![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №29, 01.05.08-ж. |
|
Меймансап Форум АКШга ким президент болот? Маккейн, Хиллари жана Обама Барак Обама: "Бийлиги барлардын системасына бүлгүн салып, Акүйдү карапайым калк тарапка бурам" Хиллари Клинтон: "35 жылдык саясий тажрыйбам бар, 82 өлкөнү кыдырып чыккам" Жон Маккейн: "Орус президенти Путиндин көзүнөн КГБ деген үч тамганы көрүп турам" Быйыл ноябрда шайлана турган АКШнын жаңы президенти ким болот? - деген суроо ушу тапта америкалыктарды гана эмес, дүйнөдөгү саясатка анча-мынча кызыккан адамдардын баарын кызыктырган маселеге айланды. Республикалык партия өз талапкерин тандап бүттү. Такшалган саясатчы, 71 жаштагы сенатор Жон Маккейн тийиштүү маарага жетип, Американын кийинки президенти болуш үчүн чоң күрөшкө даярдык көрө баштаган кез. Чоң атасы, өзүнүн атасы да армиянын адмиралы болгон Маккейн үйбүлөлүк салтты улантып, жаштайынан аскердик жолду тандаган. 1967-жылы Въетнамда согушуп жүрүп, туткунга түшүп, ал жакта 6 жыл түрмөгө отуруп чыккан. Въетнамдык аскербашчылар анын ата-тегин билип калып, Вашингтон менен соодалашып, Маккейнди өзүлөрүнүн маанилүү туткунуна алмаштырмакчы болгондо, болочок саясатчы ал мүмкүнчүлүктөн баш тартып, туткундагы мөөнөтүн аягына чыгарган соң бошотулган. Ошондон бери чоң саясатка аттанган бойдон, 21 жылдан бери Сенаттын мүчөсү, андан мурун Конгресске шайланган, айтор, Америкадагы эң ардагер мыйзамчы. Мүнөзү кайраттуу, салмактуу сүйлөгөн ардагер сенаторду америкалыктар улуттук баатыр деп эсептешет. Бирок, азыркы президент Жорж Буштун калк арасындагы популярдуулугу төмөндөп турган чакта (соңку сурамжылоолор элдин 60%нан көбү Ак үйдүн саясатын колдобой турганын көрсөтүүдө) анын партиялашы Маккейндей баатыр болгон кезде да республикачылар үчүн быйылкы шайлоо өтө татаал сыноого айланаары талашсыз. Сенатор Маккейндин: "Ирактагы АКШ аскерлери керек болсо 100 жылга чейин чыгарылбайт", "Орус президенти Владимир Путиндин көздөрүнөн "КГБ" деген 3 тамганы гана көрөм" деп айтканы бар. Ошентсе да, аны президент Буштун саясатын кынтыксыз колдогон адам деп атоого болбойт. Республикачылар арасында Маккейндин саясий көз карашы жарым-жартылай либералдуу деп жактырбаганы да бар. Сенатор, маселен, Америкадагы мыйзамсыз мигранттарга тийиштүү социалдык статус берүү маселесин колдогон, президент Буштун салык саясатына (соңку мыйзам долбоор) каршы добуш берген. Андан тышкары ал террорчу деп шектелген жүздөгөн чет элдиктер камалып отурган Гуантанамодогу абакты жабуу керек деп эсептейт. Эң башкысы - Жон Маккейн диктатордук, авторитардык режимдерге катаал мамиле жасалышын колдойт, 2005-жылы ал Ташкенге барып, Анжыяндагы коогалаң үчүн өзбек бийликтерин ачык сындаганы үчүн АКШ сенатору менен өзбек жетекчилеринин бири да жолугушпай койгон. Ташкенден кийин Жон Маккейн Бишкекке да барып, кыргыз бийликтерин Анжыяндагы атышуудан кийин Кыргызстанга качып келген өзбек бозгундарын Ташкенге өткөрүп бербөөгө үндөгөн. Сенатор Жон Маккейн ноябрдагы шайлоодо утса, Американын тарыхындагы эң улгайган президенти болуп калат. Ушундай тажрыйбалуу, көп кырдуу карт саясатчы Маккейнге татыктуу атаандаш болууга демократтардан кимиси жарайт? Азырынча экөө бирдей азуусун айга жанган эки сенатор -Хиллари Клинтон менен Барак Обаманын кимиси талапкер аталаарын айтуу кыйын болуп турат, буга чейин топтогон делегаттардын саны жагынан 46 жаштагы Обама алдыда, бирок 60 жаштагы Клинтон айым андан анчалык деле артта калган жок жана демократтардын талапкери аталаарына бөркүндөй ишенээрин кайталоодо. Экөөнүн тең артында колдоочуларынын калдайган армиясы бар, Хиллари Клинтон кантсе да АКШнын мурдагы президенти, таасирдүү саясатчы Билл Клинтондун жубайы, өзү да 8 жылдан бери Нью-Йорктун атынан Сенатта отурат. Бирок дал ошол күйөөсү Ак үйдүн кожоюну болуп тургандагы жагымдуу шарттар (саясий-экономикалык стабилдүүлүк, туруктуу өнүгүү) Хиллариге утуш болуп бергени менен, жагымсыз окуялар (Моника Левинскиге байланыштуу чоң жаңжал ж.б.), тескерисинче, далай элдин Барак Обама тарапка бурулуусуна себеп болууда. Хиллари Клинтон да биринчи айым кезинде Кыргызстанга барып кеткен, Беларус, Ирандын президенти өңдүү диктатордук режимдерге катаал мамиле жасалышын колдойт. "Президент Буш орус президенти Путиндин көздөрүнөн анын ички дүйнөсүн, жандилин көрө алдым деп айтканы бар, сиз Путиндин көзүнөн эмнени көрөсүз?" деген суроого "Путиндин жандүйнөсү бар экенинен шек санайм," - деп жооп берип атпайбы. Эгерде сенатор Клинтон демократтардын талапкери аталып, андан ары ноябрдагы шайлоодо жеңсе, Американын алгачкы аял президенти болуп калмакчы. Эми АКШдагы ички партиялык шайлоого бир топ жаңылануу алып келген, буга чейин өмүрүндө добуш бербеген кайдыгер америкалыктардын саясий аң-сезимин ойготкон 46 жаштагы сенатор, афро-америкалык Барак Обамага кезек келди. Ал "35 жылдык саясий тажрыйбам бар, 82 өлкөнү кыдырып чыккам" деп көкүрөк каккан Хиллари Клинтондон демократиялык партиянын мөөрөйүн талашууда. Барактын атасы кениялык мусулман болгон (толук аты - Барак Хусейн Обама), бирок уулу 2 жаш кезинде анын америкалык апасы менен ажырашып, мекенине баса берген. Эки башка расадагы ата-энеден туулган Барак АКШнын Гавайи штатында теги ирландиялык таене-таятасынын колунда тарбияланып өскөн. Билими боюнча Хиллари Клинтондой эле юрист, адвокат, Гарвард университетинен билим алган. Адегенде Иллинойс штатында, кийин АКШ Конгрессине сенатор болуп шайланган Барак Обама атаандашы Хиллари Клинтондой эле Ирактагы америкалык аскерлерди колдон келишинче тез арада чыгарып кетүү зарыл деп эсептейт. Бирок, ал сенатор Клинтон айым 2002-жылы президент Буштун өкмөтүнө Иракта согуштук аракеттер баштоого уруксат берген мыйзамды колдоп добуш бергенин эске салып, өзү ага башынан каршы турганын кайталап басым жасап келатат. "Адилеттүү, калыс саясатчы болуш үчүн сөзсүз эле көп жылдык тажрыйба талап кылынбайт, ал үчүн тийиштүү жетекчилик сапаттардын ээси болуу зарыл" деп белгилейт Обама. Жаш сенатордун (АКШ Сенатына шайланганына 3 жылдай гана болду) демократтар жарышына "Биз ишене алган ӨЗГӨРҮҮ" деген ураан алдында баратканы демейде саясатка анча кызыкпаган калың катмарды, айрыкча жаштарды өзүнө тартты. Айрым маалымат каражаттары "Обамания" деген терминди талкуулап, жалындуу сөздөр, өктөм үнү менен залда отурган миңдеген адамдарды толкундатып, эритип салган Баракты "мессияга" айландырып жиберишти. Ал Вашингтондо көп жылдардан бери калыптанып калган өз ара тыгыз байланышкан байлар менен бийлиги барлардын системасына бүлгүн салып, Ак үйдү карапайым калк тарапка бурам деп удаба кылууда. Барак Обаманын шайлоо кампаниясы дайыма эле Хиллари Клинтон нааразылангандай алкоо сөздөр менен коштолгон жок, Барактын атасы мусулман, өзүнүн экинчи аты Хусейн (Саддам Хусейндин атына окшош), кээде Американын гимни ойнолуп жатса, колун көкүрөгүнө албай койгон, өзүн христиан санаганы менен, барган чиркөөсүнүн башчысы еврейлерди жамандаган деп баскан-турганынан бери казып чыгышты. Сенатор Барак Обама АКШнын саясий аренасына кечээ эле чыга калган жок, ал аралаш расалуу үйбүлөдө чоңоюп, өзүнүн ким экенин так аныктай албай, ичинен далай ойлонуп-кыйналганын, атүгүл мээсин эзген ойлордон алаксыш үчүн анаша да чегип көргөнүн "Атамдын арзуу тилеги" (Dreams from my father) аттуу автобиографиялык китебинде чагылдырган. Ал кезде президенттик үчүн ат салышам деп ойлобосо керек, эми ал китебинде ачык айткандарын атаандаштары ага каршы пайдалана коюп атышат. Баса, Барак Обама керек болсо Ирандын президенти менен да сүйлөшүүдөн качпайм, бардык тараптар менен мамилелерди дипломатиялык жол менен жайгаштыруу керек деген пикирде. Азырынча ал Путиндин көзүнөн эмнелер көргөнүн айта элек, бирок Орусия - маанилүү өнөктөштөрдүн бири, ошентсе да адам укуктары, демократия принциптерине артыкчылык беришибиз керек деп гана кутулду. Албетте, эгерде Барак Обама ноябрдагы шайлоодо утса, АКШнын эң алгачкы афро-америкалык президенти болот. Ошентип, АКШда тарыхый талапкерлердин жарышы уланууда. Ноябрдагы шайлоого чейин АКШдагы талапкерлер жарышынын "тамашасы" зериктирчүдөй эмес, демократия деген ушул экен, ички-тышкы саясат боюнча күчтүү программасы бар, жылдыздуу, чечен, элди (өзгөчө байларды, жөнөкөйлөтүп айтканда акчаны) өзүнө тарта билген адам гана чоң жарышка чыга алат. Венера Сагындык кызы, Прага Атайын "Dе-факто" гезити үчүн Үч тапан Мунайдын баасы жаңы рекорд койду Жуманын башында мунайдын дүйөлүк баасы баррелине 120 долларга чыгып, дүйнөлүк рекорд койду. Жыл башынан бери мунай 25% кымбаттады. Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюмунун (ОПЭК) башчысы Чакиб Хелил жакын арада мунайдын баасы баррелине 200 долларга чыгышы мүмкүн экенин танган жок (www.akipress.kg 28/04/08). Эл ичи - анекдот кенчи Командирдин бир эле сөзү: - Илибой солдатты азык-түлүк кампасына кое берип көр, ошол замат ыштанына толтурат!.. Бир күнү Эшек келип тамсилчиге мындай дейт: - Эмки тамсилиңде мен жөнүндө жаза турган болсоң, акылдуу сөздөрдөн сүйлөтүп койчу, суранам. - Тапкан экенсиң майбашты, - дейт тамсилчи кыйтыр жылмайып, - анда элдин баары: эшеги укмуш акылдуу, тамсилчиси даана эшек экен дебейби!
| |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|