Коомдук-саясый гезит
№29, 01.05.08-ж.

Меймансап
Форум





  Саясий куугунтукпу?..

Ишенбай Кадырбеков:
"Президентке жолугууга аракет кылдым, бирок андан майнап чыккан жок"
24-март революциясынан кийин парламент спикери катары өлкөнү 8 саат башкарган Ишенбай Кадырбеков азыр камакта. Ага финансы полициясы Архитектура жана курулуш агенттигин башкарып турган кезинде кызматынан кыянатчылык менен пайдаланды деген айып тагууда. Бишкек ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынан эки күн мурда СИЗО-1ге которулду. Камакка алынаардан үч күн мурун биздин гезитке берген маегин сунуш кылабыз. Бул маекти берип атканда камалаарын өзү да, биз да билген эмеспиз

-Жакында сиз да Бакиев командасынан четтетилдиниз. Дегеле сизге окшогон белдүү саясатчылардын минтип тез эле бийликтен четтеп калганынын эмне себеби бар?
- Мени бийликтен четтетүү революциянын биринчи эле күнүнөн кийин белгиленген. Эсиңде бардыр, мен биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп турганда эч себепсиз кызматтан алынып, ал орунга М. Керимкулов бекиген. Андан соң ЖКнын депутаттарынын жардамы менен транспорт жана коммуникация министрлигинен четтетти. Эми мамлекеттик курулуш агенттигинин деректирлигинен бошотту. Эгерде апрель жана ноябрь айларындагы элдик толкундоолор болбогондо мени алда канча эртерек бошотуп тынышмак. Демек, Бакиев мени жана аны такка алып келгендерди башында эле командасына кошкон эмес. Ошондуктан ал акырындык менен четинен мурдагы бийликке оппозиция болгондорду тазалап, өз адамдарын жана Акаев убагында иштегендерди жумушка бекиткени - анын бийликке келгендеги максаты жана кызыкчылыгы башкада болду.
- Ошол 24-25-мартта бийлик сиздин колдо эле да. А эмнеге колдон чыгарып жибердиңиз?
- Ал түнү көп нерселерди башкача жасап койсом болмок. Өлкөнүн президенти таптакыр башка адам болуп калышына толук мүмкүнчүлүк да бар эле. Бирок кашайып, көпчүлүк "революционерлер" анын кандидатурасын атап туруп албадыбы! Айрыкча, А. Бекназаров. Анын пикири ал кезде салмактуу эле. Дагы бир ошол учурдун өзгөчөлүгүн эстен чыгарбашыбыз керек: президент түштүктөн болуш керек деген ураан күч эле. Ошентип Бакиевдин капилеттен, шашылыш тандалышы субъективдүү факторлор менен коштолду.
- Дегеле бизде бийликтен четтетилип, бирок кийин адилет пикирин билдиргендин баарын эл азыр кызматка таарынган пендечилик катары карачу болду. Бир жагынан бийлик тараптан да каралоо компаниясы жакшы иштейт. Сиз да мындай калбыр кепке калуудан чочулабайсызбы?
-Биринчиден, бул пикирди бийлик таркатып атат. Жакындале болгон курултайдын президиумунда отургандарды улуттук телеканал: "...мына жумуштан бошогондор, Акаевдин убагында иштегендер...." деп комментарий берди. Ал эми бүгүн бийликте отургандар асмандан түшүппү? Же Акаевдин убагында алар оппозицияда беле? Кудайды карашса боло. 2-ден, аткаруу бийлигине макулдук берген адам мамлекеттин кызыкчылыгына жалдануучу болуп эсептелет. Натыйжада, ал мойнуна жүктөлгөн милдетти гана так аткаруусу зарыл. Саясат жөнүндө сөз да болбошу керек. Өзүң байкаган чыгаарсың, мен эки жыл бою саясат жөнүндө маселелерден четте жүрдүм. Сен машаяк болгон күндө да, тартипти сакташың керек. Бул боюнча нарындык жердештерим да бир топ сын-пикирлерди айтып жүрүштү.
- Бирок сиздин жөнүңүз башкачараак да? Сиз бийликке Бакиев менен чогуу келдиңиз, анын президент болушуна мыйзамдаштыруу жаатында өбөлгө түздүңүз. Ошондуктан жеке көз карашыңызды билдирүүгө моралдык жактан деле укугуңуз болушу керек да.
- Аның туура, бирок этикалык жактан туура эмес жагдайы бар.
-Анда сизди кызматтан четтетүүнүн тымызын жагдайлары бар чыгар. Угушумда, бирге иштешебиз деген президенттин убадасына сиз да ишенип, ЖКнын депутаттыгына чыкпай калган экенсиз...
-" Кидайтеткени" го (күлүп жиберди). Ушунун өзү ал экөөбүздүн жүрүм-турумубуздун ортосундагы моралдык айырманы айгинелеп турат деп түшүнөм. Буга далил - бийликтин өч алуу максатта, мени каралоого өтүшкөнү. Мени кызматтан четтетүүгө себеп дейбизби, же далил дейбизби, айтор, мага карата аркандай компромат материалдарды топтоп, эбак эле чоң өнөктүк башталган. Ага Эсептөө палатасын тартышып, түштүк жергесине курулган мектептерге карата кылмыш ишин ачышкан. Айрым ЖК депутаттарын мага каршы тукурушкан. Угушума караганда, бүгүнкү күндө компромат табууга УКК, ИИМдин күчтөрүн тартууда. Эгер дагы бир шойкомдуу иштин башын кылайтып, будамайлап кылмыш иш козгоп чыгышса деле таңгалбаймын. Акаевдин учурунда деле мага мындайдын далайын кылышты. Азыркылар эми устатынан ашса ашат, кем калышпайт.
-Борбор шаарыбыздагы башаламан курулуштар боюнча так кесе чечимдерди кабыл алып кириштиниз эле, бирок башаламандыктар токтогон деле жери жок?
-Бишкекте курулуш жана шаар куруу маселесинде кетирилген биртоп катачылыктарды оңдоого аракет кылдым. Айрым маселелерди чечкенге жетиштим. Катуу чараларды колдонууга туура келди. Адам өмүрүнүн коопсуздугу тууралуу маселеге келгенде башка чара жок да. Бизнес деген бизнес. Бирок тушкелди жерлерге сапатсыз курулуштарды кура берүүгө болбойт. Бул маселе кароосуз калгандыктан, коррупция, ал турсун криминалдаша баштаган иштерди жеке көзөмөлгө алып, ШККга (Шаар курулуш кеңеши) чейин кийлигишүүгө туура келди. А мындай иш көпчүлүгүнө жага берген жок. Анан коркутуп-үркүтүү, ушак-айың таркатуу башталды. Мени жаманатты кылуу үчүн шумдуктун баарын ойлоп табышты. Анын администрациясындагылардын айрымдары жана ушу кызматты аңдыгандар катуу эмгектенип, акыры менин ордумду ээлешти. Бизнесмен курулушчулар тартылды. Президентке жолугайын деген аракетим - оңунан чыккан жок. Мүмкүн ал аны каалаган жок.
- Кыргыз бийлигин көшөгө артындагы криминалдык топтор башкарат деген кептердин канчалык чындыгы бар?
- Өлкөнү башкарууну аркандай топтор бири-биринен талашып, бөлүп-жарып башкарып атканы көрүнүп тургандыктан, көп имиштер айтылууда. Ал эми "...сиздин саясатыңыз туура" деп, жанында жүгүрүп жүргөн топтор, эртең президенттик тактыны талашып, сатып кетүүчү шылуундар экенин президенттин байкабаганы өкүнүчтүү. Мындай окуялар эзелки тарыхтан бери уланып келген, улана берет. Себеби, бийликтин табияты ошондой. Оболу ал оппозициядан душман күтпөй, тегерегиндеги топтордон коркушу керек.
- Жеке көзкарашыңызда азыркы саясий партиялардын кайсынысына көзүңүз түз?
- Мен коммунистмин. Демек өз партиямды жактырам. Ошондой болсо да "Ата Мекен" социалисттик партиясы өзүнүн аталышы менен да, аткарган иштери, принциптери менен да чыныгы элдик партия. Өзүнүн туруктуу саясий көзкарашы менен оңго-солго чарпылбай, башкаларга сиңип кетпей, ыплас бийлик менен активдүү кармашып келатат. Элдин "Ата Мекенге" жылуу мамилеси да ушундан. Өткөн шайлоодо эң алдыда келгенине карабай, бийлик аларды сыртта калтырды. Ошону менен бийлик "Ак жолдун" тамырына балта чапканын сезген жок. Азыр кимден сураба, добушун "Ата Мекенге" бергенин айтат.
- Сиздин көзкарашыңызда журт башчылыгына даяр кимиси деп ойлойсуз?
- Мамлекет башчылыгына даяр лидерлер көп. Мисалы: Ө. Текебаев, М. Султанов, А. Бекназаров, Н. Касиев, К.Байболов, А.Жекшенкулов, М. Абдылдаев, Э. Өмүралиев.
- Баштапкы сурообузга кайра кайрылсак. Дегеле К. Бакиевдин командасы барбы?
- Формалдуу түрдө бар. Алдыда да команда түзүлүп, калыптанышы арсар. Себеби, анын кадр тандоо саясаты профессионал адистерге негизделген эмес. Атаганат, бул киши кыргызга кайталанып келгис учурду кетирип жиберди. Өлкөнү тийиштүү деңгээлге көтөрүп, карыздардан биротоло арылтып, байлыктарды кайтарса, элибиз ага алкыш айтмак. Өлкөнүн чын эле өзгөрүүсүн эңсеген чыныгы команда 24-марттын биринчи күнүндө бар эле, алар көп ишти бүтүрмөк. Азыр алардын кимиси К.Бакиев менен? "Силер аткаргыла, а ойлонгон жагын бизге койгула" деген анын принцибине ким көнбөсө, бийликтен четтетүү саясатын жүргүзүп келатат!
Дагы бир нерсе: Президенттик шайлоодо эл Бакиевге гана эмес, ошол 24-марттагы командага добуш берген. Андагы Ф. Кулов, А. Бекназаров, Р. Отунбаева, А. Проненко, Э. Бөлөкбаев, Ү. Сыдыков, Б. Асанов, А. Артыков, А. Малиев, Б. Шерниязов, З. Сыдыкова ж.б. көптөгөн инсандардын авторитети аны бийлик сересине түрткөн.
- Эл команда үчүн добуш берген дей турган болсо, ал команда азыр жок болгондон кийин, абалга кандай баа беришибиз керек?
- Моралдык көзкараштан алганда, Бакиевди президенттик тактыга жеткирген команда жок болгондон кийин, демек, анын бийлигинин лигитимсиздигин айгинелейт. А юридикалык көзкараштан алганда, албетте, лигитимдүү. Мамлекеттүүлүктүн алкагында президент моралдык, этикалык, юридикалык ишенимге ээ болгондо гана элди ээрчитүүгө толук укуктуу.
- Алдыда эмнени күтүүгө болот?
- Саясий жана экономикалык кризисти. Барынан жаманы бийлик элдин ишенимин жоготкону. Бийликтин жайдак үмүтү элди канчага чайналтат, белгисиз.

Маектешкен Олжобай ШАКИР
22-апрель, 2008-жыл











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan