![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №29, 01.05.08-ж. |
|
Меймансап Форум Ойгон, кыргыз! КЫРГЫЗСТАНДЫ МАШКЕВИЧТИН КАРААНЫ АРАЛАП ЖҮРӨТ Житкен окту аткан ок табат Энергетика тармагынын объектилерин менчикке чыгаруу тууралуу талаш-тартыш кызуу жүрүп жаткан кезде Жогорку Кеңештеги Коммунисттер партиясынын фракциясынын өкүлү Анаш Сейитказиев ал объектилерди казакстандык бизнесмен Александр Машкевич сатып алат деген билдирүү тараткан. Анын айтымында, белгилүү бизнесмен Кыргызстандан сатып ала турган объектилеринин акчасын 2007-жылы эле төлөп койгон, андыктан азыр кыргыз өкмөтү анын айтканын аткарбаска айласы жок (www.24.kg 24/04/08). Кийин жалпы фракциянын атынан анын айткандары "жеке адамдын гана пикири" болуп бааланган менен, бул билдирүү энергетика тармагынын тагдырына кызыккандардын арасында ар кандай божомолдорду жаратты. Бул сөздөрдүн канчалык негизи бар? "Аңдыба бизди, Алтын Ай, антыбыз небак бекиген"… Тажрыйба көрсөткөндөй, Кыргызстандын шартында президенттин айткандары бийликтин белгилүү бир багытта иш алып барышына сигнал болуп саналат. 2006-жылы Кыргызстандын өкмөтү менен Александр Машкевич жетектеген Евразия өнөр жай ассоциациясынын ортосунда экономиканын көптөгөн тармактарындагы, биринчи иретте энергетика секторундагы программаларды ишке ашырууга даярдык боюнча биргелешкен аракеттер тууралуу меморандумга кол коюлган. Ага ылайык энергетика тармагындагы бөлүштүрүүчү компанияларды, ошондой эле Бишкек ТЭЦин менчиктештирүү (ишенимдүү башкарууга берүү, концессия, сатуу жана башка формаларын кошкондо) боюнча кызматташтык пландаштырылган. Дагы толгон-токой пландар бар болчу. Ошондон көп өтпөй эле, 2006-жылы 4-майда президент К. Бакиев Евразия өнөр жай ассоциациясынын президенти Александр Машкевич жана бул ассоциациянын директорлор кеңешинин мүчөсү Алижан Ибрагимов менен жолугушканы бар (www.24.kg 04/05/06). Жолугушууда мамлекет башчысы бул ассоциациянын башчыларына энергетика тармагына инвестиция тартуу ниети үчүн ыраазычылык билдирип, башка тармактарга да инвестиция тартууну сунуш кылган. Албетте, меморандум деген келишим эмес. Бирок сөз болуп жаткан жолугушууда кыргыз президенти "Биз силердин ассоциация ийгиликтүү иштеши үчүн бардык зарыл шарттарды түзөбүз. Эгерде чиновниктердин ичинен кимдир бирөө инвестициялардын келишине жолтоо болсо сөзсүз жазаланат" деп агынан жарылганына караганда келишим жана башка документтер, азыркы замандын тили менен айтканда, техникалык гана маселе болуп калганга окшоп турат. Алгачкы сигнал 29-апрелде Бишкекте Кыргызстандагы казакстандык инвесторлордун ассоциациясынын өкүлдөрү басмасөз жыйынын өткөрүшүп, жакында Казакстан менен Кыргызстандын инвестициялык фонду ачылаарын жарыялашты. Алардын айтымында, бул фонд банк түрүндө ачылып, анын уставдык капиталы 30 миллион доллардан турмакчы. Анын 5 миллионун Кыргызстан, калган 25 миллионун Казакстан тарап чыгарат (www.24.kg 29/04/08). "Банкка салынган каражаттар мамлекеттики болот. Алар мамлекет аралык келишимдерди ишке ашырууга жумшалат" деп айтышты казак инвесторлору. Көңүл бура турган жагдай, экономисттердин эсебинде Александр Машкевич казак экономикасынын төрттөн бирине таасир этерин, коңшу мамлекеттеги эң ири экономикалык түзүм болгон Евразия банкына ээлик кылаарын эске алганда, Кыргызстан менен Казакстандын жакында түзүлгөн мамлекет аралык союзунда эң таасирдүү адам ким болоорун болжой берсе болот. Жерден жек чыкты, "жердешиң болом" деп чыкты Александр Антонович Машкевич 1954-жылы Фрунзе шаарында туулган. Анын үйбүлөсү Кыргызстанга эвакуация убагында келип, ошол бойдон калып калган. Атасы доктор, энеси белгилүү адвокат болгон. 1970-жылы А. Машкевич Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине өтүп, аны ийгиликтүү аяктаган. Кийин Кыргыз педагогикалык институтунун деканы болгон. 1980-жылдары ишкерлик менен алектенип, 1995-жылы Казакстанга көчүп кетип, көп өтпөй эле коңшулаш өлкөнүн эң ири ишкерлеринин бири болуп чыга келген. 2000-жылы Евразия өнөржай ассоциациясынын президенти, Евразия банкынын директорлор кеңешинин төрагасы болуп шайланган. Машкевич башкарган компаниялар Казакстандын алюминий (анын ичинде Павлодар алюминий заводу), темир, хром өндүрүшүн көзөмөлдөп, Украина менен Россиянын ушул тармактарын өнүктүрүүгө активдүү катышат. Александр Машкевич - улуту боюнча еврей, болгондо да өз улутунун көрүнүктүү өкүлү. 2002-жылдын мартында Москвада Евроазиялык еврей конгрессинин президенти болуп шайланган. 2005-жылы бул уюмдун бөлүктөрү 28 өлкөдө, анын ичинде КМШ өлкөлөрүндө, Индияда, Монголияда, Японияда, Австралияда аракеттенгени маалым. Машкевич кимдер менен мамиле түзгөн? Машкевичтин казак президенти Н. Назарбаев менен тыгыз байланышта экендигин айтып жүрүшөт. Бирок ал өзү мындай имиштерди четке кагат. Бирок Машкевич жалгыз эмес. Ал өзү, ишкерлер Патох Шодиев жана Алижан Ибрагимов үчөө Швейцарияда катталган Евразия жаратылыш ресурстарынын ассоциациясын башкарышат. Бул ассоциация металлургиялык жана тоо-кен өндүрүшү менен алектенип, анын бир жылдык кирешеси 800 миллион долларга чыгат. Бул үчөөнүн ичинен Алижан Ибрагимов Кыргызстанда өсүп, иштеген, кийин Машкевич экөө 1987-жылы Москвага барып, алып-сатмай бизнес башташкан. Андан башка жактары азырынча табышмак. Патох Шодиев өзбекстандык. Бул киши тууралуу калган маалыматтар андан бетер бүдөмүк. Жакында Кыргызстанда ферроэритмелер заводун ачмакчы болгон индиялык бизнесмен Лакшми Митталга бул үчөө 1995-жылы Казакстандагы металлургиялык заводду сатышканы белгилүү. Ошондон бери бул үчөөнүн Лакшми Миттал менен ишкердик тыгыз байланышы бар. Жыргалбек Касаболотов Үч тапан Катылуу турган буудай эки айга жетет Мамлекеттик сатып алуу жана материалдык резвервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Пайзуллабек Рахманов Кыргызстандагы буудайдын запасы эки айга жетет деп билдирди (www.24.kg 30/04/08). Анын айтымында, азыр Кытайдан 3,5 миң тонна ун келатат. Ал 2007-жылдын нобярында эле келмек. Кыргыз өкмөтү дыйкандардан быйыл 50 миң тонна буудайды базар баасында сатып алууга ниеттенүүдө. Эл ичи-анекдот кенчи Эки бөтөлкө арактан кийин эшектен жыгылгандан да, табуреткадан жыгылган апасный… Скульптор догдурга көрүнгөнү келет: - Үч бөтөлкө арактан кийин аялзатка асыла баштайм да башым айланып кетип атат?.. Врач: - Жакшы эмес, жакшы эмес. Ошол аялзатыңды эртең ээрчитип кел. - Аны кантип алып келем? Ал деген менин өнөрканамда турган Венера Милосскаянын скульптурасы да?!
| |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|