Коомдук-саясый гезит
№29, 01.05.08-ж.

Меймансап
Форум





  Ыракенин жандептеринен

Ай кыздар, кыздар, байпагым кызыл, көргүлө!
Ыраке (Рамис Рыскулов) биздин редакцияга келе баштады. Баягыда келтире албай койгонбуз. Жеңе болсо Ыракени бизден кызганып, үй камактан чыгарбай койгон. Ыраке чачкын барактар менен кошо бир дептерин көтөрүп алыптыр. Ал барактарды баса калып окуп кирдик. "Ай кыздар, кыздар, байпагым кызыл, көргүлө" деп жазыптыр. Жаз келгени Ыраке кыздар жөнүндө көп жаза баштаптыр. Карасаңар.

Кудай көргөн коер бизди кечирип,
Чыдай албай дароо кеттиң чечинип.
Көзү менен табияттын карасак,
Сүйүшүү да эмес деги чекилик.
Чымчык жана көгүчкөн да сүйүшөт,
Кош көгүчкөн бирге ээрчишип жүрүшөт.
Бири Майрам Акаева, экинчиси Аскар Акаев го дейм.
Кампания курап анан байкасак,
Шайырланып жаштар жыргап күлүшөт.
***
Тагдырдын сезип омогун,
Улайлы сүйүү жомогун.
Шерше ля фам,
Шаршен атам.
***
Биздин турмуш жакшы
Аяштардын этегиндей көйкөлөт
Көп көңүлдөр сулууларды
көргөн кезде өйкөлөт.
***
Чиркин сүйүү,
Сүйүлүүдө болгондор
Делбетап,
Ээликме жана жээликме.
Сүйүү-бул турмуштун лүкүлдөгөн, дүкүлдөгөн локомотиви. Өргүл, өткүр локомотиви.
***
Чыңгызга бир досу "Чыке, жаш аял алган кандай экен?" деп сураса, "төшөктө мышыкча ойнотот экен" дептир.
***
Казак акыны Олжас Сулейменов: "Биз, эркектер, аял-кыздын санына, жамбашына сыйыналы көбүрөөк" деген.
***
-Бейиш кайда?-деди Сартбай. -Бейиш аялымдын кухнясында. Менин бөлмөмө куурулган пияз менен эттин жыты келгенде аябай жыргайм.
***
Мидинден
Күндө өтөмүн эшигиңдин түбүнөн
Айтчы секет, качан сенден түңүлөм.
Тамтаңдатып такыр колго тийбейсиң,
Мени көрсөң жүгүрүп чык үйүңдөн.
***
Тарарам
Тарарамды ырдап барам, Тамараны ойлоп жыргап барам.
****
Акын Сүйөркул Тургунбаев "аял-мончо" деген. А мен "аял-түрмө" деп уладым. Аял- бейиш, жашоого негиз, Аялың жанда болсо телегейиң тегиз. Кыз, айымдын өзү пляж, Кудай аял-эркек деп бөлүп, бирине бирин издетип койгону ырас.
***
Кайран Мидикем деле минткен: көп эле этек жакты ырдап кетпейличи.
***
Драматург Токтоболот Абдумомунов: "Аял-кызды киндигине чейин ырга кошолу, андан ылдый жагын мындай коелу" деген.
***
Кызылыңа кызыгам,
Жашылыңа жашынам.
Өмүр бою дегемин
Кетким келбейт кашыңан.
Сага ашык ким болсун.
***
Көчөдө баратсам, калпагым кыз-келин жакка кайкая берет.
***
Жиндиге кемпирди салып берсе, жини кагылат.
***
Биз бродго көп барып, же чабак, же русалка, же алтын балык кармайбыз.
***
Белиң сенин ийилет, ээр токум токуп чапкандай,
Дилдештигиң билинет чабышып бекем капкандай.
***
Өзбектин кызы жибектей,
Казактын кызы шайыдай.
Кыргыздын кызы кыяктай,
Жашагым келет айныбай.
***
Көл боюнда кыз-келиндер жатат,
Булардын жамбаштары выставкасы дедим.
***
Цивилизованный досум, жазуучу Дайырбек жарым бөтөлкө коньяк менен аялы Ырыс экөөңөр ичкиле деп бизди калтырып кетти. Ырыс "кайненем дүлөй, бизди тыңшабайт" деди. А мен кухняда сүйүшөмбү деп шампанскийдин пробкасындай үйүнөн атып чыктым.
***
Мен бул турмуштун лажасымын,
Хрущев жана Аджубейдин бажасымын,
Акындардын ажосумун.
***
Москва - Мас күйөө деп чечилет. Мидин, Есенин, Байдылдача мени да кабак колдоп кабагым ачкан көп ирет.
***
Акын Турар Кожомбердиевден:
Ишенем сүйүүм аман экенине,
Алтыным кайтып келээр мекенине.
***
Акын Райкан Шүкүрбеков:
-Мен арак кошпогон акмакмын,- деген.
***
Мен Ысыккөлдүн Хутор кыштагында кароолчу болуп иштегем. Бир фляга кымыз жана он бештеги сулуу кызды мага калтырышты. Мен ага "жазда келем айылыңа, көпкөк өрүк, кайта кетем жериме сени көрүп" деп ага эч жуубай койсом, кыз ыйлап жиберди. А мен ага да болбой, аны калтырып кете бердим. Ал себеби, үй-жайсыз тентип жүрүп, кантип андай кызга үйлөнөм дедим.
***
Аңгыча мен үйлүү-баштуу ажонун кызы Элмира Раззаковага жолугууну болжошком. Ага атасы мени келечеги кең акын болот деген экен. Ал Элмира жаныма 10 метр калганда кайта чегинди. Үтүктөлбөгөн котюм-шымчан кебетем көрүп, мени көп элеске албай, артка чегинди.
***
Ай кыздар, кыздар, байпагым кызыл, көргүлө.
***
Жаз маалында үрөн сепсем талаага,
Миллион телпек өсүп чыкты.
Өзүм калдым терең санаада.
***
Мидинден:
Ой кызыл көпөлөк, кайда учасың көкөлөп,
Жыргатат сенин жаныңды,
Ысыгы жайдын бөпөлөп,
Жаштар куунап бийлесе,
Көз салат чалдар өхөлөп.
***
Чынарага
О, Чынара, Чынара?
Тапкызгансың чын арга
Ошол бир күндүн кызыгын,
Эсиңден деги чыгарба.
Жаннаттын туюп илебин
Чыкыйган жаздым чыгарма.
***
Күйөөсү менен аялы узак ойногон магнитофон пластинкасындай тура.
***
"Ой, сен тармал чач, аппак жигит элең. Эмне үчүн эми өзгөрүп кеттиң" деди Качкынбай Осмоналиев.
"Эй, досум, азыр мен жаштыгымдын чучелосу гана болуп калбадымбы" дедим.
***
"Оо, жигит, сенсиң кысталак" деп карыя кемпирин катуу кызганат.
***
Сулуу кыз, айым аз болгон үчүн канча жигиттер жеген канжардын мизин. Байыркы Грециянын Троясында Елена деген сулуу үчүн болгон ырасында.
***
Фидель Кастронун да эң сулуу сүйгөнүн тартып алган американең миллионер ошон үчүн революция чыгарып, Фидель Кастро аябай үрөгөн күчүн.
***
Согуш убыгында турмуш начар болгон үчүн сулуулар кеткен азайып. Бир сулуу үчүн көп жигит өлтүрүлгөн. Аябай куугун жеген кашайып.
Сулуу аялы менен үстү ачык легковойдо эл алдына чыкканы үчүн президент Кеннедиге ок атылып, не бир досу каршы болуп бурган жүзүн.
Азыр болсо бейпил доордо,
Эл турмушу катуу оңолду араң зорго.
Сулуулар кетти көбөйүп,
Метис балдар төрөлүп.
***
Женщень, пантокрин, армян коньягы тез арада күчтүү сексти билгизет, өздөрүнчө бактылуу адамдардын не бир маньягы.
***
Күчтүү секс абдан коркунучтуу. Гомосекстен талма оору, рак оорусу көп убакта пайда болорун чыгарбагыла эстен.
***
Мен ушул аялыма үйлөнгөндөн кийин отуздан ашуун мезгилде төрт жолу гана солго кеттим. Ошон үчүн поэзия, сүрөт, обондор болду чыныгы секетим.
***
Майрамка тууралуу
-Сүйүктүү Майрам Акаева экөөбүз көрүшкөндө кош жалбырактай жабыша түштүк. Ой, Аскарчик эмне дейт деп чыга кача жөнөгөм, эхей, аттиң.
***
Көп кыз-келиндер менен жүргөндө кайра бактысыз болдум,
Үйлөнгөндө чынында бакыт эмне экенин билдим.
***
Колтукташып жаз менен , көчөдө келем эркелетип логиканы, эмоция эмем.
***
Ак көйнөкчөн кызды сүйгөм, экиси көк көйнөкчөн жаш жигитке далдаланып бир сулуу болду көрмөксөн.
***
Орустун арагы,
Аябай күчтүү
Жарагы,
Далай ишке жарады.
***
Сүйүүнүн мажнуну
Жолон Мамытовдон:
Акпы, көкпү, кызыл бекен жоолугуң,
Жоолугуңдун түсүн көрүп оорудум.
Бир башкача түзүлүптүр форумуң.
Даярдаган

Күнболот МОМОКОНОВ











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan