Бузук тилипон

Турсунбай Бакир уулу аяш инисин аяп, Карасууга аким болбой койду
Биздин "Бузук тилипонубуз" иштеп атат. Бул жолу экс-Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулун тамашага салып, ага бир туруп акимдикти, кайра муфтийликти айтып, кызмат сунуштадык.

-Алло, Турсунбай Бакирович?
- Ооуу.
-Саламатсызбы?
- Саламатчылык.
- Ой, такыр таптырбайсыз го. Бир жумадан бери издеп жатабыз.
- Дайыма эле ушул телефондо элемин.
- Биз президенттик администрациядан чалып атабыз.
- Ааа…
- Азыр сиз эмне иш менен алектенип атасыз?
- Мен президенттен сунуш күтүп атам, каттарым ошол жакта турат.
- Качан кетти эле? Документтериңиз кайсыл жакта?
- Каттар менен кошо кеткен. Февраль айы болуш керек эле.
- Өкмөттө жатса керек да анда? Өкмөткө берип салдыңыз беле, же биздеби?
- Жок, Курманбек Салиевичтин атына.
- Бизге личное делоңуз керек болуп жатпайбы…
- Аа, анда ал Омбудсмендин аппаратынын кадрлар бөлүмүндө .
- Сиз өзүңүз чуркап аракет кылбайсызбы, кызмат сизге керекпи же бизге керекпи?
- Жок, президент кайсы бир кызматты сунуш кылат да өзү. Мен президентке кире албасам, кантип аракет кылам. Президент чечет да баарын.
- Карасууга Бармановдун ордуна барасызбы? (DF: Барманов-Карасуу районунун акими)
- Жок, барбайм го. Ал аяш иним болот.
- Жок, эмне болмок эле?
- Мен кызматты президенттин сунушу менен гана күтүп атам.
- Бул жакта ушундай сөз болуп атпайбы. Карасууга аким болсун дегендей.
- Мен өзүмө өзүм чуркабайм. Мыйзамда Акыйкатчы кызматы бүткөндө президент кызмат берет деп жазылып турат. Мен ошон үчүн күтүп атам.
- Бармановдун ордуна барбайм деп жатпайсызбы? Мындан отказ кылсаңыз, башка кызматы жок каласыз да?
- Барманов иштей берсин, ал аяш иним болот.
- Анда муфтий болуңуз?..
- Жок, рахмат. Ар ким өз оокатын кылыш керек. Мен президенттин сунушун күтөм.
- Президент бизге поручение берди да. Анан биз сизди отказ кылды десек, ошол бойдон куржалак каласыз да?
- Мейли, жумуштар көп. Эки-үч жерден сунуш түшүп атат. Мен бая күнү пресс-конференция бербедимби. Кызмат берсе берсин, бербесе бербейм деп эле айтсын, анда өзүм кызмат табам деп.
- Анда сизди президент кабыл алсынбы?
- Кабыл алат деген үмүт жок. Мыйзамда жазылган нерсени эле аткарсын.
- Анда өзүңүз кайсы деңгээлдеги кызматты каалап атканыңызды айтыңыз ачык? Министрликпи?
- Мыйзамда баары жазылган да. Президент ошого ылайык мага кызмат берсин. Болгону ошол.
- Сизди министрдин деңгээли эле канааттандырат экен да ээ?
- Жок, мен министр деп айткан жокмун. Мен- биринчи класстагы мамлекеттик кеңешчимин. Ошого жараша кызмат сунуш кылыш керек. Эгерде мага ылайыктуу болбосо, мен баш тартам.
- Сиз кирип ачык эле айтпайсызбы, мен мобул кызматка барам деп…
- Каякка кирем?
- Мен Медет Чокановичке киргизгенге аракет кылайын.
- Садыркуловго айтып чыккам, колунан келбей жатат. Менин Акүйгө киришиме Садыркулов биринчи каршы болуп атат.
- Медет Чоканович азыр жибип атат…
- Медет Чокановичке мен уже ишенбей калдым. Ал да калпычы экен. Аскар Акаевдин убагында кантип алдап жүрсө, дагы эле ошентип алдап жүрөт. Мен ошон үчүн кирбейм ага да. Президент башка кызмат сунуш кылат, болбосо мен башка кызмат табам. Бул дүйнөдө кызмат көп.
- Анда бизге кызматка келиңиз, "Де-фактого".
- Де-факто? Ааа… Любой кызматкабы (күлөт)?
- "Бузук тилипон" рубрикасынын тамашасына кабылдыңыз.
- Ааааа… Чынында президент унчукпай коюп атпайбы. Мыйзам боюнча ал мага жумуш таап бериши керек.
- Агай, анда ачык айтыңызчы, эгер унчукпай койсо, кайсы кызматтарга барасыз? Айтпадыңызбы, эки-үч сунуш болуп атат деп?
- Эл аралык уюмдардан чакырып атканы бар. Бир жакшы жеке ишкана дагы кызматка чакырып жатат, бир жогорку окуу жайга профессордук кызматка чакырып жатышат. Чет өлкөдөн да сунуштар түшүп атат. Президент кызмат бербесе, ушулардын бирине барам да.
- Рахмат сизге.
"Бузук тилипонду" бураган Дилбар АЛИМОВА