![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №29, 01.05.08-ж. |
|
Меймансап Форум Шырылдаң Тойгонбаева диплом жактап атат Гүлнара Тойгонбаева Президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын магистратурасында акыркы курсту аяктап жатат. Кесиби-менеджер. Дипломун жактаганга даярданып, эс алганга убактысы жок, кагаз-калемден бошой албай жүргөн чагы. Самат Дөөлөтбаков жакында ата болот Ырчы Самат Дөөлөтбаков былтыр үйлөнгөнүн жакшы билсеңиздер керек. Арзып жүргөн жары менен бактылуу жашоону баштан кечирүүдө. Келинчеги экөө ымыркайдын төрөлүшүн күтүп олтурат. Келинчеги бир-эки айдын ичинде көз жармакчы. Дагы бир Азат төрөлөт Ырчы жигит Азат Болотбек өткөн жумада БЧКнын жээги менен түнкү саат 12де келатып, 10 жаштагы бала сууга секирейин деп камданып атканын көрөт. Баланы эптеп алып калууну ойлоп жанына барып, акырын эч нерсени билбеген кишидей болуп атын сураптыр. Азаттын суроолоруна жооп берип атып бала сөзгө алаксып, сууга секирбей калды. Аны үйүнө жеткирип барса, апасы таппай ыйлап атыптыр. "Баламды бүгүн досунун туулган күнүнө жибербей койсом, таарынып калган. Мындай кылаарын билген эмесмин. Шорум катмак турбайбы. Азатка рахмат. Азыр 5 айлык боюмда бар. Буюрса, балабыз төрөлсө, атын Азат коебуз" деди 10 жаштагы Нурелдин апасы. Бегимай кымбат белек алууну жактырбайт Ырчы Бегимай Эсенгуловага көз артып жүргөн жигиттер көп экен. Бегимай тойго чакырууга барганда ошол жерден өзүнөн үч жаш улуу студент жигит менен таанышып калат. Ал жигит Бегимайды жактырып калып, майрамга карата ага машине белек берүүнү ойлоп, сунуш кылат. Бегимай анын белегинен баш тарткан. Бегимайды жактырган жигит дагы эле ага телефон чалып, жолугушууга чакырууда. Бегимайдын айтымында, азыр ал мектепти бүтүрүп жатканына байланыштуу экзамендерге даярданып, бир жакка чыгууга убактысы да жок. Ырчы кыз КМУнун юрфагына тапшырам дейт. Нурзатка киного тартылуу сунушу түштү "Улуттук хит-параддын" алып баруучусу Нурзат Токтосунованы Казакстанда ал иштеген фирмага үйүнүн долбоорун чийдиргени келген казак режиссеру киного тартылууга чакырган. Кинодо Нурзат казак кыздын ролун ойномок. Бирок шарттарын карап көрсө, үйүнө 1 ай бою келүүгө уруксат жок экен. Үйбүлөлүү адам болгондон кийин ал шарт жакпай, Нурзат киного тартылуудан баш тартты. Бир жумадан кийин ал режиссер Нурзатка телефон чылып "Сени мен жылдыз кылайын десем, өзүң эле эчак жылдыз болгон турбайсыңбы" деп күлүптүр. Көрсө, режиссер кыргыз гезиттеринин биринен Нурзаттын интервьюсун окуп калып тыр. "Замирге бут тоскондор көп болсун" Ырчы жигит Замир Мырза концертине устаты, Жогорку Кеңештин депутаты Ибрагим Жунусовду чакырып, сахнадан ага ак калпак, чепкен кийгизди. А Ибрагим Жунусов Замирди куттуктоо сөзүндө "Замирдин жеке жашоосунда душмандары, бут тоскондор болбосун, чыгармачылык жашоосунда жалаң бут тосуулар жана душмандар толтура болсун" деп сүйлөдү. Дилшат Кангелдиева үн жазуучу студия ачат Ырчы Дилшат Кангелдиева үн жазуучу студия ачканы жатат. Мындан беш ай мурда чыгармачылык иш менен Японияга барганда үн жазуучу аппаратура сатып алып келген. Киев көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишиндеги өзү жашап жаткан үйдүн жер төлөсүн актатып, сырдатып бүтүрдү. Эми май айында үн жазуучу студиясын иштетип баштайт. Асел СТАЛБЕК кызы, Бегимай БАКАШЕВА
| |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|