок кээде кеч келип калсам урушат. Урушканынан коркуп кээде кечикпегенге аракет кыласың. Кызганаарын же кызганбаарын ушул убакка чейин биле албай эле куурап жүрөм. Ушундай аял да, билгизбейт. Сүйөт экен десем, сүйбөйм дейт, сүйбөйт экен десем, бирок сүйгөндөй. Иши кылса мен жеңеңди сүйөм.
-Үйдө уруш-талаш көп болобу?
-Ал урушуп киргенде "бороон башталды, шамалдап келатат, эми азыр карга айланат" деп сыртка чыгып кетип калам. Жарым саттан кийин келсең унчукпайт, бир сааттан кийин кайра жаркылдап калат. Абдан ак көңүл, жини келип турган моментке кабылсаң өлдүң дей бер. Аны менен кажылдашпайм, катын менен кармашып эч ким мөөрөй алган эмес. Мен дагы жиндимин да, кээде нервине тийип чыгып кетип калам. Бирок баш ийбейм. Ал канчалык кыйын болсо да баары бир мага баш иет. Анткени мени сыйлайт. Бирөө бирдеме десе кээде макул болуп кое берем, бирок өзүм ойлогондой кылам. Гуля менен 27 жылдан бери жашап келатабыз, бир туугандан да артык болуп калдык. Экөөбүз бири-бирибизсиз жашообузду элестете албайбыз.
-Гүлмира айым, жашоодогу эң маанилүү болгон жолдошуңуз менен баш кошкон күн эсиңиздеби?
-Мен анда эжемдин колунда Чолпонатада турчумун, он сегиздемин. Мага келгенде эжем менен таанышып, ичи-койнуна кирип, мени жактыраарын айтыптыр. Эжемен менин колумду сурап, макул болуп анан алып кетип жатпайбы. "Мен аны ава деп жүрсөм, ага кантип чыгам" дедим эжеме. "Сени жактырат экен, жан дүйнөсү таза жигит экен, чыга бер" деди. Ошентип кыштын декабрь айында баш коштук. Мага абдан улуу көрүнгөн, чачы ошондо эле анча-мынча ак аралап калган. Эки жылкы союп той беришти, Нарын областынын эли бүт келди. Ачуу басарга барганда бир жылкы беришти, андан кийин дагы эки жылкы беришти. Атасы аябай бай турчу, ошондо элүү жылкысы, миңден ашык кою бар экен. "Баланчанын кызы бай жерге барыптыр" деп ошондо айлыбыз абдан дүңгүрөптүр. Анын үстүнө Турсунбек жалгыз бала да. Туугандарынын балдары жок болгондуктан атасынын агасы асырап алыптыр да, тим эле бөпөлөп чоңойтушуптур. Өзүнүн тапкан атасынан сегиз бир тууганы бар. Тапкан атасы 77 жашта, баккан атасы 80 жашка чыгат.
-Жолдошуңуздун кандай сапатын жактырасыз?
-Ал дайым мени колдоп келет. Көңүлдү оорутпаганга аракет кылат, абдан боорукер. Арак ичпейт, тамеки чекпейт. Өмүрүндө арак ичип көргөн эмес. Ушул тууралуу бир окуя айтып берейин. Биз анда сүйлөшүп жүргөн убагыбыз, соода техникумунда окучумун. Аны атынан айтпай "ава" дечүмүн. Турсунбек эжемдикине келип калды, "үйгө кир" десем "кирбейм, бизде уят" деп болбойт. Бешинчи кабатта жашачубуз, ал уялып биринчи кабатта туруптур. "Нан ооз тийип чык, эжем чакырып жатат"деп араң киргиздим. Ал кезде улуу кишилер менен сүйлөшкөн уят болчу, азыр андай болбой калбадыбы. Ортобуз алты жаш болсо да мага абдан улуу сезилчү. Эжем үйгө киргизди, дасторкон жайып тамагын берди.Тамак ичип олтуруп анан ыраматылык жездем "таанышканыбыз үчүн ичип коелу, сиз эмне ичесиз?" деп сурады. Анда Турсунбек "эч нерсе ичпейм" деп ордунан чоочуп тура калды. Эжем жини келип "кыргыздардын ушундай баалана бергени жакпайт" деп жиберген. Азыр ошол эжем "ошондо жаңылыпмын,Турсунбек чын эле ичпейт тура" деп калат. Жада калса пиво, бозо дегенди ууртабайт. Балдарына камкор ата. Үйдө бош болуп калса эле балдарына комуз үйрөтөт, манас, санжыраларды айтып берет.
Үйбүлөдө урушту эч качан ал баштабайт, мен баштайм. Пикет, митинг болгондо бул чыгып калат, башкалар чыгабыз деп коюп чыкпайт. Элди күтөт качан келет деп, анан өзү чыгат. "Эч ким чыкпаса эле сен эмнеге чыгасың" деп жиним келип анан урушам. "Сени бирдеме кылып кетсе эмне кыласың. Акаевге теңелбесеңчи" деп атам да, апам да келип ыйлап айтат. "Сени чычкан тебелегендей эле өлтүрүп коет" десе да, "мейли" дейт. "Кудайга койдум, эч кимден коркпойм" дейт. Ошентип жүрүп канча жыл күрөштү. Акаев нечен ирет Турусунбекке кызмат сунуштады, канча үй берди, албай койду. Чоң кызматтарды сунуштаган. "Сиз элге жакшылык кылмайынча, өлкө бай болмоюнча баралбайм" деп койчу. Эми төңкөрүштөн кийин Турсунбекке кызмат бергени үчүн Бакиевге ыраазымын. Анан баягыда үй беребиз дептир, "үйүм бар" деп ал жөнүндө көп ойлонбойт. Балдар чоңоюп калды, чынында эле жашаган үйүбүздүн шарты аябай начар.
-Намазга мурдатан эле жыгылчу бекен?
-Жок. Биз үйлөнүп жашап жүргөндө Меккеге барып келсем деп абдан кыялданчу. Кээде менден акча сурап, "сенин акчаңды чогултуп Меккеге барып келсем жакшы болот эле" дечү. "Меккеге барганыңа акча чогултсак анан кантип оокат кылабыз" дечүмүн. Басса, турса эле Меккеге барууну самачу. Анан бир күнү эле почтальон жащикке бир чоң конверт таштап кетиптир. Ичин ачсак Сауд Аравиясынын королу Турсунбекке Меккеге чакыруу жиберип, билетин кошо салып жибериптир. Ошондо сүйүнгөнүн айтпа. Кудай берем десе берип коет экен. Тилеген тилегине жетип 99-жылы Меккеге барып келбедиби. Меккеге барып келгенден кийин намазга жыгыла баштады. Барганда кур келбей королдун берген белегин ала келген.
-Жолдошуңуздун кандай кемчилиги бар?
-Турсунбектин бир кемчилиги ушунчалык ишенчээк да. Кызыл болуп турса, көк экен десең ошого ишенет да. Ишенчээктигинен көп жапа чегет. Ушул сапаты мага такыр жакпайт. Анан дагы абдан кайгычыл. Атасы ооруп жатат дегенди эртең менен укса керели кечке кайгырат. Кайра-кайра телефон чалат, барганча шашат. Баккан апасы ооруп жатканда Чеченстанда жүрдү да, күндө ошол жактан телефон чалат десең. Ар жакта мылтыктын үндөрү угулуп жатат. Өмүр менен өлүмдүн ортосунда жүрсө да тынчсызданып телефон чалчу.
-Эл мүдөөсү, акыйкат үчүн жанын жанга уруп күрөшүп келет. Ал эми үйдө ал кандай кожоюн?
-Кайырчылар келип эшикти тарсылдатып калса бирдеме бермейинче кетирбейт. Берээрге акчасы жок болуп калса нан, муздаткычта эт бар болсо эт берет. Кээде үйгө келген коноктор костюм шым алып келсе, "ушундайды кантип алып келишет" деп күбүрөнүп калсам, ошону угуп калып, "бул кереги жок турбайбы" деп, кайыр сурап келгендерге кармата коет. Бир жакка алпарам деп таппай калам. "Ушунуңду койчу" деп урушам. Үйгө туугандар же коноктор келип калса бирдеме берчи деп калат. Өзүбүзгө жетпей жатса ушинтип күйгүзөт да. "Апей, сен миллионерсиңби, өзүбүз эптеп оокат кылып жатпайбызбы" дейм. Айлыгынын бир тыйынын коротпой алып келет. Аябай ыраазы болуп жүгүрүп барып нан алам. "Гуля, тиги тигинтип жатыптыр, бул минтип жатыптыр, жардам бериш керек. Акчадан анча-мынча алайынчы" деп калат. Көрсө майыптар, бей-бечаралар жардам сурап көп келет экен. Анан бербейм деп кантип айтам, макул болом. Кой сойсо бир жилигин үйгө таштайт, калганын көтөрүп кетип, бей-бечараларга таратып берет. Өзү эле жеп-ичейин дебейт да. Бир туугандары абдан жакшы турушат. Алар бизге жардам беришет. Атасы карыганга чейин жардам берип келет. Бизди ачка олтурбасын деп атасы жылына жайы-кышы дебей жылкы, уй союп алып келчү. Мал азайып баратканына байланыштуу былтыр уй союп алып келди. Сенин атаң болбосо шаар ичинде биз минтип жашамак эмеспиз деп айтып калам. Алар дайыма тамак-аш менен камсыз кылгандыктан, мен акча чогултуп үй алдым да. Атасы үч жылкы берди, үстүнө акча кошуп анан үй алдык. Аны сатып, жашап жаткан үйүбүздү кредитке алганбыз.
Демократтар, бүт чоңдор, депутаттар үйүбүздө болду. Апабызга куран окутканда депутаттар, саясатчылар келип калды. Кечирип койгула, биздин үйүбүз ушундай кичирээк десем, анда экс-депутат Алевтина Проненко "Силердин үй кичине болгону менен адамдын жүрөгү жылый тургандай жылуулук бар экен" дегени эсимде. Ыраматылык Абсамат Масалиев үйгө келип төрүбүзгө олтуруп, мага ырахматын айтып батасын берген эле. "Рахмат, Турсунбекти ушул даражага жеткирдиң, эч качан адам баласы байлык менен даңкталган эмес" деген жакшы сөздөрдү айткан эле.
-Жолдошуңуз үйгө жолобой эле пикет, митингдерде көп жүрдү. Ошондо сиз үйбүлө түйшүгүн жалгыз көтөрүп абдан кыйналган чыгаарсыз?
-Турсунбек арак ичип ар кайсыл жерде жүрсө, балким, мен аны урушат элем. Турсунбек эл үчүн жүргөндүктөн мен ага эч нерсе дей албайм. Ишине такыр кийлигишпейм.
Тырышчаактыгы менен ушул даражага жетти. Турсунбек кыйкырып жалгыз чыга бербей, санаалаш адамдары көбүрөөк болсо экен деп ойлочумун. "Барба" дечү эмесмин, "барсаң барып катышып кел" дечүмүн. Кечинде келбей калат, "колу-бутун толгоп эле машинага салып кетти" дегенди угуп калабыз. Бир сыйра ыйлап алып, анан тамагымды көтөрүп алып барам. Өмүрбек Текебаев "Мына Гуля, көрдүңбү, ак ийилет, бирок сынбайт" деп айтып калат.
Баягы жылдары Бекназаровду камап койгондо пикетке чыгышып, анан маселе чечилбей койгондо Турсунбек эл менен кошо ачкачылык жарыялаган. Жумушуна олтуруп алып эч жакка чыкпай ачкачылык кармаган. Он алтынчы күнү доктурлар көрүп "денең муздап баратат, дагы алты саат кармасаң сен өлөсүң" дешти. "Балдарың турат, койсоңчу" деп ыйладым. Көрүп алып өзүм таң калдым. Булчуң эти жок сөөгү эле калыптыр. Кой эми, Москвадагы эжемди чакыртпасам болбойт, аны угат деп чакырттым. Эжем өзү врач, жанындагы досу экөөнүн кан басымын текшерди. Жанындагысы жашоо менен кош айтышып кете берди. Эжем Турсунбекке "ачкачылыктан баш тарт" деп ыйлады. "Мени укпасаң эжеликтен кеч, мен сени эч качан кечирбейм" деди. Анан ошондо ачкачылыкты токтоткон.
-Акаевдин убагында жолдошуңузду куугунтуктаганда, анын запкысы сиздерге да тийдиби?
-Эмне гана кордук көргөн жокмун. Акаевдин кишилери кичинекей балабыздын башын үч-төрт жолу жарышты. Азыр баламдын жарым баш сөөгү жок. Стресс болуп жатып калдым. Ошондо эшигибиздин алдында эки кара машине бизди аңдып турчу. Балам ыйлап калса "акырын" деп оозун жапчумун. Турсунбек Акун эмне кылып жатат, пикетке чыгып жатабы, чыккан жокпу деп аңдышат да. Чыкса эле шак кармап кетишет. Анын азабынан мени да жумуштан алып салышты. Машине менен канча жолу сүздүргөнгө аракет кылышты.
Мен эмне гана жумушта иштеген жокмун. Көчө шыпыргыч, пол жуугуч болуп да иштедим. Балдарды багыш үчүн бардыгына барасың да. Он беш күн магазинде иштесем, он беш күн кожзаводдо сумка тигип иштечүмүн. Ошентип тынбай иштеп келдим. Балдар азыр чоңойду. Улуу балам менен ортончу балам иштеп коммерция кыла коет. Балдарыбыз жакшы окугандыктан окууларына акча төлөбөйбүз. Өздөрүнүн күчтөрү менен окуп жатышат. Уулубуз Эрбол Америкага барып окуп келди, түнкүсүн иштеп таап келген акчасына машине алды. Атам бизге өмүр бою каралашып келе жатат. Турсунбек экөөбүз атабызга ыраазычылыгыбызды билдирип 80 жылдыгын белгилейли деген оюбуз бар. Эми сексенге чейин туруп турса экен деп Кудайдан тилеп жатабыз.
Асел СТАЛБЕК кызы