Коомдук-саясый гезит
№29, 01.05.08-ж.

Меймансап
Форум





  Күлкүлятор

Төлөгөн Карыкеевден
Мурдуңа гашиш!
Автобус толо эл. Орто ченден кыйраткансып бирөө чүчкүрөт.
- А-ап-чхи-и! - дейт мурдун тырыштырып.
- Акчүч! - дейт жанында бирөө бетин бырыштырып.
- Ыракмат!
- Ыракматың чөнтөккө салмак белек!
- Ыракмат аз болсо, анда чо-оң ыракмат!
- Чо-оң хахмачсың го өзүң, ыя?!
- Ырсайбай кетчи нары!
- Угарым ушу беле, анда "акчүчүмдү" кайра алдым!
- Мен сенден кемминби, мен да чүчкүрүгүмдү кайра алдым!
- "Мурдуңа шиш" десем, сөз эрте бүтмөк экен, ка-ап!..
- "Мурдуңа гашиш!" десең, о-обшум кайф болмок.
- Итиң чөп жеген эмелерденсиң го дейм, кыязы?..
- Өзүм дегенде өгүзүм каракуурайдан кашек калтырбай жейт.
- Эшегиң эмне жейт болдукен анда?
- Виагра жеп турбаса, чыдабайт!
- Бычтырып салбайсыңбы?
- Жалкып калгам. Мышыгымды бычтырсам, жалаң порошок жыттап калды.
- Өзүң эмне жыттайсың?
- Насывайдын акесин окутабыз!
- Улуксат болсо, түшөйүн.
- Бир аз кое тур, айта турган сөз көп…
- Калган сөздү эмки жолку чүчкүргөндө…
- Бир эле мүнөт!.. Үйдөгү келемиштер бензин жытташып, токсикомания күчөдү!.. Күйүүчү май кризиске батты!.. Автобус менен жөө жүрүп калдым!.. Оорукчан да болуп калдым көрүнөт!.. Катыным атырдан бөлөк эчтеке жыттабайт!.. Баса, "касягың жок беле?..
- Калганын эмки жолукканда!.. Көрүшкөнчө көрүшпөй эле коелу!.. Кош!.. Некрологго чейин соо бол!..

Ойбоорсок
Бир Шерди токсон тогуз катынчалыш кантип талады?..
Сукабатыр, артың качан кургайт?!.
Топуракка тойбой калдың го, атасатар?..
Жеркуруткур, мантуунун ичиндеги каргыш - сеники!
Тарых артта! Үйбүлө үстүдө! Душман буктурмада! Атамекен жанымда! Сен каякта, Гектар баатыр?...
Эркекти аял менен сына, аялды алтын менен сына, алтынды кыргыз менен сына!..
Сактайгөр, кыргыздын арабасын аракка тойгон Ак куу, дудук-депутат Балык, улуту бөлөк Бөйөн туш тарапка тартып баратат!
Жүрөгүңдө бош орун барбы, мээси бош?
Кумганың кургай элекпи, алты обулустун аптабачысы?..
Эки сөздүн башын кошо албаган бирөө Кошмо Штат жөнүндө ыр жазып жибериптир!
Жер - ханзуга! Асман - Гансиге!

Абышка догдурга көрүнгөнү келет.
- Эмнеңиз ооруйт, айта бериңиз?
- Күйүгүп кетем. Биринчисин басканда - жакшы. Экинчисин басканда - демим кыстыга баштайт. Ал эми үчүнчүсүн басканга күч жетпей калып атат…
- Э-хэ, атакеси, сиз жигит турбайсызбы! Мен сизден 30 жаш кичүүмүн, бирок бирөөнө араң жарайм…
- Догдур балам, сиз эмне жөнүндө айтып атасыз?
- Аялдар жөнүндө.
- Мен тепкич жөнүндө…

Караңгы түндө гаишник катуу келаткан "Запорожецти" токтотот. Ичине көз салса, 17 киши толуп алыптыр дейт. Баары ылжыган мас.
Таң калган инспектор бир тыйын албастан:
- Бүгүн кандай батсаңар, эртең да ушул отурган кишилер бириң калбай "Запорожецке" түшүп соо келгиле! - дейт.
Эртеси 16 киши сыгылып батып, 17- си такыр батпай коет. Шопур таң калып:
- Кечээ сен деги бар белең? - дейт.
Он жетинчи ыза болуп:
- Мына сага! Анда кечээ машиненин ичинде баян тартып, силердин көңүлүңөрдү ачкан ким эле, ыя?

Аскердик ашканада . Солдат калай кружканы көмкөрөсүнөн коет да, прапорщикти чакырат:
- Жолдош прапорщик, бул кружканын оозун бүтөп салышыптыр, -дейт.
Прапорщик катуу таң калып:
- Ой, бул кружкаңдын түбү да жок турбайбы?! - дептир.




Балетмейстерге бир киши келет:
- Мен 200 долларга балеринаңардын баарына массаж жасап берем!
- Кудай жалгасын, 200 долларың бар болсо, төлөп коюп, баштай бер!..


Эки машина кагылышып кетет. Шопурлары аман-эсен, машиналары талкаланган.
- Кудай берди, кудай алды!.. - дейт биринчи шопур.
- Эчтеке эмес, бирин жоготсом, экинчисин табам!.. - дейт экинчи шопур, - кел, өзүбүз тирүү калганыбыз үчүн жүздөн алып коелук.
Биринчи шопурга арак куюп берет. Тигил тартып жиберет да:
- Эмне өзүң ичпейсиң?
- Азыр ГАИ келип териштирет, алар кеткенден кийин ичем…


Гаишник катуу келаткан "Мерседести" токтотот. Машинадан күрсүйгөн жаңы кыргыз түшөт.
- Дакмөнтүңүздү көрсөтүңүз, - дейт гаишник, - Та-ак, жакшы… Багажникте эмне бар, көрсөтүңүз.
Жаңы кыргыз багажникти ачса, ал жакта Калашниковдун автоматы жатат дейт.
- Бул эмне шумдугуң?
- Бул менин калькуляторум, - дейт жаңы кыргыз кабагым-кашым дебей.
- Кайдагы калькуляторду айтасың, катыгүн?..
- Бул эми, эң аягындагы эсептешүүлөр үчүн да…


Машина айдоого дакмөнт алыш үчүн экзамен жүрүп атат.
- Тилекке каршы, сен экзаменди тапшыралган жоксуң! - дейт инструктор.
- Мен али машинаны ордунан жылдыра элекмин да?
- Кайдан жылдырмак элең, өзүң арткы орунга отуруп алсаң?!


- Бийкеч, протоколду карап көрсөк, сиз акыркы үч жумада төрт кишини койдуруп кетипсиз го?..
- Үч киши деп тактап жазыңыз.
- Бул жерде төртөө деп жазылып турбайбы!
- Арасынан бир келесоосун эки жолу койдуруп кеткем…


Түн. Алдыңкы чек. Үч жоокер окопто уктап атат. Аңгыча тарса-турс боло түшүп, тигилер ойгонуп кетет.
- Бул эмне болуп кетти, чагылганыбы, бомбасыбы?
- Бомба жарылды!
- Ошентчи, болбосо, дагы шөмтүрөп суу болот турбайбызбы деп ичиркенип кетпедимби…



Анекдот-атас!
Четөлкөлүк эки жаран кыргыз айылдарын кыдырып жүрөт дейт. Бир дарбазага келип, такылдатып калышат. Дарбазаны сомодой болгон кыргыз жигит ачат:
- Эмне керек силерге?
- Үйдө 70 тен өткөн атаң болсо, сатып алалы дедик эле?
- Эй! Силердин акыл-эсиңер ордундабы? Атасын кайсы келесоо сатсын! Атасын саткан - элин сатканга, жерин сатканга барабар да! Көзгө көрүнбөй жоголгула! - дейт жигит.
- Анда тиги үйдөгү сексенге чыккан чалды сатып алалык, жүрү, - деп четөлкөлүктөр өз ара сүйлөшүп калат.
Тыңшап турган жигит чыдабай:
- Деги, канчадан алат элеңер?
- Эки миң доллардан.
Жигит желкесин кашып:
- Менин атам жаш, жетимишке да чыгалек. Алсаңар алып кеткиле, эки миңге "Ауди" алып тепсем, жаманбы… - дептир.
Бек-Келди Кебай











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan