![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №29, 01.05.08-ж. |
|
Сыйкыр сан Урматтуу окурман, "Сыйкыр сан" рубрикабыз жакшыны ашырып, кубанычыңызды керектүү жерге жеткизип, сиз менен байланыштын бир булагы боло алат деген үмүттөбүз. Андыктан, эч тартынбай 90 27 03 телефонун бураңыз дагы куттуктоо болобу, дубай саламбы же жөн гана көкөй кескен көкүрөктөгү оюңузбу же баарыбызды жылмайткан тамашабы, айтып калыңыз. Бирок, эң башкысы, ар бир жолкуда редакция кеңешип үч номерди алдын-ала белгилеп коет. Сиз эгер ошол номерге туш келип калсаңыз, анда 100 сом утасыз. Эмки номердеги сыйкыр сандар - 627, 630, 638. "Сыйкыр санга" ар аптанын дүйшөмбү күнү 10.00дөн 12.00гө чейин 90 27 03 номерине байланышыңыз. Өткөн сандагы сыйкыр санга туш болгондор сыйлыкты жума күнү саат 10дон 12ге чейин алып кетсеңиздер болот. Айта кетчү нерсе, мындан ары шаардык телефондон гана эмес мобилдик телефондон дагы 0 (555) 35 85 04, 0 (543) 08 03 81 номерлерине SMS билдирүү жиберсеңиздер болот. "Сыйкыр сандын" алып баруучусу Бегимай Бакашева 601. Мен Өмүрбек Текебаев мырзадан кечирим сурайм. Ош облустук администрациясын алып атканда элдин арасында турган жеринен ал Бакиевди сындаганы үчүн сөккөн элем. Эми ошого өкүнүп жүрөм. Бакиев баарын сатып атса, кыргыздар тентип кул болуп атса, башка улуттар мекенибизди бийлеп атат. Камчыбеков Калмат, Максым Палван 602. Канат ардагым, мен сени аябай жакшы көрөм. Экөөбүз ар дайым бактылуу болобуз. Сенден башка эч ким менен жүргүм келбейт. Жаның Айка 603. "De-факто" FOREVER!!! Тиражыңарды көбөйткүлөчү. Жетишпей калып жатабыз. Кудайберген 604. Эгерде "Сыйкыр сандан" 100 сом байге утуп алсам, телефонума бирдик салып ийиңиздерчи. Алмаз 605. Бакытка балкып, батып турган кезим,/ Жүрөктө бир кызыктай жашап сезим./ Сүйүүбү же башкабы биле албадым,/Өзүмө өзүм ушул сендик адам дедим./ Бир убакта жүрөк ооруп турган кезде,/ Эми кантип сендейди дегем табам./ Дал өзүңдөй болбосо да, куп келишкен,/ Бир топ эле жан дүйнөсү сулуу адам. Медетбек 606. Урматтуу "De-факто" гезити! Менин курбу кызым Канымды келе жаткан туулган күнү менен куттуктап коюңуздарчы. Ал силердин гезтти абдан жакшы көрөт жана үзбөй окуйт. Маржан 607. Адахан Мадумаров кезегинде "Элим үчүн каруумду казык, канымды азык кылам" деген эле. анысын казак эли үчүн деген го?.. Акыл 608. Урматтуу окурманыбыз Каным, сизди туулган күнүңүз менен куттуктайбыз! Жашооңузду жалаң бактылуу көз ирмемдер коштоп жүрсүн. Бекем денсоолук жана ишиңизге ийгилик каалайбыз. Df 609. Түптүн элинин жоругу жолдо калсын. Май менен чайга тоюп калышкан тура. Сейдана Бейшебекова 610. Менин ааламга сыйбаган сүйүүм - Тилек, ардагым, дайыма менин жанымда болчу. Сен мага керексиң. Келинчегиң Жамалка 611. Акжолчу Элмира Имбраимовага. Чын эле Султан Ибраимовдун кызыбы же самозванкабы? Кызы эле го дейли десек, атасы менен кызынын кыргызга кылган иштери эки башка. Жакшы атанын атын булгабай, партиясы жок эле оокат кылса болбойбу? Мугалимдер коллективи 612. Акыркы парламенттин акжолчу депутаттарын акыркы күндөрү аябай аяп кетчү болдум. Аяна 613. Бар тармакка дайым эшик ачыла,/Өз жат, сансыз жуттар улам ачыга./ Кыргызстанды жешти акыр жаратып, /Кыргызымдын гүлдөп жаны ачына. Эркин Жаныбеков 614. Келечек жаштардыкы дейбиз. А биз, жаштарды, кандай келечек, кандай Кыргызстан күтүп жатат? Бизди сатылып-тонолгон, коррупцияга белчесинен баткан Кыргызстан күтүп жатат. Ата-бабаларыбыз бизге жер-сууларыбыздын бүтүндүгүн коргоп, улуттук ар-намысыбызды сактап, кийинки муунга калтырып кетишкен. Азыркы бийлик болсо баарын сатып, кыргыз элин талаага тентитип бүтүрдү го. Жаштар, келечек биздики болсо, келгиле, келечегибиз үчүн күрөшөлү! Куттубек.KG 615. Кыргыз эли, ойгонгула, жерибизден айрылып калбайлы!!! Талант 616. Көлдүктөр, бийликке, оппозицияга ишенбегиле, Каркыра үчүн намысыңар барбы? Патриот 617. Апамды жакшы көрөм. 7421 618. "De-факто" окурмандарына ысык салам! Өзгөрүүлөр кризистен кийин болот. Аны тарых көрсөттү. Же жакшы жакка, же "еще хуже" болобу, бизден "зависит". Кудайберген 619. Акжолчу жепутат, жеп жутарларга: Биздин да күнүбүз келээр, шашпагыла! Мокуш 620. Бала ыйлабаса эмчек кайдан дегендей, элибиз көтөрүлбөсө, жыргалчылык кайдан? Акаев качып жүрсө, Бакиев сатып жүрсө. Фронтбек 621. Имиш-имиш кеп угам,/Көзачык айтты деп угам./Ажобуз ишенсе төлгөгө,/Кирбейт ырыскы өргөгө. Тикенек 622. Эй, чоңдор атангандар, Акаев акебиздин жолун жолдобосоңорчу. Бөөдө жерден отурган ордуңардан айрылып калбасаңар экен! Тикенек 623. Атбашыда жашаган курбум Гүлбахарга салам! Кандайсың, жок дегенде телефон чалып койсоң боло. Бека 624. Борборубузда кулагына "пырс" этме кулак сөйкө, кашы менен кирпиктерге жалтырак шариктерди сайып алган чет элдик эркекти көрдүм. Сыныктан башкасынын баары жугат демекчи, ушулардын кыз теке жоруктары жугуп, кыргыздар да шумдукту баштайбы деп чочулайм. Караш Насер 625. Чүй районуна караштуу Мичурин атындагы айылда жашап аткан Үкүев Бегимбайды 1-май туулган күнү менен куттуктайбыз! Ата, денсоолугуңуз бекем болсун! оорубаңыз, апам экөөңүздөр төрүбүздө балпайып, кашыбызда калдайып жүрө бериңиздер! Бишкектен кызы Гүлжамал, күйөө баласы Төлөгөн, неберелери Мейкин, Керимсел, Шайыкеш, Гүлзар Урматтуу "Сыйкыр сандын" жеңүүчүлөрү - Акыл, Жамалка, Талант! Редакцияга келип, 100 сомдон сыйлыктарыңыздарды алып кетиңиздер. Колуңуздарда паспорт же башка бир документтериңиздер болушу керек. Ымыркай Кытай календарына телефон аркылуу кайрылгандарга жооп Кыздуу болгуңуз келсе, Кытай календарына кайрылыңыз! Учурда кыз же эркек төрөлөрүн атайын календарлар менен эсептетүү модага айланды. Бирок алардын көбү туура эмес чыгып калат. Эркек балалуу боло албай жүргөн жубайлар ар кандай календарларга салып, бирок кайра эле кыз төрөлүп калган учурлар көп. Дүйнөлүк тажрыйба боюнча кытай календары күчтүү деп эсептелинет. Анда эркектин организминдеги жаңылануу процесси негизги ролду ойнойт. Бир жылда эркектин организми үч ай гана жаңылануу процессине тушугат. Эркек бала төрөлөбү же кызбы, дал ушул үч айга байланыштуу болот. Бул календардын табиятын түшүнүп, так билип алган адам боюнда бар аялдын кыз же эркек төрөөрүн УЗИден да так айтып койсо болот. Биздин гезит жубайларды ушул кытай календары менен эсептетип, дүйнө жүзүнүн басымдуу бөлүгү ишенген бул ыкманын чындап кудуретин текшерүүгө чакырат. Андыктан наристе күтүп аткан болсоңуз же пландап аткан болсоңуз бизге чалыңыз. Кытай календары боюнча эсептеп чыгыш үчүн өзүңүз тууралуу жөпжөнөкөй эки гана маалымат айтып бересиз. Эмесе, редакцияга 90-27-03 телефонуна чалыңыз. Мунара. Эркек балалуу болгусу келет. 20-сентябрдан 30-декабрга чейин боюңузга болушу керек. Нурида. Кыздуу болгусу келет. Сизге февраль, март, апрель, май, июнь айлары туура келбейт. Калган айларда боюңузга болуш керек. Бурул О. Эркек балалуу болгусу келет. 10-майдан 10-августка чейин боюңузга болуш керек. Жылдыз С. Августта боюна болгон. Кыздуу болушу ыктымал. Рахима. Мартта боюна болгон. Кыздуу болосуз. Клара. Февралда боюна болгон. Кыздуу болосуз. Айгүл М. Кыздуу болгусу келет. Сизге июнь, июль, август, сентябрь туура келбейт. Калган айларда боюңузга болуш керек. Талант Э. Эркек балалуу болгусу келет. 25-апрелден 30-июлга чейин боюна болуш керек. Жамиля. Эркек балалуу болгусу келет. 15-марттан 20-июнга чейин боюңузга болуш керек. Роза. Эркек балалуу болгусу келет. 1-январдан 1-апрелге чейин боюңузга болуш керек. Жыпаркүл. Апрелде боюна болгон. Кыздуу болосуз. Эсен. Кыздуу болгусу келет. Сизге март, апрель, май, июнь туура келбейт. Калган айларда боюна болуш керек. Алиева Назгүл. Эркек балалуу болгусу келет. 20-октябрдан 30-январга чейин боюңузга болуш керек. Мария. Кыздуу болгусу келет. 1-марттан 5-июнга чейин боюңузга болуш керек. Диана. Эркек балалуу болгусу келет. 20-сентябрдан 25-декабрга чейин боюңузга болуш керек. Марсел. Эркек балалуу болгусу келет. 10-декабрдан 15-мартка чейин боюна болуш керек. Гүлзат Валова. Эркек балалуу болгусу келет. 25-августтан 30-ноябрга чейин боюңузга болуш керек. Дамира. Эркек балалуу болгусу келет. 1-сентябрдан 10-декабрга чейин боюңузга болуш керек. Халил. Эркек балалуу болгусу келет. 10-сентябрдан 15-декабрга чейин боюңузга болуш керек. Венера М. Кыздуу болгусу келет. Сизге январь, февраль, март, апрель, май айлары туура келбейт. Калган айларда боюңузга болуш керек. Нургазы А. Эркек балалуу болгусу келет. 15-ноябрдан 20-февралга чейин боюна болуш керек. Гүлиза М. Ноябрда боюна болгон. Эркек төрөйсүз. Назира К. Мартта боюна болгон. Кыздуу болосуз. Назира Ө. Эркек балалуу болгусу келет. 15-июндан 20-сентябрга чейин боңузга болуш керек. Назгүл С. Эркек балалуу болгусу келет. 20-октябрдан 25-январга чейин боюңузга болуш керек. Нурия. Ноябрда боюна болгон. Кыздуу болосуз. Жайнак. Эркек балалуу болгусу келет. 5-сентябрдан 15-декабрга чейин боюна болуш керек. Нуржан. Эркек балалуу болгусу келет. 10-декабрдан 20-мартка чейин боюна болуш керек. Жамалка. Кыздуу болгусу келет. Сизге апрель, май, июнь, июль айлары туура келбейт. Калган айларда боюңузга болуш керек. Айсулуу. Эркек балалуу болгусу келет. 25-январдан 30-апрелге чейин боюңузга болуш керек. Дамира. Эркек балалуу болгусу келет. 10-сентябрдан 15-декабрга чейин боюңузга болушу керек. Света Кочкордон. Кыздуу болгусу келет. Сизге декабрь, январь, февраль, март, апрель туура келбейт. Калган айларда боюңузга болуш керек. Чынара Кочкордон. Эркек балалуу болгусу. 15-июлдан 20-октябрга чейин боюңузга болуш керек. Ширин Кочкордон. Кыздуу болгусу келет. Сизге август, сентябрь, октябрь, ноябрь туура келбейт. Калган айларда боюңузга болуш керек. Чолпон Ч. Эркек балалуу болгусу келет. 10-июндан 10-сентябрга чейин боюна болуш керек.
| |
|
| |||||||||||||||