Бүбүгө барсаң бүп дейт
Маскарапоздор
Бийликтин сүрөмөсү менен түптөлүп, парламентке элдин добушун уурдап келген "Ак жол" курултай өткөрдү. Саал мурдараак оппозиция өткөргөн элдик курултайды каакы ордуна көрбөй, катышмак тургай бийликчил ММКлар аркылуу көз көрүнөө элди шылдыңдаткан президентибиз "Ак жолдун" астанасын аттап, атакесин көргөн акжолчулар эреркеп да алышты. Бирок, атакеси кол балдарын бу саам чекесинен сылаган жок. "Куйма кулакка куйсаң укпайт, акма кулакка айтсаң жукпайт" демекчи, балдарына акыл үйрөтө бергенден чарчабаган ажобуз парламенттин ишмердүүлүгүн ай-да мактап да, тымызын зекип да алды. Ажобуздун айтканына ишенсек "Ак жол" алакчылаган парламент өткөн-кеткен парламенттерге караганда алда канча "абийирдүүрөөк" иштеп атыптыр. Кур кыйкырык, куу сүрөөн менен отура бербей, мыйзамдын артынан мыйзам кабыл алган автоматтай ишмердүүлүгү үчүн "азаматтар, эй" деди. Албетте, оозуна талкан куюп алгансып унчукпаган акжолчулар бийликке ыңгайлуу мыйзамдын баарын "оптом" кабыл алып берип атса алкыш албаганда эмне? Курултай алдында Казакстанга ак жүзү, Каркырадай "катта" белеги менен барып келген ажо акжолчуларды тилдемек тургай, ар биринин төшүнө "Даңк" медалын тагып, ооздорунан алты айлантып өпсө да аздык кылат эмеспи. "Башка партиялардай болуп шайлоо алдында эсиңерге келип, элге кайрылбай күндө эстеп, күндө элге ырайымыңарды төгүп тургула, өзгөчө ой-пикириңерди өзүңөрчө айта бербей, партиялаштарыңар менен кеңешип-таңашкан соң гана айткыла, антпесе ар кандай пикирлериңерди ММКлардан окуп калып атам" деп эскертүү берди. Айтор, "Ак жолдун" курултайындагы айтылган сөздөргө ишенсек, кыргыз эли май көл, сүт көлгө киринип, кой үстүнө торгой жумурткалаган заманда жашап атыппыз. Курулуштар жанданып, айлык акы көбөйүп, окуучулар ысык тамак ичип, кодур-бодур жолдор оңолуп… акыр жыргализм...
(Уландысы 3-бетте)
"Ап"-етит
Аламанбаш
Кап-кап тузду көтөргөн,
Көлүк болду элибиз.
Башка чапса сезбеген,
Өлүк болду элибиз…
Арстанбек
Эй, кыргызым, жетет сага жер кепең,
Эч убал жок намысыңа келбесең.
Жең ичинен Үзөңгүкууш кетти го,
Мен да сатам, Акаевден кем бекем!
Көлүмдү сатам, ким алат?
Төрүмдү сатам, ким алат?
Өлүмдү берсин кечинен,
Көрүмдү сатам, ким алат?..
Каркырадан кемип калбас кең мекен,
Казактарга берип койсом эмне экен:
Макмал жерди кырк жылкыга алмашкан,
Шабдан баатыр менден дагы эр бекен!..
Үнүмдү сатам, ким алат?
Күнүмдү сатам, ким алат?
Үйүмдү калтыр өзүмө,
Чүйүмдү сатам, ким алат?
Канча көркөм жерлер түштү талашка,
Кайран кыргыз унутасың заматта:
Шералы хан илген эле чокоюн,
Эми мына Кокон шаарың каякта?
Аскерди сатам, ким алат?
Папкемди сатам, ким алат?
Ташкенди… кокуй, ал бөлөк,
Баткенди сатам, ким алат?..
Өзүмчүлдүк- канга бүтүп калган дарт,
Өкүмдар көп жерин сатып алган барк.
Жарды бойдон өтмөк белем мен деле,
Жар саламын, берген эмес, алган март:
Сотумду сатам, ким алат?
Досумду сатам, ким алат?
Топумду бирок сураба,
Ошумду сатам, ким алат?..
Ата Журт деп жаза берет акындар,
Андан кымбат өмүр деген асыл бар.
Бир гана жол жаралгамын дүйнөгө,
Бийлеп-чоордоп жашаганга акым бар!
(Уландысы 3-бетте)
|