Табышмактуу өлүм

"Аскерден балам өзүн асмак эмес, аны ротадан өлтүрүп коюшту"
Бурул МУСАБЕКОВА
Акыркы кезде аскерде кызмат өтөп аткан жигиттердин бөөдө өлүмдөрү көбөйдү. Бири командиринин колунан окко учса, экинчиси аскер бөлүгүндөгү өзүн кыйын сезгендердин ур- токмогунан курман болууда. Сыдыгалиев Кубанычбек да аскерде кызмат өтөп жүрүп, табышмактуу каза тапкан. Анын өлүмүнө ким күнөөлүү экени такталбай, "өз жанын өзү кыйды" деген тыянак чыгарылууда. Анда окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн окуяны башынан баяндасак.

Күтүүсүз кырсык
Сыдыгалиев Кубанычбек Токтобекович 1987-жылы 14-апрелде Нарын облусунун Атбашы районундагы Акталаа (Калинин) айылында жарык дүйнөгө келген. Үйбүлөдө төрт бир туугандын экинчиси болчу. 2007-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Койташ айылында жайгашкан 73809 аскер бөлүгүнө кызмат өтөөгө алынган. Алты ай өткөндөн кийин сержант наамын алып, кызматын мыкты өтөп аткан аскер катары командирлеринин мактоосуна алынып жүргөн. Анан ошол каргашалуу 2007- жылдын 28- ноябрында Кубанычбекке эмне болгону белгисиз. Эртең мененки саат 10дор чамасында анын бакка асынып алган сөөгү табылган. Экспертиза жоокер өзү асынып өлдү деген жыйынтык чыгарган. Бирок ата-энеси Кубанычбектин күтүүсүз мындай өлүмгө дуушар болгонуна көз жаштарын көл
кылып, "балабыз өзүнүн өмүрүн кыйбайт болчу, бул киши колдуу болгон" деп сотко арыз менен кайрылышкан. Себеби 2007-жылдын 27-ноябрь күнү түшкү тамактан кийин, 73809 аскер бөлүгүнүн чалгындоо ротасында кызмат өтөгөн Саипов Рамис аталган аскер бөлүгүнүн экинчи казармасынын кире беришинен Сыдыгалиевке жолугуп, "сен менин полчанымсыңбы, мага сержант болуп көрүнбөчү" деп демитип, бутка тээп жиберген. Андан соң Саипов мыйзамсыз аракеттерин улантып, Сыдыгалиевди чалгындоо ротасынын казармасынын эс алуу бөлмөсүнө киргизип, аны бетке койгулап, сабап атканын Сыдыгалиевдин жанындагы жоокерлер көрүшкөн. Ошондон кийин эле Сыдыгалиевди эч ким көргөн эмес. Сотто "Сыдыгалиев Саиповдун кыйын болуп, намысын тебелегенине чыдай албай, казарманын терезесинен качып чыгып, уятына чыдабай ботинкасынын боосу менен бакка асынып алган" деген далил көрсөтүлүүдө.

Чындык чыркырайбы?
Бул боюнча соттук териштирүү улантылууда. Адилеттик өкүм сүрүп, Сыдыгалиевдин каргашалуу өлүмүнө күнөөлүү адам өз жазасын алабы же жокпу, ал жагы азыр бүдөмүк. Кубанычбектин жакындары да чындык чыркырап калбай, балабыздын өлүмүнө себепкер болгондордун айыбы ачылып, тиешелүү жазасын алса деп, илгери үмүт менен соттон акыйкат чечим күтүп олтурушат.

Ал өз өмүрүн кыйбайт болчу
Ата-энеге баладан айрылуудан өткөн оор трагедия жоктур. Кубанычбектин ата-энеси да баласын жок жерден ажалга алдырып ийип, зар какшап олтурушат. Чындыкка жетпей, сот жараяны болгон сайын баласын улам кайра жоготконсуп зарлап ыйлашат.

Атасы Токтобек Сыдыгалиев:
- Кубанычбегим мектепте окуп жүргөн мезгилинен тартып эле "военный болом" деп дегдечү. Окууну аяктагандан кийин шаарга келип военный училищага тапшырып, өтпөй калган. Анан Нарын университетинин мамлекеттик автоинспекциясы бөлүмүндө билим алып аткан. Бир күнү үйгө келип "Ата, мен аскерге барганы жатам. Ошол жакка барып, военный болуп келсем кандай болот" деп кеңеш сураган. Баламдын окуусун таштап, аскерге кетүүсүнө макул болуп, үйдөн жакшынакай эле узатканбыз. Өзүбүз Бишкекке келген сайын балабызга барып жолугуп турчубуз. Апасы 1-майда келип жолугуп кеткен. Мен болсо акыркы ирет балам менен 22-октябрда жолуккам. Ошондо ал "Мага бул жак аябай жакты. Командирлер менен сүйлөшүп, контракка калайын деп атам" деген. Балам өз өмүрүн өзү кыймак эмес. Аны менен бирге кызмат өтөгөн шериктери сотто айтып атышат. Баламды Саипов Рамис деген жоокер түшкү тамактан келаткан жеринен кармап алып, "сен эмне, сержант болуп калдыңбы, кыйын болуп, чоңдорго теңелип кеттиңби" деп көкүтүп, бетке чаап жибергенин көрүшүптүр. Сотто Бишкек гарнизонунун аскер прокурорунун ага жардамчысы, юстициянын лейтенанты Сейдахматов бул ишти карап чыгып, Сайипов Рамисти айыпкер катары жоопко тартуу жөнүндө далилдер жетиштүү экенин айткан. Ага карабастан Саипов жасаган күнөөсүн мойнуна албай, "Мен Сыдыгалиевди көргөн эмесмин" деп танып атат. Аскер бөлүгүнүн командири, кароолдо турган полковник, айтор, ошол жактын жетекчилери сотто суралбай жатышат. Чындыгында мындай окуяга эң башкы жоопкерчиликтүү адамдар ошолор да. Алар болсо билбейм дегенден башканы айтпай атышпайбы. Кайда барып, кимден жардам сурарымды билбейм.