Коомдук-саясый гезит
№29, 01.05.08-ж.






  Энергетиканы ээрден шыпырышты

Роза Отунбаева, отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин, СДПК фракциясынын мүчөсү:
"Отко күйбөс, сууга чөкпөс азаматтар "сат, сат, сат" деп ураан салышат"
(Башы 2-бетте)
- ТЭЦти баш кылып стратегиялык объекттер катарына киргизип атсак каршы чыгып атышат деп сиздерди күнөөлөп атышпайбы?
- "Бул программа - жөнөкөй эле кагаз, анча олуттуу кабыл албагыла" деп энергетика министри бизди парламентте сооротуп жатат. Эмнеге олуттуу эмес, анда өкмөт иши жогунан кагаз жазып, ойноп атабы? Антпей моюндарына албайбы, бул программа өкмөт үчүн абдан маанилүү, менчиктештирүү процессине жол ачып берип жатат. Кийин дагы бир нерсени саткысы, алгысы, жулгусу келсе "мына узак мөөнөттүү программабыз бар, ЖК бекитип берген, ошонун негизинде иштеп жатабыз" деп көздү тике карап турушат. Мына азыр программа негизинде ТЭЦ ж.б менчиктештирүүгө коюлуп жатат. Адилеттик үчүн айтып коюш керек, мурунку парламент 2007-жылдын жайында Бишкек ТЭЦин, Камбарата 1 жана 2ни мыйзам аркылуу өзгөчө статусун жокко чыгарып берген болучу.
Азыр ЖКда электр энергия бул товар деген жаны мыйзам бекилди. Ошондо, капырай, жоготуулар азайат экен. Төлөбөй койсо товар колдонуучу - жеке адам болобу же мекеме болобу - соттолот. Электр энергия спецификалык товар, сымаптай, токтобойт, аны ченей албайсың, эгер уурдасаң жооп бересиң. Бирок, энергияны тейлөөчүлөрдүн, товар сатып аткандардын жоопкерчилиги барбы? Жарык араң эле үлбүрөйт, каалаган убагында өчүрүшөт, канчалаган электр приборлору - телевизорлор, муздаткычтар, приемниктер күйүп атат, аларга ким жооп берет? Сүт, сок, нан чыгарган өндүрүшкө абдан эле зыян болуп атпайбы. Мектептеги балдарга берилген тамактан өтө эле этият болуш керек. "Кышка даярданып, өчүрүп атабыз" дешет, жаз-жайда 20-25 %га чейин энергияны үнөмдөөгө тийишпиз деп башкы министр жарыя кылды. "Өчүрүүнүн нөөмөт, саатын бергиле" десек, "бербейбиз, берсек эле, ток өтпөгөнүн билип, кабель-зымдарды уурдап кетип атат" дешет.
Февралда ЖК электр компаниялардын бюджетке карызын 2007- жылдагы карызына кошуп туруп кечип салды. Азыр иштеп жаткандардын жоопкерчилигин сурабай, опоңой эле бир миллиард 400 миллион сомдон аларды кутказып, чынында аларга жаңы коррупциялык айлампага жол ачып беришти. Ал аз келгенсип, стратегиялык объекттер боюнча мыйзам долбоорун да алып келишиптир. Менчиктештирүүгө эч тиешеси жок деп, алдап атышпайбы, жок дегенде көтөрүп келген мыйзамын акылдуураак коргошпойбу. Чоң эле кишилер калп айтса, уялат экенсиң. Стратегиялык объекттерге электр энергия чыгарган станциялар, энергияны жеткизген линиялар, электр бөлүштүрүүчү компаниялар да кирди. Качан эле иштелип, киргизиле турган мыйзам болчу, эми бул мыйзам өтүшүнө жанталашып атышканынын себеби - эгер бул объектилерде өзгөчө коопсуздук жагдайы түзүлсө, а жерге өкмөт, президент куралдуу күчтөрдү киргизгенге акылуу деп балтайта жазып келишти. Бул инвестордун кызыкчылыгын көздөгөн мыйзам деп ойлогонго негиз берет. Эл каалаган убагында келип, катуу талап кылып, ээлик кыла албасын дегендей.
- Роза эже, тарифтердин көтөрүлүшү азыркы кымбатчылыкка кошулуп, элдин ахвалын оорлотуп жатат. Инфляция, кыйынчылык болуп атканда тарифтердин көтөрүлүшү элдин кыжырына тийбейби?
- Өкмөт тарифтерди кескин түрдө көтөрдү - электр энергияга 12%, ысык сууга 20%. Жылдын аягында инфляция 19%дан 25%га чейин өсүшү ыктымал, өлкөнүн жалпы экономикасы ылдыйлай баштады, чет өлкөлүк инвесторлор азайды деп өкмөт өзү мойнуна алып жатат. Эл мындай кымбатчылыкка кандайча туруштук бере алат, өзгөчө жакыр үйбүлөлөр (статистика боюнча элибиздин 40%ы жакыр, 10%ы өтө жакыр болуп эсептелет), социалдык жардам менен кандайча камсыздалат, маяналардын индексациясы болобу деген суроолорго өкмөттөн али жооп жок болсо да, элдик партия "Ак жол" лам дебей буйрукту аткарып, кол көтөрүп берип жатат.
Даяр инвесторго бул үч объектти -ТЭЦ, Түндүкэлектрону, Бишкек жылуулук компаниясын тезирээк сатып жиберели деп үчөөнү тең ал-ахвалын жакшыртып, карыздан куткарып, чет мамлекеттен алынган кредиттерге счетчиктер менен камсыздап, буларды колуктудай кылып жасантып, даярдап коюшту. Өкмөт өз вазыйпасын ойлогондой эле аткарды, эми кете берсе да болот.
Азыр өкмөт маммүлк мамкомитети иштеп чыккан "Энергия рыногу (базар) жөнүндө" мыйзамды даярдап атышат. Бул мыйзам боюнча энергетикада үч базар бар экен - дүңүнөн, чекене, балансирующий деген. Бизде чекене, дүң деген жок, ошондуктан балансирующий дегенди киргизгенге аракет кылып жатышат. Мындай рынок бизден кыйла алдыда бара жаткан Казакстанда да жок. Бул жаңы канал - балансирующий рынок аркылуу баягы коммерциялык сансыз жоготуулар дайынсыз жоголуп кете берет. Коррупциялык элементтер жарадай болуп жармашып, бир системадан экинчиге, бир кожоюндан экинчисине калбай, жабышып кире берет экен. Эки жумалык алыш-күрөштүн жыйынтыгы: Өкмөт эми өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип, ЖКдан эч уруксат сурабай, каалагандай элдин мүлкүн менчиктештире берет. Муну үчүн "Ак жолго" ыраазычылыгын билдирген президент камчылабатпайбы, элге жете электе эми тезирээк жасаш керек деп. Дагы бир тыянак - өкмөт 3 объектти бир пакетте бир инвесторго сатылат деген чечимди элдик партиянын өкүлдөрүнүн колдоосу менен бекитип алды.
- Ал инвестор жөнүндө айтып берсеңиз.
- Чудинов элге качан эле 4 инвестор бар деп жарыялаган. Бирок ким экенин айтышпайт. Билсеңер айткыла деп, бизди кекетишет. Машкевич жөнүндө көптөн бери эле сөз айтылып келе жатпайбы. Министрликтин приватизация боюнча берген маалыматтары аны тастыктайт. Шабыркүл деген көмүр кени бар окшойт. Мурда Шабыркүлдөн ТЭЦке 0,38% көмүр алынып келсе, эми 65% көмүр менен камсыздайт экен. Дагы кошумча 35% көмүр -Экибастуздан келет экен. Демек, биздин Каракече ошо бойдон кебелбей кала берет деп түшүнүшүбүз керек, биз көмүр өндүрүшүн көтөрбөйбүз. Машкевич өзүнүн көмүрү турса Каракеченикин алып, өз пайдасын тебелегендей акылсыз бизнесменге окшошпойт. Бирок, ал көмүр жагабы же кыргыздарга боло берет деп көмүрдүн күйгөнүнөн калган шлакты жагабы, биз көзөмөлдөшүбүз керек. ТЭЦтен эчтеке калган жок, хлам, металлолом, ТЭЦ турган жер эле баа дейт Сартказиев. Жер эле жер деп жер сабап, ТЭЦтин жери баа дегенинен улам дагы бир суроо туулуп атат. Депутат Б. Акунов өткөндө энергетика программасын карап жатканда "баягүнү пансионаттар кетип атканда "жер калат, арендага берип атабыз дедиңер эле, а бул документ боюнча энергообъекттердин жери да кетет экен" деп сурабадыбы. Турдумамбетов "жер кодекси" боюнча жер мүлк менен кошо кетет деп айтып, мойнуна алды. Анда кеп баягы казак туугандарыбызга бепбекер кеткен 4 пансионаттын алдындагы шордуу кыргыздын жери жөнүндө болчу. Эми ТЭЦ сатылса, анда, демек, ТЭЦ алдындагы Бишкектин эң эле баалуу жери да кетет турбайбы!
-Сатты эле, сатты деп атабыз, электр энергия тармагын сатпай сактап калуунун альтернативалык жолу бар беле?
- Өз учурунда ишке ашырылса ийгилик боло турган бир топ ыкмалар үчүн жол жабык, убакыт кайрылгыс болуп кетип калды. "Түндүкэлектро"- кирешелүү компания, Чүй облусун, Бишкек шаарын, Таласты тейлейт, бул аймактардагы элдин көбү жарык үчүн акчаны кабагым-кашым дебей төлөй алат. "Түндүкэлектрону" сатабыз деп сатып атышат, бул эч кимге кереги жок товар эмес, киреше болгон үчүн сатууну көздөп атышат да. Макул, ТЭЦ таптакыр болбой калыптыр, аны оңдогонго 100 млн. доллар керек экен. Ал эми "Түндүкэлектрону" кайсы кара теке сүздү? "Түндүкэлектрону" саткандан көрө элдик менчиктештирүү деген ыкманы колдонсо болмок. "Түндүкэлектрого" акция чыгарса, аны сатып ала турган кыргызстандыктар табылат. Себеби, энергия баарыбызга дайыма керек, аны сатып алганга биз дайыма ынтызар болобуз. Москвада колунда бар досторум кызын күйөөгө узатып, үйлөнүү тоюнда ага "Газпромдун" эки пайыз акциясын белек кылышты. Мен деле колуман келгенче сатып алып кызыма бермекмин, неберелериме белек кылат элем, чеберелерим да анын үзүрүн көрүшөт эле. Россияда, башка чет өлкөлөрдө иштеген бир млн. кыргыздар, Кыргызстандагы колунда барлар сатып алат эле. "Түндүкэлектронун" көзөмөлдөөчү пакети кыргыз элинин колунда калыш керек. Макул, азыр муну, ТЭЦти сатып жиберели, кыргыз эли качандыр бир убакта буларды кайта сатып алганга кудурети жетеби?! Андай болоруна көзүм жетпейт. Альтернативанын экинчи жолу мындай: 2007-жылы Кыргызстан 15млрд. кв/саат электр энергия чыгарыптыр, ошондон жоготуулары 40% болуптур. Биздин энергетика тармагынын эң чоң проблемасы - бул жоготуулар. 20%ы техникалык жоготуу, эскирген зымдар, эски жабдыктар убагында алмаштырылбай, иштен чыгуусу жогору. 20%ы техникалык жоготуу болсо, жарымы коммерциялык жоготуу, чынын айтканда, бул кадимки эле уурдалган электрэнергия. Президент аларды чоң үйлөрдөгү бай жашагандар, арасында ири чиновниктер жана энерготармакта иштегендер, өзүлөрүнө таандык деп качан эле көз чукуган. Аны канча айтсаң да эл мынчалык көлөмдө уурдай албайт, ал жоготуулар ири дүң операциялардан пайда болуп, чоң балыктардын , энергобарондордун чөнтөктөрүнө сүзүп барат. 2007-жылы Балкыбеков мырза 36% жоготуу болду дейт. Эсептесек 36% 6млрд. кв/саатка барабар, сомго которсок 3,7 млрд. сом болот экен. Түшүнсөң алар канчаны сол чөнтөккө солоп коюп атат. Ал акчалар он жылдын ичинде тармакты оңдоого иштетилсе, мындай жагдайга учурабайт элек ко. Жоготууну токтотуш үчүн башкаруу менеджментин кескин түрдө оңдош керек, жаныча ойлогон кадрларды иштетиш керек. Азыр деле концессия, бүтүндөй сатуу эмес, биз үчүн боло турган вариант эле! Бул биздин энергетикадагы чоң проблема!
"Сатыш керек, сатпасак болбойт, кыш келсе Тажикстандын кейпин кийсек, силер күнөөлүү болосуңар" дешет уялышпай. Элдин камын терең ойлоп, жоопчулукту өзүбүзгө толук алып "биз бүт сатабыз" дешти, сатканга эми баары даяр, ага кечээги "Ак жол" кабыл алган эки мыйзам даңгыр жол ачты.
- Эми Акүйгө жана боз үйдөгү "Ак жол" партиясына тиешеси жок эл эмне кылыш керек?
- Бир амал турат: сатып алуу процесси ачык жүргүзүлсүн деп катуу талап кылабыз, сатуу келишимдер ММКларга жарыялансын. Сатылып жаткан объекттер Кыргызстандыкы, элдики, эл курган. Бакиев өзүнүн короосундагы оокатын берип аткан жок. Биздин ата-бабаларыбыз куруп, муундан муунга өтүп келатат. Кайсы объект кайсы баага сатылат, инвестор иштей албаса кандай чыгымдарга дуушар болот, деле бул 3 объекттин менчиктештирилишинин кесепеттери кандай болот??? Биз мындай суроолорго жооп алышка акылуубуз. Курманов баягы күнү, парламент адиси катары айтайын, парламент бир гана ишке кийлигишүүгө укугу бар, бул салык, башка эч нерсеге кийлигише албайт дейт. Токтогулачы, бизге жеке менчик киргенине араң эле 15 жыл болду, коомдук мүлк биринчи жолу жаңыдан жеке менчикке кетип жатат. Элдин байлыктары элди четке сүрүп чыгып, кызыл кулактык менен сатылып бүткөнү калды.Өнүккөн өлкөлөрдө парламент жеке менчик системасы ордунда турганда пайда болуп, түптөлүп, мүлк кандай жолдор аркылуу таланганы менен иши жок болчу. Сатып алуу, сатуу ачык жүргүзүлсүн десем, "бул келишимдер жалаң техникалык терминдерге толо, аны түшүнбөйсүз деп реакция кылышты. Жок, сонун эле түшүнөбүз, мисалы, мени Кыргызстандын атуулу, шаар тургуну катары экологиялык аспект кызыктырат: ТЭЦ ансыз деле денсоолукка зыянын тийгизип аткан, эми Машкевич таза көмүр жагабы же шлак жагабы, аны билели. Нормада, келишимде көрсөтүлгөн нерседен чыкпасын, биз билип туралы.
Энергосектордо орчундуу реформа керек, көзкарандысыз регулятор түзүлүшү керек. Энергетика министрлигинен көзкарандысыз атайын орган болуш керек. Аны "Исполсовет" деп атап, акжолчулар автомат түрүндө кол көтөрүп берген кечээги күнкү мыйзам менен шашып жасаган туура эмес. Тариф менен лицензия маселелери объективдүү түрдө каралып, көзкарандысыз колдо болсун.
Биздин талабыбыз - инвестор-компаниянын иш режими ачык-айкын болсун. Аткарган иштери атайын веб-сайтка чагылдырылып, эл көзөмөлдөп турсун. Компаниянын тегерегинде коомчулук кеңеши түзүлүп, ага пенсионер, журналист, ишкер, депутат ж.б. адамдар кирип, бу компания кандай иш жасап атканын коомчулук билсин. Энергия керектөөчү коомдук уюмдар күчтүү болушу керек, аларга жанаша жалаң энергия маселелерин көзөмөлдөгөн бейөкмөт уюмдар жарандык дискуссияларды уюштуруп турушса. Энергетика бүт баарына тиешелүү. Борбордо эң сабаттуу адамдар, дасыккан адистер жашайт, баарыбыз төрт көзүбүз менен карап отурабыз, объекттер кантип сатылат.
- Энергетиканы саткандан, менчиктештирүүдөн сактап кала алабызбы же андан кол жуудукпу?
- ЖКда мыйзамдар каралып, өткөн күнү сатыла турган компанияларды баалоочу фирманын аты жарыяланды. Энергокомплекстер чынында абдан кымбат турат, көзүбүз жетип жатат, келе жаткан инвестор болсо бизге ыңгайсыз, аларды арзанга сатып алат. Тарифти эми каалагандай көтөрүп тайраңдашса да эч нерсе кыла албайбыз, мисал керекпи? Кант цемент-шифер комбинаты, биз - мейли эл, мейли өкмөт инвесторго бааны түшүр десек, бизди угуп жатабы?! Эл баарына макул болуп, унчукпай да калды окшойт, "билгениңерди кылгыла, биз калган өмүрүбүздү башка жакка кетип жан сактайлы" деп. Өкмөт болсо сатылып кете берет, жээрин жеп, ичээрин ичип кызмат которуп. Дагы бир чон чырды угуп, мүлк министрлигинин ишмердүүлүгүнүн натыйжасында "Кыргыз полиграфкомбинат" тонолуп, эми сатканга даяр болуптур, алардын эң баалуу жабдыгы биз Барпы Рыспаев деген өз убагындагы министр экөөбүз Москвага он жолу чаап барып араң сатып алган Колбус деген германиялык машине да жетимсиреп, тагдыры чечилгендей турат десе, жүрөк ооруйт… Акаевдин убагында деле Турдумамбетов коомдук мүлктү өз билгениндей сатып жатты эле, Бакиевдин заманында деле отко күйбөс, сууга чөкпөс Турдумамбетов калганын чарчабай бычып, тейлеп жатат. Бир күнү тынаар…
СДПКнын позициясы - өкмөттүн экономикада ролу зор. Приватизация - панацея эмес, баарын саткан күнү да гүлдөп кетпейбиз. Мейли, азыркы объекттерди саттык, анда жалпы калган энергокомплекс кандай иштей баштайт? Калган объекттер оңолуп, бутуна туруп кетеби? Балким, азыркы ахвалга карата менчиктештирүүдөн башыбызды тарта албайбыз, бирок азыркы бийлик аны таза, ачык-айкын өткөзөрүнө ишенимибиз жок. Адилетсиз приватташтыруу - март революциясынын түздөн-түз бир себеби эле. Качканы качты, бирок тилекке, куру убадаларга каршы, баары баягы эле жол менен келе жатат, дал ошол ыкмалар менен жасалып жатат. Качанкыга чейин?
Жылдыз МУСАБЕКОВА


















Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!