![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №29, 01.05.08-ж. |
|
Меймансап Форум Кумир менен чайлашуу Ачуусу чукул, суткасына үч гана саат уктаган ди-джей Бул жолу чайлашуунун төрүндө ырчы, ди-джей Чыңгыз Мырзаев болуп, күйөрман кыздары менен чай үстүндө кенен бир саат маектешти. Кумирине келген кыздар да Чыңгызга кызыккан суроолорун берип, автограф алып, эстеликке сүрөткө түшүп кайтышты. Ырчы да кыздарды кур кетирбей, эне тууралуу ырынан бир куплет ырдап берип, ыраазычылыгын айтып узатты. Чыңгыз: - Келгиле кыздар, таанышалы, мынча жолуккандан кийин сүйлөшөлү. Каалаган сурооңуздарды бериңиздер, баарысына жооп берүүгө даярмын. Акмөөр: - Сыр болбосо канча жаштасыз, кай жерде төрөлгөнсүз? Чыңгыз: - Кадамжай районунун Орозбеков деген айылында 1983-жылы төрөлгөм. Бирок Чаткалда чоңойгом. Ата-энем болуп, үйбүлөбүз менен шаарга көчүп келгенибизге төрт жарым жыл болду. Үйдүн улуусу менмин. Анан үч карындашым бар. Гүлнара: - "Кыргызстан обондоруна" кантип келип калдыңыз эле? Чыңгыз: - Телевидениеде иштеп жүргөндө "Кыргызстан обондору" радиосуна ди-джейлер талап кылынат деп кастинг жарыялашты. Бактымды сынап көрөйүн деп барып, берилген тапшырмаларын аткарып, кастингге катыштым. Үч күн сыноодо жүргөн соң тандалып алынып, анан иштеп калгам. Анархан: - Бир эле мезгилде ди-джей да, алып баруучу да, ырчы да болуп жүрөсүз. Өзүңүздүн жүрөгүңүзгө жакын кесибиңиз кайсы? Чыңгыз: - Кесиптердин арасынан баарысына бирдей көз карашта болуп туруу кыйын. Меники бири-бирине байланыштуу. Ар биринин өзүнчө артыкчылыктары бар. Ошондуктан мага баарысы мыкты сезилет. Иштеп атканда кайсынысы болбосун дем, күч алам. Акмөөр: - Продюсериңиз барбы? Чыңгыз: - Продюсерим жок, жеке ырчымын. Продюсер менен иштешсем деле болмок, бирок адамбыз да, ортодо пикир келишпестиктер болот. Каражат маселеси деген бар. Бир чети бирөөгө жамынбай, өз күчүм менен жасасам дейм. Ошондуктан продюсер менен иштешкенди каалабайм. Гүлнара: - Алдыга койгон кандай максаттарыңыз бар? Чыңгыз: - Максаттар көп. Алардын баарысын пландаштырып, эртең антсем, андан кийин муну кылсам деп тизмектеп алуу өзү туура эмес. Эң башкысы - адам болуу. Калганын буйруктан көрөрбүз. Анархан: - Көптөн бери концерт койбой калдыңыз го, алдыда концерт берүү планыңыз барбы? Чыңгыз: -Өткөн жылы апрель айында бергем. Быйыл, кудай буюрса, күз мезгилине даярдап атам. Ага чейин жакшылап даярданып, бышырып алып, анан ишке ашырсамбы деген тилегим бар. Акмөөр: - Токмок шаарына качан гастролдоп барасыз? Туулган жериңизге концерт коюп бардыңыз беле? Чыңгыз: - Туулган жериме концерт менен бара элекмин. Ал үчүн жакшы даярдык, көп каражат керек. Анын үстүнө эки жерде иштеп, эки жерде окугандыктан убактым аябай эле тартыш. Жада калса өзүң айткан Токмок сыяктуу жакын жерлерге бир барып келгем. Кайра да барып, элге концерт тартуулап келгенге жетише албай жүрөм. Гүлнара: - Бош убактыңыз болуп калганда эмне менен алектенесиз? Чыңгыз: - Андай учурда эч нерсе кылбайм. Ашып кетсе жарым саат телевизор көрөм. Тилекке каршы, бош убакыт менде өтө эле аз. Акмөөр: - Түнкү клубдарга барасызбы? Чыңгыз: - Дегеле барбайм. Барып да көргөн эмесмин. Анархан: - Досторуңуз көп болсо керек, баары эле ырчыларданбы? Чыңгыз: - Досторум өтө эле көп. Чыгармачылык достор, жөнөкөй достор бар. Мен негизи достордун көп болгонун жактырам. Эч качан бири жакшы, бири жаман деп бөлбөйм. Мага баарысы бирдей. Аида: - Качан үйлөнөйүн деп атасыз,сүйгөн кызыңыз барбы? Чыңгыз: - Эми жигит болгондон кийин, албетте, үйбүлө куруш керек. Бирок турмуш деген оңой нерсе эмес да. Өмүр бою бир адам менен бирге жашап, ырыскыңды тең бөлүшөсүң да. Мени ушул нерсе катуу ойлондурат. Мен түшүнгөн, мени түшүнгөн кызга жолуксам, анан ага баш кошсом дейм. Азырынча көңүлүмдөгү кызга кезиге элекмин. Акмөөр: - Сизди түшүнгөн кыз кандай болуш керек? Чыңгыз: - Жылдызы келишүү деп коет го. Анын сыңарындай, кандай кыз болсо да бири-бирибизге жылдызыбыз келишсе болду. Анан мындай кыз болсун, башкалардан артыкчылыгы керек деп сындап же талап койгондон алысмын. Адам болгондон кийин канчалык жакшы болбо, баары бир кемчилик болот. Эң башкысы, бири-бириңди жактырып, турмуш курабыз деген максат болсо, менимче, алдыдагы жашооң да ойдогудай болот. Наргиза: - Күйөрмандардан алган белектерди сактайсызбы? Чыңгыз: - Концерттерде кичинекей айрылган кагаздарга жазылып келген каттардан баштап, ар түркүн белектерге чейин сактап койгом. Айрым жумшак оюнчуктар менен кичүү карындашым ойноп жүрөт. Каттардын кээсин окусам, айрымдары окулбай калып калат. Тамашалап, үйдөгүлөргө "кийин неберелериме окутам. Чоң атаңар оңой киши болгон эмес деп айтам" десем күлүп калышат. Аида: - Өзүңүздүн чоң атаңыз барбы? Чыңгыз: - Тилекке каршы, былтыр чоң атамдын көзү өтүп кетти. Энем, тайэнем бар. Гүлнара: - Өткөндө кырсыктаптыр деп уктук эле, ошол чынбы? Чыңгыз: - Ооба, 4-апрелде Бишкек-Манас аэропорт жолунан келатып жол кырсыгына кабылгам. Кырсык деген айттырбайт экен. Каалайсыңбы, каалабайсыңбы, күтүүсүз болуп калат тура. Чарчаганга уктап кеткенминби, же тиги тарап мени көрбөй калдыбы, айтор, сүзүшүп алдык. Кудай сактап,оор жаракат алгандар болгон жок. Бир аз сыйрылган жерлерди дарылаттык. Анан тиги машинанын айдоочусу менен мыйзам чегинде түшүнүшүп сүйлөшүп, кеткен чыгымды жаап, чыры жок бүткөрүп алдык. Машинаны болсо сатып жибердим. Буюрса жакын арада жаңы тулпарлуу болгону турам. Акмөөр: - Азыр жөө жүрөсүзбү? Чыңгыз: - Мурда биринчи машинамды алганга чейин үйдө башка машина бар болчу. Аны тоготчу эмес элем. Азыр ошону өөп-жыттап айдап жүрөм. Аида: - Тамак тандайсызбы, кайсы тамакты жакшы көрөсүз? Чыңгыз: - Аябай тамак тандап, жакшы-жаман деп бөлбөйм. Курсак ачса баардык тамак жагат да. Өзүм шашлык, анан пловду жакшы көрөм. Анархан: - Үйдө эркесизби, ата-энеңиз эмне деп эркелетет? Чыңгыз: - Кээде эркелеп кеткен учурлар кездешет, бирок өтө эле аша чаппайм. Атам менен апам Чика, Чике дешет, балам деп эркелетет. Ананайын деп калат апам. Наргиза: - Сиз радиодон, телевидениеде түнкү каналды алып барганда макалдарды көп айтасыз го. Ошончо макалды кайдан үйрөнөсүз? Чыңгыз: - Радиого жаңы келгенде эл билбеген макалдарды, жаңы анекдотторду айтканга аракет кылчумун. Улам жаңысын жаттап, издеп таап отуруп архив болуп калат экен. Анан азыр жагдайга жараша, кээде бир окуяга байланыштырып айтып калам. Гүлнара: - Саясатка кызыгасызбы? Чыңгыз: - Азыр тестиер баладан тартып, карыяларыбызга чейин саясатчы болуп калбадыкпы. Анан "Заманың бөрү болсо бөрү бол, түлкү болсо түлкү бол" дегендей мен да мамлекетибизде болуп аткан нерселерге кызыгам. Эртеңки жашоо үчүн ойлоном. Өйдө жакта эмне болуп атканынан кабардар болууга аракет кылам. Балким, азыр эмес, кийинчерээк, кандайдыр бир убакыт өткөндөн кийин саясат жагынан да өзүмдү сынап көрүү планда бар. Турмуштун агымы менен кете берсек анан көрөбүз да. Аида: - Тамеки тартып, арак ичесизби? Чыңгыз: - Чынын айтсам, тамекинин жытына чыдабайм. Кээде достор менен олтурганда да аларды "мен бар жерде тамеки чекпегиле" деп тыя берем. Жаман көрүп, уруша беришет. Наргиза: - Эфирде адамды өзүңүзгө тартып сүйлөп, аябай шайырсыз. Турмушта да ошондой адамсызбы? Чыңгыз: - Мен эфир менен турмушта такыр эки башка адаммын. Чыныгы жашоодо бир аз катуумун. Эфирде болсо максат башка. Сенин акчаң жокпу, курсагың ачпы, уйкуң келип атабы-ал өзүңдүн проблемаң. Аны менен эч кимдин башы оорубайт. Ошондуктан эфирде элдин маанайын көтөрүп, көңүлүн ачканга аракет кылабыз. Ар дайым "жашоо керемет" деген девиз менен жашайбыз. Жеке проблемаң эч кимди кызыктырбайт. Акмөөр: - Энеңиздин ак сүтүн актадым деп ойлойсузбу? Чыңгыз: - Жо-ок, кайдан. Эненин ак сүтүн эч ким актай албайт жана актаган да эмес. Энеңди Меккеге жөө жалаңдап көтөрүп барсаң да анын бир түндүк уйкусун бузганыңды да актай албайсың. Ошондуктан "Балам, балалуу болгондо билесиң" деп бекеринен айтылган эмес да. Азыр ата-энеңе кандай мамиле кылсаң, кийин балдарыңдан да ошону көрөсүң. Мына ошол кезде гана ата- энеңдин алдында парзыңды кандай аткарганың билинип калат. Аида : - Балалыгыңыз кандай өткөн? Чыңгыз: - Бала кезимде абдан эрке болгом. Айтканым айткан, дегеним деген болчу. Оюнчуктарым мүшөк болуп турчу. Айылдын балдарынын жарымы менин үйүмө келип ойночу. Аларга оюнчуктарымды таратчумун, кайра чогултуп алчумун. Мектепте деле жаман окуган эмесмин. Экинчи, үчүнчү класстарда окуп жүргөндө өзүм кураштырып, оюман чыгарып анекдот айта берчүмүн. Шоктук, албетте болгон. Акмөөр: - Кийимдериңизди кайдан тандап аласыз, модага кызыгасызбы? Чыңгыз: - Мода кубалап, улам жаңы кийимдерди тандап кийгенден алысмын. Анткени айылда өскөн баламын. Ошол эле жөнөкөйлүктөн жазган жокмун. Эл катары эле базарлардан алам. Модасына же баасына карабайм. Жарашыктуу болгонуна гана басым жасайм. Наргиза: - Динге көз карашыңыз кандай? Меккеге барайын дейсизби? Чыңгыз: - Кудай кечирсин, мурда беш убак намаз окучу элем. Азыр ага убакыт болбой калып атат. Динге мамилем түз. Куран окуганды билем. Ар дайым кудай бар экени эсимде. Ал эми Меккеге баруу ниетим бар, бирок пландаштырган жокмун. Гүлнара: - Жаңы ыр жаздырып, клип тарттырып атасызбы? Чыңгыз: - Үч күн болду, Бек Борбиевдин сөзүнө жазылган "25 жаш" деген ырыма клип тарттырып жүрөм. Буюрса, жакында көрүп каласыздар. Андан кийин өзүмдүн "Ыйман ыры" деген ырымды жаздырып, ага да клип тарттырсамбы деп атам. Бул ыр элдерге дават катары жазылган чыгарма. Анархан: - Күйөрман кыздар барып, же телефон чалып тажаткан учурлар көп болобу? Чыңгыз: - Андай учурлар көп эле. Кээ бирлери жакшы көрүп, сыйлап келет. Жаман сөз айткандары да кездешет. Баарысына түшүнүп, көтөрүмдүүлүк менен мамиле кылганга аракет кылам. Акмөөр: - Жашоодо бирөөнүн көңүлүнө карап иш кыласызбы, же ага көңүл бурбастан орой мамиле жасаган учурлар кездешеби? Чыңгыз: - Негизи жиним тез келет да, кайра тез эле жазылып кетет. Ошентсе да, учурга жараша оор басырыктуу болгонго аракеттенем. Эгер күнөө менден кетсе, сөзсүз кечирим сурайм. Кимдир-бирөө менен катуу айтышып же таарынтып алганда, аны менен чечишип алмайынча көкүрөктө бир нерсе тура берет. Ошондой абалга дуушар болбогонго аракет кылам. Аида: - Телевидениеге чыгаарда боеносузбу? Чыңгыз: - Эфирден бетим жалтылдап көрүнүп калбас үчүн упа колдоном. Башка учурда боек менен ишим болбойт. Наргиза: - Таң эрте радиодон чыгасыз, он экиден кийин түнкү каналды алып барып атасыз. Деги канча саат уктайсыз? Чыңгыз: - Түнкү каналды жумасына эки жолу алып барам. Башка күндөрү тойлордо тамада болгон учурлар болот. Ошентип үйгө түнкү эки-үчтөрдө барам. Кайра таңкы алтыда туруп кетем. Эсептесем, болгону үч саат гана уктайт экенмин. Бирок ушундай расписаниеге көнүп деле калдым. Акмөөр: - Кумириңиз барбы? Чыңгыз: - Мен биринчи КТРге киргенде Бактыбек Мамытов агай тарбиялаган. Актерлордон Дүйшөн Байдөбөтов агай жагат. Ырчылардан Бек байке, Сыймык байке, Гүлнур эжелердин талантын баалайм. Наргиза: - Аты чыгып калган жигиттерге кыздар тийишип, таанышкысы келет го. Мисалы, сиз көчөдөн кыздарга тийишип, таанышкан учурлар болобу? Чыңгыз: - Мен негизи мени тааныбаган адамдар менен таанышканды жакшы көрөм. Анан кээде көчөдөн кыздарга тийишип, саат сурап же аялдамада турганда маршрут сурап, эптеп шылтоо таап таанышкан учур болот. Мен да башкаларга окшогон эле карапайым адаммын. Кечке эле эл көзүндө жүрөм, атактуумун же ырчымын деп кысына бергенди жактыра бербейм. Анархан: - Күйөрман кыздар сүйүүсүн арнап келсе кандай жооп берер элеңиз? Чыңгыз: - Андайлар деле бар. Туура түшүндүрүп, таарынтып албаганга аракет кылам. Кыздар мага сезимин арнап калганда алардын менин атымды, турмуштук абалымды же ырчылыгымды эмес, жөнөкөй Чыңгызды жактырышын каалайм. Аида: - Кандай кыздар жагат? Чыңгыз: - Жөнөкөй, адамгерчиликтүү кыздарды баалайм. "Кыздын кыздай, кыштын кыштай болгону жакшы" дегенге кошулам. Гүлнара: - Алдыда кандай иштерди жасасам деп атасыз? Чынгыз: - Өзүмдү акын катары да эсептейм. Жазган ырларым, дастандарым бар. Жакында ошол чыгармаларымды китеп кылып чыгарууга камданып жатам. Акмөөр: - "Сүйгөнүнө жетпеген адам - бактылуу адам" деген сөз бар эмеспи. Эгер сиз бирөөнү катуу сүйүп, ага жетпей калсаңыз бактылуу боло аласызбы? Чыңгыз: - Терең философиялуу ойлорго берилип, өтө ишеним арткандын өзү туура эмес деп ойлойм. Эгер мен бирөөнү катуу сүйсөм, ал да мага ошондой жооп берип турса, анан жетпей калып кантип бактылуу болом. Андыктан, мен мындай философияга каршымын.
| |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|