Коомдук-саясый гезит
№29, 01.05.08-ж.

Меймансап
Форум





  Дүйнө ханышалары

Президенттерди эртең менен ойготкон биринчи ледилер
Екатерина менен Виктор Ющенко
Екатерина Ющенко АКШда төрөлгөн. Ал биринчи леди болгонго чейин АКШ конгрессинин Украина өкүлү болуп, андан сырткары мамлекеттик комитеттерде бир канча кызматтарда иштеген. Болочок жубайлар абада таанышкан. Самолетто алар катар отуруп АКШга учкан экен. Беш жылдан кийин баш кошушкан. Екатерина балдар үйлөрүнө жардам берет. Андан сырткары кыймылсыз мүлк менен байланышкан бизнеси да бар.

Татьяна менен Ислам Каримов
Татьяна - өзбек академиясынын экономика институтунун илимий кызматкери. Алар үйүндө орус тилде сүйлөшөт деген маалыматтар бар. Гүлнара жана Лола аттуу эки кыздуу, үч неберелүү болушкан.

Сандра Рулофс менен Михаил Саакашвили
Булардын сүйүүсү 1993-жылы башталган. Ал кезде нидерланддык Сандра Рулофс Грузия өлкөсү бар экенин билген менен, дал ошол өлкөнүн биринчи ледиси болуп калаары оюна да келген эмес. Жолдошу президенттикке келгенден кийин ал кайрымдуулук фондду жетектөөгө киришет.

Татьяна менен Курманбек Бакиев
Жубайлар Татьяна төрөлгөн Самара шаарында таанышкан. Экөө курсташ болуп бир окуу жайда окуган. Татьянанын ата-энеси адегенде каршы болуп атып, акыры жаш жубайларга батасын берген. Максим жана Марат аттуу эки уулу бар.

Людмила менен Владимир Путин
Владимир Путиндин жубайы Людмила Путина биринчи леди болгондон тартып билим берүү жана үйбүлө маселелери менен алек болгон. Кесиби боюнча филолог. Орус тилин өнүктүрүү боюнча борборду түзүү демилгеси Людмилага таандык.

Жаклин менен Жон Кеннеди
Жон Кеннединин жубайы Жаклин Бувье АКШнын тарыхында президенттин эң жаш жубайы катары калды. Ал - Нью-Йорк банкиринин кызы эле. 1961-жылы расмий түрдө биринчи леди болуп жарыяланганда ал 31 гана жашта болчу.

Хиллари менен Билл Клинтон
Хиллари менен Билл Клинтон Йельский университетинде 1970-жылы таанышкан. Көргөндө эле Хиллариге Биллдин колдору жаккан экен. Хиллари саясатка өзүнүн пикири болгону менен башкалардан айырмаланган. Жубайлардын үйбүлөлүк тылы бекем экени баарын таң калтырган. Анткени Биллдин башка аялдар менен "мамиле" түзүп жүргөндүгү тууралуу ушактарды укса да, Хиллари эч кандай реакция кылчу эмес. Ошон үчүн эл арасында аларды "Биллари" деп коюшат экен.

Сара менен Нурсултан Назарбаев
Нурсултан Назарбаев жубайы Сара Кунакаева менен болочок жубайы иштеген заводдо таанышкан. Ал азыр балдар кайрымдуулук фондун жетектейт. Бош убагында лыжа тебет, сууда сүзөт. Казак маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, мамлекеттик портфелдерди бөлүштүрүүдө биринчи лединин эмгеги зор. Жубайлар үч кыздуу болушкан - Дарига, Динара жана Алия.

Сесилия менен Николя Саркози
Бул жубайлар ажырашканы менен баарынын эсинде калды. Анткени буга чейин Франциянын тарыхында президенттик постто туруп эч ким ажырашкан эмес эле. Экөө чогуу 11 жыл жашады. Николя болсо Карло Бруни аттуу моделге үйлөнүп алса, экс-жубайы Сесилия дагы америкалык бизнесменге турмушка чыгып алды.











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan