Коомдук-саясый гезит
№29, 01.05.08-ж.

Меймансап
Форум





"Дорожник" пансионатын Н. Назарбаев итбекер алган
Казакстанга төрт пансионат кетти деп чырылдайбыз, а бирок кыргыз бийлиги казактарга башка пансионаттардын канчасын "белекке" берип атканын билбейбиз. Совет убагында бүтүндөй бир тармакты-жолчуларды эс алдырып келген "Дорожник" пансионаты Кыргызстандын мамлекеттик мүлк фондусунун 1999-жылдын 19-мартындагы буйругу менен Казакстан Республикасынын президентинин иш башкармалыгына 91 500 АКШ долларга сатылган. "Дорожник" пансионаты ошентип казактарга өткөндөн кийин "Фламинго LTD" болуп кайра катталган (ОКПО 22601 183). Эми салыштырып көрүңүз, ошол 100 миң долларга көл жээктен бош жер да ала албайсың. Ошол акчага Алматы же Астана шаарында эки бөлмө квартира да келбейт. Бул пансионат көл жээгиндеги 16,93 гектар жерди ээлейт. Нурсултан Назарбаев болсо итбекер алып алгандан кийин килейген боздубал менен курчап, өзүнчө эле анклав кылып алган. Эр болсоң, эми ошол пансионатка баш багып көр, кыргыздардын аякка таманы тийбейт.

Аргасы куруган эне оозун тигип алды
Москва районунун Беловодск айылынын тургундары 45 жаштагы Гүлизар Кадырова, анын келини 21 жаштагы Екатерина Коломеец үч жашар кызын жетелеп Бишкектин укук коргоо органдарын жөө-жалаңдап кыдырып жүрүшөт. 2007-жылдын сентябрь айынан бери чындык үчүн күрөшө берип чарчаптыр. Айтор, "уялбагандан өзүң уял" демекчи Екатерина Коломеецтин өгөй атасы Вова Толщихин күйөө баласы Махмуд Кадыров менен чатакташып, ал үйбүлөлүк ызы-чууга айланып, акыры жаалданган кайната күйөө баласын жөнсүз шылтоо менен каматып тынган. Баласынын жөн жеринен күйүп атканын сезген эне РИИБ, прокуратура, айтор, мыйзам чегинде жардам издеп, баарына барды, жалынды, жалбарды. Ачкачылык да кармап көрдү, итсиңби, кишисиңби деген бирөө болгон жок. "Жалалабаттан көчүп келгенсиңер, күйөөң өзбек, өзүң курд, кедейсиңер" деп акчалуунун сөзүн сүйлөгөндөр көңүл бурбады. Акыры "тойдум байдын кызына" дедиби, 28-апрелде колуна ийне- жип алып, оозун тигип таштады. Ошо күндөн бери наар албай, көзүнүн жашын көлдөтүп көчөдө жүрөт. Акыйкатчы Турсунбек Акунга да арызданышууда. Эмки талаптары башпрокуратура бул ишке көңүл бөлүп, ишти тыкыр изилдөөгө алса. Айтмакчы, Бишкекте СИЗО-1де камакта жаткан 23 жаштагы Махмуд Кадыров да оозун тигип алыптыр. Бул окуянын чоо-жайын эмки санда кенен кабарламакчыбыз.

Ф. Кулов "чээнден чыгып, Бакиевге барды
Премьер- министрлик ээрден шыпырылганы темир Феликс тандемдеши, президент Курманбек Бакиев менен жолугушмак тургай телефон менен да баарлашпаганын бир курдай айтканы бар. Акүйдөн чыгаары менен оппозицияга өтө качып, "фронтко" кеткен. Анан максаты ишке ашпай калган апрель митингдери… Байтикте жатты жамбаштап, боз үй, чатырларын тигип. Россиянын булуң-бурчуна каттады, ар кандай сүйлөшүүлөргө шылтап. Оппозиция да Куловдон оолактап калганынан, ары урунду , бери урунду, айтор, оппозициянын катарынан көрүнбөй, ал тургай элдик курултайга да келген эмес. Чээнге кирип, буктурмада буккан жашынмагынын жандырмагын таба албай эсибиз ооп атса, темир Феликс кечээ президент Курманбек Салиевич менен расмий жолугушту. Маалымат кызматынын айтканына ишенсек экөө энергетиканын күңгөй-тескейи тууралуу сырдашыптыр. Бир-бирин жети желмогузундай көргөн тандемдештер жөндөн-жөн эле энергетикага баш оорута калгандары чоң табышмак. Же "эр чекишпей бекишпейт" дештиби, кыскасы, бу жолугушуунун артында чоң сыр катылуу. Аны тандемдештер гана билбесе… Ошентсе да экс- тандемдештер эртең кандай кадамдарга барбасын, таң калуунун кажети жок.

Сариев кайда? Америка, Лондондо…
Акыркы мезгилдери белгилүү саясатчы Темир Сариев саясый аренадан көрүнбөй кеткенинен улам, коомчулук ойго келбеген, түшкө кирбеген божомолдорду божурап жиберишти. Айтымда, Темир мырза Акүй жакка ооп, кызмат алганы аткан имиш. Ошол себептүү оппозиция токмок жеген Көл кылаасына да барбай коюптур. Анан жөн калабызбы, изге түшө койдук. Көрсө, Темир мырза эч кандай Акүй, Көкүй эмей, мобуреки эле Америкага кетиптир. Улуу өлкөдө бир нече таасирдүү адамдар менен саясый, жогорку багыттагы кездешүүлөрдү өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Америкага болгон сапарынын аки-чүкүсүн сурасак "азырынча айтпай туралы" деп сыр кылып, табышмактантып койду. Эң негизгиси, оппозициянын катарынан чыкпаптыр. "Америкада болбосом Түпкө мен деле бармакмын, Каркыра үчүн токмок жегениме кайыл элем" дейт саясатчы.




  Бүбүгө барсаң бүп дейт

Маскарапоздор
(Башы 1-бетте)
Сөз арасында Курманбек Салиевич курултайга келген парламенттеги акжолчуларга сөөмөй көзөп, "баарыңар эле акылдуусуңар, бирок, парламентте үнүңөр чыкпайт, а башка фракциянын депутаттары сүйлөгөндө, чаң асманга көтөрүлүп кетип атат. А силер неге анте албайсыңар, алардан эмнеңер кем? Жыйында кайсы бир суроо талкууланып атса тыкыр даярдангыла, билбесеңер министрлерден сурап даярдангыла да. Кээ бириңер маселенин баш-аягына түшүнбөй сүйлөп алып уят кылып атасыңар" маанисинде кеп-кеңешин ортого салды. Албетте, Курманбек Салиевичтин күйгөнүнө түшүнсөң болот, акжолчуларга атасы алып бербеген мандатты алып берип, алчактатып машине мингизип, апакай көйнөк кийгизип отурса, алар минтип момураганы кудайга жакпаган иш да. Бирок, бу жолу да акжолчулар жыйын сайын спикер алардын оозун жаап, баарынын атынан жалгыз сүйлөп аткан ич күптүлөрүн айта алышкан жок. Фракция башчысы Элмира Ибраимова болсо "самодеятельность" кылган депутаттарга катуу чара көрөбүз деп жыландын башын кылтыйтты. Бул бир аз ооз ачып аткан айрым депутаттарды парламенттен кууп чыгабыз деген кеп да. Акжолчулар лам дебей дагы момурап, баш ийкеп отуруп беришти. Антпегенде кантет? Каяша айтып көрчү, кантип заматта жыртык тепшини тиктеп отуруп калганын билбей маң болушат. Себеби, Бакиев деген алтын балык да… Ал эми акжолчулар болсо бүгүнкү күндүн маскарапоздору болуп калганын өздөрү түшүнүшө элек. Күндөн күнгө оорлоп бараткан кырдаалды айтпай, акжолчу күнкарамалар маскарапоздонгонун токтотчу түрлөрү жок.

Жылдыз Мусабекова




 "Ап"-етит

Аламанбаш
(Башы 1-бетте)
Малымды сатам, ким алат?
Жанымды сатам, ким алат?
Арымды эбак жоготком,
Нарынды сатам, ким алат?

Тоолор дагы садагага чабылат,
Толкундабай колдоп бергин баарылап.
Кам санаба каламбы деп талаада;
Кайтып кетсең, үч арыш жер табылат!

Жакшыны сатам, ким алат?
Бактыны сатам, ким алат?
Тактыны бербейм, талашпа,
Аксыны сатам, ким алат?!

Ата-бабам турган жер деп байланбай,
Ак жолумду ачкым келет тайманбай,
Алтыны бар Кароолчоку казылсын,
Аз өмүрдү күтүш керек майрамдай!

Таласты сатам, ким алат?
Канатты сатам, ким алат?
Арбакты айтып коркутпа,
Манасты сатам, ким алат?!

Коргойт эле кимдер биздин чектерди,
Коңшу-колоң талап жатат беткелди.
Өлбөйсүңөр, тезек терип жаккыла,
Өзүмдүккө бериш керек ГЭСтерди.

Жеримди сатам, ким алат?
Элимди сатам, ким алат?
Темирди бердим кытайга,
Кенимди сатам, ким алат?
Тегимди сурап нетесиң,
Теңирди сатам, ким алат?!

Кыялбек УРМАНБЕТОВ




  Үч тапан

Акүйдүн "Dе-фактону" көрөйүн деген көзү жок
Биздин окурмандар арасынан Жаныш Бакиевдин баласы менен сот жараяны кандай болуп атат деп сурагандар көп. Биздин өтүнүч боюнча макаланын тексти лингвистикалык экспертизага жөнөтүлгөн. Ошол экспертиза аяктагандан кийин сот процесси улантылат. Орусча улантылат. Кыргызча гезитти ошентип орусча соттоп атышат. Бул сот тезирээк эле аягына чыгып, биздин гезитке олчойгон айыппул салынып, жабылып калса дегендер көп. Айрыкча, бийлик тарапта. Баса, бир айдан бери Бишкекте биздин гезитти сатууга тыюу салынган. "Союзпечать" деген мамлекеттин колундагы монополист саттырбай атат. Ички бир чарбалык себептерди айтышууда. Бирок убакыт өткөн сайын "саттырбагыла" деп сөөмөй кезегендер бар экендигине ишене баштадык.

Эл ичи-анекдот кенчи
- Мен көп жазам, түнү бою уктабай жазам…
- Эмне жазасыз?
- Поэма жазам, а өзүңүз?..
- Мен анда-санда жазам, кыска жазам…
- Тамсил жазасызбы?
- Жок, чек жазам…


2050-жыл. Конкурс жүрүп атат.
Эң кыска өмүр-баян жазуу конкурсунда моссоветтик бир чүштүйгөн кемпир: " Жаш кезимде бетимде бир бырыш жок, юбкам дайым бырыш эле, эми баары тескерисинче" деп жазып утуп кетиптир.











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan